Кыргызстандагы кышкы спорттун кыскача тарыхы

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Кышкы олимпиада

Сүрөттүн булагы, Кабыл Макешов

Кыргыздар лыжаны чаңгы деп аташып, кышкысын аң уулаганда же тоодон ылдый сыйгаланып түшкөндө ийри тактай менен зуулдап төмөн түшкөнү айрым тарыхый булактарда жазылып калган.

Ошентип жазма даректерге үңүлсөк, кыргыздар VI-IX кылымдарда эле чаңгы тебишкендиги белгиленет. XIII-XIV кылымдардагы көрүнүктүү тарыхчы Рашид-ад-Диндин летописинде кар үстүндө чаңгы, чана тээп, аңчылык кылгандыгы, эңкейиш өрдөн чебердик менен түшүп чыгышкандыгы айтылат.

Кышкы спортто азыноолак ийгиликтер болгон

Ал эми Совет доордуна Кыргыз жергесинде лыжа жарыш мелдештери 1926-жылдан бери расмий өткөрүлүп келген. Бишкек, Каракол жана Нарын шаарларында лыжа ийримдери иштечү.

СССР деген держава ыдырап, Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону кышкы спортко таптакыр эле көңүл бурулбай калган. Соңку жылдары гана жеке ишкерлердин демилгелери менен кайрадан жандана баштады.

1936-жылы Караколдо лыжа менен чуркоо боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты өткөрүлгөн. Кайсы бир жылдары Бишкектен (Фрунзе) Алматы, Москвага чейин лыжалык жүрүштөр уюштурулган.

1961-жылы Түндүк майрамына катышкан кыргызстандык Александр Попов 70 чакырым аралыкка лыжа жарышында байгелүү орунга жетип, "СССР спортунун чебери" деген наамга биринчи болуп арзыган.

Кабыл Макешов

Сүрөттүн булагы, Кабыл Макешов

Ошондой эле кыргызстандыктар союздук мелдештерге, СССР элдеринин кышкы спартакиадаларына катышкан. Совет доорунда спорттун кышкы түрлөрү боюнча кандайдыр бир ийгиликтер болгон.

Анан да мисалы, Нарындын Аламышык, Кызыл-Бел тоолорунда, Караколдо лыжа жарыштары боюнча өлкөнүн чемпионаттары өткөрүлүп турган. Дал ушундай аракеттердин натыйжасында нарындык Айымкан Стамакунова, Жылдыз Мундузбаева, Абдылда Калдыбаев, маркум Төлөн Насырбеков жана башкалар бир нече ирет өлкөнүн чемпиону аталган.

Андан тышкары балдар арасында хоккей боюнча да "Алтын шайба" мелдеши өткөрүлүп турчу.

Учурда болсо жогоруда айткан лыжа спортунун деңгээли такыр эле төмөндөп кетип, соңку жылдары гана кайрадан кызыгуу башталды. Бул спорттун түрү боюнча Кыргызстанда саналуу гана машыктыруучу калды.

Жакшы лыжанын баасы бир жылкыга барабар

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Азыр жакшы лыжанын баасы бир жылкыга барабар. Карапайым калк болсо лыжа сатып алууга чамасы да жетпейт. Караколдогу тоо лыжа базасына капчыгы калың ишкерлер, чет өлкөлүк туристтер эле барбаса, колу жука жарандын түшүнө да кирбейт.

Жакында эле президент Садыр Жапаров Караколго барып, лыжа тээп, бул спортко көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп койду.

Ал эми “Чуңкур-Чак”, "Нооруз", "Оруусай" лыжа тебүү базалары соңку жылдары жеке ишкерлердин киреше табуунун булагына айланып калган. Учурда болсо Чүй аймагында кар кыламык болгондуктан көпчүлүк лыжа базалары иштебей турат.

Кыскасы, лыжа тебүү базалары капчыгы калың эс алуучулардын жайына айланып калды. Лыжаны бир күнгө арендага алсаңыз 500-800 сом. Сноуборддун арендалык наркы – 600-1000 сомго барабар. Зым жолу менен жогору чыкканыңыз үчүн саатына 250-300 сом төлөөгө туура келет. Эгерде сизге ушул базанын спорт инструктору лыжа тебүү ыкмаларын бир саат үйрөтсө, анда ага 500-700 сом төлөп бересиз.

Ал эми хоккейчинин жабдууларынын, кийиминин баасы 100 миң сомго тете. Ошентип, мыкты, жакшы адистердин көбү башка жактарга кетип, жыл өткөн сайын лыжа спорту көңүлдөн чыгып баратат эле.

Кышкы спортту өнүктүрүү учур талабы

Ал эми учурда кышкы спортту өнүктүрүү учур талабы болуп калууда. Себеби, кышкы Азия оюндарынын жана кышкы олимпиада оюндарынын дүйнөлүк таасири артып баратат.

Бизде болсо эгемен өлкө болгону Кыргызстандын атынан орусиялык же казакстандык легионер жалданма спортчулар Лиллехамер, Наган, Солт-Лейк-Сити, Турин шаарларында өткөн кышкы олимпиадаларга, Харбин, Кангвон, Аомори шаарларында өткөн кышкы Азия оюндарына катышып келишкен.

2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндардан бери гана кыргызстандык спортчулар өнөрүн көрсөткөнү менен ийгилик жарата элек.

Мен спорт баяндамачы катары төрт кышкы олимпиада оюнун жеринен чагылдырдым. Алар: Солт-Лейк-Сити, Турин, Сочи жана Пхенчхандагы оюндар.

Турин олимпиадасына барганымда, Өзбекстандын намысын коргоп барган жалгыз спортчусу, кыргыз жигити Кайрат Эрматов менен таанышып, тоо лыжасынын гигант слалом татаал түрүнөн мөрөй талашканына бир чети кубандым, бир чети өкүндүм.

Кышкы олимпиада

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Азия аймагында да кышкы спортту өнүктүрүүгө убакыт келип жетип, бул континенттеги бай өлкөлөрдүн спортчулары Европанын лыжа спорт базаларында машыгып жүрүшөт. Алар жолу алыс болгонуна карабай, ири өлчөмдөгү каражатты аренда үчүн төлөшөт.

Коңшулаш Казакстан мамлекети кышкы Азия оюндарында Кытай, Япония өлкөлөрүнөн кийинки үчүнчү орунду ээлеп, кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө белсенип киришти.

Мурдагы "Медеу" муз аренасын калыбына келтирип, дагы жаңы лыжа базаларын куруп жатышат. Хоккей боюнча кыз-келиндер командасы Солт-Лейк-Сити, Турин кышкы олимпиадасында орустар, америкалыктар, канадалыктар менен теңата ойногон.

Алардын лыжа боюнча олимпиадалык чемпиону В. Смирнов Эл аралык олимпиада комитетинде мүчө болуп саналат. Казакстан 2011-жылы кышкы Азия оюндарын өткөрүп, спорт имараттарын, базаларын куруп, кийин Бүткүл дүйнөлүк студенттердин кышкы Универсиада оюндарын дагы өткөрүп, тажрйыба топтоп алышты.

Ал эмес Алматы шаары 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүүгө талапкер болуп, Бээжинге 4 упай менен утулуп калганы да өкүндүрдү. Эгерде Алматыда кышкы олимпиада оюндары өтсө, анын шарапаты менен Кыргызстанда дагы кышкы спорт өнүгөт беле дейм. Тамшанасың, өкүнөсүң, арданасың...

Мына ушул жагдайларды эске алсак, Бишкектин айланасындагы "Оруусай", "Чуңкурчак", "Чоң-Таш" жана "Нооруз" лыжа базаларына көңүл буруп, бул спорт тармагын өнүктүрүүгө мамлекет каражат бөлүүсү зарыл.

2022-жылы өткөрүлүүгө белгиленген беш жүздөн ашык мелдеш, иш чаралардын ичинен кышкы спорттон беш-алты гана мелдеш белгиленгени да өкүндүрөт.

Кыргыз кышы деген лыжа жарыштары уюштурулса...

Өлкөнүн лыжа спорт федерациясы жана дагы спорт уюмдары да мурда кагаз жүзүндө катталып иштебей келсе, соңку жылдары демилгелер башталып, хоккей спорту боюнча ийгиликтер жарала баштады.

Азия чакырык кубогун утуп, кышкы Азия оюндарында экинчи дивизиондо алтын байгелүү болгондон бери хоккейге кызыгуу артып баратат.

Учурда президент Садыр Жапаров да сергелең жашоо ыңгайын жайылтууга аракет кылып, өзү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын бүтүрүүчүсү катары футбол ойноп, тоо лыжасына кызыкканы менен бул спорттун өнүгүшүнө көпчүлүктүн көңүл бурдурууга аракет кылып жатканы жакшы саамалык. 

Жыл сайын февраль айында бүткүл Орусия аймагында массалык лыжа жарыштары өткөрүлөт. Мамлекет башчылары, губернаторлорунан тартып бардык лыжа сүйүүчүлөр катыша алат. Жеңүүчүлөргө ири өлчөмдөгү акчалай сыйлыктар, жеңил машина баш болгон баалуу белектер ыйгарылат.

Мындай саамалыктар кыргыз жергесинде болсо, "Кыргыз кышы" деп аталган лыжа боюнча массалык жарыштар уюштурулса гана дегиң келет экен. Кардын, кыштын, тоонун кадырын билбей, лыжа тебүүнүн рахатын сезбей жүрөбүз беребизби?

Кыргызстан кышкы олимпиадада

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Чындыгында, Кыргызстандын жаратылышы, ак кар, көк музу спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүдө абдан ыңгайлуу. Айрыкча Нарын облусундагы узак кыш, Ысык-Көлдүн тоолуу аймагы, Чүй, Таластын тектирлүү тоолору лыжа спортчуларына машыгууга мүмкүндүк берет.

Кыш мезгилинде гана эмес, жаз жана жай айларында да ак кар, көк музу кетпеген мөңгүлүү аймактарда жыл бою лыжа тебүүгө шарт бар. Мындай жагдайды Орусиянын президенти Владимир Путин да байкап, мурда биргелешип лыжа базасын куруу демилгесин көтөргөн.

Бирок бул демилге Кыргызстандын ошол учурдагы жетекчилери тарабынан колдоого алынган жок. Атүгүл өлкөгө келген чет элдик меймандар да кардан киреше таап, эл аралык лыжа базаларын куруу менен кар менен жаратылыштан пайда көрсө болоорун суктануу менен айтып жүрүшөт.

Кар көрүүгө зар болгон Азия мамлекеттеринин адистерин да Кыргызстанда биргелешип тоо лыжа базасын курууга тартса болчудай.

Кышкы спорт – ден соолукка өтө пайдалуу. Өлкөбүздүн мөңгүлөрүндө жыл бою лыжа тепсе болот. Бишкектин айланасындагы Аламүдүн муз төрүндө 6-7 ай лыжа тээп, машыккандар да бар.