Сапар Исаковдун ишинин кайра каралуусу Бакиевдердин реабилитациясына жол ачабы?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Social media
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароо боюнча Жогорку соттун чечими коомдо кызуу талкууланып, саясий процесстерге болгон ишеним маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Айрымдар Исаков убагында ошол кездеги бийликтин курмандыгы болгон десе, иштин кайра каралуусун Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу маселеси менен дагы байланыштыргандар жок эмес.
Жогорку сот тараткан маалыматта Башкы прокуратуранын жана Сапар Исаковдун адвокатынын кылмыш ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчү канааттандырылганы айтылат.
Ага ылайык, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу буга чейинки сот чечимдери жокко чыгарылып, кылмыш ишин кайра кароо Свердлов райондук сотуна жөнөтүлгөн.
"Саясий чечим болду"

Сүрөттүн булагы, Social media
Саясатчы Равшан Жээнбеков иштин кайрадан каралышы бийликтин учурдагы саясий абалды талдоо менен кабыл алган чечими болушу мүмкүн деген оюн билдирди.
"Азыркы учурда Кытай жана Орусия менен эки тараптуу мамилелер өтө маанилүү. Мындай жагдай кайсы бир белгилүү сот иштерин саясий жактан ыңгайлуу багытка бурууга шарт түзүп жатат. Сапар Исаков өзү чоң саясий фигура болбосо дагы, бул иштин тегерегиндеги жагдай Кыргызстандын Кытай жана Орусия менен болгон мамилесине таасир тийгизчү маселе болуп калды. Бул жерде TBEA тууралуу сөз болуп жатат",- деди ал.
Жээнбеков Сапар Исаков мурдагы бийликтин тушунда саясий кызыкчылыктын курмандыгы болгон деген пикирин айтты.
"ЖЭБ маселеси боюнча адилеттүү сот чечими чыккан, адилеттүү тергөө болгон деп айтуу кыйын. Ошондуктан бул ишти кайра кароого жөнөтүү жалпы жонунан туура болду. Анткени ошол учурдагы бийлик саясий кызыкчылыктын негизинде Исаковго бир тараптуу мамиле кылган. Мен Исаковду азыркы убакта да, келечекте да оппозициялык персона катары карай албайм. Ал мамлекеттик гана кызматкер. Мен аны оппозиция катары көргөн эмесмин, азыр деле көрө албайм. Эгер сот ачык жана адилеттүү болуп, күнөөсү далилденсе анда жазасын алсын. Болбосо эмне үчүн буга чейинки бийликтин саясий кызыкчылыгынын негизинде түрмөдө отурушу керек?",- деди ал.
Бакиевдерди кайтаруу маселеси

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Юрист Нурбек Токтакунов Сапар Исаковдун ишин кайра кароо чечимин Бакиевдерди кайтаруу маселеси менен байланыштырды.
"Бул иш жөн гана саясий учурду күтүп келген, ал эми келди - Бакиевдердин кайтып келүү учуру. Бакиевдердин кайтып келүүсүнө тоскоолдук жаратчу негизги маселе Алмазбек Атамбаев болуп келген. Бирок Садыр Жапаровдун билдирүүсү жана ЖЭБ боюнча өкүмдүн жокко чыгарылышы көрсөтүп тургандай, Атамбаев жана апрелчилер менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандай. Мыйзамда белгиленген нерсени кылмыш деп таануу акылга сыйбаган өкүм болгонун көрүүгө сотко эми гана мүмкүнчүлүк берилди. Кытай банкы менен түзүлгөн кредиттик келишим коррупциялык схема деп таанылса да, ал мыйзам менен бекитилген жана өкүмдөн кийин деле жокко чыгарылган эмес. Ошондой эле биздин өкмөт кытайлык ТВЕА компаниясы менен миллиарддаган долларлык биргелешкен долбоорлорду даярдап жатат. Бул компания сот тарабынан кылмыштуу схемага катышкан деп таанылган. Бул абсурд эмеспи?",- деп жазды юрист Facebook баракчасына.
Ошондой эле ал Бакиевдерди кайтаруу маселесин Атамбаев менен макулдашуу жана Сапар Исаковду актоо менен чечүү мүмкүн эмес деген пикирин билдирди.
"Азыркы бийлик башындагылар куугунтукта жүрүп, түрмөдө отурганда Бакиевдер менен болгон кандайдыр бир макулдашууларды азырынча аткарып жаткан болушу мүмкүн. Бирок азыр абал түп-тамырынан өзгөрдү. Алар өздөрү бийликке келди. Болгон саясий күч колдорунда, жарандык коом жана журналисттер алсыз болуп калды. Эми аларга Бакиевдердин эмне кереги бар?",- деп кошумчалады ал.
2025-жылдын март айында айрым маалымат булактарына мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Бишкекке жеке учак менен келип кеткени тууралуу маалымат тараган. Бул коомдо түрдүү пикир жаратып, УКМК маалыматты расмий төгүндөгөн эле. Андан көп өтпөй Садыр Жарапов "Кабар" агенттигине маек берип, өмүр бою соттолгон Максим менен Жаныш Бакиевдер Кыргызстанга келсе камала турганын айткан.
"Соттун күчүнө кирген өкүмү турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Өзгөртүлбөйт дагы. Ошондуктан аларды берүүдөн таптакыр баш тартышты. Себеби биз ал экөөнү камабай коё албайбыз да. Кана эми Максим Бакиев келип калган болсо. Камап коюп миллиарддаган акчаларды бюджетке кайтарат элек. Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Эгер камабасаңар өткөрүп берели" деп жатышат. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. "Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз" дешти. Биз ойлонуп жатабыз",- деген эле Жапаров.
TBEA менен кызматташуу маселеси
Жарандык активист Адил Турдукулов дагы Сапар Исаковдун ишинин кайра каралышын Кытайдын TBEA компаниясы менен байланыштырды.
"Сапар Исаков салмактуу саясий фигура болбогондон кийин иштин кайра калуусу менен аны камакта калтырат деген ойдон алысмын. Учурда Кыргызстандын Кытай менен биргелешкен ири долбоорлору ишке ашырып жатат. Азыркыдай шартта бийликтин TBEA менен кызматташууну улантышы олуттуу суроолорду жаратат. Дал ушул жагдайлардан улам иш кайра каралып жатат деп ойлойм",- деди ал.
Ошондой эле ал Сапар Исаковдун ишин кайра кароо Бакиевдерди реабилитациялоого жол ачат деген пикирге кошулбайт. Айтымында, бул эки ишти такыр салыштырып болбойт.
"Сапар Исаков менен Курманбек Бакиевге коюлган айыптардын ортосунда чоң айырма бар. Бакиевдин учурунда кан төгүүлөр болду. Эл ичинде "кан кечирилбейт" деген түшүнүк бар. Ошондуктан Бакиевди реабилитациялоо оңой чечиле турган маселе эмес. Бул коомчулукта терс реакция жаратып, саясий чыңалууга алып келиши мүмкүн. Бирок Сапар Исаковду актап койду деп эл көчөгө чыкпайт да. Коомдо Бакиев менен азыркы бийлик ортосунда кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгон деп айтылып жүрөт. Мүмкүн кандайдыр бир байланыш болгон чыгар, бирок азыркы бийлик ал сүйлөшүүлөрдү аткарууга кызыкдар эмес. Себеби алар үчүн репутациясы, коом алдындагы рейтинги абдан маанилүү",- деп белгиледи активист.
Сапар Исаковдун таржымалы
Сапар Исаков Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири катары таанымал. Ал 2012-жылдан тартып Атамбаевдин администрациясында тышкы саясат боюнча бөлүм башчы, кийин Президенттик аппараттын жетекчиси кызматтарын аркалаган. 2017-жылдын август айында премьер-министр болуп дайындалган.
Бийлик алмашкандан кийин Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланыштуу кылмыш иши козголуп 15 жылга кесилген. Исаков Улуттук тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду жаңылоо иштери боюнча дагы күнөөлүү деп табылып 18 жылга соттолгон.
Андан тышкары атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломаттык рангынан, II даражадагы "Манас" орденинен жана үч жыл мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылган.
2020-жылдын октябрь айындагы окуялар учурунда ал Молдовановка айылындагы №27 абактан чыгып, ошол бойдон изин жашырып кеткен. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы болсо ага издөө жарыяланганын маалымдаган. Учурда Исаковдун жүргөн жери так белгисиз, бирок ал Орусия экени айтылып жүрөт.
2013-жылдан 2017-жылга чейин Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иштери жүргүзүлүп, ага 386 миллион доллар жумшалганы кабарланган. Каражатты Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Кытай насыя иретинде берип, модернизациялоону ТВЕА компаниясы ишке ашырган.
2018-жылдын 26-январында ЖЭБде авария болуп, анын артынан ири коррупциялык схемалар ачыкталган. Жыйынтыгында Сапар Исаков баш болгон бир нече мурдагы мамлекеттик кызматкерлер сот жообуна тартылган.












