Универсиада чемпиону Нурсултан

Сүрөттүн булагы, Social media
Дүйнөлүк жайкы универсиаданын чемпиону Нурсултан Кеңешбеков олимпиадалык оюндарга лицензия алууга даярдык көрүп баштады. Ал жакында эле Кытайдын Чэнду шаарында өткөн XXXI Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада 5 миң метрге чуркап, коло медаль жеңип алды.
Универсиада оюндарына 174 мамлекеттин спорттук командалары катышты. Кыргызстандын студенттик курама командасы спорттун 5 түрү: жеңил атлетика, дзюдо, стол тенниси, таэквондо жана ок атуу боюнча катышып келди.
Нурсултан Универсиаданын чемпиону болгон Кыргызстандагы эркектер арасындагы биринчи спортчу болуп калды. Ага чейин 2008-жылы Дина Маслова универсиаданын алтын медалын жеңип алган эле.
"Көп жылдан бери эл аралык аренага эркектер чыга элек. Ошондуктан бул мелдештин биз үчүн мааниси чоң, жакшы тажрыйба",-деди жыйырма жылдан ашык тажрыйбасы бар машыктыруучу Чокаев Сатыбек.
Бул мелдеште 1500 жана 5000 метр аралыкка чуркоо болду. Эң жакшы көрсөткүч 5 миң метр аралыктагы чуркоодон болду.
"Машыктыруучум Чокаев Сатыбек экөөбүз жарыштын башында эле алдын ала тизмени карап, кимдер чуркай турганын, фавориттерди караганбыз. Уткан француздар экөө тең фавориттер экен, башында эле белгилүү болчу. Жапондор жакшы даярдыкта болчу, алжирликтер. Негизи финалга начар спортчу чыкпайт да. Атаандаштар баары эле мыкты болчу. Ошонун арасынан суурулуп чыктык. Биз эки айлампа менен чуркадык, жарым финал, финал болду. Кээ бирөө чарчап калды. Башкалар чуркап чарчап калыбына келе албай калса, мен чуркап кайра бат эле калыбыма келдим. Машыктыруучума ырахмат, мени жогорку деңгээлде даярдады",-дейт Нурсултан.

Сүрөттүн булагы, Social media
Нурсултан универсиададагы жеңишин эң биринчи ата-энесине, андан кийин сүйлөшкөн кызына сүйүнчүлөгөнүн айтат.
Универсиадада алдыңкы орунду ээлегендер үчүн өкмөт кандай сыйлык берери белгилүү боло элек. Мурда биринчи орунду ээлегендерге 200 миң сом же 100 миң сом берилчү дешет.
Салыштырмалуу постсоветтик башка өлкөлөрдүн бири Азербайжанда универсиадада алтын медаль жеңип келгендерге 50 миң доллар, экинчи орунга 35 миң, үчүнчү орунга 10 миң доллар сыйлык берилет.

Сүрөттүн булагы, Social media
Нурсултан Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында туулган. Ушул айылда орто мектепти аяктагандан кийин 2018-жылы Бишкектеги Дене-тарбия академиясына педагогикалык факультетке окууга кирген. Аны 2022-жылы ийгиликтүү аяктады. Азыр академиянын магистратурасында окуп жаткан убагы.
Мектепте окуп жүргөндө эле райондук, областтык мелдештерге катышып жеңүүчү болуп жүргөн. Жеңил атлетиканын түрлөрү, чуркоо боюнча машыгууну мектептеги дене тарбия мугалими Урмат агайдын жетекчилиги менен баштаган.
Нурсултандын жакынкы планы олимпиадалык оюндарга, Азия оюндарына лицензия алуу.
"Бир жылга чейин нормативди толтуруп, лицензия алсаң болот. Июль айында лицензиялык мелдештер башталды. Алдыда Азия оюндары бар. Ошол жактан толтурсак болот. Же болбосо, кийинки жылы июль айына чейин жетишип калсак болот",-дейт Нурсултан.

Сүрөттүн булагы, Social media
Ченду шаарында өткөн универсиадада медалдык эсепте кытайлык спортчулар биринчи болушту. Алар 130 алтын, 40 күмүш жана 35 коло медаль жеңип алышты.
Экинчи орунга 21 алтын, 29 медаль жана 43 күмүш медаль менен Жапония чыкты.
Түштүк Кореянын спортчулары 17 алтын, 18 күмүш жана 23 коло медаль алып үчүнчү болушту.
Россия менен Беларустун спортчулары Украинадагы согуштан улам универсиададан четтетилгендиктен, мелдештерге катышкан жок.
2023-жылдын универсиадасы 7-19-августта Россиянын Екатеринбург шаарында болмок. 29-апрелде Университеттик спорттун эл аралык федерациясы оюндарды Екатеринбургдан Чэнду шаарына которуу чечимин кабыл алды.
Универсиада Чэндуда 2021-жылы болмок, бирок Токиодогу Олимпиада оюндары бир жыл кийин өткөрүлө турган болгондуктан, ал дагы кийинки жылга калган. Ал эми 2022-жылы Кытайдагы коронавирустун пандемиясынан улам оюндарды 2023-жылга которушкан. (КС)












