"Эң башкысы Трампты жеңип, демократияны сактап калуу". Байден баш тартканынын себебин чечмеледи

Байден сөзүнүн баш-аягын таппай калды деп соңку дебаттан кийин катуу сынга кабылган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Байден сөзүнүн баш-аягын таппай калды деп соңку дебаттан кийин катуу сынга кабылган

Жо Байден президенттик жарыштан четтегенден кийинки алгачкы интервьюсун берди. Анын көз карашы боюнча, Демократиялык партиянын башкы максаты — Трампты жеңип, демократияны сактап калуу экенин жана ага тоскоол болбоюн деп чечкенин билдирди.

Байдендин маеги жекшемби күнү америкалык CBS каналынын таңкы эфиринде көрсөтүлдү.

"Сурамжылоолор биз сөөм-сөөм эле баратканыбызды, кырчылдаган күрөш акыр аягына чейин улана турганын көрсөттү", — деди Байден. — Бирок мында Өкүлдөр палатасындагы жана Сенаттагы менин айрым бир демократ-коллегаларым, мени бул шайлоодо зыян келтирип коёт деп чечишти. Мени болсо, эгер мен жарышты уланта берсем ал анын негизги темасы болуп калаары тынчсыздандырды. Анда эле силер маек алабыз деп "эмнеге Нэнси Пелоси минтип айтып жатат", "эмнеге андай, эмнеге мындай" деп сурай бермексиңер. А бул болсо алагды кылат деп чечтим. Бул биринчиси".

Шайлоого аттанган эки талапкер биринчи дебаттын күнүн макулдашты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлоого аттанган эки талапкер биринчи дебаттын күнүн макулдашты

Экинчиден, Байдендин сөзүнө караганда, ал президнттик биринчи мөөнөтү башталганда эле кезекти кийинки муундагы ким бирөнө өткөрүп бере турган "өткөргүч президент" болом деп ойлогону.

"Мен үчүн мурдагыдай эле эң маанилүү маселе - демкоратияны сактоо. Мен тамашасы жок эле айтып жатам. Президент болуу бул зор сыймык, бирок менин өлкөмдүн алдындагы чоң милдетим эң негизгисин, эн маанилүүсүн ишке ашыруу — биз Трампты жеңишибиз керек, жеңишибиз керек, жеңишибиз керек!".

Жо Байден 24-июлда элге кайрылуусунда дагы демократияны сактап калуу зарылдыгын айткан жана бул кайрылуусунан үч күн өткөн соң президенттик шайлоого жарыштан чыкканын жарыялаган.

Ал ноябрь айында 82 жашка толот жана карылыктан улам "көп нерсе кыйындап калганын", бирок ошол эле учурда өзүнүн абалын жап-жакшынакай деп баалай турганын CBS каналындагы маегинде айтып берди.

Июндун этегинде Трамп менен өткөн дебатынан кийин Демокртатиялык партиянын алдыңкы ишмерлери аны шайлоо жарышынан баш тартууга чакыра башташканы тууралуу да кеп болду. Байден ал учурда абдан чаалыгып, анысы аз келгенсип ооруп да калганын кайталады.

Байден эгер Трамп шайлоону жеңип чыга турган болсо АКШдагы демократиянын келечегине чындап эле катуу тынчсыздана турганын телеканалдын журналистине айтып берди.

Капитлоийге чабуул учурунда тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Капитлоийге чабуул учурунда тартылган сүрөт

Байдендин сөзүнө караганда, 2021-жылдын 6-январында Капитолийге чабуул коюп, кирип баргандардын баарын Трамп түрмөдөн бошотуп жиберет.

"Ал баарына ырайым берүүгө камынууда. Бул жөнүндө ойлонгула. Мурда Ку-клукс-кланы таанылбайлы деп чүмкөнүп жүрчү. Трамп президент болуп турган учурда алар көмүскөдөн чыгып, чүмбөтүн сыйрып ыргытты. Анткени алар Ак Үйдө өздөрүнүн союздашы […] бар экенин билип турду. Ал болсо аларга болушуп келди",- деди Байден.

Учурдагы президент эгер ноябрдагы шайлоодо Трамп жеңиле турган болсо бийликти тапшырып берүү тынч, адаттагыдай эле өтөөрүнөн күмөн санап турат. Трамп азыркыга чейин кашкайып турган далилдерге карабай мурдагы шайлоодо жеңилгенин моюнунан албай келет.

"Ал чындап эле эмне айтса ошого бет алат. Биз аны олутуу кабыл албайбыз, ал болсө сөзүн чындап эле айтып жатат. "Эгер биз жеңилип кала турган болсок, анда кандуу мончо болот" дегенди ал чындап эле айтып жатат",- деди Байден.

Байдендин ою боюнча, Трамп жана анын тарапташтары демократиянын фундаменти болгон мамлекеттик институттарды жана коомду оюна да алышкан жок.

Дональд Трамп "кандуу мончо" деген сөзү боюнча буга чейин эле эгер ал шайлоодо утулуп кала турган босо АКШ экономикасы кыйрап калат деп ойлой турганын айткысы келгенин билдирип актанган жайы бар.