Байдендин Жакынкы Чыгыш боюнча чукул жыйыны

Сүрөттүн булагы, x.com
Иран Израилге жооп кайтарышы мүмкүн деген кооптонуулар күчөп турган чакта АКШ президенти Жо Байден дүйшөмбү күнү улуттук коопсуздук боюнча командасы менен жыйын өткөрдү.
Анда Израилге сокку урулса, ага колдоо көрсөтүү боюнча даярдыктар талкууланды. АКШнын Мамлекеттик катчысы Антони Блинкен кырдаал курчуп кетпеши үчүн күнү-түнү дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.
ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшү менен Жакынкы Чыгышта чыңалуу күчөп кетти. Иран Ханиянын өлүмү үчүн Израилди күнөөлөп, катуу жооп кайтарарын билдирүүдө. Израил болсо жоопкерчиликти өзүнө алган жок.
Көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде АКШ, Улуу Британия жана Түркия өз жарандарын Ливандан тезинен чыгып кетүүгө кеңеш берди. Иран колдогон "Хезболла" Израилге каршы өч алууда негизги ролду ойношу мүмкүн деген божомол бар. Анткени Ханиянын өлүмүнөн бир күн мурда "Хезболланын" башкы командири Фуад Шукур Бейрутта өлтүрүлгөн.
Американын Axios маалымат сайтынын кабарына караганда, Иран менен Хезболла Израилге бир же эки сутканын ичинде жооп кайтарышы мүмкүн.
Мындай маалыматты АКШ мамкатчысы Блинкен Чоң жетиликке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолуккан учурда айткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын чалгын кызматы да күтүлүп жаткан сценарий тууралуу Байден менен Камала Харриске маалымат беришкен.
Анда чабуулдун бири "Хезболладан", экинчиси Иран жана анын башка өнөктөштөрүнөн жасалышы мүмкүн экени айтылат, бирок чабуулду кимиси биринчи баштары азырынча белгисиз.
Блинкен дүйшөмбү күнү билдирүү жасап, бардык кызыкдар тараптарды эскалациядан качууга үндөдү.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер да журналисттерге маалымат берип, Блинкендин айткандарын кайталады.
"Бардык тараптар чыңалууну басаңдатуу жана тынчтандыруу багытына кадам таштоосу маанилүү", – деди ал.
Ирандын жооп берүүгө укугу барбы деген суроого Миллер Ирандын чабуулу "иран элинин же аймактын кызыкчылыгына кызмат кылбайт" деп жооп берди.

Сүрөттүн булагы, AP
Ал арада Ирактагы америкалык аскерлер жайгашкан Айн аль-Асад авиабазасы дүйшөмбү күнү кечинде ракеталык чабуулга кабылганын Reuters маалымат агенттиги кабарлады.
Булактар басылмага кол салуудан бир нече америкалык жоокер жарадар болгонун ырастап, маалымат дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирди.
Авиабазага кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.
Пентагон акыркы күндөрү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу аймактагы техникасын күчтөп, аскер күчтөрүн көбөйткөнүн жарыялады. (SA)











