You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Пантюркизмдин жаңы карааны, чон кармаштын илеби
28-ноябрда Ашхабадда Экономикалык кызматташтык уюмунун XV саммити өттү. Башка калган интеграциялык бирикмелердей эле маданий-гуманитардык кызматташууну арттыруу, соода-экономикалык байланышты чыңдоо маселелерин талкуулап, декларация кабыл алды. Жыйынтыгы чыга элек жатып чырга айланган, келечеги бүдөмүк шайлоо менен алек коомчулук, кыргыз медиа агенттиктери бул теманы кыйгап өттү. Көңүл бургандар аз, расмий маалымат булактары деле анча кеп кыла албады. Бирок ушул саммит чоң окуяларды улантып, геосаясий мейкиндиктеги олуттуу процесстердин кабарын билдирди.
Абай салган кишиге эски пантюркизмдин жаңы дүбүртү чыкты, карааны көрүндү. Түрк мамлекеттери буга чейин деле тилектештигин билдирип келген, бирок ар кими ар кай жакты карап, ар кими таасирдүү державаларга ыктап, талаштуу маселелерде позициясын ачык жарыялай элек болчу. Демейде сак Өзбекстан, дымагы күч Казакстан, бейтарапмын деген Түркмөнстан да бул ирет эл аралык аренада чоң мааниге ээ эзелки армян-азербайжан талашы боюнча ачык позициясын билдирди. Тагыраагы Аракеттердин Ашхабад Консенсусу деп аталган жыйынтык документте Азербайжан Республикасын бекем колдогон эки тезисти жактап, кол коюшту. Азербайжан дипломатиясынын жеңиши деп азербайжан коомчулугу жетине албай жар салды. Биринчи тезис, Борбор Азия мамлекеттеринин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы, Азербайжан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн калыбына келишинин 30 жылдыгы деген аныктамага байланыштуу.
1918-жылы 28-майда Азербайжан Демократиялык Республикасы түзүлгөн. 1920-жылы бул республиканы Париж (Версаль) конференциясы де-факто тааныйт. Бирок буга Советтик Россия каршы чыгып, 1920-жылы Азербайжан ССРи болуп кайра уюшулат. Мына тарыхый факт. Көрдүңүзбү, азербайжан туугандар дал ушул фактыны бетке кармап, көз карандысыз мамлекет болгондугун, Азербайжан Республиканын калыбына келишинин 30 жылдыгын түрк саммитинде баса белгилеп алышты.
А биз Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын чечими менен белгиленген кыргыз мамлекеттүүлүгүн 2200 жылдыгын, 8-9-кылымдардагы Улуу кыргыз каганатын барк албай, башкаларды туурап, кечээ гана союздук республика катары жаңы пайда болгон коңшуларды ээрчип, көз каранды мамлекеттүүлүктүн 30 жылдыгы деп атап отурабыз.
Улам кеп кылып, быйыл да август айында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын, эгемендүүлүгүнүн жаңы доордо, жаңы шартта калыбына келишинин 30 жылдыгы деген аныктама саясий, идеологиялык, укуктук жана тарыхый жактан туура, адилет аныктама экенин Би-Би-Сиге жаздым эле (караңыз: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cvx8jy4ge72o). Саясий дымагы жана идеологиялык кусаматы болгон менен Орто Азиянын калган бир да республикасынын антип айтууга юридикалык жана тарыхый негиздемеси жок. Бизде гана көз карандысыз кыргыз мамлекетинин калыбына келиши дегенге айтууга негиздер жетиштүү. Балким эл-журт эки-жакты карап, салыштырып, бул оюма ынанаар, бара-бара кабыл алаар.
Байрактар жана “Түрк мамлекеттер уюму”
Эми Тоолуу Карабак жанжалына кайталы. Азербайжандар быйыл кыска убакыт согушта жеңишке жетти, жерди кайтарып алды. Түркиянын берген жардамы чечүүчү болгонун так кесе айта албайбыз, бирок түрктөрдүн “Байрактар” аталган учкучсуз учактары абадан аткылап, армяндардыын шайын оодарганы белгилүү. Түркмөн жериндеги чоң жыйында кабыл алган декларацияда мамлекет башчылары “Азербайжан элин жана өкмөтүн оккупацияланган территориялардын боштотулушу жана өлкөнүн территориалдык бүтүндүгүнүн калыбына келиши менен куттуктап”, тилектештигин жарыялашты.
Бир кезде Кыргызстан Тоолуу Карабак боюнча азербайжандар менен армяндар ортосундагы жаңжалга элчи түшүп, элдештирип, тынчтыкка себепкер болгон эле. Андан бери бул эки өлкө көрүнгөн форумда, түрдүү маселелерде ушул чырдын тегерегинде карама-каршы позицияларын билдирип келген. Ошондой форумдарда Борбордук Азиянын бир да өлкөсү позициясын так, ачык айтуудан карманчу. Эки өлкөнүн делегациясы ар кайсы эл аралык форумдарда кайым айтышып, мамлекеттерди өз позициясын колдоого үндөөсүнө казагы, кыргызы, өзбеги, түркмөнү да этият мамиле жасап, көбүн эсе бейтарап мамиле кылышчу. Эми минтип баары бир ооздон Азербайжан өлкөсүн жеңиши менен куттуктап, позициясын бекем айтып отурат.
Бул окуялар көз жаздымда калбай турган, чоң процесстердин жана жаңы геосаясий конфигурациянын курала баштаганын билдирет. Анча кеп кылынбай, тарых бүктөмүндө калып бараткансыган “пантюркизм” терминин мен биринчи оозанып, жандандырып, актуалдаштырып отурганым жок.
Түрк басылмалары эки жылдан бери Түркиянын Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан менен аскерий кызматташтыгы бекемделип, бул өлкөлөргө “Байрактар” бериле баштаганын баса белгилеп, “пантюркисттик армия” деген аныктаманы байма-бай колдонууда.
Пантюркизм термининин актуалдашып, трендге айланып отурушуна жалгыз түрк медиасы себеп эмес. Аналитиктер, дипломаттар, саясатчылар туш тараптан кеп кыла башташты. Ага негиздер арбын. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2019-жылкы түрк мамлекеттер кеңешинде “Алты мамлекет – бир улут”, биз бир тилде сүйлөгөн, орток тарыхы, маданияты бар, дини бир 300 млн журтпуз деген ураанын чакырган.
Быйыл “Түрк мамлекет башчыларынын кеңеши” – “Түрк мамлекеттер уюму” болуп өзгөрдү. Бейтарап Түркмөнстан байкоочу болуп кошулду.
Шинжаң-Уйгур автономиясы жана Кытайдын позициясы
Түрк мамлекеттеринин буга чейин маданий-гуманитардык кызматташтык менен көбүрөөк алектенген бирикмесин жаңы форматка айлантып, мазмунун байытуунун жана таасирин арттыруунун демилгечилеринин бири Эрдоган, түрк мамлекет башчыларынын жыйынында уюмга мүчө мамлекеттерди Шиңжаңдагы мусулман калкынын абалына кайдыгер карабоого үндөп, "Биз Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагындагы уйгурлардын жана башка мусулман азчылыктарынын абалына кылдат байкоо салып турабыз. Уюмубуздун уюштуруу максаттарына ылайык, бул жаатта сезимталдыкты көрсөтөт деген үмүтүбүздү дагы бир жолу баса белгилегим келет"- деди.
Уюмдун жыйынына удаа Түркиянын "Улуттук кыймыл" партиясынын лидери Девлет Бахчелипрезидент Режеп Эрдоганга Орусиянын түрк тилдүү улуттар басымдуу жашаган аймактары жана Кытайдын бир бөлүгү кошо түшүрүлгөн "Түрк дүйнөсүнүн" картасын белек кылган. Ал картада Борбор Азиядан Тажикстандан башка мамлекеттер менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном округунун аймактары да түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн. Россия буга терс реакциясын дароо билдирди."Түрк дүйнөсүнүн" картасы Москванын кыжырын келтирди. Пекин азырынча расмий үн ката элек.
Түркия буга чейин да Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттер менен кызматташтыгын чыңдоого, өз таасирин арттырууга белсенип келген. Бирок күрддөр кычап, Сирия тынчыбай, Россия менен мамилеси сууп, Европа биримдигине кирүү кечеңдеп ж.б. у.с өзүнүн саясий көйгөйлөрүнөн башы бошобой, экономикалык мүмкүнчүлугү аздык кылып, чыныгы амбициясы ачыкталбай, анын үстүнө Борбор Азия өлкөлөрү улам бир жакка моюн созуп, Түркиянын кучагына бой таштаган эмес. Эми да эч кимиси таштап ийбейт. Бирок мурдагы маданий алакалар менен чектелбей, кызыкчылыктар дал келген жагдайлар пайда болууда.
Транзит атаандаштыгы
Ооганстандагы кырдаал Казакстанды, Өзбекстанды, Кыргызстанды, Түркмөнстанды кадимкидей чочутуп, жарыша куралданууга, аскерий союздаш күтүүгө, не бар, не жок даяр болууга мажбурлоодо. Туркия армян-азербайжан согушунда күчүн көрсөтүп, ишеним жаратты. Түркия Ооганстанда да таасирин арттырууга кызыкдар. Кабул аэропортуна көзөмөл кылуу далалатын жашырбайт. Ушул маселеде Бириккен Араб эмираттары экөө атаандаш болуп, саясий-дипломатиялык кармаш жүрүүдө.
Азербайжан аркылуу Кытай жана Борбор Азияны Европа менен байланыштыруучу альтернативдик соода жолу катары Зангезур маршруту, Исламабад-Тегеран-Стамбул трансевразиялык маршруту, түркмөн газын Түркия аркылуу Европага экспорттоо сыяктуу ири транспорттук жана экономикалык долбоорлор талкууланууда. Түрк мамлекеттери ортосунда эркин экономикалык аймак түзүү демилгеси да көтөрүлүп, планы даярдалып, Бирдиктүү соода келишимин (ЭКОТА) түзүү ойлонуштурулууда. Кыскасы, түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциялык аракеттери күч алууда. Айтмакчы, Эрдоган Кара деңиз менен Жер ортолук деңизин бириктирген канал салуу идеясын көтөрдү. Идея эски, бирок аракеттер эми башталды. Эгер бул канал курулса Босфор менен Дарданелл кысыктары маанисин жоготуп, орустар Кара деңиз менен гана чектелип калаары толук ыктымал.
Орусиянын реакциясы. Крым маселеси
Албетте, түрк мамлекеттеринин реалдуу интеграциясына, ушул биримдиктеги Түркиянын көч башылыгына ири алдыда Россия каршылык көрсөтөт. Осмон империясынын мураскери, Борбор Азия жана Кавказ үчүн, Кара деңиз үчүн айыгышкан кармашта эзелки атаандашы, НАТОнун мүчөсү, Түркиянын минтип түрк дүйнөсүн бириктирип, ага гегемон болушу Рссиянын геосаясий кызыкчылыктарына караманча дал келбейт. Эч качан буга макул болбойт. Тышкы иштер министрлигинин коллегиясында президент Путин АКШ жана Батыш өлкөлөрү “кызыл сызыкка” жакындап калды, чектен чыкса жазасын алат маанисинде эскертти.
Орус аналитиктери жана саясатчылары Түркиянын лидеринин амбициясы башынан ашты, бул жакшылыкка алып барбайт деп эсептейт. Ал тургай Түркия менен Россиянын кызыкчылыктары эч качан дал келген эмес, Сириядагы, Жакынкы Чыгыштагы амбициясы, эми минтип Борбордук Азияда түрктөрдүн гегемон болуу аракети кооптуу көрүнүш деген сыяктуу пикирлер басымдуу. Крымды Россиянын аймагы деп Европа, АКШ, Азия тааныбайт, ал тургай бир тууган мамлекет Беларусь таанышы деле күмөндүү.
Бирок Кремль үчүн Крым боюнча башкалардын позициясы бир тең да, Түркиянын мамилеси бир тең. Анткени Түркияда 2,5 миллион ашык крым татарлары жашайт. Түштүк Крым Осмон империясынын курамында, 1783-жылга чейин Крым хандыгы Осмон империясына ыктаган мамлекет, ал тургай бир кезде ага көз каранды да болгон.
Албетте, Россия Федерациясынын субъектери болгон түрк тилдүү республикалар, аймактар түрк мамлекеттеринин биримдигине байланыштуу процесстерге шыктануу менен карайт. Бирок каалоосу күч болгон менен чамасы чак. Империя эч кимди эч качан кучагынан чыгаргысы келбейт. Мисалы, Франция, Британия, Испания мурда ээлик кылган колонияларын эркине койдум деген менен ал аймактарда таасир этүүнүн экономикалык, укуктук жана саясий шаймандарын, эң кур дегенде чиеленишкен татаал проблемаларды калтырып кеткен. Эми да ошол механизмдер аркылуу башкара албаса да байлыгына ээлик кылат.
Борбор Азиядагы чоң оюн
Кытай да Түркиянын Борбор Азияда таасиринин күчөшүнө кайдыгер карабайт. Тагыраагы – каршы. Кытай да бул чөлкөмдө улам позициясын бекемдеп келет. Кытай тышкы иштер министри Ван Инин Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстанга соңку сапары да ушул максатты көздөдү. Негедир Кыргызстанга кайрылганы жок. Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик коопсуздун “салттуу жана салттуу эмес жол менен” коргоого кепилдик берет деди. Бул куру сөз эмес, реалдуу кадам экендигин Толуу Бадахшандагы Кытай аскер күчтөрү тастыктап турат. Борбор Азиянын табигый кен байлыктары, транспорттук маршруттар, мамлекеттердин ички жана тышкы саясий ориентациясы, диний маселелер Кытайдын көз жаздымында эч качан калган эмес.
Түркия эми кирише баштаган экономикалык жана транспорттук долбоорлор Кытайды эбактан бери ойлонтуп келген. Түркмөн газын (“Галкыныш”) экспорттоо маршруту Кытай менен Түркиянын ортосунда талашка түшүүдө. Мурда Галкыныштын газы Түркмөнстан, Афганистан, Пакистан, Индия ТАPI долбооруна эми Транскаспий-Түркия маршруту аркылуу Европага же акыры Кытайга агылабы деген маселе чечиле элек.
Кытайдын бул чөлкөм боюнча даана, так жана көп жылдык ийкемдүү стратегиясы бар. Борбордук Азиядагы кен байлыктардын бир тобуна ээлик да кылат. Эми минтип Түркиянын бул аймакка жаңы дем менен, амбициялуу долбоорлорду артынып алып ат бастырып киришин жактырбайт.
Эрдогандын Шинжандагы уйгур жана башка улуттук азчылыктар боюнча саясаты боюнча кебине Бээжин кескин жообун бере элек. Бул бейжоопсуз калды дегенди билдирбейт.
Кытай эч кимди, эч качан өз кызыкчылыгына байланышкан маселеде жоопсуз калтырбайт. Эртеби, кечпи сөзүн айтат, өз ишин кылат. Эрдогандын уйгурларга жана башка улуттук азчылыктарга болушкан билдирүүсүн кубаттаганга Борбор Азия мамлекет башчылары дааган жок. Алардын бири да Кытай менен бул чырлуу маселе боюнча конфликтке барууга дарамети дагы, эрки да жетпейт. Кубаттуу союздаш эле шыкактабаса, өз бетинче тиш кайрый албайт.
Кытайды эң чоң коркунуч катары эсептеген АКШ Борбор Азия мамлекеттеринде Кытайга каршы маанайды колдоого кызыкдар экенин, ачык айтпаса деле белгилүү. Бирок эртең эле эки держава тил табышып кетсе, анда АКШ чөлкөмдүн өлкөлөрүн кубаттуу гигант менен жалгыз калтырып, Афганистандан кеткендей баса бериши ыктымал экенин баары боолгой алат.
Бирок Кытайдагы түрк тектүү, мусулман калкынын проблемасы кала берет. Кыйналган казагы же башкасы маселени чечкин, өз кандашыңа болушкун деп ордолуу казак бийлигине кайрылып, даттана бермеги - турулуу иш. Албетте, ал мамлекеттердин лидерлери узак убакыт бою кайдыгер калмагы кыйын, шайлоо алдында антиперикл болгусу келбейт (б.з.ч. 4-кылымдагы Афина мамлекетинин башчысы Перикл “өз кандаштарыбызды Афинада жана башка өлкөдө коргойбуз, жерде жана сууда барктайбыз, өлсө сөөгүн таштабайбыз, тирүүсүн кор кылбайбыз” деп жан үрөгөн). Этникалык жана диний сезимдер - тез саясатташкан, мотивациялык жана мобилизациялык потенциалы күчтүү сезимдер.
Отко жакын шиш тез кызый турганын жакшы билген, Кытайдын экономикалык активдеринин бир тобунун ээси бойдон калган Улуу Британия, Европа өлкөлөрү, Кытайдын күч-кубатынан чочулаган Япония, азыр пикири келишпей турган Индия, Борбор Азияны исламдаштыруу аркылуу таасирин күчөткүсү келген араб өлкөлөрү, Кытай менен тил табышууга ынтызар, АКШдан кол үзбөгөн өзөктүк держава Пакистан, жаңы түзүлө баштаган геосаясий конфигурациядан куру калып, четте тургусу келбейт. Ар ким өз пайдасын аркалайт, түркүн айла кылат, күч үрөйт.
Бул Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө ар бир өлкө үчүн чакырык.
Шериктештиктер түрдүү болот
Кыска баяндалган ушул жагдайлар региондо жана анын айланасында масштабдуу оюндар күч алганын туюнтуп турат. Түрк дүйнөсү геосаясий кусаматчылыктардын жана пассивдүү объектисинен аракеттердин активдүү субъекстисине айлангууга умтулуусу мыйзам ченемдүү.
Пантюркизм аталган, мокочо катары сүрөттөлгөн биригүү тенденциясы - табигый умтулуу. Пантюркизм жаңы форматта, геосаясий жаңы шартта жанданышы ыктымал. Бирок бир нерсени жадыбыздан чыгарбашыбыз керек. Мамлекеттер аралык бирикмелер, эл аралык уюмдар дайыма эле натыйжалуу боло бербейт. Интеграциялык ар кандай бирикмелер чабалдыгын далилдеди. Алар ошону демилгелегендердин жана каржылагандардын гана кызыкчылыгын көбүрөөк колдогон же аларга ашыкча жүк болгон институт бойдон калышы мүмкүн.
Ошону жакшы билген Англия Европа шериктештигинен чыгып баса берди. Кечээги армян-азербайжан согушунда, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Россия негизги ролду ойногон Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ОДКБ) кой-айга жараган жок. Эртең эмне болоорун билбестен, “буюрса жыргайбыз” деп Евразия экономикалык бирлигине даярдыгы жок кирип бардык. Евразия экономикалык биримдиги да ага мүчө мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык алаканы бекемдей албады. Биздин айрым саясатчылар Евразия экономикалык бирлигине кирбесек Орусия менен Казакстан айлабызды алты кетирмек, аргабызды түгөтмөк деген аргументти бетке такашат. Евразия экономикалык бирлигине кирбеген Өзбекстан орусу менен да, коңшулары менен да, АКШ менен да, Европасы менен да ургаалдуу кызматташууда.
Биздин АКШ менен мамилебиздин начарлашына "Манас" аэропортундагы эл аралык транзиттик авиабазаны чыгарып салуу тууралуу чечим негизги өбөлгө болду. Бул кадамга бизди шыкактагандар зыян тарткан жок. Биз пайда таппадык. Ал эми Америка биз "чык" дегенде эле Борбор Азиядан чыгып кеттиби. Жок. Эч качан кетпейт. Андыктан АКШ биздеги базасын таштап, жарактарын гумжардам катары калтырып, Өзбекстанга орношуп алды.
2018-жылы май айында Өзбакстандын лидери менен Түндүк бөлүштүрүү-ташуу тармагы деп аталган долбоордун алкагында Афганистанга аскерий жүктү ташуучу транзиттик база катары өзбек аэропортторун (Карши-Ханабад, Чирчик) колдонуу тууралуу макулдашышкан. Андан бери Өзбекстанды не Кытай, не Россия, не Иран же башкасы алка жакадан алып, аттан сүйрөп түшпөдү.
Иран-АКШ мамилеси соӊку мезгилде кескин начарлаганда деле, биздин айрым көзү ачыктар айткандай Тегеран Өзбекстанды Американын аскерий күчтөрү пайдаланып жатканы үчүн бомбалап, Кытай жипсиз муунтуп, Россия уйпалап жибергени жок.
Кыргызстан мына ушундай геосаясий процесстерде “тигил же бул” деген ажырым саясат менен “тигил да, бул да” деген ийкем саясаттын ортосунда чайналып келет. Бирикмеде, уюмда мүчө болобу, өз бетинче болобу, мамлекет өз кызыкчылыгын жетиштүү коргой албаса, суверенитетин туш келген кыйынчылыкта садага чаап жиберсе, анда уюм ичинде болобу, тышында калабы - баары бир, утулганы утулган, жүдөгөнү жүдөгөн. Өлкөлөр ортосунда кызматташтыктын жана атаандаштыктын эзелтеден бери шарты ушул, мындан кийин да ушундай болмогу анык.
Адатыбызча бирөөнүн жетегинде калып, осолдук кетирсек, абалыбыз оорлойт, дагы утулабыз. Демек Кыргызстан түрк мамлекеттеринин биримдигинде да өз кызыкчылыгын колдон жулдуруп жибербей, терен ойлонуп, ийкемдүү аракеттенип, керек учурда батыл кадамдарды жасоосу абзел. Борбордук Азия ири державалардын түбөлүк кызыкчылыктары бар стратегиялык аймак. Борбор Азияга көз арткандар ортосунда кармаш күчөйт. Ушул кармаштар бизден ашкере кылдаттыкты, сактыкты жана дипломатиялык жигерди талап кылат.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт