Париж олимпиадасына кимдер жолдомо алышы мүмкүн?

Сүрөттүн булагы, social media
Быйыл16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты курч мүнөздө өтүп жатат. Эркин күрөш мелдештери жыйынтыкталганы турат. Кыргызстандык жана дүйнө жүзүндөгү күрөш күйөрмандарын кызыктырганы грек-рим күрөш таймаштары. Спорттук баяндамачы Кабыл Макешов Олимпиадалык салмак категорияларындагы грек-рим күрөшү боюнча турнирдин алдын ала талдоосун жүргүзүп көрдү.
Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча алты чемпиондун үчөө дүйнөлүк чемпионатка катышууда. Венгриялык 33 жаштагы, Лондон олимпиадасынын чемпиону Тамас Лоринц 77 килограммга чейинки категорияда алтын медаль тагынгандан кийин карьерасын жыйынтыктады. Ошондой эле 97 килограммга чейинки салмакта Токио олимпиадасынын чемпиону, орусиялык Муса Евлоев бул ирет турнирге катышкан жок. Ал эми Токиодо 130 кг. салмакта төрт ирет катары менен Олимпиада алтынын утуп алган кубалык Михаин Лопес келерки жылы Париж Олимпиадасына катышуу үчүн жолдомо алууга аракет кылмакчы. Ошентип, Токио олимпиадасынын үч чемпиону Белградда күч сынашууларга катышканы турат.
Аларды атай кетсек, бул ирандык Мохаммад Реза Абдолхами Гераеи, Токио олимпиада оюндарынан кийин дүйнөлүк чемпионаттарда алтын жана күмүш байгеге ээ болгон.
60 килограмм салмакта олимпиада чемпиону болуп, өткөн жылы 63 килограммга чейинки категорияда күч сынашып, азыр 67 килограммга чейин көтөрүлгөн кубалык Луис Альберто Орта Санчес ( негизги атаандаштардын бири болмокчу. Ал эми Токио олимпиадасында 87 килограммга чейинки салмакта алтын медаль тагынган украиналык Жан Венсанович Беленюк да турнирге катышмакчы.
Жалпысынан Белграддагы дүйнө чемпионатында үч күрөш стили (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү) боюнча 1000дей балбан 90 олимпиадалык жолдомо алууга аракет кылып жатышат. Үч күрөш стили боюнча алты олимпиадалык салмак категориясынын ар биринде беш орунга жолдомо берилет.
Ошентип, грек-рим күрөшү боюнча кимдер жолдомо алууга талапкер экенин божомолдоп көрөлү...
Жоламандын жолу болобу?

Сүрөттүн булагы, social media
60 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон чыгаан балбаныбыз Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет дүйнө чемпиону наамы үчүн ат салышат.
Шаршенбеков акыркы Дүйнө чемпионатынан кийин үч турнирде жеңишке жеткен. Ал “Дан Колов” атындагы Эл аралык турнирде, Азия чемпионатында жана “Любомир Гедза” эл аралык турниринде жеңишке жеткен. Ага каршы чыга турган атаандаштардын арасында бир нече атактуу ысымдар бар. Булар болгариялык Эдмонд Армен Назарян, молдовалык Виктор Чобану, ирандык Мехди Мошен Нежад, япониялык Кеничиро Фумита, түркиялык Керем Камал, азербайжандык Нихат Захид оглы Мамедли жана бейтарап спортчу Анвар Эдуардович Аллахьяров.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эдмонд Назарян былтыркы финалда Шаршенбеков менен кездешип, бирок 2:11 эсебинде жеңилип калган. Бул жеңилүүдөн кийин 18 жашында Европа чемпиону болгон 21 жаштагы балбан финалда Чобану менен беттешип, апрель айында экинчи жолу Европа чемпиондугун жеңип алган. Айта кетсек, 63 килограммга чейинки категориядагы Чобану 60 килограммга чейинки салмак категориясына кайтып келип, 2021-жылы Молдованын тарыхында биринчи дүйнө чемпиону болгон. Ошол дүйнөлүк чемпионатта финалдык беттеште Жоламан Шаршенбековду жеңип алган. Турнирде ошондой эле Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону япониялык Кеничиро Фумита чыгат, ал өткөн жылы дүйнөлүк чемпионатта жарым финалда болгариялык Назарянга 5:5 эсебинде утулуп калган.
Фумита атаандаштарды аныктоочу чучукулак кармоодо ким менен күрөшөөрү азырынча табышмак. 2022-жылы дүйнөлүк чемпионаттын коло медалынан кийин Фумита быйыл Германиянын Гран-присине гана катышып, 63 кг. салмакта экинчи орунду ээледи. Быйылкы мелдештерди “Загреб” ачык чемпионатында алтын менен баштаган ирандык Мохсен Нежад дагы Азия чемпионатында казакстандык Эрнур Фидахаметовго утулуп, сегизинчи орунга түшкөн. Кошумчалай кетсек, Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде ал коло медаль тагынган.
22-сентябрда күрөшү турган Жоламандын жылдызы жанып, экинчи ирет дүйнө чемпиону болушуна тилектешпиз! Жоламанды сүрөөнгө алып, жеңиш каалайбыз!
Амантур Исмаиловдун жылдызы жанышы мүмкүн

Сүрөттүн булагы, social media
67 кг салмактагы атаандаштардын катарында эки Олимпиада чемпиону, Олимпиаданын күмүш жана коло байге ээси, Дүйнө чемпиону жана Азия чемпиону бар. 67 кг салмак категориясы дүйнөлүк чемпионатка керек болгон драма. Ирандык, Олимпиада чемпиону Мохаммад Реза Абдолхами Гераеи өткөн жылы финалда сербиялык Мате Немешке утулуп калгандан кийин дүйнө чемпиондугун кайтарып алам деп үмүттөнүп турат. 60 килограммга чейинки салмакта Олимпиада чемпиону, кубалык Луис Орта быйыл 67 килограммга чейинки категорияга көтөрүлүп, үч алтын медалды - Анри Делган Гран-присин, Панамерикалык чемпионатты жана Борбордук Америка оюндарын утуп алган. Ошондой эле бул жылы ал кытайлык Хисуэтудан эки жеңилүү ызасын тартып, Загребде жана Бишкекте өткөн рейтингдик турнирлердин коло байге ээси болду.
Өткөн жылы Орта 63 кг салмакта 7-орунду ээлеген, бирок Белградда жаңы 67 кг. салмак категориясында алтын үчүн күч сынашат.
Сербиялык Мате Немеш 2022-жылы жеңишке жеткенден кийин эки жолу гана мелдешке чыгып, “Тор Мастерс” мелдешинде тогузунчу жана июлда Владислав Питласинскийдин кубогунда экинчи орунду ээлеген. Былтыркы ийгилигин кайталай алабы, баары кызыгып турушат. Европа чемпиону, азербайжан Хасрат Джафаров былтыркы коло байге жыйынтыгын жакшыртууга аракет кылат. Андан кийин жарым финалда Немешке утулуп калган, бирок Европа чемпиондугунда сербиялыкты жеңип, ошол жеңилүү үчүн өчүн алган. Эми ал 20 жашка чейинки жана 23 жашка чейинкилер арасындагы чемпиондук наамына кошуп, эр-азаматтар чоңдор арасындагы дүйнөлүк наамды жеңем деп үмүттөнүүдө.
Олимпиаданын күмүш байге ээси, украиналык Парвиз Паша оглы Насибов ( былтыр 10-орунду ээлеген, бирок быйыл болгон күч-кубатын жумшап, Париждеги оюндарга жолдомо алууга аракет кылат. Токио олимпиадасынын коло медалынын ээси, египеттик Мохамед Эльсайед акыркы дүйнөлүк чемпионатта Азия чемпиону,өзбекстандык Аброр Атабоевге биринчи раундда утулуп калган соң 22-орунду ээлеген. Акыркы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, кыргызстандык Амантур Исмаиловду да баса белгилей кетүү керек. Былтыр 3-орун үчүн болгон күрөштө грузин Джони Хецуриани жеңип алган. Быйыл Амантурдун даярдыгы да жакшы. Бирок бул жолу ал, чучукулук туш келсе, быйыл төрт турнирде күмүш медаль тагынган грузинден өтө этият болушу керек.
Амантурга дагы ийгиликтерди, жеңиштерди каалайбыз. Ал 23-сентябрда күрөшөт.
Акула аталган Акжол Махмудов табында

Сүрөттүн булагы, gatty
77 кг. Салмакта дүйнө чемпионатынын эң көп катышуучу – 45 балбан күч сынашканы турат. Учурдагы Кыргыз спортунун сыймыгы, дүйнө чемпиону Акжол Махмудов экинчи ирет алтын медалга ээ болууга аракет кылат. Өткөн жылы кыргызстандык Акжол бир беттешти кошпогондо, жарым финалда түркиялык Юнус Эмре Башар менен болгон беттеште дээрлик эч кандай көйгөй болгон эмес. Ошондон бери Махмудов үч турнирдин жеңүүчүсү болгон: “Дан Колов-Никола Петров”, Азия чемпионаты жана “Любомир Иванович Гедзанын” Эл аралык турниринде баш байгенин ээси болгон. Акжол учурда табында туруп, дагы жылдызы жанып, экинчи ирет дүйнө чемпиону болуп, Париж олимпиадасына жолу ачылса деп тилек кылып туралы.Акжол 21-сентябрда килем үстүндө таймашууларга чыгат.
2022-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси венгриялык Золтан Леваи быйыл Европа чемпионатынын жарым финалында сербиялык Виктор Немешке утулуп, коло медалдын ээси болду. Андан кийин Будапештте бешинчи болуп, августта Сербияда коло байгеге ээ болгон.
2022-жылкы Европа чемпиону Армениялык Малхас АМОЯН жарым финалда түркиялык Басараны жеңип, быйыл Европа чемпиондугун коргоп калды. Ал дагы Белградда алтын үчүн күч санышат. Өз кезегинде түркиялык Басар биздин балбан Акжол Махмудовдон жеңилип калгандыктан бул ирет негизги атаандаштардын бири болушу мүмкүн. Быйыл түрк балбаны “Ибрагим Мустафа” рейтингдик турниринде жана Европа чемпионатында коло байгеге ээ болду. Белгилей кетсек, ирандык балбан Мохаммад Гераи дагы оңой жоо эмес. Ал Загреб ачык чемпионатында жылды алтын менен баштап, Бишкекте дагы байгелүү болгон. Ошондой эле, 2021-жылкы Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси, азербайжандык Санан Сулейманов, германиялык Дени Накаев, молдовалык Александрин Гуту, индиялык Гурприт Сингха жана америкалык Камаль Амир Бейди негизги атаандаштар катары карашыбыз керек. Балким дагы аты белгисиз жаш балбандардын дагы жылдызы жанышы ыктымал. Чучукулак кимге түшөөрү азырынча белгисиз!!
Азат Салидинов карт бөрүлөргө туруштук береби?

Сүрөттүн булагы, social media
87 кг. Салмактагы атаандаштардын атактуусу украиналык Жан Беленюк болуп саналат.
Себеби, Беленюк 87 килограммга чейинки категорияда Белградда медаль утат деп спорт адистери божомолдоп жатышат. Буга чейинки эки Олимпиадалык квалификациялык дүйнө чемпионатында (2015-жана 2019-жылы) Беленюк алтын медалдын ээси болгон. Олимпиаданын коло байге ээси, Сербиянын атынан күч сынашкан Зураб Датунашвили 2021 жана 2022-жылдары дүйнө чемпиондугун жеңип алган. Бирок, кийинки чемпионатта титулун коргобойт, ал эми 2022-жылкы дүйнөнүн күмүш медалынын ээси, Даниянын намысын коргогон Турпал-Али Бислутанов жаракатынан улам турнирге катыша албайт. Ошентсе да, 87 кг чейинки салмак категориясы абдан атаандаштык күчтүү болчудай. Бул жерде мурдагы украиналык Семён НОВИКОВду да айтууга болот, ал азыр Болгариянын командасынын катарында күрөшөт.
Новиков 23 жашка чейинки дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана көптөн бери Беленюктун мураскер атаандашы катары эсептелип келген. Алар Украинанын курама командасына кирүү үчүн эки жолу күрөшүп, эки учурда тең Беленюк жеңишке жеткен. Новиков: "Болгарияга барышыма Беленюк себеп болгон жок; мен атаандаштыктан коркпойм. Мен өзүмө ишенгем жана мүмкүнчүлүк бар экенин сездим, бирок майнап чыккан жок. Дүйнө чемпиондугунда натыйжа болот деп үмүттөнөм. Биз финалда жолугаарбыз дейм. Мен аны жеңгенимде бактылуу болуп кубанам, деп Новиков билдирген эле. Айтмакчы, Новиков дүйнөлүк чемпионаттагы желеде алтынчы орунда турат, Беленюк болсо чучукулакта кимге туш болоору али белгисиз. Балким алар каалаган этапта беттеше алышат. Алардан тышкары өткөн дүйнө чемпионатынын коло байге ээлери түркиялык Али Женгиз менен венгриялык Давид Лосончини дагы негизги атаандаштар деп белгилей кетүү керек.
Новиков сыяктуу Женгиз 87 кг салмакта Метехан Басардан кийин Түркиянын экинчи номери болгон, бирок былтыркы дүйнөлүк чемпионаттын коло медалынан кийин Александриядагы рейтингдик турнирде жана Европа чемпионатында күмүш медалдарды, ошондой эле Бишкектеги рейтингдик турнирде коло медалдарды жеңип, Басарды кууп жетти.
Европанын чемпиону Иштван Такач артыкчылыкка ээ болгондуктан, өз кезегинде Лосончи венгриялык команданын курамындагы орун үчүн күрөшүүгө туура келди. Такач Загреб ачык чемпионатында Лосончини жеңип алган эле, бирок экинчиси 23 жашка чейинкилер арасында Европа чемпиондугун жана Будапештте өткөн рейтингдик турнирде алтын утуп, улуттук курама команданын курамына кирүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Европа чемпионатынын үч жолку байге ээси, азербайжандык Ислам Аббасов биринчи дүйнөлүк медалын жеңип, Париж олимпиадасына жолдомо алууга ниет кылып жатат. Бирок, ал Европа чемпионатында алгач Женгизге, коло үчүн күрөштө грузиялык Лаша Гобадзеге утулуп калган. Токио Олимпиада чемпиону Гобадзе 82 кг. салмакта 2019-жылдагы дүйнө чемпиону жана бул жолу Олимпиадалык салмак категориясында экинчи жолу чыгууга даярданып жатат. Ал 2021-жылкы Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болгон, бирок акыркы чемпиондукту өткөрүп жиберген. Гобадзе сыяктуу эле Кирилл Маскевич менен Алан Остаев акыркы дүйнө чемпионатына катышпай калышты, алар Себрияда бейтарап спортчулар катары таймашууларга катышканы турат. Ошондой эле швед ардагери Алекс Кессидисти да негизги атаандаштардын бири катары белгилей кетүү керек. Ал 77 кг салмакта 2019-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси болсо, эми 87 кг салмакта күч сынашат. Көпчүлүктүн көңүлү былтыр 82 килограммга чейинки салмак категориясында күмүш медаль тагынган өзбекстандык Жалгасбай Бердимуратовго бурулуп турат. Себеби ал эми 87 килограммга чейинки категорияда күч сынашып, Парижге жолун ачууга ниет кылып турган чагы. Бул салмакта Кыргызстандын намысын Азат Салидинов 23-сентябрда коргойт. Келечегинен үмүткөр кылган Азатты сүрөөнгө алып туралы. Балким, жылдызы жанып, байгелүү орунду ээлеп калышы да толук ыктымал.
Бексултан Махмудовдун бели бекем, намысы бийик болсун!
97 кг олимпиадалык салмак категориясында он жылдан ашык убакыттан бери армениялык Артур Алексанян үстөмдүк кылып келет жана ал өзүнүн бул үстөмдүгүн дагы бекемдөөгө ниеттенип турат.
Армян күрөшүнүн легендасы 97 кг салмакта килемге чыгып, бешинчи ирет дүйнө чемпиону болууну көздөп жатат. Ал буга чейинки үч беттеште - 2019 жана 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионатта жана Токиодогу Олимпиада оюндарында Алексанянга утулуп калган ирандык Мохаммадхади Сарави менен атаандаша алмак. Өткөн жылы Европа чемпиондугун жеңип, акыркы эки жылдан бери дүйнөнүн алдыңкы үчтүкүнүн катарына кирген болгариялык балбан Кирил Миловду белгилей кетүү керек. Ошондой эле бул салмакта 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону болгон фин Арви Саволайнен менен Артур Саргсян нейтралдуу спортчу катары катышканы турат.
2022-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, былтыр финалда Миловго утулуп калган азербайжандык Ариф Нифтуллаев да жыйынтыгын жакшыртууга аракет кылаарын билдирди.
Венгрия өлкөсү эки жыл мурун 77 кг салмакта болгон Тамаш Левайга ишеним артып турушат. Быйыл ал Европа чемпионатында жетинчи орунду ээледи. Андан сырткары норвегиялык Феликс Балдауф, серб Михаил Кажай, бейтарап спортчу Абубакар Хаслаханов, өзбек күрөшүнүн ардагери Рустам Ассакалов жана дүйнөнүн мурдагы эки жолку чемпиону, түркиялык Метехан Башар дагы негизги атаандаштар экенин эстен чыгарбоо зарыл. Бул салмакта Кыргызстандын намысын Акжол Махмудовдун бир тууган агасы, Азия чемпиону Бексултан Махмудов коргойт. Бексултан дагы байгелүү орунду ээлеп, Париж олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал. Бексултан 22-сентябрда күрөшөт.

Сүрөттүн булагы, social media
“Дөөлөрдүн” кармашында ким жеңет?
130 кг. олимпиадалык салмак категориясында Түркиялык Рыза Каяалап, Жан Беленюк сыяктуу, квалификациялык дүйнөлүк чемпионаттарда алтын утуп алган. Бул 2011, 2015, 2017, 2019, 2022-жылдары ал дүйнөнүн беш жолку чемпиону болгон. Ал эми Олимпиаданын эки жолку коло, бир жолку күмүш байгесинин ээси дагы жеңишке жетишип калышы мүмкүн. Рыза Каяалп Токио Олимпиадасында коло медаль утуп алгандан бери азербайжандык Бека Канделакиге гана утулуп калды. Каяалп ошондон бери бул жеңлүү үчүн өч алууга ниет кылып жүрөт. Бирок азербайжандык балбан эң оор дивизияда чоң коркунуч бойдон калууда. Кошумчалай кетсек, түркиялык балбанды капа кылуу үчүн ирандык Амин Мирзазаде Белградга келди. Каяалп өткөн жылы финалда ирандык спортчуну 1-1 эсебинде жеңип, Олимпиаданын коло медалы үчүн күрөштө Мирзазадени да жеңген.
Өз кезегинде Мирзазаде быйыл кубалык Оскар Пинону утуп алган эле. Эмесе, кубалык Париждеги Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо утуп алууга аракет кылат. Балким, бешинчи олимпиадалык алтын медалы үчүн күрөшө турган Михаин Лопеске атаандаш болмокчу. Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, грузиялык Якоби Кажая ошондон бери финалга чыга албай келет. Бирок дүйнөлүк чемпионат анын формасын, чеберчилигин калыбына келтирүүгө эң сонун ыңгайлуу жер болгону турат. Ошондой эле чилилик Ясмани Акоста Фернандес, румыниялык Алин Чурару жана 38 жаштагы эстониялык Хейки Наби он эки жылдан кийин экинчи Олимпиада медалын жеңип алуу үчүн Парижге жолдомо алууга бардык аракеттерин кылышат.
Наби 2019-жылы коло утуп, Токио оюндарына катышуу укугуна ээ болгон, бирок 2021-жылы июнь айында Эстониянын Антидопинг жана Спорттук ак ниеттик фонду аны кызытма, допинг заттарды колдонгону үчүн эки жылга спорттон четтеткен. Ал пандемиядан улам 2021-жылга жылдырылган Токио олимпиада оюндарына катышпай калган.
17-сентябрда эркин күрөштөн коло байге уткан Тайырбек Жумашбеков эмдиги жылы Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн олимпиадалык салмак категориясында күч сынашууга бел байласа, ийгиликке жетүүсү мүмкүн.
Кыздары кыйын кыргыздын...
Ал эми негизги үмүт жандырган Кыргыз спортунун сыймыгы болушкан балбан кыздар Калмира Билимбек кызы, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова, дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаеванын күч сынашуулары алдыда турат. Айпери 19-сентябрда, Айсулуу, Мээрим, Нурзат 20-сентябрда мелдешке катышмакчы. Спорт адистердин айтымында кыргызстандык балбан кыздар Париж олимпиадасына жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Аларга ийгилик, жеңиштерди каалайлы.
Кыргызстандын Спорттук күрөш федерациясынын президенти, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал Мелис Турганбаев баштап барган балбандарга ийгилик, жеңиштерди каалайлы!
Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.











