Оң рулдуу унаанын тетигин ташууга тыюу салынбайт
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, toyota.com
“Жакында Кыргызстанга оң рулдуу унаалардын тетиктерин ташып келүүгө тыюу салынат экен” деген талкуу кызыды. Бул кабар өзгөчө оң рулдуу унаа айдагандардын бир тобун бушайман кылууда. Айрым маалымат каражаттарынын “тетиктерди ташууга тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү” дегени талкууну ого бетер күчөттү.
Оң рулдуу унаа дегенде кыргызстандыктардын көбү дароо эле Япония тууралуу ойлойт. Чынында эле убагында оң рулдуу унаанын көбү ошол өлкөдөн ташылып турган. Бирок аз санда болсо дагы башка өлкөлөрдөн да киргизилген.
Бирок, 2015-жылы жол кырсыктарына кабылган унаалардын көбү оң рулдуу унаалар деген сыяктуу жүйө менен оң рулдуу унааларды Кыргызстанга ташып келүүгө бир топ катаал чектөөлөр киргизилген. Азыр Санариптик өнүктүрүү министрлиги ошондо оң рулдуу унаалардын кузовун ташууга тыюу салынбай калыптыр деп жатат. Эми атайын токтомго өзгөртүү киригизип, андай кузовду дагы ташууга бөгөт коюну демилгеледи.

Сүрөттүн булагы, AFP
Би-Би-Си Япониядан Кыргызстанга тетик ташыган ишкерди кепке тартты.
“Министрлик тыюу сала турган болсо так айтышы керек. Андай кузовдорду ташып келгенге, кайрадан каттоого болбойт десин. Буга чейин болсо өздөрү кузовдун номерин алмаштырып, мөөр басып берип келишкен да. Мыйзам ага жол берген. Эми ага тыюу салгылары келсе, анда “ушуга чектөө кирет” деп так, түшүнүктүү кылып айтсын. Иш бүтөт. Антпесе канча кишинин тынчы кетип жатат”,- дейт бир топ жылдан бери Япониядан тетик ташыган ишкер Абазбек Өмүрзаков.
Тетик ташыганга тыюу салса эмне кылабыз, баарыбыз “Жигули” айдап калабызбы деген сыяктуу талкуулар коомдук сайттарда дагы жүрөт. Ишкер өзү да андай пикирлерди, маалыматтарды окуган экен.

“Оң рулдуу унаанын кузову дегенде бир жылда болсо экини же үчтү гана жөнөтөбүз. Ал башка тетиктердей эмес, орундун көбүн ээлеп калат. Аны такай ташып, ошондон пайда табам деген киши деле жок. Мен да бир топ маалыматтарды окуп, бул кандай же түшүнбөстүк болуп жатабы дегем. Себеби, тетик ташууга тыюу салууга болбойт да. Анткени сол рулдуу унаага түшкөн тетик, оң рулдууга да жарайт дегендей. Завод экөөнө эки башка тетик чыгарбайт да. А кузов деген бул башка нерсе, эл көнүп калгандай аны рама деп койсок жеткиликтүүрөк болчудай”, - дейт Абазбек Өмүрзаков.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги болсо токтомго мындай өзгөртүү киргизүү менен коррупцияны, жол кырсыктарын азайтууга болот деп жатат.
“Мыйзамдын максаты - бара-бара оң рулдуу унааларды азайтуу болчу. Азырынча саны азая элек. Токтомго өзгөртүү кирсе анда мындан ары кузовду алмаштыра албайбыз. Автоунаанын эң негизгиси бул кузов. Биз ошого тыюу салганы жатабыз. Башка эшик, терезе, капот, багаж, фара деген сыяктуулар мурдагыдай эле ташыла берет”,- дейт “Унаа” ишканасынын жетекчи орун басары Бакытбек Шералиев.
Кыргызстанда жол кырсыгынан жылына жүздөгөн киши көз жумуп, жүздөгөн киши майып болуп келет. Жол кыймылын тескеген кызмат кырсыктардын көбү оң рулдуу унаалар менен да байланыштуу деп жүрөт. Бирок, буга каршы пикир айткандар дагы аз эмес.

Абхазхия, Армениядан келген автоунаалар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2015-жылы оң рулдуу унааларды ташып келүүгө бир топ эле катаал чектөөлөр кирип, алардын саны кескин кыскарган. Бул чечим Кыргызстан Бажы биримдигине кошулган учурга туш келгендиктен талаш талкуулар жем таштаган эле. Айрымдар, “бийлик атайылап эле Орусия чыгарган унааларга артыкчылык берип, Германия, Япония, Түштүк Корея же АКШдан чыккан унааларга чектөө койгулары келип жатат” деп ошол кездеги бийликке сын айткан.
Статистика
Статисткика боюнча 2014-жылы үчүнчү өлкөлөрдөн (ЕАЭБге кирбеген мамлекеттер) Кыргызстанга 106 миң автоунаа кирген. 2015-жылы ал кескин кыскарып үч миңге да жетпептир. 2016-жылы болсо 200дүн айланасында гана болгон.
Ошондон тарта сапатуу унаа сатып ала албай калдык дегендер четтен табылат. Соңку жылдары миңдеген кыргызстандык мыйзамсыз, уруксат жок дегенине карабай Абхазиядан, Армениядан унаа сатып алууга аргасыз болгонун айтууда. Алар сапатуу машина аябай кымбат, алып келүү татаал экенин жүйө келтиришет. Басымдуу бөлүгү Орусия өндүрүшүнөн чыккан унаалардын сапаты начар деп эсептейт.
Тектеш макалалар:







