"Темир жол үчүн кармаш". Орусия Украинанын поезддерине чабуулун күчөтүүдө

Сүрөттүн булагы, Iona Hampson/BBC
- Author, Гэри О’Донохью
- Role, Би-Би-Си, Киев
Ооруканадагы керебетте жаткан жолшерик Ольга Золотова ал бараткан поездге орусиялык дрон кандайча чабуул койгону тууралуу үнүн акырын чыгарып айтып берди.
«"Шахед" тийгенде мен урандылардын астында калдым. Экинчи вагондо келаткам. Мени адамдар алып чыгышты, - дейт ал. – Көзүм караңгылай түштү. Айлананын баары өрттөнүп жаткан экен, чачым да бир аз күйдү. Мен тузакта калгандай болдум».
Ольга Орусиянын Украинанын темир жол системасына барган сайын тез-тез кол салууларынын курмандыгы болуп калды. Темир жол – Орусиянын толук масштабдуу кол салуусунан үч жарым жыл өткөндөн кийин Украина үчүн өзгөчө маанилүү инфраструктура.
Украинанын узундугу 21 000 км болгон темир жол системасы – бул жөн эле транспорт каражаты эмес, ал Украинанын аскердик экономикасынын тиреги жана туруктуулуктун кубаттуу улуттук символу.
Ольга оор жаракат алгандыктан, аны 300 чакырымдан ашык аралыкта жайгашкан Киевдеги темир жолчулар үчүн атайын ооруканага жеткиришкен.
Анын санына операция жасалып, бутуна темир пластина коюлган.

Сүрөттүн булагы, Kat Werner/BBC
Ольга бараткан поезд октябрдын башында Сумы облусунун түндүгүндөгү Шостка станциясында аткыланган.
Поезд "кош соккуга" кабылган – куткаруучулар жарадар болгондорго жардам берүүгө аракет кылып жатканда, Орусия станцияга экинчи дронду коё берген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украина карапайым адамдар жана куткаруу топтору тикелей бутага алынганын, бул эл аралык укук боюнча согуш кылмышы катары каралса болорун ырастады.
Жалпысынан алганда 30 адам жаракат алган. Үч бала ооруканага жаткырылган, бир кишинин жансыз денеси табылган, анын жүрөгү кармап көз жумду деп болжолдонууда.
"Укрзалізниця" улуттук темир жол операторунун маалыматы боюнча, сентябрда августка салыштырмалуу поезддерге гана эмес, темир жол тармагын колдоочу инфраструктурага да эки эсе көп кол салуу болгон.
"Согуш башталгандан бери темир жолдорго кол салуулардын жарымы акыркы эки айда болгон", - деди темир жол тармагын көзөмөлдөгөн Жамааттарды жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин башчысынын орун басары Алексей Балеста.
"Акыркы эки айда дээрлик күн сайын биз "Укрзалізницынын" инфраструктурасына жана электр энергиясын жеткирүүчү объектилерге коюлган максаттуу чабуулдарга туш болуп жатабыз", - дейт ал.
Балеста Орусия "жүк ташуучу да, жүргүнчүлөрдү ташуучу да поезддерди максаттуу түрдө бутага алып жатат", - деп болжолдойт.

Министрдин орун басарынын артында Украинанын шаарлар аралык паркынын курамына кирип, Киевдин чыгыш бөлүгүндө августтун аягында өзгөчө кыйратуучу чабуулдан жабыркап, талкаланган локомотив турат.
Ошондо орусиялыктар Винница облусунун борбордук бөлүгүндө Козятиндеги негизги темир жол түйүнүнө сокку урган, бул болсо каттамдарды олуттуу түрдө өзгөртүүгө мажбур кылган.
Баарлашуу маалында Балестага жардамчысынан кабар келди: Донецк облусунун чыгышындагы Краматорск менен Славянсктын ортосундагы поездге дагы бир чабуул коюлду.
Бүгүн башка линияларда үч жарылуу коркунучу болду, бул кызматкерлерди поезддерди эвакуациялоого жана саперлор уруксат бергенге чейин күтүүгө мажбурлады.
Украинанын расмий адамдары чабуулдардын катуу толкунуна алып келген эки негизги факторду белгилешүүдө.
Биринчиден, Орусиянын салыштырмалуу арзан "Шахед" тибиндеги, барган сайын узагыраак аралыкка уча алган дрондорду күн сайын көп санда өндүрүү жөндөмдүүлүгү артууда.
Экинчиден, фронтто дээрлик туңгуюк кырдаал түзүлүп, мунун натыйжасында орус армиясы назарын камсыздоо линияларына бурууда.
"Бул темир жол үчүн айдан ачык кармаш, - дейт "Укрзалізницынын" аткаруучу директору Александр Перцовский. – Душман бизди толугу менен токтотууга аракет кылып жатат. Бул карапайым калк арасында дүрбөлөң жаратып, экономикабызды талкалап, өлкөнү жашоого жараксыз кылууга багытталган аскердик тактиканын бир бөлүгү".
Перцовскийдин айтымында, келтирилген зыянды мүмкүн болушунча тез арада четтетүү, аскер кызматкерлери менен координациялоо жана ыктымалдуу коркунучтарды ажырата билүүгө кызматкерлерди үйрөтүү Украинанын жооп чараларынын негизги өзөгүн түзөт.
"Акыры, бизде дайыма Б, В жана Г пландарыбыз бар. Максатыбыз – эч качан бир дагы каттамды же багытты алмаштырбоо. Эгерде поезддер жүрбөй калса, анда биз поезддер менен автобустарды бириктирип жатабыз".
It's a very clear battle for the railways... This is part of a war tactic meant to cause panic among civilians
Практикалык өңүттөрдөн тышкары жүргүнчүлөрдүн моралдык абалына да чоң көңүл бурулат.
"Жакында эле коопсуздук себептерден улам Киевден Сумыга каттаган поезддин багытын өзгөртүүгө туура келди, ошентип жолго дагы алты саат кошулду, - дейт "Укрзалізницынын" башчысы. — Жүргүнчүлөрдүн бири социалдык тармактарга туулган күнүн жигити менен эмес, поездде өткөрөрүн, бирок кырдаалды түшүнүп турганын жазды. Биз ага торт жана гүл жөнөттүк".
Ракеталык чабуулдардын жана дрондордун тынымсыз коркунучу адамдарды жана жүктөрдү учак менен ташууну дээрлик мүмкүн кылбай жатат.
Украинанын экономикасы эгиндин жана темир рудасынын экспортунан көз каранды, ал эми булар темир жол аркылуу Кара деңиздин түштүк портторуна жана Польша аркылуу батышка ташылат.
Украинага каттап турган дүйнөнүн саясий лидерлери да өлкөгө поезд менен келишет – украиндер муну "темир дипломатиясы" деп аташат. Ал эми тынымсыз аткыланып жаткан аймакта иштегендерди "темир баатырлар" деп аташат.

Сүрөттүн булагы, Kat Werner/BBC
Киевдин борбордук вокзалынын имаратында өкмөттүн дагы бир министри "темир баатырлардын" акыркы тобуна – орусиялыктар темир жол депосуна кол салган түнү өрт менен күрөшкөндөргө эрдиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.
"Абдан кооптуу кырдаал түзүлдү, себеби катуу өрт чыгып, көп нерсе талкаланган эле", - дейт жалынды өчүрүүгө жардам берген Александр Леоненко. Ал сыймыктануу менен мага сертификатын көрсөтүп, буга кошумча акча берилерин да айтты.
Темир жолго чабуулдардын күч алышы Орусиянын Украинанын энергетикалык инфраструктурасына кол салууларынын көбөйүшүнө туш келди. Жакында эле болгон бир катар чабуулдар жүз миңдеген адамдарды электр жарыгысыз калтырды.
Украина өз кезегинде орусиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдорго бир катар чабуулдарды коюп, Орусиянын көптөгөн райондорунда бензиндин таңсыктыгы жаралганын ырастоодо.
Украиналыктар Орусиянын толук масштабдуу кол салуусу башталгандан берки төртүнчү кышка даярданууда жана украиналык Александр Перцовский өлкөнүн инфраструктурасына чабуулдардан улам бул кыш согуш башталгандан берки эң катаалы болуп калышы мүмкүн деп эсептейт.
Көптөгөн украин аткаминерлери колдогон кайрылуусунда Перцовский өлкөнүн союздаштарын абадан коргонуу каражаттарын күчөтүүгө чакырды: "Бирок үмүтүбүздү үзгөн жокпуз. Биз моралдык жана практикалык жактан даярданып жатабыз. Украиндердин духу түшпөйт".
Дал ушул дух жакынкы айларда олуттуу сыноодон өтчүдөй.
Макаланы жазууга Мариана Матвейчук жана Анастасия Левченко катышты. (ZMa)











