Трамп АКШ Нигериядагы "Ислам мамлекетине" сокку урганын билдирди

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп

АКШ президенти Доналд Трамп өзүнүн социалдык тармактарында анын буйругу менен америкалык аскерлер Нигериянын түндүк-батыш бөлүгүндөгү "Ислам мамлекети" жихадчыл тобуна сокку урганын билдирди.

Трамп ал "террордук калдыктар" деп атаган жихадчылар "көп жылдардан, атүгүл кылымдардан бери күнөөсүз христиандарга кол салып, аларды аёосуз өлтүрүп келишкенин" айтты.

"Мен буга чейин бул террорчуларга эскерткем: эгер алар христиандарды өлтүрүүнү токтотпосо, өтө кымбат кун төлөшөт. Мына ошол күн келди. Согуш министрлиги [Трамп АКШнын Коргоо министрлигин ушундайча атады — Ред.] Кошмо Штаттар гана жасай ала тургандай көптөгөн идеалдуу соккуларды урду" деп жазды АКШ президенти.

"Теңир биздин аскерлерге бакыт берсин жана баарына, анын ичинде өлгөн террорчуларга да РОЖДЕСТВО МАЙРАМЫ КУТ БОЛСУН. Эгер алар христиандарды өлтүрүүнү токтотпосо, мындай өлүмдөр дагы көп болот", — деп билдирди Трамп.

Трамп кайсы объектилерге сокку урулганын тактаган жок. АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Африкадагы командачылыгы (AFRICOM) Х социалдык тармагында соккулар "Нигерия бийлигинун суранычы менен" жасалганын билдирди.

Маалыматтарда сокку Сокото штатына урулган. Бул аймакта жихадчылардын кол салуулары, анын ичинде христиандарга карата да көп болуп турат.

Кийинчерээк америкалык аскерлер алгачкы билдирүүнү өчүрүп, жаңы постто штаттын атын туура көрсөтүштү. AFRICOMдун маалыматы боюнча, соккунун натыйжасында "ИМдин көптөгөн террорчулары" өлтүрүлдү.

"ИМге каршы жасалган кыйраткыч соккулар биздин армиянын күчүн жана америкалыктарга каршы террордук коркунучтарды өлкө ичинде жана сыртында жок кылууга берилгендигибизди көрсөтөт", — деп жазат AFRICOM.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Нигериянын Тышкы иштер министрлиги соккулар АКШ менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыктын алкагында ишке ашканын билдирди. "Натыйжада Нигериянын түндүк-батыш аймагында жогорку тактыктагы аба соккулары жасалды", — деп айтылат өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин билдирүүсүндө.

Пентагон согуштук кемеден кеминде бир ракета учурулган видеону жарыялады. Reuters агенттиги америкалык коргоо мекемесинин аты аталбаган кызматкерине таянып, соккулар АКШга белгилүү болгон ИМдин аскердик лагерлериндеги согушкерлерге багытталганын жазды.

Ноябрь айында Трамп Нигерия бийлиги өз христиандарын жихадчылардын чабуулунан коргой албай жатканын айтып, америкалык армияга бул өлкөдөгү исламчыл согушкерлердин топторуна карата аскердик аракеттерге даярданууну буйруган.

Эл аралык укук коргоо топторунун маалыматы боюнча, Нигерияда христиандар мусулмандарга караганда көбүрөөк өлтүрүлөт деп айтууга негиз жок — орточо эсеп менен зомбулуктан жабыркагандардын саны эки диндин өкүлдөрүнүн арасында бирдей.

Нигерияда кандай согушкерлер аракеттенет?

"Боко Харам" жана "Батыш Африкадагы Ислам мамлекети" куралдуу исламчыл топтору өлкөнүн түндүк-чыгышындагы тургундарга он жылдан ашык убакыттан бери кол салып келет. Өкмөттүн маалыматы боюнча, бул жылдар аралыгында согушкерлердин колунан он миңдеген адам каза болду.

Би-Би-Синин Нигериядагы кабарчылары билдиргендей, жихадчылар өлкөнүн түндүк-чыгышында согуштук аракеттерин баштагандан берки 15 жыл ичинде миллиондогон адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Acled мониторинг тобунун маалыматы боюнча, 2024-жылдан бери жихадчылардын дыйкандарга кол салуусунан каза болгондордун саны эки эсе көбөйдү.

Нигериянын борбордук бөлүгүндө ошондой эле негизинен мусулман малчылар менен көбүнчө христиан дыйкандардын ортосунда суу жана жайыт үчүн кагылышуулар болуп турат. Мындай кагылышуулардын курмандыктары да миңдеген адамдарга жетти, бирок укук коргоочулардын баамында, мыкаачылыкты жаңжалдын бардык тараптары жасашы мүмкүн жана чабуулдар негизинен христиандарга багытталган деген маалыматтар жок.