Казинолор кандай көзөмөлдөнүп жатат жана канча каражат чогулду?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда казино иштетүүгө расмий уруксат берилип, оюн-зоок жайларынын иштей баштаганына эки жылдан ашты. Бул чечим экономиканы өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана туристтик агымды көбөйтүү максатын көздөй турганы айтылган. Мындай жайларга кыргыз жарандары киргизилбейт жана бул тармак салык чогултууда чоң үлүш кошот деген убадалар берилген. Бүгүнкү күндө оюн-зоок индустриясы кандай көзөмөлдөнүп жатат? Чындап эле миллиардаган сом салык бюджетке түшүп жатабы же жокпу?
Соңку учурда маалымат каражаттарына казиного капчыгын кактыргандар тууралуу түрдүү маалыматтар чыга калып жатат.
Өткөн жылдын декабрында эле Токмоктун 18 жаштагы тургуну 300 миң сомго жакын каражатын онлайн казиного уттуруп жибергени тууралуу кабар тарады.
Анысы аз келгенсип ал көчөдөн белгисиз бирөөлөр тоноп кетти деген шылтоо менен милицияга кайрылган.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө жаш жигит атасынан корккондон улам жалган көрсөтмө бергенин мойнуна алган.
Ал мындай кадамга баруу менен уттурган акчасын жашырууну көздөгөн. Буга окшогон окуялар коомчулукта казино жана аны көзөмөлдөөгө байланыштуу көйгөйлөр дале болуп жатабы? деген суроо жаратууда.
Кыргызстанда оюн-зоок мекемелеринин ишин легалдаштырууга байланыштуу кабыл алынган мыйзамдын дагы бир максаты - көмүскө иштеп жаткан казинолорду жок кылуу жана бул тармакты мамлекеттик көзөмөлгө алуу болгон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Демилгечилердин айтуусунда, казинолордун ишин легалдаштыруу көмүскөдөгү акча агымын ачыкка чыгарып, тармакты мыйзам чегинде иштетүүгө шарт түзмөк.
Ошондой эле Кыргызстан жарандарынын кумар оюндарына азгырылуусун бөгөттөмөк.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева 2010-2011-жылдары Кыргызстанда оюн-зоок мекемелери иштеп турганда аларга каршы чыгып, казинолорду жабуу демилгесин колдоп, добуш бергендердин бири.
Жолдошеванын айтымында, ошол мезгилде оюн-зоок мекемелеринин ишмердигинен жабыркаган үй-бүлөлөрдүн көйгөйү коомчулукту дүрбөлөңгө салган.
"Ата-энелердин көз жашына реакция кылбай коюу мүмкүн эмес эле. Көптөгөн жаштар мүлкүн, атүгүл аялдарын дагы уттуруп жиберген учурлар болгон. Ошол учурда мага бир аял кайрылды. Ал 70ке таяп калган го деп ойлогом. Көрсө 50 жашка чыгып-чыга элек экен. Уулу кумар оюндарына болгон мүлкүн уттуруп, ата-энесин кордоп коюптур. Ошол учурда кумар оюндарын араң жаптырганбыз. Учурда канча адам ушинтип ыйлап жатканын биз билбейбиз да. Бул маселе өз казанында кайнап жатат",- деди Жолдошева.
"Ачыктык керек"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мурдагы депутат казинолордун ишмердигине байланыштуу отчеттуулуктун жоктугу коомдо бир катар суроо жаратып жатканын кошумчалады.
Эки миллиард сомго жакын каражат бюджетке түшүп, туризм өнүгүп, экономикада секирик жасайбыз деген убадалар берилгенине карабастан, бүгүнкү күндө бул тармактан түшкөн каражаттар тууралуу так маалымат коомчулукка чыккан жок дейт ал.
Ошондой эле Кыргызстан жарандарынын казинолорго кирүүсү боюнча көзөмөл механизмдери канчалык натыйжалуу иштеп жатканы боюнча суроолор жоопсуз калып жатат деди:
"Мына ЭТТНге (ЭТТК электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы) байланыштуу азыр кандай ызы-чуулар болуп жатат. Канчалаган салыкчылар кармалды. Салык кызматында ушундай иштер болуп жатат. Ал эми казинолордо эмне болуп жатканын билбейбиз да. Анткени отчет жок. Кимдер иштетип жатат? Канча казино ачылды? Анын ээлери ким? Айына канча салык төлөп жатат? Канча киши кирип жатат? Кыргызстандын жарандарын ким көзөмөлдөп жатат? Чет мамлекеттиктер келип жатса, кайсы өлкөдөн көбүрөөк келүүдө? Маалымат берилиши керек да. Бул тармакта эмне болуп жатканын президент дагы билбеши мүмкүн. Анткени ал койгон кадрларына ишенип жатат".
Ал бул тармакта таасирдүү көзөмөлдү киргизүү үчүн УКМК активдүү роль ойношу керек деген пикирин айтты.
"УКМК төрагасы тармактагы реалдуу жагдайды тыкыр иликтеп чыгып, казинолордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу чыныгы маалыматтарды президентке сунуштаса, бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүүдө натыйжалуу кадам болмок. Эгерде бюджетке акча түшпөй, андан кайсы бир белгисиз топ байып жатса, тиешелүү чаралар көрүлүшү зарыл. Ошол эле учурда коомго зыяны тийбей, мамлекетке акча түшүп жатса анда башка кеп. Ачыктык керек",-деп кошумчалады мурдагы депутат.
"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова учурда казинолорду жарнамалап, жумушчуларды кабыл алуу тууралуу жарыялар көп чыгып жатканын айтып, мындай шартта кыргыз жарандарынын кумар оюндарына аралашпай турганына эч кандай кепилдик жок экенин кошумчалады.
"Ошол жерде эшик тосуп тургандар Кыргызстан жарандары да. Андай жумушка тыштан бирөөнү алып келбейт. Андыктан тааныш-билиш салып деле кирип кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Кризистик борборлордун азыркы учурда мүмкүнчүлүктөрү чектелип калгандыктан бизге жардам сурап мурдагыдай кайрылбай деле калышты",- дейт ал.
Андан тышкары мыйзамсыз иш алып барган оюн-зоок жайлары дале ишин улантып жатканын баса белгиледи.
Канча казино ачылды?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Расмий маалыматтарга караганда, учурда Кыргызстанда үч физикалык, беш онлайн казино жана эки букмекердик контора лицензия алып иштеп жатат. Лицензия берүүдөн жалпы 594 млн. 400 миң сом чогулган.
Финансылык көзөмөл жана финансы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын адиси Абай Кадыралиевдин айтымында, 2023-жылы казинолор жаңы ачылып жаткандыктан салыктан 118 млн. 500 миң сом түшкөн. 2024-жылы бул сумма 250 миллион сомго жеткен.
"Алдыда Ысык-Көл багытында жана башка аймактарда казинолор ачыла турган болсо, бул тармактан мамлекет жыл сайын 2 миллиард сомдон ашык киреше тапса болот",- деп белгиледи ал.
Ошондой эле азыркы учурда үч физикалык казинодо 383 адам иштеп жатканын, анын 174ү аялдар экенин кошумчалады.
Кадыралиевдин айтымында, оюн-зоок мекемелери жарандарды жумуш менен камсыз кылуу милдеттемесин аткарууда жана бул көрсөткүч жыл сайын өсүүдө.
Убагында бул мыйзам долбоору катары сунушталып жатканда демилгечилер казинолор ишке кире турган болсо, бир жылда 2 млрд сомдун тегерегинде каражат түшөт жана 5000ге чукул жумуш орундары түзүлөт деген божомолдорду айткан.
Расмий маалыматка ылайык, 2010-2011-жылдары Кыргызстанда оюн-зоок мекемелери иштеп турганда жылына бюджетке болжол менен 500-600 млн сом түшүп турчу.
Кадыралиев бул тармактын ишин жакшыртуу максатында оюн-зоок мекемелеринин ассоциациясы түзүлүп жатканын кошумчалады.
Анын айтымында, биримдик биринчи кезекте туризм багытын өнүктүрүүгө артыкчылык берет.
Бул уюм кумар ойногону келген чет элдик туристтер үчүн өзүнчө жол карталарын, логистикалык пландарды иштеп чыгат.
"Бизге Казакстан, Тажикстан, Орусия, Кытайдан гана эмес, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн, Иордания, Израилден дагы туристтер келип жатат",- деп кошумчалады ал.
"Кыргызстан жарандары кирген жок"
Финансылык көзөмөл кызматынын адисинин айтымында, оюн-зоок мекемелерине кыргыз жарандарынын кирүүсүнө тыюу салуу боюнча мыйзам бузуулар катталган жок.
Казинолордун бардык түрүнүн ишмердиги катуу көзөмөлгө алынууда.
"Келген ар бир кардар биометрикалык текшерүү системалары аркылуу идентификациядан өтөт. Биздин жаран өзүн чет мамлекеттин жараны катары көрсөтүп кирем деген учурда дагы баш бармагын аппаратка койгондо эле ал тууралуу маалымат дароо чыгып калат. Оюн-зоок мекемелери дагы буга кызыкдар эмес. Анткени лицензия алуу аларга кымбатка турду, андыктан тобокелге барышпайт",- деп ишендирди ал.
Казино иштетүүгө алгачкы лицензия 84 млн сомго берилген жана бул сумма өзгөрүлгөн жок дейт расмийлер.
Абай Кадыралиев көмүскө иш алып барган оюн-зоок жайлары болуп жатканын жана алардын ишине бөгөт коюу боюнча укук коргоо органдары менен биргеликте иштер жасалып жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда казино бизнесине 2012-жылдан тартып тыюу салынган. 2015-жылы тотализаторлор жана букмекердик конторалар ишин токтоткон.
Бирок 2021-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков казинолорду мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган.
Алардын долбоорунда дагы кыргызстандыктардын кирүүсүнө уруксат берилбеши керек деп жазылган.
Казинолорду республика боюнча эмес, Ысык-Көл облусунун Тамчы аймагына гана ачуу демилгеленген.
Алардын сунушу боюнча, оюн-зоок жайлары жайгашкан аймак өзгөчө маанидеги жабык административдик район деп аталмак.
"Тамчы" аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерге бардык шарты менен казино курууну сунуштаганбыз. Бул аэропортту өнүктүрүүгө дагы шарт түзмөк. Келген киши ал жабык зонанын ичинен чыкмак эмес. Ошол жакта ойноп, сууга түшүп эс алып, кайра кайтып кетмек", - деген эле демилгечилердин бири Турусбеков.
Алар сунуштаган мыйзам коомдо кызуу талкууга жем таштаган. Биринчи окуудан өтүп, кийин ар кандай себептерден улам каралбай калган.
Азыркы иштеп жаткан мыйзамды ошонун эле экинчи варианты катары кароого болот. Экөөнүн негизги концепциясы окшош, болгону анча-мынча гана айырмачылыктар бар, деген эле Турусбеков.
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө казинолордун иштөөсүнө мыйзамдуу түрдө уруксат берилген.
Мурдагы СССР курамындагы өлкөлөрдөн Азербайжанда, Өзбекстанда, Тажикстанда тыюу салынып келген. Лас-Вегас, Монако жана Мальта кумар оюндарынын дүйнөлүк борбору катары саналып келет.








