Кыргыздын "Лас-Вегасы", казино жана кара куурай

Сүрөттүн булагы, David Becker
Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстанда кумар оюндарына уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоорун колдоого алды. Депутаттардын колундагы жаңы долбоорго ылайык, казино иштеткенге Ысык-Көлдө туристтик жабык зонада гана уруксат берилет, ал жалаң гана чет өлкөлүктөр үчүн иштейт. Бул үчүн Ысык-Көл областынын аймагында туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район түзүү каралууда.
Кумар оюндарына уруксат берүүнү жактагандар мамлекет казинону жапкандан жылына 600 млн сом кирешеден куру калганын, он миңден ашуун жумушчу орун жоготконун жүйө кылышууда.
Талкуу убагында депутат Дастан Бекешев кумар оюндарын ойноого уруксат берилген өзүнчө зонада керек болсо кара куурайга уруксат берүү сунушун киргизди:
"Кээ бир өсүмдүктөрдү кыргыздарга кудай өзү берген, аларды мыйзамдаштырып, декриминализация кылып коюуга эмне үчүн болбосун, чет өлкөлүктөр келип, каалагандай чегип кете берсин. Ишенип койгула, анда Кумтөрдү жаап сала берсек болот".
Казиного коомчулуктун талабы менен 2012-жылы тыюу салынган. Кумарканаларды жабууну талап кылгандар убагында анын пайдасынан зыяны көп деп чыгышкан. Көптөгөн жергиликтүү жарандар казиного акчасын эле эмес, болгон байлыгын сайып, уттуруп, үй жайынан айрылып, үй бүлөсү бүлүнүп, бүтүндөй коомду бузулуп жатканы жөнүндө толтура талкуу болгон.
Казино жөнүндө маселе мындан мурдагы өкмөттөрдүн тушунда да көтөрүлгөн. Бирок колдоо тапкан эмес.
Азыр экономикалык кризис тереңдеп, азык түлүктүн баасы кымбаттап, мамлекеттик казына бөксөрүп калганда өкмөт казино маселесине кайрадан кайрылууда.
Кыргызстан бул маселеде коңшусу Казакстандын тажрыйбасын алгысы келип жаткандай. Казакстанда казинону Нурсултан менен Алматыга жакын туристтик зоналарда гана ачууга уруксат берилген. Бирок соңку убакта алардын өкмөтү кумар ойноочу жайлардын зоналарын кеңейтип жатканы белгилүү.
Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү өз кезегинде кумар оюндарына уруксат берилген жабык жай жөнүндөгү мыйзам долбоорунун концепциясын колдой турганын билдирди. Жогорку Кеңеште деле каршылык мурдакыдай деңгээлде болбошу мүмкүн. Ошондуктан кыргыздын Лас-Вегасына кызыккан кандай инвесторлор келет, кайдан келет, өкмөт аларды тизгиндеп иштете алабы, эмки кеп ошондо. (КС)








