Палестинаны мамлекет катары таануу: символикалык ишаратпы же тынчтыкка карай жолбу?

желек

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Канаданын, Австралиянын, Улуу Британиянын жана Португалиянын лидерлери жекшемби күнү Палестина мамлекетин расмий тааныганын жарыялады. БУУнун Башкы Ассамблеясындагы жылдык жыйынды улай дагы бир канча өлкө Палестинаны эгемен мамлекет катары расмий түрдө тааныйт деп күтүлүүдө. Бул палестиндер жана Израил үчүн эмнени билдирет?

Ушул тапта Палестина мамлекетинин макамы кандай?

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму 1988-жылы эгемен палестин мамлекетин жарыялап, "Глобалдык Түштүккө" кирген өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү аны тез эле таанышкан. Бүгүнкү күндө БУУга мүчө 193 мамлекеттин 147си палестин мамлекетин тааныган – ушул жылдын январь айында мындай чечимди кабыл алган өлкөлөрдүн акыркысы Мексика болгон.

Израилдин негизги өнөктөшү болгон АКШ палестиндер Израил менен "эки мамлекетке негизделген чечим" тууралуу кепке келишкенден кийин гана Палестина мамлекетин тааный турганын көптөн бери эле билдирип келатышат, ал Израил менен катар Батыш жээкте Чыгыш Иерусалимди жана Газа тилкесин камтыган Палестина мамлекетинин түзүлүшүн билдирет – бул 1967-жылдагы араб-израил согушуна чейинки чек араларга жалпысынан туура келет. Акыркы убакка чейин Европанын ири мамлекеттери бул позицияны колдоп келишкен.

Бирок 2014-жылдан бери бул темада сүйлөшүүлөр жүргөн эмес жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Палестина мамлекети эч качан болбой турганын билдирген. Өткөн жылы эле Нетаньяху Израил Иордан дарыясынын батыш тарабындагы, келечектеги Палестина мамлекетин негиздөө үчүн зарыл болгон аймактын коопсуздугун көзөмөлдөшү керектигин айткан.

"Бул зарыл шарт жана ал Палестинанын эгемендүүлүгү идеясына карама-каршы келет. Эмне кылыш керек? Мен бул чындыкты америкалык досторубузга айтып келатам. Мен ошондой эле Израилдин коопсуздугуна зыян келтире алышы ыктымал реалдуулукту бизге таңуулоо аракетин токтоттум", - деген эле Нетаньяху.

Палестина мамлекетинин кызыкчылыктарын көздөгөн делегация Бириккен Улуттар Уюмунда байкоочу статусуна ээ, бирок добуш бере албайт.

Палестинанын көз карандысыздыгын канча өлкө тааныбасын, БУУга мүчө болушу үчүн Коопсуздук кеңешинин макулдугу талап кылынат, ал эми бул Кеңеште Вашингтон вето коюу укугуна ээ.

Британ аскерлери 1948-жылы Палестинада британ мандатын расмий түрдө жыйынтыктоо менен падышалыктын желегин түшүрүшүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британ аскерлери 1948-жылы Палестинада британ мандатын расмий түрдө жыйынтыктоо менен падышалыктын желегин түшүрүшүүдө

Палестина эл аралык деңгээлде кыйла таанылган десе болот: анын чет өлкөлөрдө дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар, ал эми командалары эл аралык спорттук мелдештерге, анын ичинде олимпиада оюндарына катышып келет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Палестинанын дүйнөнүн булуң-бурчунда орун алган дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн Палестина автономиясы көзөмөлдөйт, ал болсо эл аралык деңгээлде палестин элинин өкүлү катары таанылган.

Бирок палестиндердин Израил менен уланып келаткан чатагынан улам анын эл аралык деңгээлде макулдашылган чек аралары да, борбор калаасы да, армиясы да жок. Израил Батыш жээгин оккупациялап алгандыктан 1990-жылдары Осло Макулдашууларына кол коюлгандан кийин түзүлгөн палестин бийлиги өз аймагын жана калкын толук көзөмөлдөй албай келет.

Махмуд Аббас жетектеген Палестина автономиясы Израил менен түзүлгөн макулдашууларга ылайык, Израил оккупациялап алган Батыш жээктин айрым бөлүктөрүндө чектелүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда. Ал палестин паспортторун берип, Палестинанын саламаттыкты сактоо жана билим берүү системаларын башкарып келет.

2007-жылдагы кыска мөөнөткө созулган жарандык согуштан кийин ХАМАС тобу Аббастын ФАТХ кыймылын Газа тилкесинен сүрүп чыгарган эле. Газа тилкеси ошондон бери ХАМАСтын көзөмөлүндө. Анткен менен, Палестина автономиясы анклавдагы көптөгөн кызматкерлердин айлык акысын мурдагыдай эле каржылап келет.

АКШны кошпогондо (президент Дональд Трамп бул кызматтагы биринчи мөөнөтүндө ушундай чечимди кабыл алган), элчилигин Иерусалимге көчүргөн ири державалардын басымдуу бөлүгүнүн негизги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Тель-Авивде, себеби алар Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныбай келишет.

Бирок Кытай, Орусия, Жапония, Германия, Канада, Дания, Египет, Иордания, Тунис жана Түштүк Африка сыяктуу кыркка жакын өлкөнүн консулдук өкүлчүлүктөрү Батыш жээктеги Рамаллада же Чыгыш Иерусалимде жайгашкан. Эл аралык укук палестиндердин өзүнүн борбор калаасы кылгысы келген бул райондун (Чыгыш Иерусалимдин) Израил тарабынан аннексиясын тааныбайт.

Палестинаны мамлекет катары таанууну пландап жаткан өлкөлөр бул чечим алардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жайгашкан жерине кандай таасир этээрин ачыктай элек.

Палестинаны тааныйбыз деп кимдер убада берүүдө жана эмне үчүн?

Улуу Британия, Франция, Канада, Австралия жана Бельгия сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында Палестин мамлекетин тааный турганын билдиришти. Бирок, Лондон эгерде Израил Газадагы гуманитардык кризисти жеңилдетүү багытында кадамдарды жасап, узак мөөнөттүү тынчтык процессин жүргүзүүгө милдеттенсе, анда мындай чечимди кабыл алуудан карманышы мүмкүн экенин билдирди.

Канаданын, Австралиянын жана Улуу Британиянын лидерлери жекшемби күнү алардын өлкөлөрү Палестина мамлекетин тааныганын жарыялашкан. Бул өлкөлөр Газага кыйратуучу чабуулдарды токтотуп, оккупацияланган Батыш жээкте жаңы жөөт конуштарынын курулушун азайтып, палестиндер менен тынчтык процессин кайрадан жүргүзө баштоо максатында Израилге кысым көрсөтүүнү каалашкандарын айтышууда.

Палестинаны мамлекет катары таануу чечимин колдогон, Батыштагы ири державалардын ичинен биринчи болгон Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул кадам Палестина автономиясынын реформаларды жүргүзүү милдеттенмеси менен коштолорун айтты. Бул реформалар башкарууну жакшыртып, Газаны согуштан кийин башкарууда Палестин бийлигин ишенимдүү өнөктөшкө айландыруу максатын көздөйт.

Эмне үчүн айрым өлкөлөр Палестинаны ушул кезге чейин тааныбай келишет?

Бул графикадан ар бир континентте канча өлкө Палестинаны тааный турганын, канчасы тааныбаганын жана канча өлкө күтүп жатканын көрүүгө болот

Палестинаны мамлекет катары тааныбаган өлкөлөр Израил менен жаңжал мурдагыдай эле формалдуу түрдө жөнгө салынбагандыктан улам мындай кадамга барбай жатышат.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү 1990-жылдары башталып, андан кийин эки мамлекеттин негизинде чечим кабыл алуу максаты коюлган, мында израилдиктер менен палестиндер эки мамлекетте жанаша жашай алары белгиленген.

Бирок 2000-жылдардын башында эле, 2014-жылга чейин, Вашингтондо израилдиктер менен палестиндердин сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учураганда тынчтык процесси акырындык менен токтой баштаган.

Келечектеги Палестина мамлекетинин чек аралары жана мүнөзү, Иерусалимдин статусу жана Израил негизделгенден кийинки 1948-49-жылдардагы согуштан берки палестин качкындарынын тагдыры сыяктуу өзгөчө татаал маселелер чечиле элек.

Израил Палестинанын БУУга мүчө болуу өтүнмөсүнө кескин каршы чыгып келатат.

Израил менен достук мамилелерди колдоо ниетин көздөгөн өлкөлөр палестин мамлекетин таануу алардын союздашынын ачуусун келтирерин баамдашууда.

Айрымдар, анын ичинде Израилдин тарапкерлери палестин аймактары 1933-жылкы Монтевидео Конвенциясында аныкталган мамлекеттүүлүктүн негизги критерийлерине шайкеш келбей турганын ырасташууда. Ал критерийлер: туруктуу жашаган калк, аныкталган аймак, өкмөт жана башка мамлекеттер менен мамиле түзө билүү жөндөмдүүлүгү.

Биротоло бекитилген чек аралар тууралуу макулдашуу болмоюнча (жана чыныгы тынчтык процесси жүрмөйүнчө) Палестина дегенде эмнени түшүнүш керектигин ишенимдүү айтуу оңой эмес.

Палестиндердин өздөрү үчүн алардын мамлекети үч бөлүктөн турат. Алар: Чыгыш Иерусалим, Батыш жээк жана Газа тилкеси. Алардын бардыгын Израил 1967-жылдагы алты күндүк согушта басып алган.

Келечектеги мамлекеттин жетекчилигине да тиешелүү көйгөй бар: ФАТХ да, ХАМАС да палестиндер көздөгөн бардык аймактарды эч качан толук көзөмөлдөгөн эмес, алардын ортосунда күрөш тынымсыз жүрүүдө, ал эми акыркы президенттик жана парламенттик шайлоо 2006-жылы өткөн. Бул 36 жашка чыга элек бир дагы палестин Батыш жээкте же Газада добуш берген эмес дегенди билдирет.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас 90 жашта жана анын администрациясы Газадагы жаңжал учурунда байкоочу ролу менен гана чектелип калууга мажбур болгон

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Палестинанын президенти Махмуд Аббас 90 жашта жана анын администрациясы Газадагы жаңжал учурунда байкоочу ролу менен гана чектелип калууга мажбур болгон

Токсонго таяп калган Махмуд Аббастын мураскери деп Марван Баргутинин аты көп аталганы менен (палестиндердин 50% аны президент катары көрүшөт), ал Израилдин түрмөсүндө отурат жана израил бийлигинде аны бошотуу ниети жок.

2023-жылдын 7-октябрындагы кандуу окуялардан кийин эл аралык коомчулукта ХАМАС Газаны эч кандай түрдө башкарбашы керек деген орток пикир пайда болгон. ХАМАС бийликти көз карандысыз администрацияга өткөрүп берүүгө даяр экенин билдиргени менен, анын курамына кимдер кирери азырынча белгисиз.

Мамлекет катары таануу иш жүзүндө эмнени билдирет?

Бул кадамды жөн гана символикалык ишарат деп эсептегендер Кытай, Индия, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн жана Палестинанын эгемендүүлүгүн ондогон жылдар мурда эле тааныган көптөгөн араб мамлекеттеринин жаңжалга тийгизе алчу таасири кыйла чектелүү экенин белгилешет. БУУда толук укуктуу орду болбогон жана өз чек араларын көзөмөлдөй албаган Палестина автономиясынын эки тараптуу мамилелерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да чектелүү. Палестинанын аймагында расмий элчиликтер жок жана өлкөлөр ал жакка өз дипломаттарын эркин жөнөтө алышпайт.

Израил товарларга, инвестицияларга, билим берүүчү же маданий делегацияларга жеткиликтүүлүктү чектеп келет. Палестинада аэропорттор жок. Деңизге чыга албаган Батыш жээкке Израил же ал көзөмөлдөгөн Иордания менен чек ара аркылуу гана жетүүгө болот. Израил ошондой эле Газа тилкесине карай дээрлик бардык жолду көзөмөлгө алган.

Бирок, мамлекет катары таанууну пландап жаткан өлкөлөр жана Палестина автономиясынын өзү да бул куру ишарат болбогонун ырасташууда.

Палестинанын Улуу Британиядагы элчиси Хусам Зомлоттун айтымында, бул кадам субъекттердин ортосунда тең шарттарда өнөктөштүккө алып келиши мүмкүн.

Ал ошондой эле өлкөлөрдү Израил менен болгон мамилелериндеги айрым өңүттөрдү кайра карап чыгууга мажбурлай алат, - деп эсептейт Улуу Британиянын Иерусалимдеги мурдагы башкы консулу Винсент Фин.

Мисалы, Улуу Британияны ала турган болсок, бул Израилдин конуштарынан оккупацияланган палестин аймактарына жеткирилген азык-түлүккө тыюу салууга алып келиши мүмкүн, деди ал. Бирок иш жүзүндө Израилдин экономикасы мындан жабыркашы күмөн.

Израил менен Кошмо штаттарынын реакциясы кандай болду?

Газадагы согушта жасаган иш-аракеттери үчүн эл аралык айыптоого туш болгон Израил палестин мамлекетин таануу ХАМАСтын чырагына май тамызарын билдирди. ХАМАС 2023-жылдын октябрында Газадагы согушка себепчи болгон кол салуунун артында турат.

Ондогон жылдар бою Израил эгемен палестин мамлекетин негиздөө менен аяктай турган тынчтык процесси зарыл болгонун расмий түрдө таанып келген. Бирок ушул тапта бийликте өлкө тарыхындагы эң оңчул өкмөт турат, анын ичинде палестина мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербөөгө убада берип келаткан партиялардын өкүлдөрү да бар.

Нетаньяху Израил Газадагы жана Батыш жээктеги коопсуздукту толук көзөмөлдөөдөн эч качан баш тартпай билдирип келет.

Кошмо штаттары өзүнүн европалык союздаштарынын таануу тууралуу кадамдарына чечкиндүү түрдө каршы. Жооп катары АКШ палестин аткаминерлерине каршы санкцияларды киргизди, анын ичинде Аббаска жана Палестин автономиясынын башка өкүлдөрүнө БУУнун Башкы Ассамблеясына катышууга тыюу салды – аларга виза берүүдөн баш тартып, буга чейин берилип калган визалар жокко чыгарылды.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Палестин мамлекетин таануу ХАМАСка дем бериши мүмкүн экенин билдирген. Бирок Улуу Британияга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча премьер-министр Кир Стармер менен биргелешкен басма сөз жыйынында бул тууралуу суроо узатылганда, Трамп Стармер менен бул маселе боюнча "пикир келишпестиктер" бар экенин гана белгилеп, бул экөөнүн ортосундагы "саналуу пикир келишпестиктердин" бири экенин кошумчалаган.

Мунун баары БУУда Палестина үчүн эмнелерди билдире алат?

2011-жылы Палестина БУУга толук мүчө болуу үчүн өтүнмө жиберген, бирок БУУнун Коопсуздук Кеңешинде колдоо болбогондуктан бул аракет ишке ашпай, эч качан добушка коюлган эмес.

Анткен менен, 2012-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы палестиндердин статусун "БУУга мүчө эмес байкоочу мамлекетке" чейин жогорулатуу үчүн добуш берген. Мындай чечим Палестинага резолюциялар боюнча добуш бере албаса да, ассамблеядагы дебаттарга катышууга жол ачкан.

Бул чечим ошондой эле палестиндерге башка эл аралык уюмдарга, анын ичинде БУУнун жогорку сотуна – Эл аралык кылмыш сотуна кирүүгө шарт түзүп, алар 2015-жылы ага киришкен.

2024-жылдын май айында БУУнун Башкы Ассамблеясы палестиндердин уюмдун алкагындагы укуктарын кеңейтип, кызуу талкуулардан кийин аны мүчө катары кабыл алууга чакырган.

Резолюция Палестинага дебаттарга толук катышууга, күн тартибиндеги пункттарды сунуштоого жана өз өкүлдөрүн комитеттерге шайлоого уруксат берген, бирок ага добуш берүү укугун берген эмес, бул укукту БУУнун Коопсуздук Кеңеши гана бере алат.

Ошол эле жылдын апрель айында АКШ беш туруктуу мүчөнүн бири катары Палестинаны мамлекет катары кабыл алууга "эрте" деп баалап, вето койгон.

Коопсуздук Кеңешинин резолюциялары юридикалык күчкө ээ, ал эми Башкы Ассамблеянын резолюцияларында андай күч жок.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Газада ок атышууну токтотууну жана гуманитардык жардам берүүнү талап кылган резолюциянын долбооруна добуш берүүдө, 2025-жылдын 18-сентябры. 14 мүчө мамлекет колдогон резолюцияга АКШ вето койду

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Газада ок атышууну токтотууну жана гуманитардык жардам берүүнү талап кылган резолюциянын долбооруна добуш берүүдө, 2025-жылдын 18-сентябры. 14 мүчө мамлекет колдогон резолюцияга АКШ вето койду

"БУУнун толук укуктуу мүчөсү болуу менен палестиндер көбүрөөк дипломатиялык таасирге ээ болушат, анын ичинде резолюцияларды түз сүрөө мүмкүнчүлүгү, Башкы Ассамблеяда добуш берүү укугу болот. Учурда бул укуктар жок жана натыйжада Коопсуздук Кеңешинде ыктымалдуу орун/добуш берүү укугу да болбой жатат",- деди Жакынкы Чыгыш Институтунун (Middle East Institute) Вашингтондогу аналитикалык борборунда Палестина жана палестин-израил иштери боюнча программанын директору Халед Элгинди.

"Бирок мунун эч бири Израилдин оккупациясын токтотуу жолу менен гана жетишүүгө мүмкүн болгон эки мамлекеттин негизинде кабыл алынган чечимге алып келбейт".

Анткен менен Лондондогу Чыгыш жана Африка изилдөөлөр мектебинин өнүгүү жана эл аралык мамилелер боюнча профессору Гилберт Ачкар БУУга толук мүчө болуу менен "Палестина автономиясы мындан көп нерсеге жетише албайт" деп эсептейт.

Ал "бул негизинен символикалык жеңиш бойдон калаарын: ойдон чыгарылган "Палестин мамлекетинин" таанылышы Израилден толук көз каранды экенин, 1967-жылы оккупацияланган аймактын чакан бөлүгүндөгү араңжан "Палестина автономиясынын" реалдуулугуна каршы келерин айтып, бул өз алдынча жана эгемен палестин мамлекетинен кол жеткис алыс" экенин кошумчалады.