Илон Маск Twitter’ди 44 млрд долларга сатып алды

Сүрөттүн булагы, EPA
Илон Маск Twitter’ди 44 млрд долларга сатып алууда - компаниянын директорлор кеңешмеси анын сунушун кабыл алды.
Эки апта мурун Twitter’дин ээлерине компанияны саатууну сунуштаган Илон Маск бул соцтармактын ишке ашпай калган дараметин ача ала турганын билдирди.
Келишимдин кыскача тарыхы
Апрелде Маск Twitter’дин 9,2% акцияларын 2,89 млрд долларга сатып алуу менен компаниянын эң ири акционери болгон.
Бир жума мурун келечеги белгисиз көрүнгөн келишимдин талкуулоосу, өткөн аптанын сонунда Маск компаниянын акционерлери менен келишимдин финансылык жагдайлары менен бөлүшүп, аларды өзүнө тарткандан кийин тездеди.
Twitter акционерлердин басымынын астында бир акцияга $54,20 сунуштаган Маск менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул жаңылыктар пайда болгондон Twitter’дин акциялары биржада 6% жогорулады.
Азыркы келишим Масктын 9% акциялардын сатып алганы тууралуу кабардын алдындагы соода-сатык күндүн аягындагы баага караганда 40% жогору баа боюнча түзүлүүдө.
Аткен менен бул баа Twitter акциялары өткөн жылы сатылган $70 баасынан бир кыйла төмөн. Эми Twitter’дин жетекчилиги акционерлерден бул келишимди жактырууну өтүнмөкчү.
Twitter кандай өзгөрөт?
Илон Маск жарыяланган контентке чектөөлөрдү жумшартуу, фейк-аккаунттарды жок кылуу сыяктуу бир нече өзгөртүүлөдү дароо сунуштады.

Сүрөттүн булагы, Reuters
“Twitter’ге ким ээлик кылбасын, АКШ президентин ири соцтармактардын күнүмдүк жашоого кылган чоң таасири тынчсыздандырууда. Бул платформалар өздөрү келтирген зыян үчүн жооптуу болушу керек. Президент бул максатка жетүүгө мүмкүндүк берген олуттуу реформалардын жигердүү тарапташы…” - деди Ак үйдүн өкүлү Джен Псаки.
Трамп кайтпайт
Twitter’де аккаунту блоктолгон АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп бул соцтармакка кайтпай тургандыгын билдирди.
“Мен Илон Twitter’ди сатып алат деген үмүттөмүн, анткени ал аны жакшыртат, ал жакшы адам. Бирок мен Truth’да каламын”, - деп жазды Трамп, өзү февраль айында ачкан соцтармак тууралуу.
Илон Маск Twitter’дин эски жана туруктуу колдонуучусу. Анын соцтармакта 80 млн катталуучусу бар, ал кайсы билдирүү жасабасын алар интернетте дароо тарап кетет.
Ал Twitter’ди ага таандык компанияларды, анын ичинде SpaceX жана Neuralink тууралуу жаңылыктар менен бөлүшүү үчүн үзгүлтүксүз колдонуп келет. Ошондой эле ал улам мемдерди бөлүшөт - бул ага бизнес, космос же унааларга кызыкпагандардын арасында да популярдуулукту алып келет. (EB)












