Козголоң иши жабылды, Путин элге кайрылды

Сүрөттүн булагы, Sergey Guneev/POOL/TASS
Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы, Кремль убада кылгандай, вагнерчилердин козголоңу боюнча кылмыш ишин кыскартты. Путин кыска видео кайрылуу жасап, чыккынчылыкка каршы турганы үчүн элге, коопсуздук кызматына ыраазылык билдирди.
Вагнердин козголоңу Владимир Путиндин аброюна аябай эле чоң сыноо болду. Президент бүгүн коомдук пикирди башка жакка бурууга аракет кылды. Болгон окуяны өзүнүн жеңиши, Россиянын жеңиши катары көрсөттү.
Кремлдеги Собор аянтында чогулган 2500 аскерге жана милиция кызматкерлерине, Росгвардия менен күч органдарына кайрылып, козголоңду басууда кылган кызматы жана жардамы үчүн ыраазылык билдирди.
Кремлдин лидери аларды конституциялык түзүлүштү, россиялыктардын коопсуздугун, эркиндигин коргоп калды, иш жүзүндө жарандык согушту токтотуп калды деп мактады.
"Жарандардын мекенчилдиги, бүтүндөй орус коомунун биримдиги өткөн окуяларда чечүүчү ролду ойноду. Ошол колдоо бизге, мекенибиз туш болгон эң кыйын кезеңди жеңип өтүүдө жардам берди. Ал үчүн рахмат."
Путин күч түзүмдөрү өткөн окуяда "иш жүзүндө жарандык согушту токтотуп калышты" деп баса белгиледи.
Ал өзүнүн сөзүндө «Вагнер» козголоңчулары менен кармашта курман болгон учкучтарды бир мүнөт унчукпай эскерүү жарыялады.
Бирок ал Кремлдин Вагнер козголоңчулары менен түзгөн келишимин, алардын башчысы Пригожинге кылмыш иши кыскарганын айтпады.
"Вагнер" козголоңчуларына каршы козголгон кылмыш ишинин кыскартканы учкучтарын жоготкон армияда нааразылыкка алып келбес бекен деген пикир түзүүдө.

Сүрөттүн булагы, ERIK ROMANENKO/TASS
"Чындыкты көрбөй калат"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дем алыш күндөрү "Вагнер" жалданма согушкерлери Орусиянын түштүгүндөгү шаарларды басып алып, кийин Москвага жол тарткан чакта, көчөлөрдө танктар жүрдү.
Бир караганда ал толук масштабдуу аскердик төңкөрүштөй көрүндү. Бирок ал күтүүсүз башталгандай эле, дароо токтоп калды.
Вагнердин лидери Евгений Пригожин социалдык тармакка билдирүү жарыялап, максаты орус бийлигин кулатуу эмес, "Вагнер" тобуна кастык кылып, Украинадагы атайын операция учурунда каталарга жол бергендерди жазалоо болгонун айтты.
Орусиянын мамлекеттик телеканалы өлкө президент Путиндин айланасына бириккенин айтып, козголоңду Батыш үчүн пропаганда болду деп сындады.
Бирок Москвадагы гезиттер Орусиянын "аялуу" экени жана Владимир Путинге "болуп көрбөгөндөй оор" болгонун жазышууда.
"Жыйырма үч жылдан кийин лидерлер чындыкты көрбөй калат. Орусия сыяктуу ири өлкөдө бардык бийлик бир колго чогулган жана баары бир адамдын көзүн карайт. Ал эми жолунан адашпаш үчүн ал өтө кыйын лидер болушу керек",-деди Нью-Йорктогу The New School ' дун профессору Нина Хрущева.
Британдык чалгын учагы
Орусиянын Коргоо министрлиги жарыялаган видеодон Кара деңиздин үстүндө Британиянын королдук аба күчтөрүнүн чалгындоо учагын көрүүгө болот.
Орусия учакты өз аймагынан чыгарууга аргасыз болгонун билдирди.
Британиянын Коргоо министрлиги өз кезегинде учак эл аралык аба мейкиндикте болгонун кабарлады.
Украинада болсо президент Зеленский Бахмутта салгылашып жаткан жоокерлерге медалдарды такты.
Ал сыйланган жоокерлерди баатырлар деп атап, күжүрмөн кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.
Согушта Украина акырындык менен өз аймактарын кайтарып алууда.
Алар Орусиядагы башаламандык күчөсө, кармашта Киевке жакшы болот деп үмүт кылышууда.








