ФИФАнын мурдагы президенти: Катардагы дүйнөлүк чемпионат тууралуу чечим жаңылыштык болду, Орусияда эмес

Зепп Блаттердин айтымында, Путин бир кезде аны досум деп атаса да, азыр орус лидери менен сүйлөшпөй, ал баштаган согушту айыптайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зепп Блаттердин айтымында, Путин бир кезде аны досум деп атаса да, азыр орус лидери менен сүйлөшпөй, ал баштаган согушту айыптайт.

ФИФАнын мурдагы президенти Зепп Блаттер швейцариялык Tages Anzeiger гезитине берген маегинде 2022-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты Катарда өткөрүү чечими жаңылыштык болгонун мойнуна алды.

"Бул өтө кичинекей өлкө жана дүйнөлүк чемпионат ал үчүн өтө чоң", - деди Блаттер.

Катарды тандоо башынан эле сынчылардын көптөгөн суроолорун жаратты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катарды тандоо башынан эле сынчылардын көптөгөн суроолорун жаратты.

 ФИФАнын аткаруу комитети 12 жыл мурун Блаттер бул уюмду башкарып турганда, 2022-жылкы дүйнө чемпионатын Катарда өткөрүү үчүн он төрткө каршы сегиз добуш менен добуш берген. Блаттер өзү АКШнын талапкерлиги үчүн добуш бергенин айтып, таразаны Катардын пайдасына оодарган УЕФАнын президенти Мишель Платинини баарына күнөөлөп жатат.

"Андан кийин социалдык негиздемелер жана адам укуктары ишке кирди",- дейт ал.

Укук коргоочулар ошондо эле бул өлкөнү ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүнө сабырсыздыгы, адам укуктарынын бузулушу жана эмгек мигранттарына карата жаман мамилеси үчүн сындашчу. Кандай болгон күндө да, чемпионат тарыхта биринчи жолу Жакынкы Чыгышта 20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт. Дүйнөлүк чемпионатты жайдан кышка жылдырууга туура келди, анткени жайында Катарда өтө ысык болот.

2010-жылы ФИФАнын аткаруу комитетинин ошол эле сессиясында 2018-жылы дүйнө чемпионатын Орусияда өткөрүү чечими кабыл алынган, бирок Блаттер интервьюсунда буга өкүнбөрүн жана ал тургай Орусиянын президенти Владимир Путинди өзүнүн мурдагы досу деп атаган, мурдагы, анткени аны менен көптөн бери байланышпай калган.

"Катар ката болгон"

Көптөгөн күйөрмандар 2022-жылы Катарда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна бойкот жарыялоого чакырышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Многие болельщики призывали бойкотировать ЧМ-2022 в Катаре

Блаттердин айтымында, ФИФАнын аткаруу комитетинде 2018-жылдагы дүйнө чемпионаты Орусияда, кийинки чемпионат АКШда өтөт деген келишим болгон. Комитеттин көз карашы боюнча, эки илгертен бери келе жаткан атаандаштар чемпионатты кезектешип өткөрүшсө, бул футбол деген белги алдындагы жакшы жышаан болмок.

Бирок добуш берүүгө бир жума калганда, Блаттердин айтымында, Мишель Платини телефон чалып: “Sepp, ça ne va plus jouer”, башкача айтканда, эски планды жокко чыгарууга туура келет деген. Мунун баары Платини Катардын мураскор принцинин урматына Николя Саркози өткөргөн сый тамаккка Елисей сарайына чакырылгандыктан болгон. Ал эми Франциянын президенти «Мишель, сиз жана УЕФАдагы кесиптештериңиз Катарга чемпиондукту өткөрүшү үчүн эмне кыла аласыз?» деп достук мамиледе сураган имиш.

"Зепп, эгер президент сенден бир нерсе суранса эмне кылат элең?",- деп менден Платини сурады. Мен, дейт Блаттер, ага Швейцарияда президент жок деп жооп бердим, бирок акыры баары Платининин жана анын кишилеринин аркасы менен чемпионат Америка эмес, Катарга тийип калды. Ал эми алты айдан кийин Катар Франциядан 14 миллиард доллардан ашык акчага согуштук учактарды сатып алды.

Россия менен баары жакшы

Блаттер менен Путин жакшы мамиледе болчу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Блаттер менен Путин жакшы мамиледе болчу
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусия жөнүндө эмне айтууга болот? – деп Швейцариялык журналисттер Блаттерге суроо беришти. Ага 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүү жаңылыштык болдубу?

«Жок, бул, албетте, жаңылыштык болгон эмес! Эгерде биздин планыбыз ишке ашып, 2022-жылдагы дүйнө чемпионаты Америкага кеткенде, сиз менен болгон маегибиз такыр башка нукка бурулмак же такыр болбой калмак. Ал эми Орусия чемпионатты жакшы уюштурду»,-деди Блаттер.

«Жана Владимир Путин бул чемпионатты пропаганда куралы катары пайдаланды, - деп улантты Tages Anzeiger кабарчылары, - ал Орусияны тынчтыкты сүйгөн спорттук держава катары көрсөткүсү келген, бирок бүгүн Украинада Орусиянын таптакыр башка жүзүн көрүп жатабыз.

"Эмне болуптур,- деп жооп берди Блаттер, - көп адамдар спортту саясий максатта колдонушат. Мен буга сот эмесмин".

"Бирок Путин сизди 2018-жылы Орусияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка өзү чакырган..."

"Мен аны менен сүйлөшпөй калгам, - деди Блаттер. - Путин ар дайым этият болчу, ал 2010-жылы ФИФАнын аткаруу комитетине Цюрихке барган эмес жана Россиянын талапкерлиги жеңип чыкканда гана Калининграддан учуп келип, пресс-конференция уюштурган. Анан ал мага мындай деген: «Эми мен сага ишенсем болот экенин көрдүм. Мына эми биз доспуз".

– Анан досуңузга эмне болду? — деп сурашты гезитчилер.

«Мен аны менен эми байланышым жок жана Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун айыптайм», - деп жооп берди Блаттер.

Күнөөсү жок күнөөлүүбү?

Сот процессинде Блаттер менен Платини жолукпаганга аракет кылышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сот процессинде Блаттер менен Платини жолукпаганга аракет кылышты
Мишел Платини жаңжалдан улам УЕФАнын жетекчиси кызматынан кетүүгө аргасыз болгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мишел Платини жаңжалдан улам УЕФАнын жетекчиси кызматынан кетүүгө аргасыз болгон

Зепп Блаттер ФИФАнын президенти болуп 17 жыл иштеди, бирок 2015-жылы ал коррупцияга айыпталгандыктан, отставкага кетүүгө аргасыз болгон (жана муну абдан каалабастан жасаган). Ал ошол эле Мишель Платининин эсебине 2 миллион швейцариялык франк (дээрлик 2,2 миллион доллар) которгон деп айыпталган, ал дагы УЕФАдагы жогорку кызматын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Алгач Блаттерге 8 жылга футболго тийиштүү иштер менен алек болууга тыюу салынган, кийин бул мөөнөт 6 жылга кыскартылган, бирок 2021-жылдын мартында ФИФАнын этика кодексин ар кандай бузгандыгы үчүн тыюу кайрадан 2028-жылга чейин узартылган.

Былтыр ноябрда Блаттер менен Платиниге алдамчылык боюнча айып тагылган, бирок июлда Швейцариянын соту аларды күнөөлүү эмес деп тапкан.

Ошол эле учурда, 2018 жана 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионаттарды Орусия менен Катарда өткөрүү боюнча чечимдер талаштуу бойдон калууда жана көптөгөн коррупциялык айыптоолор Швейцариянын прокурорлорун жана АКШнын Юстиция министрлигин 2015-жылы өз алдынча иликтөө жүргүзө турганын жарыялоого алып келди. Демек, Блаттер менен Платини алдыда тергөөнүн суроолоруна жооп бериши мүмкүн.

Ал ортодо Катар да, Орусия да дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугун алуу үчүн мыйзамсыз көз боёмочулукка катышканын кескин түрдө четке кагып келет жана ФИФАнын өз иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, алардан бардык шектенүүлөр 2017-жылы эле алынып салынган. (MD)