HRW уюму Бээжинди мечиттерди жаап, талкалап жатат деп айыптоодо

Бээжин кээ бир мечиттердин мунараларын жана куполдорун алып салып, ордуна кытай стилиндеги элементтерди жайгаштырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бээжин кээ бир мечиттердин мунараларын жана куполдорун алып салып, ордуна кытай стилиндеги элементтерди жайгаштырды

Human Rigths Watch (HRW) жаңы баяндамасында Кытай мечиттерди жаап, талкалап, алардын курулган максатын өзгөртүп жатат деп ырастады.

Бул репрессиялар Кытайда ислам динин ооздуктоо боюнча “системалык аракеттин” бир бөлүгү, дейт HRW.

Расмий түрдө атеисттик, бирок дин эркиндигине жол берет деп эсептелген Кытайда 20 миллионго жакын мусулман бар.

Анткен менен, байкоочулар, акыркы жылдары динге каршы күрөш катуулаганын – Бээжин көзөмөлдү дагы күчөтүүнү көздөп жатканын айтышат.

HRW уюму отчетун жарыялаганга чейин Би-Би-Си комментарий алуу үчүн Кытайдын тышкы иштер министрлиги жана этникалык иштер боюнча комиссиясы менен байланышты.

"Кытай өкмөтүнүн мечиттерди жабуу, жок кылуу жана башка максатттарга ылайыкташтыруу Кытайдагы ислам динин ооздуктоо боюнча системалуу аракетинин бир бөлүгү" - деди, Human Rights Watch’тун Кытай бөлүмүнүн директорунун милдетин аткаруучу Майя Ванг.

Аталган отчет Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган уйгур мусулмандарынын укугу системалуу түрдө бузулуп жатканынын далилдери көбөйгөндөн кийин даярдалган. Бээжин андай айыптоолорду четке кагып келет.

Кытайдагы мусулмандардын көбү өлкөнүн түндүк-батышында - Шинжаң, Цинхай, Гансу жана Нинся аймактарында жашашат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

HRW уюмунун маалыматы боюнча, Нинся автономиялык аймагындагы басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Ляоцяо айылында алты мечиттин үчөөсүнүн куполдору жана мунаралары алынып салынган. Калгандарынын болсо намаз окула турган негизги залы талкаланган.

HRW тарабынан алынган спутниктен тартылган кадрлар Ляоцяо айылындагы мечиттин тегерек куполу 2018-жылдын октябрынан 2020-жылдын январына чейин кытай стилиндеги пагодага алмаштырылганын көрсөткөн.

Кытай мусулмандары боюнча илимпоз Ханна Теакер 2020-жылдан бери Нинсядагы 1300гө жакын мечит жабылганын же колдонуу багыты өзгөртүлгөнүн Би-Би-Сиге билдирди. Бул сан аймактагы жалпы мечиттердин үчтөн бирин түзөт.

Кытайдын лидери Си Цзинпиндин тушунда Коммунисттик Партия динди өзүнүн саясий идеологиясына жана кытай маданиятына шайкеш келтирүүгө аракет кылып жатат.

2018-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук комитети мечиттерди көзөмөлдөө жана ирилештирүү тууралуу документти жарыялаган. Аталган документ аймактык өкмөттөрдү мындай курулуштарды "көбүрөөк бузуп, азыраак курууга жана колдон келсе жалпы санын кыскартууга" үндөгөн.

Мечиттердин курулушу, схемасы жана каржылоосу "катуу көзөмөлгө алынышы керек" деп айтылат документте.

Шинжаңдагы жабык турган мечиттин алдынан адамдар басып баратат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шинжаңдагы жабык турган мечиттин алдынан адамдар басып баратат

Тибетте жана Шинжаңда мындай репрессия узак жана катаал болуп келген. Кийинчерек ал башка аймактарга да жайылган.

Кытайда эки негизги мусулман этникалык топ бар. 8-кылымда Тан династиясынын тушунда Кытайга келген мусулмандардан тараган Хуэй (Дунган) эли. Экинчи топ - негизинен Шинжаңда жашаган уйгурлар.

“Австралиянын стратегиялык саясат институту” көз карандысыз аналитикалык борборунун отчетуна ылайык, Шинжаңдагы мечиттердин үчтөн эки бөлүгү 2017-жылдан бери жабыркаган же талкаланган.

"Жалпысынан алганда, Нинся "Кытайлаштыруу" саясатын ишке ашыруу үчүн пилоттук аймак болуп калды, демек, мечиттерди өзгөртүү да, бириктирүү да башка провинциялардан мурда Нинсяда башталгандай", - дейт, АКШда жайгашкан академик Дэвид Строуп менен бирге Хуэй мусулмандары тууралуу доклад жазып жаткан доктор Теакер.

“Кытайлаштыруу” - диний ишенимдерди кытай маданиятын жана социалдык нормаларын чагылдыра турган кылып өзгөртүү үчүн жасаган Си Цзинпиндин аракети десек болот.

Кытай өкмөтү мечиттерди бириктирүү мусулмандардын экономикалык жүгүн азайтууга жардам берет деп ырастайт. Андай аракеттер көбүнчө айыл тургундары көчүрүлгөндө же айылдар ирилештирилгенде ишке ашат. Бирок Хуэй мусулмандарынын айрымдары мындай кадам алардын ишенимин динден Партияга буруу аракети деп эсептешет.

Кээ бир тургундар “кытайлаштыруу” саясатына ачык каршы чыгышты, бирок алардын каршылыгы азырынча майнапсыз болууда. Көптөгөн адамдар мечиттерди жабуу же бузуу боюнча бийлик өкүлдөрү менен кагылышкандан кийин түрмөгө камалган.

Америкалык Хуэй активисти Ма Жунун айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мечиттердин тышкы элементтерин алып салгандан кийин, даарат алуучу жайлар жана минбарлар сыяктуу диний жөрөлгөлөр үчүн зарыл болгон объектилерди да жок ылышат.

“Адамдардын мечиттерге барбай калганын бийликтер мечиттерди жабууга шылтоо катары колдонушат”, - деген Ма Жунун сөздөрүн Human Rigths Watch өз баяндамасында келдирет.

HRW тастыктаган дагы бир видеодо Нинсянын түштүгүндө жайгашкан Люцзягуо мечитиндеги даарат алуучу жайдын эки мунарасы менен куполу алынып салынгандан көп өтпөй ал өзү да талкаланганын көрүүгө болот.

Си Цзинпиндин борборлоштурулган катуу башкаруусунун тушунда Партия диний маселелерге көбүрөөк кийлигишүүдө

Нинся менен чектеш Ганьсу провинциясында аткаминерлер мечиттердин жабылып, бириктирилип жана багыты өзгөртүлүп жатканын мезгил-мезгили менен жарыя кылып турушат.

Си Цзиньпиндин борборлоштурулган катуу башкаруусунда партия диний маселелерге көбүрөөк кийлигишүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Си Цзиньпиндин борборлоштурулган катуу башкаруусунда партия диний маселелерге көбүрөөк кийлигишүүдө

Мурда Кытайдын "Кичи Меккеси" деп аталган провинциядагы Линся шаарында 2018-жылы бийликтер 16 жашка чейинки балдарга диний иш-чараларга катышууга же окууга тыюу салган. Жергиликтүү телеканалдын 2019-жылдагы отчетунда бийликтер бир нече мечиттерди “талыкпаган идеологиялык тарбиялоо жана багыт берүү иштеринин” натыйжасында “ишканаларга” жана “маданий борборлорго” айландырганы айтылат.

Доктор Теакердин айтымында, "Кытайлаштыруу" өнөктүгүнө чейин Хуэй мусулмандары мамлекет тарабынан колдоого алынып келген.

“Аталган процесс Кытайда мусулман болуу мүмкүнчүлүгүн түп-тамырынан бери азайтып, мамлекетти патриоттуулукка жана диний ырым-жырымдарга өзгөчө көңүл бурууга түрттү.”

“Мындай саясат мамлекеттин терең исламофобиялык багытын көрсөтүп турат, анткени ал мусулмандардан патриот экенин далилдөөнү талап кылат жана “чет элдик” таасирдин кандайдыр бир белгисин коркунуч катары карайт”, - деди ал.

Human Rights Watch’тун Азия боюнча директору Элейн Пирсондун айтымында, дүйнө жүзүндөгү араб жана мусулман лидерлери "суроолорду кабыргасынан коюп, тынчсызданууларын билдириши керек".

Башка этникалык жана диний азчылыктар да өкмөттүн өнөктүгүнөн жапа чеккен.

Маселен, Бээжин акыркы айларда расмий дипломатиялык документтерде "Тибет" деген сөздү "Сизаң" деп - аймактын Кытай тилиндеги аталышы менен алмаштырды. Бийлик ошондой эле чиркөөлөрдөгү кресттерди алып салды, пасторлорду камакка алды жана интернет-дүкөндөрдөн Библияларды алып салышты.