Кашмир көйгөйүнүн хронологиясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1947 – Британдык башкаруу аяктап, субконтинент индустар басымдуу жашаган Индияга жана мусулмандар көпчүлүктү түзгөн Пакистанга бөлүнөт.
1947 - Кашмирдин махараджасы пакистандык уруулардын армиясы кол салгандан кийин Индияга кошулуу жөнүндө келишимге кол коет. Индия менен Пакистандын ортосунда согуш башталат.
1948 – Индия Кашмир жөнүндөгү маселени БУУнун Коопсуздук Кеңешинде көтөрөт. БУУ өз кезегинде 47-резолюциясында талаштуу аймактын статусу жөнундө референдум өткөрүүгө чакырат. Ошондой эле Пакистанды өзүнүн армиясын алып чыгып кетүүгө, Индияны аскерин азайтууга чакырык айтылат. Жарашуу келишими күчүнө кирет, бирок Пакистан аскерин алып чыгып кетүүдөн баш тартат. Кашмир иш жүзүндө бөлүнгөн абалда калат.
1951 – Индия көзөмөлдөгөн Жамму жана Кашмир штатында шайлоо болот. Индия референдумдун мааниси жок деген билдирүү жасайт. БУУ менен Пакистан референдум аймактагы элдин көпчүлүгүнүн эркин жана мүдөөсүн эске алышы керек деп билдирет.
1953 – Премьер-министр, башкаруучу партия Улуттук конференциянын лидери, шейх Абдула референдумду жактоочулардын тарабына өтүп, Индияга кошулуу маселесин токтотупу койгондон кийин бийликтеги Индияны жактаган топ аны отставкага кетирип, камакка алышат.
1957 – Индиянын башкаруусу алдындагы Жамму жана Кашмирдин Конституциясы кабыл алынат, анда бул аймак Индиянын бир бөлүгү катары аныкталат.
1950-жылдар – Кытай Кашмирдин чыгышын басып алат (Акса-Чин).
Индиянын Кытай менен согушу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1962-жылы – Кытай Акса-Чин үчүн болгон кыска согушта Индияны жеңип алат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
1963 – Пакистан Кашмирдин Транскаракорум трактын Кытайга берүүгө макул болот.
1965 – Индия менен Пакистандын ортосунда Кашмир үчүн болгон кыска согуш ок атышууну токтотуу жана мурунку позицияларга кайтуу менен аяктайт.
1971-72 – Индия менен Пакистандын ортосундагы кезектеги согуш Пакистандын жеңилиши менен аяктайт жана 1972-жылы келишим түзүлүп, анда Кашмирдеги ок атышуу токтогон сызык көзөмөл сызыгы болуп бекилет. Эки тарап сүйлөшүүлөргө барууга милдеттендирилет. Бул келишим кийин Пакистан-Индия мамилесинде өзөктүү документ болуп калат.
1974 – Индия башкарган Жамму жана Кашмирде оппозиция референдум өткөрүү талабынан баш тартып, анын ордуна Индия өкмөтү менен сүйлөшүп, чоң автономия түзүүнү талап кылат. Шейх Абдулла башкы министр болот, анын саясий династиясы Улуттук конференция партиясында 1982-жылы ал өлгөндөн кийин да үстөмдүк кылууну улантат.
1984 – Индиянын армиясы Көзөмөл сызыгынан сырткары болгон Сиачень мөңгүсүнө көзөмөл орнотот. Пакистан кийинки он жылдарда бул районду кайтарып алуунун аракетин көрөт.
Көтөрүлүштүн башталышы
1987 – Индия башкарган Жамму жана Кашмир штатындагы шайлоодон чыр чыгып, Жамму жана Кашмирди боштондукка чыгаруу фронтунун (JKLF) айланасына бириккен күчтөр көтөрүлүш баштайт. Индия Пакистанды согушкерлерди жиберип, козголоң чыгарып жатат деп айыптайт, Пакистан аны четке кагат.
1990 – Индиянын армиясы Гавакадал көпүрөсүндө жүздөй демонстрантты атып өлтүргөндөн кийин көтөрүлүш күчөйт. Кол салуулар жана коркутуп үркүтүүлөрдөн улам штаттын Кашмир өрөөнү деп аталган районундагы бардык индустар качат. Индия Жамму жана Кашмир штатында атайын куралдуу күчтөр жөнүндө (AFSPA) мыйзам кабыл алат.
1990-жылдар. Көтөрүлүш токтобой улана берет. Кашмир согушкерлери Пакистан менен Индиядан даярдыктан өтүшөт, ал эми жүз миң аскер Жамму жана Кашмирге жайгашат. Карапайым калкка эки тараптан тең зордук-зомбулук кеңири жайылат.
1999 – Пакистан башкарган Кашмирден Индия башкарган Каргил районуна согушкерлер жибериле баштаганда Индия менен Пакистандын ортосунда кайрадан согуш башталат. Индия чабуулдун мизин майтарып, Пакистанды айыптап, мамилелерди токтотот.
2001-2004 – Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле курчуган сайын зордук-зомбулук дагы уланат. 2001-жылы Шрингардагы Индия башкарган Жамму жана Кашмирдин парламентине кол салуу болот.
2010 – Индия башкарган Жамму жана Кашмирде жайында индус армиясы бир демонстрантты атып өлтүргөндө ири көтөрүлүш дүрт этет. Өкмөт бир катар антикризистик чараларды көргөндөн кийин сентябрда каршылык басаңдайт.
2011, август – башкы министр Омар Абдулла бир жыл мурда Кашмир өрөөнүндө өкмөткө каршы жыйын учурунда коопсуздук күчтөрүнө таш жаадырган 1200 жаш адамга кечирим берет.
Индиянын адам укуктары боюнча комиссиясы Көзөмөл сызыгынын жанындагы мүрзөлөрдөн эки миңден ашык белгисиз адамдардын сөөгү табылганын ырастайт. Активисттер алардын көбү коопсуздук күчтөрү кармап кеткен адамдар экенин айтышат.
2011, сентябрь – Индиянын армиясы көзөмөл сызыгындагы атышуу убагында үч пакистандык аскерди өлтүрөт. Индия Пакистанды ок атышууну биринчи баштады деп күнөөлөйт.
2013, февраль – Кашмирде Мохаммад Афзал Гуру 2001-жылы Индия парламентине болгон террордук чабуулдагы ролуна байланыштуу асылып жанын кыят. Каршылык акциялары болуп, анын жүрүшүндө эки жаш адам курман болот.
2013, сентябрь - Индия менен Пакистандын премьер-министрлери жолугушуп Кашмирдеги талаштуу чек арада кан төгүүнү токтотуп, чыр-чатактарды басуу аракетин көрүүнү сүйлөшөт.
2014, август - Индия өзүнүн ички иштерине кийлигишип жатат деп айыптап, Пакистан менен сүйлөшүүлөрдү токтотот. Пакистандын жогорку комиссары Делиде сүйлөшүүлөр болор алдында кашмирлик жикчилдердин лидерлери менен жолугуп кеңеш кургандан кийин ушундай чечим кабыл алынат.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Жамму жана Кашмирге иш сапар менен барган убакта Пакистанды Кашмирге каршы марионеткалык согуш жүргүзүүдө деп күнөөлөйт.
2014, октябрь - Пакистан менен Индиянын жалпы чек арасында кан төгүлүп, 18 адам өлгөндөн кийин эки өлкө бири-бирине кескин эскертүүлөр менен чыгат.
BJP өкмөткө келгенде
2015, март – Индиянын башкаруучу партиясы БДП Элдик-Демократиялык партия менен коалицияга кирип, Индия башкарган Кашмирдин өкмөтүндө биринчи жолу ант берет.
2015, сентябрь – Индия башкарган Кашмирде мусулман жикчилдердин лидерлери уй этин жегенге тыюу салган чараларга каршы болуп, дүкөндөрдү, ишканаларды жана өкмөттүк мекемелерди жаап салышат.
2015, ноябрь – Индия башкарган Кашмирге премьер-министр Нарендра Моди барган учурда башталган каршылык жыйындарында бир адам каза табат.
2016, апрель - Элдик-демократиялык партиянын лидери Мехбуба Муфти өзүнүн атасы, партиянын негиздөөчүсү Мохаммад Сайид дүйнөдөн кайткандан кийин Индия башкарган Кашмирдин биринчи аял башчысы болот.
Коменданттык саат
2016, июль – Индия башкарган Кашмирдин көпчүлүк райондорунда белгисиз мөөнөткө коменданттык саат киргизилет. Анын алдында коопсуздук күчтөрү атактуу согушкер, “Хизбул моджахеддер” деп аталган топтун башкы командири Бурхан Ванини өлтүрөт, ошондон улам нааразылык чыгат.
2016, август – Индия башкарган Кашмирдин көпчүлүк райондорунда коменданттык саат алынат, бирок дүкөндөр, мектептер жана банктардын көбү жабык болот, мобилдүү байланыш менен Интернет иштебейт. Элүүдөн ашык күнгө созулган тополоң-тоз убагында, расмий эсеп боюнча 68 жай турган жана коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкери каза табат, тогуз миңден ашык адам жаракат алат.
2016, сентябрь – Индия башкарган Кашмирдеги аскер базасына куралдуу кол салууда 18 индиялык аскер курман болот, Индия менен Пакистан бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жарыялайт.
2016, сентябрь - Индия Кашмирдеги Пакистан менен болгон чек араны бойлото бекинген согушкерлерге “хирургиялык соккуларды” урганын билдирет, Пакистан аны четке кагат.
2016, октябрь – Индиянын армиясы Кашмирдин түндүгүндөгү армиялык лагерге кирүү аракетин көргөн үч согушкерди жок кылат.
2016, ноябрь - Индиянын көзөмөлү астындагы Кашмирде чоң өрт чыккандан кийин Хьюман Райтс Вотч мектептерди өрттөөнү токтотууга чакырык жасайт.
2016, ноябрь – Пакистан көзөмөлдөгөн Кашмирде чек арада Индия менен Пакистандын аскерлери атышып, пакистандык жети аскер курман болгондо миңдеген жашоочулар эвакуация болот.
2017, май - Кашмирде козголоңчулардын командири Сабзар Ахмад Бхатты акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууу үчүн миңдеген адамдар коменданттык саатты бузушат.
2017, июль – Индия көзөмөлдөгөн Кашмирде согушкерлердин командири Бурхан Ванинин өлгөнүнүн бир жылдыгында айыгышкан салгылашуу болот.
2017, июль - Индус зыяратчыларына согушкерлер кол салат, кеминде жети адам өлөт, он алтысы жарадар болот. Бул 2000-жылдан берки эң чоң кол салуу болуп калды.
2019, август - Индиянын өкмөтү Жамму менен Кашмирдин өзгөчө макамы жөнүндө мыйзамды бекитет, анда анын автономиясы кеңейтилип каралат.












