Түркиядагы шайлоо: тааныш саясатчылар, жаңы геосаясий факторлор

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер
“Турция после Эрдогана” аталат орустардын абройлуу “Независимая газетасындагы” макала. Түркиянын азыркы лидери Режеп Тайип Эрдоган 14-майда болуучу шайлоодо утулуп калышы ыктымал деп каңкуулайт. Эрдогандын популярдуулугу кемип баратат, экинчи тур менен аяктоочу шайлоодо коалициялык оппозиция утуп алышы ажеп эмес деп божомолдойт. Албетте, бул бир басылмадагы бир автордун пикири деңизчи, бирок орус башкаруу чөйрөсүнүн кайсы бир бөлүгүнүн ниети болбосо да, күтүүсүн чагылдыраары турулуу иш. Түркиядагы президенттик шайлоо жакындаган сайын кызыгуу артып, не бир түркүн божомолдор, сценарийлер маалымат мейкиндигинде байма-бай жарыялана баштады. Шайлоону болжош кыйын, тиги же бул утат деген жоромол түш жоругандай эле маселе.
Геосаясий факторлор

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркиядагы шайлоого кызыгуу түшүнүктүү көрүнүш. Түркия Осмон империясынын геосаясий мураскору, соңку доордо дүйнөлүк аренада таасирин бекемдөөгө умтулуусу күч, түрк мамлекеттеринин арасында жана Кара деңиз боюнда лидер болуу максатын жашырбаган өлкө. Россия Украинадагы согуштун айынан буйдалып, проблемасы арбыды, бул жагдай Анкаранын колун узартты. Түркия Борбордук Азияда ролун чыңдоого аракетин күчөттү. Кээде аша чаап да жиберген кылыктарын негедир башкалар байкамаксан салууда.
Маселен Түркиядан башкалар мамлекет катары тааныбаган Түндүк Кипрди Түрк мамлекеттеринин уюмунун Самарканддагы саммитинде байкоочу катары кошууга аракети ишке ашкан эмес. Андай чечим жок болсо да Түрк мамлекеттеринин уюмунун Анкарада быйыл мартта өткөн кезексиз саммитинде Түндүк Кипрди “байкоочу” катары катыштырды. Балким ич ара кеп болсо керек, бирок уюмга киргендердин эч кимиси демарш кылганы жок.
Анкара саясий амбициясын ачык билдирип келет. Былтыр президент Эрдоган II дүйнөлүк согуштан кийинки “дүйнөнүн саясий системасы адилетсиз”, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болууга дооматын кыйытып, “дүйнө бештен көп” деген тезисин жарыялады, башкалардын ич күптүсүн козутту.
Москва газын экспорттоо мүмкүнчүлүгү азая баштаганын, тышка сатууда Түркиянын мааниси артып баратканын сезет. Ошондуктан Путин Түркияда эл аралык газ хабын түзүүнү сунуштады, демек санкцияны буйгап, бюджеттин ири киреше булагы болгон газ экспортуна жол ачылат. Кремль Түркия менен мамилени тобокелге салгысы келбейт. Анкара буга макул, бирок “түрк агымы” аталган түтүк аркылуу газ Түркияга, экинчи агымы Түштүк-Чыгыш Европага агылууга тийиш. Бул да татаал маселе. Ким кайсы акчага кураары чечиле элек, чечилген күндө да анча айыгышып кармашып калган Европанын Россия газын түрк хабы аркылуу алышы күмөн.
Европа быйыл кышта кыйналды, бирок боору бүтүн чыкты. Эми муктаждыгын чечүүгө чамасы жеткидей кам көрүп жатат. Айтор айласын табат, асты Москванын көзүн карабайт. Түркияга Африка бейтааныш эмес, континент менен дипломатиялык алакасы артып баратат, 40 ашык түрк элчилиги ачылды, 19 өлкөдө аскер атташеси иштейт, түрк авикомпаниялары Африканын абасын жиреп учуп жатат. Дан келишими аркылуу Түркия таасирин арбыта алды. Миллиондогон тонна дан, май ж.б. азык-түлүк Түркиянын порттору аркылуу сыртка чыгууда. Дан келишими Түркияга эбегейсиз саясий-дипломатиялык пайда менен чектелген жок, экономикалык киреше да алып келди.
Эрдоган орус-украин согушунда дипломатиялык жигерин көрсөттү, ортомчулук озуйпасын сунуштады. Тегин эмес, анткени Түркия НАТОнун мүчөсү, ошол эле учурда Россия менен да ымаласы бар. Эрдоган Россиянын Украинадагы согушун сындайт, Украинанын бүтүндүгүн колдоп, окуппацияланган аймактар, ири алдыда Крым Украинанын территориясы деп келет. Анкара менен Москва Сирия жана Ливия маселесинде, Жакынкы Чыгыштагы конфликтерде, динге жамынган экстремисттик жана террористтик уюмдарга карата мамилелерде карама-каршы позицияларды ээлейт. Маселен, Түркия Сирияда басыла элек куралдуу жаңжалда оппозициялык топторду, анын ичинде радикал исламчыларды, Россия болсо Башер Асадды колдойт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Түркиянын пантүркисттик умтулуусу Россияны кыжаалат кылып келген, түрк тилдүү мамлекеттердин биримдигине байланышкан соңку аракеттери Москванын ачуусуна тие баштады. Түркия Кавказда да чоң роль ойнойт. Тынч жатып алган күндө да Кавказда, айрыкча азербайжан-армян талашында Түркиянын таасири зор.
Ошол эле учурда Түркия НАТОго мүчө мамлекеттердин ичинен Россияга санкция салбаган жалгыз өлкө. Түркия Россия үчүн аба мейкиндигин жаппады, Европанын талабына жана НАТОнун каршылыгына карабастан, Россияда чыгарылган С-400 зениттик ракеталарын сатып алды, орустардын көмөгү менен атомдук электростанция куруу долбоорун баштаганы турат, орустардын “Мир” картасын колдонууну чектеген жок, орус резиденттерине Түркияда эсеп ачууга, банк операцияларын жүргүзүүгө уруксат берди.
НАТОго мүчө болгусу келген Финляндия менен Швецияга ультиматум коюп, күрд террористтерин колдоп жатасыңар деп айыптап, айласын кетирип барып, макулдугун араң берди. Бирок Түркия Европа Биримдигине мүчө болууга абдан ынтызар жана муктаж. Түркиянын азыркы күч-кубаты, илимий-гуманитардык, технологиялык, финансылык инфраструктурасы, экономикалык логистикасы Европа менен ажырагыс байланышта. Европа Түркиянын ири соода-экономикалык өнөктөшү, инвестициялык булагы. Анкара Европа менен мышык-чычкан оюну опурталдуу экенин жакшы билет. Демек Россия үчүн Европа менен мамилени тобокелге сала албайт. Евробиримдик деле Түркиянын оңду-солду саясатын колдобойт, нааразы, бирок ич ара бир пикирде эмес.
Маселен Франция баштаган бир тобу тизгинин тартыш керек десе, Германия баштаган дагы бир тарабы Анкараны колдойт. Түркиянын бийлиги Евробиримдиктин ичиндеги позициялардын ажырымын азырынча мыкты колдонуп келет.
Эрдоган орус президенти Путин менен тыгыз мамиледеги саналуу лидерлердин бири. Кытай да орус-украин жаңжалын жөнгө салуу планын сунуш кылды. Си Цзипинь да өтө таасирдүү, Россияга сөзү өтүмдүү лидер, бирок Кытай ортомчулугун АКШ менен Европа дегеле каалабайт. Эл аралык мамилелерде ортомчулуктун баасы жогору, куну кымбат, доосу арбын. АКШ менен Европа бул факторду да эске алат. Мунун баары Түркиянын кызыкчылыктарынан улам чыккан жагдайлар, бирок Түркиянын соңку кездеги тышкы саясий жүрүштөрү, сырт дүйнө менен алакасы Эрдогандын электоралдык капиталын арбыткан факторлор.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Экономиканы кыйратуунун китеби"
Ички жагдайлар чечүүчү мааниге ээ. Он миңдеген кишинин өмүрүн алган, миллиондогон адамдарды үй-жайсыз калтырган чоң зилзала Түркиянын экономикасына катуу сокку урду. БУУнун бир ай мурунку эсеби боюнча зилзаланын материалдык зыяны 100 млрд доллардан ашык. Ресурстар жетишсиз, көйгөй арбын. Зилзала Эрдогандын рейтингине доо кетирди. Эрдогандын партиясы курулуш компанияларына күнөөнү оодарды. Бириккен оппозициянын атынан талапкер Кылычдароглу курулуш компанияларына талаптарды азайткан, жетиштүү көзөмөл жүргүзбөй, коррупцияга малынгандыктан имараттар кыйрады деп Эрдогандын бийлигин айыптады.
Социологиялык изилдөөгө караганда, калктын 34% кыйроолор үчүн бийликти күнөөлөйт, 27% куруучуларды айыптайт. Куруучуларга коюлган кине сапатсыз курулушка жол берген бийликке такалаарын эске алганда, калктын теңи сапатсыз курулган имараттар үчүн бийликке тигил же бул деңгээлде нааразы.
Оңой электорат эмес, анткени зилзаладан кыйраган аймактардан эле парламенттин 600 депутатынын 96 шайланып келет. Алар, 9 миллионго чукул шайлоочулар, кыйроонун кесепетин арбыткан бийликтин партиясын колдошу кыйын. Эгер Эрдогандын командасы кыска убакытта зилзаланын залакасын жое алса гана жабыр тарткан аймактардын шайлоочулары бийликке ишенимин артышы мүмкүн. Бирок жакындарынан айрылгандар материалдык компенсацияга ыраазы боло койбойт го.
2011-жылы Түркия экономикалык кубаттуулугу боюнча дүйнөдө 17-орунга чыгып, Эрдоган 2022-жылы өлкөнү эң өнүккөн 10 мамлекеттин катарына киргизем деп убада кылган. Тилекке каршы, кыял ишке ашканы жок, экономикалык кризис уланууда, инфляция өсүп, акыркы 20 жыл ичинде рекорддук чекке жетип, 85% ашты. Кымбатчылык, айрыкча азык-түлүккө жана транспортко баанын жогорулашы элди кыйнап туру.
“Жакшы партиянын” лидери Мерал Акшенер былтыр парламентте бийликти сындап, “Экономиканы ийгиликтүү башкаруу тууралуу миңдеген китептер жазылды. Экономиканы кыйратуунун жолун көрсөткөн бир да китеп жазыла элек болчу. Ушул китепти иш менен жаза турган болдуң, Эрдоган мырза” деп катуу айткан. Ушул аныктама быйылкы шайлоодо оппозициячыл партиялар тарабынан кайра жаңырды. Жумушсуздардын катары арбып жаткан кезде Түркияда 4 млн ашуун сириялык мигрант жүрөт. Атаандаштары муну Эрдогандын ашкере амбициясынын жана өзүм билемдигинин кесепети деп эсептейт.
Саясий оор маселе

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркиянын оор саясий маселеси күрддөр, саны 15 миллионго чукул. Учурда парламенттин үчтөн бири Элдердин демократиялык партиясына таандык. Ушул партия ири алдыда күрддөрдүн кызыкчылыктарын чагылдырат. Күрд лидерлеринин бир тобу сыртта, бийликке каршы, көз карандысыздыкты беттеп, өз алдынча, азат мамлекет ураанын чакырып турат.
Учурдагы президенти эсептешкиси жок, куугунтуктап келет, а оппозициясы да шайлоо алдында биригүүгө чакырбады көбү күрддөрдөн турган Элдик демократиялык партияны. Президенттикке талапкер Кемаль Кылычдароглу үчүн Эрдогандан дурусураак көрүнүшү мүмкүн бирок улутчулдардын добушунан ажырабай туруп күрддөрдү өзүнө имериш оор милдет.
Кайран Ататүрк негиздеген Республикалык партиянын башчысы Кылычдароглу идеалдуу талапкер жана күчтүү атаандаш эмес, бирок аны Эрдоган тең ата болууга жарактуу Анкара менен Стамбулдун мэрлери сүрөйт. Анкаранын мэри Мансур Яваш менен Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу расимй оппозицияда туруп шайлоодо бийликти утуп алган тың саясатчылар.
Үйрөнгөн жоо атышаарга жакшы дегендей, Эрдогандын бийлиги менен кармашта моюбаган саясатчылардын электораты бар. Оппозициячыл эки мэрдин эмдигиче камалбай, камалмак турсун мэр болуп иштеп жатышы Эрдогандын абдан күчтүү жана КМШ мамлекеттеринин көбүнүн түшүно кирбеген демократиялык позициясын айгинелеп турат. Эсеби маселен Россияда же Борбордук Азияда мамлекет башчысына каршы саясатчынын борбор калааны же ири шаарды башкарып турушун элестетүү кыйын.
“Элдик коалиция” аталган беш партиянын биригиши жана бир талапкерди сүрөшү Эрдоган үчүн оор сыноо. Узак жыл башкарган лидерден эл да тажап, жаңыны эңсемеги электоралдык жүрүм-турумдун универсал көрүнүштөрүнүн бири. Анын үстүнө оппозициячыл бирикме адам укуктарынын жана сөз эркиндигин сакталышын убадалап, коррупцияга каршы күрөштү, тышкы саясатта Батышка артыкчылык берип, кадр саясатында өз кишилерди эмес, иш билгилерди тандоого негизделген меритократияны, экономикалык жана финансылык саясатта жаңыланууну сунуштоодо.
Эң кызыгы, оппозициянын кемалчылар аталган уюткусу жана баары биригип, парламенттик республикага кайра кайтууну көздөйт. Бириккен оппозициянын проблемасы аз эмес. Канткен күндө да Эрдоган тажрыйбалуу саясатчы, таасири зор. Ататүрктөн мураска калган Республика партиясы диндин саясатка, мамлекетке аралашуусун каалабайт. Бул кош миздүү проблема.
Эрдогандын атаандашы Кылычдароглунун секулярдык идеялары исламчыл электораттын колдоосунан кол жуудуруп коюшу ыктымал. Тескерисинче, Эрдогандын диний топтор менен ынак ымаласы Батыш баалуулуктарын барктаган шайлоочулардын добушунан жана армиянын колдоосунан ажыратышы да толук мүмкүн. Кандай болгон күндө да, президенттик шайлоодо кимиси жеңбесин, Түркиянын экономикасы, армиясы, мамлекеттик кызматы жана билим берүү тармагы реформага муктаж экенин аналитиктер белгилейт. Айтор, Түркия президенттик шайлоого салттуу жана жаңы көйгөйлөр, эски саясатчылар жана жаңы геосаясий факторлор менен баратат.








