You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кызыл сызыктан чыккан кызуу талаш. Менчик укугу унутта калган жокпу?
Айдай Аманкулова, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти
"Снос", "Сүрдүрүп салуу" деген сөздөр соңку күндөрү эң көп айтылып, эң көп жазылып жаткандай. Ар кайсы дубал эле эмес, интернет бетинде дагы ушул сөз жайнап жүрөт. Айрымдар дубалдар эле сүрүлбөй, ашмалтайы чыккан эски эрежелер дагы кошо сүрүлүп жатат деп кубаттаса, менчик укугу кайда калды деп сынга алгандар дагы жок эмес. Ошондон улам кызыл сызык менен жеке менчик деген түшүнүктүн чек арасын так аныктоо маселеси күн тартибине чыкты. Би-Би-Си бул маселени борбор калаадагы айрым көчөлөрдүн, айылдардын мисалында талдап берет.
Крыгызстандын чар тарабында жолдорду кеңейтүү боюнча масштабдуу кампания жүрүп, "кызыл сызыктан" чыкты делген үйлөр, дубалдар түрттүрүлүүдө. Маселе парламентте да көтөрүлүп, дубал түрттүрүү боюнча губерантор, аким, мэрлер бири-бири менен жарышып жатканы сынга алынды. Депутаттар аткаруу бийлигин жөн жаткан элди козутпоого чакырды.
Кызыл сызык деген эмне?
Кызыл сызык - архитектура илиминдеги абдан маанилүү түшүнүктөрдүн бири. Шаар же айыл курууда жалпы пайдалануу үчүн жана жеке менчик үчүн деп жер эки категорияга бөлүнөт.
Жалпы пайдалана турган жерге жол, суу, газ, борбордук канализация, сейил бактары сыяктуу коомдук муктаждык үчүн зарыл шарттарга деп бөлүнгөн тилкелер киргизилет. Ошол тилкелер менен жеке менчиктин кесилишкен чийини кызыл сызык деп аталат.
Шаар курууда генералдык план 25 жылга даярдалып, зарылдыктарга жараша мезгил-мезгили менен жаңыланып турат. Бул атайын мыйзам, эрежелер менен тескелет жана анда жеке менчик укугу дагы сөзсүз эске алынат.
Кызыл сызыктан сырткары эске ала турган дагы бир маанилүү чийин бар. Бул курулуш чийини деп аталат. Кызыл сызык менен курулуш чийинин ортосу беш метрден кем болбошу керек. Ошондон улам дал эле кызыл сызык бүткөн жерден же болбосо көпчүлүк айтып жүргөндөй 1-1.5 метр аралыктан эле курулушту баштап кетүү туура эмес болуп эсептелет.
"Чектен чыккан жокмун, бирок жаңы салган үйүм түрттүрүлүшү мүмкүн"
Сүрдүрмөй маселеси Бишкек эле эмес, Кара-Кулжада дагы негизги темалардын бирине айланды. Телегей Шабданова 30 жылдан бери ушул райондун Жийде айылындагы мектепте мугалим. Мурда кайнатасынан калган эски тамда жашачу. Эки жыл мурун эки кабаттуу үй салып, жаңы гана кирген. Эми эмгеги текке кетип, турак жайы толугу менен сүрдүрүлүү коркунучуна кептелгенин айтып кейиди.
"Автоунаа жолдору жөнүндө кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча биздин көчө 5-категорияга кириптир. Ага ылайык, жол оң жакты көздөй 12, сол жакты көздөй 12 метр кеңейтилиши керек экен. Андай болсо менин үйүм толугу менен бузулат. "Кызыл китеп" боюнча бизге 10 сотыхтан чек берилген. Эгер жол 24 метрге чейин кеңейсе, анда бизде төрт сотых эле жер калат. Башкы план боюнча көчөнүн туурасы 16 метр экен. Биз жолдун туурасын 24 эмес, жок дегенде 16 метрге кыскартып бергиле деп суранып жатабыз. Бирок 16 метрге токтогон күндө да менин үйүмдүн чети илешип калды. Бизге "кызыл китепти" берип жатканда жол эске алынган эмес тура. Оо, бул чектер 40-жылдары берилген да, кайнатамдан калган. "Кызыл китепти" арыктан баштап өлчөп берген экен, мен арыктан үч метр ичке жылып туруп үй салгам, – дейт Телегей Шабданова.
Жол 24 метрге кеңейтиле турган болсо Телегейдин эле эмес, Жийде айылындагы үйлөрдүн дээрлик 100 пайызы түрттүрүлүшү мүмкүн. Бул маселени Жогорку Кеңештин 2-апрелиндеги жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков көтөрүп, аткаруу бийлигин жарандардын жеке менчикке болгон укугун сыйлоого чакырган:
"2023-жылы "Автомобиль жолдору жөнүндө" мыйзам кабыл алдык эле. Ошол мыйзамдагы 5-категорияга такап туруп, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагына караштуу Жийде айылындагы үйлөрдүн баарын бузуу жөнүндө токтом чыгарышыптыр. Бул маселени акырындык менен карабайлыбы? Бир айылдын үйлөрүн 100 пайыз бузуу деген эмне? Этият болушубуз керек. Дубал бузулса макул деп жатабыз, кызыл сызыктан чыкса иретке келтиргиле деп жатабыз. Бирок үйлөрдү жапырт бузуу дегенди кандай түшүнсө болот?"
Өзгөн менен чектеш Жийде айылында 152 турак жай бар. Үйлөр район аралык жолдун жээгинде салынган. Айылдын маселеси парламентте көтөрүлгөндөн кийин жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү мурда кабыл алган чечимди кайрадан карай баштаганын билдирди.
"Президенттин №56 жарлыгынын негизинде "кызыл чийинден" чыгып кеткендерге "жылгыла" деген эскертүү бергенден кийин ушул маселе көтөрүлдү. Жергиликтүү тургундар эки күн мурун акимге барышты. Бүгүн аким өзү келди. Айылдын борбордук көчөсүн кыдырып жүрөбүз. Башкы план боюнча бул жолдун туурасы 16 метр экен. Элдин суроо-талабын эске алып, 14 метрге токтолсокпу деп жатабыз. Ошондо да дубалдардын 20-30 пайызы түрттүрүлүшү мүмкүн. Асфальтка чейин чыгып кеткендер бар. Эгер 16 метр калтырсак, тосмолордун көбү жана 5-6 үй да бузулат экен. Эми акыркы чечимди бир жума аралыгында кабыл алабыз", – дейт Кара Кочкор айыл аймагынын башчысы Нурбек Жолдошев.
Бул арада Ош облусунун Алай районунун жашоочулары да жолдорду кеңейтүү кампаниясынын капшабына кабылганы белгилүү болду. Парламент жыйынында депутат Элдар Сулайманов Даарот-Коргон айылында 300дөн ашуун үйдүн дубалы бузулушу мүмкүн экенин айтып, өкмөтү аларга кенемте төлөп берүүгө чакырды:
"Дароот-Коргон айылы аркылуу Тажикстанга бара турган эл аралык жол өтөт. Ал жерде жолду кеңейтүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Кыштакта 300дөн ашуун үй кызыл чийинден өтүп кеткен экен. Бирок алар жеке менчикке болгон укукту тастыктаган документти 60-жылдары эле алганын айтып жатышат. Азыр көптөгөн үйлөр, дубалдар түрттүрүлгөнү жатат. Эл жолдун кеңейтилишине каршы эмес, бирок мамлекет компенсация төлөп берсе жакшы болот эле, өз күчүбүз менен үйлөрдү кайра калыбына келтире албайбыз деп жатышат. Атайын комиссия түзүп, аларга акча бөлүп берели, эл көчөдө калып калбасын".
"Жөн жаткан элди козутпагыла"
Ушул тапта кызыл сызыктан чыгып кеткен турак жайларды сүрдүрүү иштери Бишкек жана Ош шаарларында да жүрүп жатат.
Бишкек шаардык мэриясы Чынгыз Айтматов көчөсүн кеңейтүүдө. Буга байланыштуу Киргизия конушундагы 60тан ашык дубал сүрдүрүлөрү эскертилген. Жашоочулар жер тилкелерине 1940-жылдардан бери ээлик кылып келишерин, "кызыл китеп" алардын чектен чыкпаганын тастыктай турганын айтып жатышат. Жеке менчикке болгон конституциялык укугу бузулуп жатканына нааразы болгон тургундар мэр Айбек Жунушалиевди сотко берерин да кабарлашкан.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, архитектор Ишенбай Кадырбековдун айтымында, учурдагы Жер кодексинде жарандардын жеке менчикке болгон укугу жакшы корголгон. Эгер кайсы бир себептерден улам жер тилкеси мамлекеттин карамагына өтө турган болсо кенемте талап кылганга толук мүмкүндүк бар:
"Жаран "кызыл китеп" алгандан кийин "кызыл чийин" белгиленсе жана анын жери мамлекетке керек болсо, өкмөт ага башка жер берүүгө же компенсация төлөөгө милдеттүү. Жер кодексинде базар баасына ылайык кенемте төлөнүп берилиши керек деп так жазылып турат".
Депутат Дастан Бекешов 2014-жылы эле өлкөдөгү шаарлардын башкы планын ачыкка чыгаруу жөнүндө мыйзам кабыл алынганын, бирок ал аткарылбай, азыркыдай башаламандык болуп жатканын белгилейт.
"Башкы пландардын негизинде деталдуу пландаштыруу жасалышы керек эле. Анда жол кандай кеңейтилери, мектеп же бала бакча, парк кайда салынары так көрсөтүлүшү зарыл. Тилекке каршы, бул пландар жарандарга көрсөтүлбөйт. Жолду кеңейтүү керек болгондо ыңгайына жараша 70-жылдардын, 90-жылдардын, 2000-жылдардын документтерине таянып жатышат. Кызыл, жашыл, көк сызык кайсы жерден өтөрүн ким чечет? Эгер бир архитектор гана чечим чыгарса, ал өзүнүн маанайына, акчага, буйрукка карап иш кылышы мүмкүн эмеспи? Бирок мындай болбойт! Кызыл сызык дегендин айынан жүздөгөн, ал тургай миңдеген адамды мүлкүнөн ажыратуу, жерлерди тартып алуу туура эмес!" – деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өкмөт жолдорду кеңейтүү боюнча масштабдуу кампания жүргүзүп жатканын, аша чаап кеткен учурлар бар экенин, жөн жаткан элдик козутпай, этият мамиле кылуу керектигин эскертти.
Парламент Жер кодексинин жаңы редакциясын жолдорду кеңейтүү кампаниясы кызуу жүрүп жаткан маалда кабыл алганы белгилүү. Жаңы кодекске каршы чыккандар Горький сейил багында бир нече жолу митинг өткөрүшкөн. Алар президент документке кол койсо, өкмөт мамлекеттик муктаждык деген шылтоо менен карапайым жарандарга тиешелүү жер тилкелерин тартып алышы мүмкүн экенин айтышууда. Буга чейин президент жарандардын жеке менчикке болгон укугу корголорун билдирген.
Коомчулукту кымгуут түшүрүп, кызуу талаш-талкууларга жем таштаган бул маселе курулуш эрежелери, кызыл сызык, жеке менчик укугу деген сыяктуу абдан маанилүү маселелерди ийне-жибине чейин коомго түшүндүрүү зарылдыгын айдан ачык көргөздү.