You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кезексиз шайлоо: үгүт эрте башталдыбы?
Кыргызстанда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү расмий түрдө тарката элек. Шайлоого да расмий старт бериле элек. Бирок эртелей үгүттүн илеби сого баштады. Соңку апталарда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кичи мекенине көбүрөөк каттап, тыңдары өз округдарындагы мектеп, ооруканаларга материалдык жардамын күчөттү.
Ал ортодо парламент сыртындагы күчтөр дагы шайлоого баруу ниетин билдирип, коомдук сайттарда үгүткө үндөш риторика жаңыра баштады.
Бирок Боршайкомдун азырынча аларга карата чара көрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү. Себеби өтүшү эчак анык болуп калган кезексиз шайлоону жарыялоо тартибин процедуралык эрежелерге шайкеш келтиргиче алардын аракеттери эреже бузууга жатпайт.
Айрым талдоочулар шайлоо алдындагы, өткөөл мезгилдеги ушул кыска убакытты оңтоюнан колдонуп калуу тажрыйбасы Кыргызстанга мүнөздүү экенин айтып, муну жергиликтүү саясаттын бир өзгөчөлүгү катары сыпатташат.
"Шайлоого барам"
"Мекенчил" депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов бир нече күн мурда эле Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан Кара-Көл, Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай жана Токтогул шаарындагы мектептерге компьютерлерди тапшырды. Депутат коомдук сайттарда анын бул аракетинен кыйкым издеп жаткандарга мындай жооп берди:
"Менин депутаттык ишмердигим токтой элек жана бул менин мыйзамдык укугум. Компьютерлерди мен өз чөнтөгүмөн эмес, төраганын фондунан берип жатам. Ал үгүт иштери эмес, менин мыйзамдык укугум. Депутат болгону мен билим берүүгө көп көңүл буруп келем. Президент дагы реформаны биринчи ушул тармактан баштаган. Коом билимдүү болуш керек, биз ушуга басым жасап жатабыз".
Сулайманов парламенттин өзүн-өзү таркатуусун колдоп жаткан депутаттардын тобуна кирет. Ал парламент тарай турган болсо, кийинки шайлоого талапкерлигин коюп, шайлоого барарын билдирди.
Буга чейин дагы бир депутат, "Элдик" депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Ак-Суу жана Түп райондорундагы мектептерге заманбап жабдууларды тапшырган.
Депутат Жанар Акаев да соңку кезде кичи мекени Алайга утуру каттап, анын бул тууралуу постторуна "шайлоо жакындап калдыбы деп комментарий жазгандар көп" болуп жатканын өзү да моюндайт.
Негизи депутаттар кайсы округдан шайланса, ошол аймактын элинин көйгөйүн чечүүгө убадаларын берип, милдеттенме алган болот. Андыктан бир жагынан алардын өздөрүнүн кичи мекенине же шайланып келген округдарына тез-тез каттаганы жана жардам көрсөткөнү кадыресе көрүнүш. Бирок шайлоону утурлай алардын ар бир аракети болжолдуу үгүткө байланыштуу шектенүүлөрдү жаратпай койбойт.
"Тажрыйбалуу адамдар"
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев учурдагы абалды Кыргызстандагы шайлоолордун "мыкты этабы" деп мүнөздөйт. Анын айтымында, шайлоо расмий жарыялана электигине байланыштуу айрым саясатчылар "мени шайлагыла" деп ачык айта албай, бирок ошол эле убакта ал-жайды сурашып, социалдык мекемелерге жардам сунуп, жапырт кыдырууларын баштады:
"Депутаттар парламент таркай турганын сезип жатышат. Ошого жараша кыймылдап башташты, өзгөчө аракеттеги парламент депутаттары. Алар эми тажрыйбалуу адамдар да, ишти эрте баштап, депутаттык ыйгарым укуктарын колдонуп, өзүнүн болочок электораты менен иштей баштагандай сезилип жатат. Жалаң эле депутаттар эмес, "шайлоого талапкерлигимди коем, күчүмдү сынайм" дегендер да болуп жатат. Алар да эл менен жолугушуп, фейсбуктан активдешип, командасын топтоп башташты".
Бирок саясат талдоочу мындан маселе жаратыштын кажети жок экенин, бул олуттуу эреже бузуу эмес экенин айтууда. Муну жергиликтүү шайлоонун бир өзгөчөлүгү деп гана караса болорун айтат.
"Жарлык жок, демек мыйзам бузуу да жок"
БШКнын өкүлү Акбалык Жумалиева эртелей үгүт боюнча алар дагы байкоо жүргүзүп жатканын, бирок азырынча бир да факты эреже бузуу катары каттала электигин билдирди:
"Азыр баары эле эрте үгүт жасагандай болуп жатат, бирок аны мыйзамды бузууда деп айта албайбыз. Себеби азырынча президенттин шайлоону дайындоо тууралуу жарлыгы жок. Мыйзам боюнча, жарлык чыккандан кийин гана мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүлсө, чара көрүлөт".
Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоо ноябрдын акыркы жекшембисинде өтөт деген божомол бар.
Шайлоо тууралуу жаңыланган эрежелерге ылайык, шайлоо датасы жарыялангандан кийин мөөнөтүнөн мурда агитация баштаган талапкерлерге алгач эскертүү, андан кийин айып пул салынат. Буга да ынабай үгүттөн калпыстык кетиргендерди БШК шайлоодон четтете алат.
Жогорку Кеңештин бул аптадагы жыйындарында парламенттин өзүн-өзү таркатышы тууралуу сунуш каралат деп күтүлүүдө.