Палестин мамлекетинин келечеги Америкадан гана көз карандыбы?

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Палестина маселеси боюнча БУУнун калкасы астында өткөн эл аралык конференцияда тең төрагалык кылды

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Палестина маселеси боюнча БУУнун калкасы астында өткөн эл аралык конференцияда тең төрагалык кылды
    • Author, Том Бейтман
    • Role, Би-Би-Си

Бул Би-Би-Синин Нью-Йорктогу кабарчысы Том Бейтмандын макаласынын котормосу, англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окуй аласыз.

Улуу Британия менен Франциянын БУУда Палестинаны мамлекет катары таануусу – бул кылымдардан бери созулуп келаткан Израил-Палестина жаңжалындагы тарыхый учур.

Бирок ошол эле маалда бул дипломатиялык тобокелдик, ал ири европалык державалар жаңжал алардан буга чейин болуп көрбөгөндөй кадамга барууну талап кылган баскычка жетип калды деп эсептей турганын да чагылдырууда.

Газада уланып жаткан гуманитардык апаатка токтолуп, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилди да, ХАМАСты да айыптоо менен "укук күчтү жеңип чыгышы керек" деп айтты.

Макрон эки мамлекет тууралуу ушул тапта жок болуп кетүү коркунучуна дуушар болгон идеяны сактап калууга аракет жасап жатат. Ал өз аракеттерин Улуу Британия менен координациялап, Сауд Арабиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырууда.

Европа лидерлеринин баамында, тынчтыктын көптөн бери өкүм сүрүп келаткан эл аралык формуласы – бул эки эл үчүн адилеттүү, жалпы келечекке жетелеген жалгыз жол.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Нью-Йорктогу конференцияда айткандай, альтернатива "бир мамлекеттин пайдасына чечим чыгаруу" болду, бул болсо Израилдин үстөмдүгүн жана палестин элинин "баш ийүүсүн" билдирет.

Баш катчы эч бир нерсе жамааттык жазалоону, ачарчылыкты же этносту жок кылуунун кандайдыр бир түрүн актай албасын баса белгиледи.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Израил каарданып, жооп кайтарууга убада берүүдө.

Ал Палестина маселеси боюнча БУУдагы конференцияны, аны менен катар Улуу Британиянын, Франциянын, Канаданын, Австралиянын жана башка өлкөлөрдүн Палестина мамлекетин таануусун 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салып, жүздөгөн адамды барымтага алган ХАМАС үчүн сыйлык болду деп билдирди.

Израилдин айрым бир министрлери Батыш жээктин оккупацияланган бөлүктөрү эми аннексияланганын жарыялоо буга жооп болушу керектигин айтып жатышат – мындай кадам бул аймакта жашоого жөндөмдүү Палестина мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгүн түбөлүккө жокко чыгармакчы.

Өз саясатында палестиндерди сүрүп чыгарып, алардын аймактарында жөөт конуштарын куруш керектигин ачык жарыялап келаткан ашынган оңчул саясатчылар кирген, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун башкаруучу коалициясы эки мамлекетти түзүү идеясын жокко чыгарууну көздөөдө.

Дональд Трамптын администрациясы европалыктардын аракеттерин четке кагып, Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббасты жазалоо менен, өнөктөшү болгон Израилди колдоону улантууда. Махмуд Аббаска Нью-Йорктогу конференцияга катышууга тыюу салынган жана ал видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөөгө мажбур болду.

БУУдагы конференция жана Трамптын администрациясынын реакциясы Вашингтон менен анын европалык өнөктөштөрүнүн ортосунда Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды кантип чечүүгө болот деген маселеде терең ажырым бар экенин айгинеледи.

Бирок европалыктар Газа тилкесиндеги кырдаалды эске алганда аларда башка тандоо калбаганын ырасташат.

Израил Газага ушуну менен үчүнчү дивизиясын таштап жатат – күн сайын ондогон палестин өмүрү менен кош айтышууда. ХАМАС элүүгө жакын адамды барымтада кармап турат, алардын көбү өлдү. Ошол эле маалда Батыш жээкте жөөт конуштарын кеңейтүү иштери жана зордук-зомбулук аракеттери уланууда.

Мунун баары 7-октябрдагы чабуулдан бери эки жылга жакын убакыт өткөндөн кийин орун алып жатат жана мындан аркы аскерий кысым ХАМАСты Израил көксөгөндөй багынып берүүгө мажбурлайт деген белгилер эч байкала элек.

Макрондун стратегиясы – дипломатия жашоого жөндөмдүү альтернативаны сунуштай аларын көрсөтүү аракети.

Адегенде Газадагы согушту чындап токтотуп, андан соң эки мамлекет: Израил жана Палестина түрүндө узак мөөнөттүү чечим катары мунасага жетүү зарыл болуп турат.

Европа өлкөлөрү Израилдин стратегиясы өз максатына жетпей, карапайым калктын азабын көбөйтүп, барымтада кармалгандардын өмүрүнө коркунуч жаратканын ырасташууда.

БУУнун конференциясы ошондой эле Сауд Арабиясынын жетекчилиги алдында, Араб мамлекеттеринин лигасынын колдоосу менен өткөнү да маанилүү бир жышаан.

Франциянын ырасташынча, дипломатиянын мындай түрү ХАМАСка таасир эте аларын көрсөтүп турат, себеби конференцияга катышкан негизги араб өлкөлөрү ХАМАС келечекте палестин эли үчүн лидерлик ролду талап кыла албайт деп, эми топту куралсызданууга жана курал-жарактарын Палестин автономиясына өткөрүп берүүгө үндөп жатышат.

Макрондун баамында, бул процесс Израил үчүн стимул жаратып, ошол эле маалда Нетаньяху менен Трамп көптөн бери көксөп келаткан Сауд Арабиясы менен мамилелерди жөнгө салуу үчүн да жол ачууда.

БУУнун конференциясына Сауд Арабиясы да төрагалык кылды

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун конференциясына Сауд Арабиясы да төрагалык кылды

Вашингтондун каалоосуна каршы Палестина мамлекетин таануу чечими олуттуу дипломатиялык тобокелдиктерди жаратат.

БУУнун трибунасында отурган Макронго көз чаптыруу менен БУУнун баш катчысы айткандай, "Газадагы азаптан" чыгуунун жолун издеп, израилдиктер менен палестиндер үчүн жалпы келечекти табууга аракет кылган глобалдык лидердин ролун өзүнө алууга умтулган президентти көрүүгө болот.

Бирок орой күч жөнүндө кеп козголгондо, Макрон андай президент эмес.

АКШнын лидерлиги болмоюнча, бардык тараптарга Вашингтон гана жасай ала тургандай эле байкаларлык кысымды эч бир мамлекет кыла албайт. Ошондуктан Трамптын администрациясы европалык ыкманы четке кагып келүүдө.

Трамп шейшембиде БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөгөндөн кийин араб лидерлери менен жолугушмак – бул дүйшөмбү күнү европалыктар менен болгон сүйлөшүүлөрдөн башка, өзүнчө бир жолугушуу экени кабарланган.

Негизги өлкөлөрдүн ортосундагы координациянын жоктугу башаламандык сезимин күчөтүүдө, ал эми буга чейин Израил менен ХАМАСтын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган Катар Израил ХАМАСтын лидерлерине анын аймагында чабуул койгондон кийин бул ролго кайтып келүүдөн баш тартууда.

Макрон да, Британиянын премьер-министри Кир Стармер да өз өлкөлөрүнүн Жакынкы Чыгыштагы колониялык мурасына токтолушту.

Алар Улуу Британия 1948-жылы тарыхый Палестинадан чыгып кеткенден кийин эл аралык коомчулук Израил мамлекетин кантип тааныганын эске салышты.

Эми алар палестиндер да өз мамлекетине ээ болууга ушундай укугу бар экенин айтышты.

Палестиндер Европа өлкөлөрү алардын мамлекеттүүлүгүн четинен таанып келе жатканына кубанычта, ошол эле маалда бул өлкөлөр өткөн чактын ири державалары экенин түшүнүп турушат. Бул өлкөлөрдүн чечимдери мурдагыдай ролду ойнобой калды.

Палестина мамлекетин түзүү чечимин азыркы супер держава – Америка кошмо штаттары колдогондо гана бул реалдуулукка айланмакчы.

Бирок АКШ президенти Дональд Трамптын бул маселеде пландары азырынча такыр башкача.