Блокадада калган Газа: Израил аз өлчөмдө тамак-аш жеткирүүгө уруксат берди

газа

Сүрөттүн булагы, Mahmoud ssa/Anadolu via Getty Images

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесине жеткирилген гуманитардык жардам ХАМАС тарабынан таланып кетпеши үчүн аталган секторду толугу менен көзөмөлгө аларын билдирди. Буга чейин блокадада калып, ачарчылык тооруган Газага чектелүү гана азык-түлүктү жеткирүүгө Израил бийлиги уруксат берген эле.

Израилдин тышкы иштер министри Эден Бар-Талдын айтымында, дүйшөмбүдөн тарта балдардын азык-түлүгүн жеткирген унаалар Газа тилкесине өтө баштады.

БУУнун гумжардам ташыган беш унаасы "Керем Шалом" өткөрүү пунктунан Газага өткөнүн Израил өкмөтү билдирди.

Бирок эл аралык уюмдар жана гуманитардык жардам жеткирген бирикмелер Израилдин бул кадамын жетишсиз деп айтууда.

"Тонналаган азык-түлүк киргизилбей, Газанын босогосунда турат. Гумжардам кирбегени үчүн аймактагы эл ачка отурат", – деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус.

Ал ортодо Нетаньяху Газага чектелүү көлөмдөгү гуманитардык жардамды өткөрүү чечими союздаштардын басымы алдында кабыл алынганын айтты:

"Коргоо күчтөрүнүн сунушу менен Газа тилкесине азык-түлүктүн базалык көлөмү жеткирилет. Мындай чечим элди ачарчылыктан сактап калуу үчүн кабыл алынды. ХАМАСты жок кылууга багытталган аскердик операцияларды кеңейтебиз".

Ynet маалымат сайты жазгандай, бул чечим министрлер кабинетинде добушка коюлбай эле АКШнын катуу кысымы алдында кабыл алынган. Болбосо өкмөттүн кээ бир министрлери мындай сунушту добушка коюуну талап кылган эле.

Ynet басылмасы жогорку кызматты ээлеген чиновникке шилтеме берип, бул бир аптага гана созулган убактылуу чара деп жазып чыкты. Алардын айтымында, Газа тилкесинин түштүгүндө жайгаша турган жана америкалык жарандык компаниялар тарабынан башкарыла турган бөлүштүрүү борборлорунун курулушу аяктаганы жатат.

Күтүлгөндөй эле Нетаньяхунун кабинетинин айрым министрлери бул чечимге нааразы болушкан. Оңчулдар партиясынан келген Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир Х коомдук сайтындагы өзүнүн баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырды:

"Урматтуу премьер-министр, барымтада кармалып турган биздин жарандарыбызга гуманитардык жардам жетпей жатат".

gaza

Сүрөттүн булагы, Amir Levy/Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си мониторинг кызматы кабарлагандай, оңчулдар гана эмес, Израилдин негизги маалымат каражаттары да Газа тилкесиндеги ачарчылыктын масштабынан күмөн санап, сектордогу азык-түлүк тартыштыгы үчүн ХАМАСты айыптап жатышат.

Нетаньяхуну колдогон Channel 14 телеканалы мындай кадам "террорчуларга күч берерин" айтып чыккан. Телеканалга интервьюга келген кишилер, анын ичинде Нетаньяхунун "Ликуд" партиясынын депутаттары "ачкачылыкты курал катары колдонууну" жакташат.

Ашынган оңчулдар партиясынан келген, Каржы министрлигин жетектеген Бецалель Смотрич дүйшөмбү күнү эртең менен маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал Газа тилкесине келген аз өлчөмдөгү азык-түлүк ХАМАСка чейин жетпей турганын белгилеген:

"Дүйнөлүк коомчулук бизди согуш кылмыштарына айыптабашы үчүн Газа элине эң аз өлчөмдөгү азык-түлүк жеткирилет. Жакынкы күндөрү Газада даяр тамакты тараткан коомдук ашканалар пайда болот".

Анын айтымында, карапайым адамдар болгону бир кесим нан жана бир табак тамак алышат. Смотрич ошондой эле Газа тилкесин "бир чоң террордук шаар" деп атап, израилдик аскерлер "анклавда калган нерсенин баарын жок кылууга" умтулаарын айтты.

Ал ортодо ЦАХАЛ (Израилдин куралдуу күчтөрү) Газа тилкесиндеги аскердик операцияларын кеңейтти. Жекшембиде ЦАХАЛ анклавдын түндүгү менен түштүгүндө "ири масштабдагы операциясын баштаарын" жарыялаган. Алар аскердик операция күчөтүлгөн аймактардан жергиликтүүлөрдү көчүрүп жатышканын айтышты. Ал эми дүйшөмбү күнү аскерлер Хан-Юнис, Бани-Сухейла жана Абасандын тургундарына эвакуация буйругун беришкен.

Израил тынбай аба соккуларын жасап жатат. Ушул аптада Газанын түндүгүндөгү оорукана, Хан-Юнис шаары жана Жабалия качкындар лагери бутага алынды. Израилдин соккуларынан жүздөн ашуун палестиналыктын өмүрү кыйылганын оорукана кызматкерлери маалымдады.

ХАМАС башкарган саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир нече күндө эле аба чабуулдун кесепетинен кеминде 136 адам курман болду. Министрликтин айтымында, ушуну менен Израил аскерлери өлтүргөн палестиналыктардын жалпы саны 53 486га жетти.

 Газа

Сүрөттүн булагы, JACK GUEZ/AFP via Getty Images

Британия, Франция жана Канада Израилди коркутту

Улуу Британиянын жана Канаданын премьер-министрлери, Франция президентинин бирдиктүү билдирүүсүндө "Израил бийлиги Газадагы согушту токтотпосо, гумжардамды жеткирүүгө тоскоолдук кылса, чечкиндүү кадамдарга барууга аргасыз болобуз" деп жазылган.

Би-Би-Си кабарчысы билдиргендей, Кир Стармер, Марк Карни жана Эммануэль Макрон Израилдин өзүн-өзү коргоо укугун ар дайым колдоп келген, бирок Газа тилкесине жасалган акыркы чабуулдарын катуу сынга алууда.

Израил бийлигинин Газа тилкесине чектелүү өлчөмдө гана гуманитардык жардамды өткөрүү чечимин үч өлкөнүн лидери азыркы абалга таптакыр туура келбейт деп эсептешет.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Стармер, Макрон жана Карнинин билдирүүсү "2023-жылдын 7-октябрындагы геноцидди уюштургандар үчүн чоң сыйлык" деп атап, Израил ХАМАСты "жок кылмайынча" күрөштү токтотпой турганын билдирди. (KB)