You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Айсулуунун өлүмү: президенттин реакциясы, өлүм жазасын киргизүү сунушу
17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө байланыштуу тергөөнү президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алды. Ички иштер министрлиги өзүн "Айсулуунун агасымын" деп тааныштырган Сыймык Нарынбек уулу анын тууганы эмес экенин, ал жалган маалымат таратып жатканын кабарлады. Бул арада маркумдун таежеси Би-Би-Сиге Сыймыкты тааный турганын, ага окуя тууралуу маалымат таратууга уруксат беришкенин айтып берди.
Киши колдуу болуп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм Айсулуунун ишинин тергелиши Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин 1-октябрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов кабарлады:
"Коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды. Ошол эле учурда мамлекет башчысы президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү".
Ал эми Акыйкатчы институту 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмү боюнча кылмыш ишинин калыс жана дыкат тергелишине мониторинг жүргүзө турганын маалымдады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул окуяга байланыштуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага кат жолдоду.
"Анда шектүү А.К. бир нече жолу соттолгондугу тууралуу маалыматка байланыштуу ага карата мурда чыгарылган өкүмдөрдүн негиздүүлүгүн кылдат текшерүү сунушталды. Андан сырткары шектүү шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулгандыгын тактап, андай болгон учурда тийиштүү органдар анын эркиндиктеги жүрүм-турумуна канчалык деңгээлде көзөмөл жүргүзүлгөнүн дагы карап чыгуу керектиги белгиленди", – деп айтылат маалыматта.
Акыйкатчы институту буга чейин дагы шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда же пробация боюнча бошотулгандар кайрадан ушундай оор кылмыш жасаган учурлар кездешип, алардын колунан балдар жана аялдар жапа чегип жатканын белгилейт.
Милициянын аракети
Маркумдун атасы Ажыбек Ибраев кызы Айсулуу мектепте активист болгонун, милиция болууну кыялданып, ИИМдин академиясына тапшырууну пландап жатканын, кыялына жетпей калганын Би-Би-Сиге айтып берди. Ал кызы адеп жоголгондон кийин аракеттер тууралуу да өз оюн айтты:
"Дароо реакция болбогондуктан кечигип, көбүрөөк издеп калдык. Кыскасы кечирээк, кеч болуп калды. Айла жок, кызым кетип калды. Эми кайра-кайра козгогум келбей жатат. Балким башка жумуштары чыгып, участкалык милиция жетишпей калдыбы деп жатам. Башкысы кылмышкер катуу жаза алсын!"
Маркум Айсулуу Мукашеванын абасы Асылбек Ибраев болсо (атасынын агасы) Би-Би-Сиге окуянын жагдайлары тууралуу буларды айтып берди:
"Мен моргго өзүм кирдим. Биздин күйгөнүбүз, азыр 21-кылым, ар бир жерде камера бар, убагында реакция болгондо… Айсулууну 12лер чамасында токойго алып кирип баратканы камерага түшүп калган да, отуз мүнөттө машине кайра ал жактан чыккан. Менин божомолум боюнча, бул аралыкта кызымды өлтүрүп койгон жок. Кайра кечки саат сегизде ошол жакка, токойго кирип жатат. Биз ориентирди эрте эле бердик. Төрт-беш саат өтүп кетсе да бир жөн. Кыз апасы менен сүйлөшүп, машинеге отурдум дегенден кийин 18 мүнөтпү, аз эле убакытта телефону өчүп калып жатпайбы. Телефону кайсы жерде өчкөнүн күч органдары аныктабай, биз өзүбүз тиркеме аркылуу билип жатпайбызбы. Өзүбүз издеп, туугандар ызылдап жүрдүк. Органдардын шалаакылыгы. Эми баары иштебей койду деп айтпайм. Ошолордун эмгеги менен таптык, бирок кеч таап калбадыкпы. Ошол замат эле аракет кылганда, ушул жерден салып, Боомго чейин барганга жеткирмек эмес да. Ар бир жаран барып, арыз таштаганда реакция жасалышы керек да".
Ал ортодо Барскоон айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Абай Калыков Би-Би-Сиге маалымат берип, бүгүн айылда жергиликтүү тургундар чогулуп, маркум кыздын өлүмүн тыкыр иликтөөнү, кылмыш жасаган адамды жазалоону талап кылышканын тастыктады.
Анын айтымында, айылга Жети-Өгүз районун акими, милиция, прокуратура өкүлдөрү келип, иликтөө иштеринин жүрүшү боюнча жергиликтүү элге маалымат берген.
Ал арада Ички иштер министрлиги Мукашеванын иши боюнча милиция кызматкерине карата кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Мекеме укук коргоо органынын кызматкери киши колдуу болгон өспүрүм кыздын туугандары менен сүйлөшүү учурунда негизсиз билдирүүлөрдү кылганын маалымдады. Бирок кайсы кызматкерге карата текшерүү жүрүп жатканын тактаган жок.
"Айрым кызматкердин айткан сөздөрү жол берилгис болуп, чындыкка дал келбейт жана ички иштер министрлигинин расмий көз карашын чагылдырбайт. Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга жана кызматтык тартипке ылайык катуу чаралар көрүлөт", - деп айтылган министрликтин маалыматында.
11-класстын окуучусу Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Барскоондон Караколго курбусуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгону кабарланган.
30-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 17 жаштагы кыздын сөөгү Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымынан табылганын билдирген.
Милиция шектүү катары мурда соттолгон 41 жаштагы жаран кармалганын кабарлаган. Алдын ала сурак учурунда ал кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн мойнуна алган.
Бүгүн ИИМ кылмышка шектүү соттун чечими менен эки айга камалганын кабарлады.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы кылмышка шектүү жаран мурда бир нече жолу соттолгонун, сот тарабынан дайындалган жазасын өтөгөнүн билдирди.
Сыймыктын таржымалы
1-октябрда Ички иштер министрлиги "Айсулуу Мукашеванын тууганымын" деп журналисттерге маек берген Сыймык Нарынбек уулу тууралуу да билдирүү таратты.
Анда ал маркумдун тууганы эмес экени, милиция издөө иштерин кеч баштаганы тууралуу жалган маалымат таратып, коомчулукту адаштырып жатканы айтылат.
"Ал 2002-жылы туулган Нарынбек уулу Сыймык аттуу жаран болуп чыкты. Бул жаран маркумдун тууганы эмес. Буга чейин ал уурулук жана алдамчылык жасоого шектелип, жоопкерчиликке тартылган. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен ал коомчулукту адаштырган жана жабырлануучунун үй-бүлөсүнө жана жагдайларына эч кандай тиешеси жок. Ошол эле учурда аталган жаран кылмыш тууралуу чындыкка дал келбеген ойдон чыгарылган маалыматтарды таратып, коомдогу чыңалууну гана күчөткөнү аныкталды", – деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Министрлик Сыймык Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилгенин, анын иш-аракетине тиешелүү укуктук баа берилерин белгилеп, жарандарды министрликтин расмий булактары аркылуу жарыяланган маалыматтарды алууга чакырды.
Айсулуунун өлүмүнүн жагдайлары тууралуу Сыймык Нарынбек уулу өлкөдөгү бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде Би-Би-Сиге да комментарий берген.
Анын алдында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматкери Надырбек Жусупов журналисттердин WhatsApp группасында Сыймык Айсулуунун агасы экенин айтып, байланыш номурлары менен бөлүшкөн.
ИИМдин билдирүүсүнөн кийин редакция Надырбек Жусупов менен байланышканда ал төмөндөгүдөй жооп берди.
"Айсулуу деген кыз өлүп калганда ал (Сыймык) мага ыйлап чалып, "журналисттерге байланыштырыңыз, бул окуяны чагылдырышыбыз керек" деген эле. Мен дагы тактабай туруп, группага салып коюптурмун. Мен ага жардам берейин деп эле байланыш номурларын бөлүшүп койдум эле", – деди Бишкек шаарынын Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматкери Надырбек Жусупов.
Ал ортодо Би-Би-Си өзүн маркум Айсулуунун таежесимин деп тааныштырган Үмүт Мирлановага байланышты. Ал милиция кармап кеткен Сыймыкка үй-бүлөнүн атынан маалымат таратууга уруксат беришкенин айтты.
"Журналисттерге маалымат бер деп андан биз суранганбыз. Ал биздин күйөө балабыз. Биз өзүбүз Айсулууну жерге бергени кетип, Сыймыкты журналисттерге маалымат берсин деп калтырып кеткенбиз. Ал милиция бизге берген маалыматтарды эле таркатып жатты. Азыр аны убактылуу кармоо жайынан чыгарганы келдик", – деди Үмүт Мирланова.
Мындан бир нече саат өтпөй Үмүт Мирланова Сыймык Нарынбек уулун прокуратурага алып кетишкенин, ошол жакта сурак берип жатканын кошумчалады.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы да Сыймык Нарынбек уулу учурда суракта экенин тастыктады.
Би-Би-Си маркумдун атасы Ажыбек Ибраевге байланышканда ал Үмүт Мирланова Айсулуунун таежеси экенин ырастап, Сыймыкты жеке өзү тааныбай турганын, бирок Үмүттүн тууганы болушу ыктымал экенин айтты.
Ошентип, Сыймык Нарынбек уулунун таржымалы тууралуу соңку кабарлар ачыкка чыккандан кийин Би-Би-Си кайрадан маалыматтарды текшерип чыкты. Анын жыйынтыгында Нарынбек уулу киши колдуу болгон кыздын чыныгы агасы эмес экенин аныктады. Ошол эле маалда Айсулуунун энесинин жакындары Нарынбек уулуна үй-бүлөнүн атынан маалымат таратууга уруксат бергенин бышыктады. Нарынбек уулунун туугандык байланыштары тууралуу так эмес маалымат үчүн кечирим сурайбыз.