Ак-Ордодогу каргаша: коомдогу күмөн саноолор жана расмийлердин жообу

Кылмыш

Сүрөттүн булагы, mvd.gov.kg

Ак-Ордо конушундагы эки адамдын өлүмүнө байланыштуу шектүүнүн кармалышы коомчулукта ар түрдүү күмөн саноолорду жаратты. Социалдык тармактардын колдонуучулары милиция тараткан сүрөт менен видеодон алынган скриншотту салыштырып, бул эки адамдын өңү-түсү дал келбей турганын белгилешип, ар кандай пикирлерди жазышууда. Ошол эле учурда расмий органдар шектүү адамдын жана маркумдун жубайынын көрсөтмөсүнө таянып, күмөн саноого эч кандай негиз жок экенин билдиришүүдө. Каргашалуу окуя жана шектүүнү колго түшүрүү аракеттери боюнча 9-октябрда президент Садыр Жапаров да үн катты.

Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, элди дүрбөлөңгө салганына карабастан, Ички иштер министрлиги шектүүнүн кармалганы тууралуу расмий маалыматты кечээ, 8-октябрдын кечинде гана жарыялады.

ИИМ муну каза болгондордун жакындары окуянын чоо-жайын ачыкка чыгарбай турууну өтүнгөндүгү жана тергөөнүн кызыкчылыгы менен байланыштырды.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү кылмыш кандай жасалганын, үйгө кандай жол менен киргенин жана жабырлануучуларга кандайча сокку урганын жеринде кеңири түшүндүрүп берген. Ошондой эле ал Ысык-Көл облусуна бара жатканда Боом капчыгайынын тилкесине бычактарды ыргытып жиберген жерин да көрсөтүп берген.

Кармалган адамдын көрсөтмөсү видеого жазылып, далил катары кылмыш ишинин материалдарына тиркелген.

"Тергөө иштери жүрүп жатат. Ички иштер министрлиги өз ишмердүүлүгүндө ачыктык жана айкындуулук принциптерин карманат",- деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Жубайынын көрсөтмөсү

Жубайы

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Милиция киши колдуу болгон адамдын жубайы кылмышка шектүүнү таанып, аны тастыктаганы тууралуу да маалымат таратып, анын көрсөтмөсү тартылган видеону жарыялады.

"Ошол күнү саат түнкү 23:30 чамасында уктап жатканбыз. Күйөөм төр жакта, кичүү кызым анын колунда жаткан. Бир маалда чыркыраган үндөн ойгонуп кетсем, тиги киши күйөөмдүн үстүнөн басып алып, бычактап жатыптыр. Башында беткап кийип алган экен. Жолдошум аны менен алышып жатып, беткапты чечип жиберди. Бир учурда ал эшик тарапка жөнөгөндө, колума тийген телефон менен 102ге чалып, "жолдошумду бычактап жатат" деп айтып үлгүрдүм. Балдарым ойгонуп, чыркырап аталап жатышты. Жарыкты күйгүзгөндө анын бетин даана көрдүм. Мен аны 100 эмес, 1000 пайыз таанып турам. Балдарым да аны таанып жатат", — деген жубайы көрсөтмөсүндө.

Ошондой эле ал жарандарды билип-билбей ар кандай пикир айтуудан оолак болууга чакырды.

"Милицияга ишеним начар"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Окуя боюнча президент Садыр Жапаров да үн катты. Ал социалдык тармактарда тарап жаткан "кармалган адам менен кылмышкер эки башка киши" деген маалыматтарды четке какты.

Президенттин айтымында, каргаша катталган түнү жарым сааттын ичинде ички иштер министри өзү опертивдик топ менен бирге окуя болгон жерге жетип барган жана шектүү "Коопсуз шаар" системасынын жардамы менен дароо аныкталган.

"Эртеби-кечпи кылмышкер ким экени табылмак. Анткени азыр Бишкек шаарына жана жаңы конуштарга, шаарга жакында эле кошулган айылдарга чейин көзөмөл камералары орнотулуп жатат. Бишкекте кылмыш кылып, анан кармалбай калам деп ойлобосун кылмышкерлер!"- деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров милиция кызматкерлерине болгон ишеним мурдагыдай эле алсыз экенин белгиледи. Анын себебин ал мурунку жылдардагы терс тажрыйба менен байланыштырып өттү:

"Илгери кылмыштын бетин ачыш үчүн күнөөсүз адамдарды кармап келип, мойнуна алдырып, "ишти ачтык" деп отчет берип койгон учурлар болгон. Азыр андай эмес. Милиция жакшы иштеп жатат. Болгону элдин ишенбөөчүлүгү мурдагыдан калган. Биз милиция кызматкерлерине бардык шарттарды түзүп бердик, техникалык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Керек болсо милициялардын өздөрүн да кайда жана кантип иштеп жүрүшкөнүн Башкы штабда онлайн көзөмөлдөп турушат",- деди Жапаров.

3-октябрга караган түнү Бишкектин Ак-Ордо конушунда 36 жаштагы аял менен 34 жаштагы эркек бычакталып өлтүрүлгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, эки бир тууганды өлтүрүүгө шектелип, 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран кармалган.