You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргыз-түрк алакаларынын тарыхы жана учуру
Кыргыздар менен түрктөр канчалык алыста жашаса да эки элдин алакалары тарыхтын тереңинде жатат. Бүгүнкү түрктөрдүн бабалары огуздар менен кыргыз байланыштары алтынчы, сегизинчи кылымдарда башталган. Кыргыз-түрк тарыхы канчалык тереңде жатканына булактар жана айрым оозеки баяндар күбө. Бирок биз тарыхый-документалдык түрдө билинген Осмон мамлекети мезгилиндеги кыргыз-түрк байланыштарынан баштап бүгүнкү күнгө чейинки алака тууралуу кеп кылабыз.
Кыргыздардын арасына келген алгачкы осмон түркү Сейфи Челеби болуп саналат. Ал Крым, Кавказ, Идил-Урал жана Орто Азия саякатында кыргыздар арасына да келген. Осмондорго алгачкы жолу кыргыздар тууралуу маалымат берген адам. Кыргыздар менен осмон түрктөрдүн байланышы Кокон хандыгы убагында күчөгөн.
Хандыкта кызмат кылган жана соода менен алектенген айрым кыргыздар осмондордун аймагына бара башташкан. 1790-жылдары осмон-орус согушу убагында Осмон султаны Бухара эмирине кат жазып, Орусияга каршы бирге согушууну сунуштайт. Султан өзүнүн катында орустарга каршы согушууга кыргыз жана казак урууларын да көндүрүүнү эмирден суранган. Демек осмон аристократиясы да кыргыздар жөнүндө кабардар боло баштаган.
XIX кылымдын экинчи чейрегинен баштап Кокон хандыгы Осмон мамлекети менен мамилелерин жакшырткан. Осмон архивдеринде билингендей, айрым кокон адамдары кыргыз деп белгиленген. Бул убакта ажыга баруу да күч алып, орто азиялыктар Стамбул аркылуу ажыга бара башташкан. XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап айрым осмон атуулдары соода, чалгындоо, окутуу максаты менен кыргыздардын аймагына келе баштаган.
Мисалы: 1850-жылдардын аягында Стамбулдан Нурмолдо аттуу түрк Ысык-Көл өрөөнүнө келип, Тоң аймагында мечит курдуруп, балдарды окуткан. Өзүнүн шакирттерин меккеге ажыга жиберген. 1888-жылдары стамбулдук осмон-түрк Абдурахман Эфенди Фергана өрөөнүнө келип, Кокон хандыгында кызмат өтөгөн кыргыз тарыхчысы Зиябидин Максымга жолугуп, андан Кудаяр ханга арналып (Фергана хандарынын тарыхы) жазылган китепти алып кеткен.
1898-жылы Анжиян көтөрүлүшү убагында да Осмон мамлекетинен бир нече түрк келип, көтөрүлүштүн чыгуусуна аралашкан. Осмон мамлекетиндеги панисламизм, пантүркизм идеялары күчөгөн мезгилде Орто Азияга көптөгөн осмон тыңчысы келе баштаган. Осмон жараны Салих Мухаммед Кыдыроглу 1902-жылы Ош шаарында, Осмон армиясындагы офицер Сайид Мухаммед Хамид Эфенди 1903-жылы Ат-Башы аймагында панисламизм пикирин жайганы үчүн орус падышачылыгы тарабынан кармалган.
1907-жылы Каракол шаарында жардамдашуу фонду курулат. Бул фонддогу чогулуштардын бирине осмон жараны Саид Шериф Мухаммед катышып, осмон армиясына жардам берүүгө чакырык жасаган. Пишпек, Токмок сыяктуу шаарларды да кыдырып, Шабдан баатыр менен жолуккан. 1909-жылы дагы бир Хажы Мавлян аттуу осмон жараны Шабдан баатырга жолукканы айтылат.
1912-жылы Караколдо Акрам Төрө аттуу жарандын үйүнөн 3 осмон жараны панисламизм пропагандачылары катары кармалган. 1914-жылдан баштап Осмон империясындагы курулган жашыруун Тешкилат-Махсуса атайын кызматынын өкүлдөрү мугалим, соодагер, саякатчы катарында Орто Азия, анын ичинде кыргыздардын арасына келе башташкан.
1916-жылдагы окуяларга катышкан осмон офицерлери да болгон. 1915-жылдары Кавказдагы орус-осмон согушунда он миңдеген осмон-түрк аскери орустардын колуна түшүп калып, Сибирдеги ар кандай сүргүн лагерлеринде кармалган. Алардын айрымдары кыргыздардын жардамы менен качкан жана Кыргызстандын аймагына 1917-1918-жылдары келишкен. Мисалы Хилми Бей, Курбай Миңбашы, Тахсин Бей, Талат Бей, Ражы Чакыргөз, Зия Йергөк, Хусамеддин Тугач, Нури Бей, Рифат Бей, Казым Бей, Халил Атаман жана башкалар өздөрүнүн эскерүүлөрүндө кыргыздар жардам бергендигин белгилешет. Чалгынчы катары Орто Азияга келген жана орус туткун лагерлеринен качкан осмон түрк аскерлери 1919-1922-жылдары Ферганадагы басмачылык кыймылына да активдүү катышкан.
Осмон-кыргыз мамилелери алкагында бири-бирине болгон жардамдарын да көрө алабыз. Айрым осмон жарандары XIX кылымдын аяктарында эле кыргыздардын арасына келип, мугалим катары тамга таанытып, агартууга салым кошкон. Ошондой эле Осмон мамлекети кыргыздарга куран жана диний китептер, грамматика, ыр, аңгеме, тарых жана башка китептерди жөнөтүп турган. Алардын айрымдары азыр илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда сакталып турат.
1911-жылдагы Кемин жана Ысык-Көлдө болгон жер титирөөгө осмон түрктөрү материалдык жана моралдык жардам беришкен. Ошондой эле кыргыздар да түрк туугандарга жардамдарын аяган эмес. Мисалы Шабдан баатыр 1904-жылы ажыга баратып, Стамбулда Хижаз темир жолунун курулушуна 2 миң рубль алтын жардамын көргөзгөн. 1912-жылы Балкан согушунда Балтабай аттуу кыргыз осмон түрктөрүнө акчалай жардам жөнөткөн. 1915-1916-жылдары Осмон мамлекети кошулган биринчи дүйнөлүк согушка да акчалай жардамдарды жиберип турушкан. Буга архив документтери далил.
Бир гана материалдык эмес, моралдык жактан да жардам беришкен. Осмондордун жеңишин тилеп, орустарга колго түшкөн осмон аскерлерин куткарган, аларга жол көрсөтүп турушкан. 1921-жылы Исмаил Сарыбай уулу Стамбулдун чет элдиктер тарабынан басып алынганын, кыргыздар аны билбей жатканын айтып, ойгон элим деген таризде узун ыр жазган. 1908-1923-жылдар аралыгында осмон мезгилдүү басылмаларында кыргыздар тууралуу байма-бай жаңылыктар, макалалар чыгып турган.
Совет доорундагы кыргыз-түрк алакалары
1920-жылдары Түркияда да, кыргыздарда да чоң саясий өзгөрүш болгон. Осмон империясы кулап, ордуна Түркия Республикасы курулган. 1917-жылы орус падышачылыгы кулап, ордуна совет бийлиги келген, 1922-жылы СССР түзүлгөн. 1917-жылы большевиктер бийликке келип, совет өкмөтүн курганда эч бир өлкө аны тааныган эмес.
Стамбулда султандык бийлик жашап турган мезгилде, 1920-жылы Анкарада Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан Түрк өкмөтү түзүлөт. Совет өкмөтү сыяктуу аны эч бир мамлекет тааныбай коет. Натыйжада эки өлкөдө тең жарандык согуш, сырткы күчтөрдүн кийлигиши күч алган. Бул кырдаалда 1921-жылы Анкара түрк өкмөтү менен Совет өкмөтү бирин-бири тааныган келишимге кол коюп, кызматташтык тууралуу макулдашкан.
Совет өкмөтү Мустафа Кемал Ататүрк башында турган Анкара өкмөтүнө курал-жарак жактан жардам берген. Анын ордуна Анкара өкмөтү Орусиядагы түрк-мусулман элдерине эч кандай жардам бербестен, Кавказ жана Орто Азиядагы большевиктердин бийлигин тааный турган болгон.
Кыргыздар 1924-жылдан баштап республиканын пайдубалын салып, 1936-жылы советтик республикага айланган. СССРге кирген 15 өлкө шериктеш республикага айланганы менен тышкы мамилелерде Москвага көз каранды эле. Мындайча айтканда, эч бир өлкө өз алдынча башка өлкөлөр менен дипломатиялык байланыш кура албайт, элчилик, консулдуктарды ача албайт болчу.
Кыргыз ССРи да 1991-жылга чейин сырт менен өз алдынча мамиле кыла алган эмес. Өлкө катары расмий мамиле болбогону менен кыргыз-түрк маданий алакалар уланып турган. Мисалы түрк акын-жазуучуларынын чыгармалары 1950-жылдардан баштап кыргыз тилине которулуп, гезиттерге жарыяланып турган.
Назым Хикмет, Бекир Сыткы Кунт, Орхан Кемал, Мелих Жевдет Андай, Йашар Кемал, Решат Нури Гүнтекин, Осман Зия Саба, Хасан Изеттин Динамо, Орхан Вели, Өмер Сейфеттин, Рыфат Октай, Бекир Йылдыз, Орхан Вели, Азиз Несрин жана башкалардын чыгармалары Советтик Кыргызстан, Ала-Тоо, Кыргызстан Маданияты, Ленинчил, Ленинчил Жаш, Ленин жолу, Кыргызстан пионери, Кызыл Кыргызстан, Жеңиш, Чалкан, Ден соолук, Эмгек майданы, Кызыл-Туу, Теңир-Тоо, Нарын Правдасы, Ысык-Көл Правдасы, Коммунизм Таңы, Октябрь Таңы жана башка мезгилдүү басылмаларга жарыяланып келген.
Ошондой эле Түркияда Манас эпосу боюнча изилдөөлөр 1930-жылдардан баштап 1990-жылдарга чейин ар түрдүү журнал, газеталарга жарыяланып, китептер басылып турган. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары түрк тилине которулуп, 1965-жылдан баштап Түркияда популярдуулугу арткан. Тарыхчылар, түрколог, филологдор түрк тарыхнаамасында кыргыз тарыхы тууралуу жазып турушкан. 1950-жылдары, 1980-жылдары Кытай, Пакистан, Ооганстандан миңдеген кыргыз качкыны Түркияга барып баш калкалап, жайгашып, жарандык алышкан.
Эгемендиктен кийинки кыргыз-түрк алакалары
Советтик мезгилдин акыркы жылдарында совет-түрк алакалары жакшыра баштаган. Түркия Анкара жана Стамбул шаарларына газды Орусиядан тартып келген. Советтер союзунун ыдырашына да кылдаттык менен көз салып, 1990-1991-жылдары советтик түрк республикалардын жетекчилерин Түркияга кабыл ала баштаган.
1991-жылы бардык советтик түрк республикалардын борбор шаарларына консулдук ачуу боюнча чечим кабыл алынган. Бирок ошол эле жылдын күз айларынан тарта советтик республикалар эгемендигин жарыялай баштады, бул дипломатиялык кызматташтык куруп, элчиликтерди курууга жол ачкан.
Кавказ жана Орто Азиядагы башка өлкөлөр сыяктуу Кыргызстандын да эгемендигин тааныган алгачкы өлкө Түркия болгон. Түркия Орто Азиянын эл аралык коомчулукта таанылуусуна, эл аралык уюмдарга мүчө болушуна чоң жардам берген.
Кыргызстан менен Түркиянын саясий, маданий, билим берүү, соода, экономика тармактарында кызматташтыгы күчөгөн. Эң алгач 1991-жылдын декабрь айында туңгуч президент Аскар Акаев Түркияга иш сапарын жасаса, 1992-жылы апрель айында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркиянын премьер-министри (ал убакта Түркиядагы негизги бийлик премьер-министрдин колунда болчу) Бишкекте Түркиянын элчилигин ачкан.
1992-жылы октябрь айында Анкарага жасаган иш сапарында Акаев Кыргыз Респуликасынын элчилигин ачкан. 1993-жылы жаз айында Түркиянын президенти Озал Кыргызстанга келип кеткен. 90-жылдардагы эки тараптуу саясий мамилелерде ар жылы эки өлкөнүн жогорку жетекчилеринин эки тараптуу расмий иш сапарларын көрүүгө болот.
Экономикалык жактан да кызуу кызматташтык жүрүп, Түркия Кыргызстанга 75 млн. доллар кредит берген. Ондогон инвестор Кыргызстанга өнөр жай, ишкана ачты. "Манас" университети, Анадолу лицейи жана түркиялык жеке мектептер ачыла баштаган. Студенттик долбоор менен жүздөгөн кыргыз жаштары Түркияга барып акысыз окуй баштады.
Маданий тармакта да кызматташтыктар күчөп, кыргыз өнөр адамдары Түркияга, түрк өнөр адамдары Кыргызстанга келип турушкан. 1999-жылы Түркия менен Кыргызстан 21-кылымга бирге деген достук кызматташтыкка кол койду. 1999-2000-жылдагы Түркиядагы экономикалык каатчылык алакага терс таасирин тийгизе баштаган. Анын үстүнө Түркияда саясий туруксуздук да болуп турган. 2001-жылы парламенттик шайлоодо көпчүлүк орун менен "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы жеңишке жетип, тышкы саясатта да өзгөрүүлөр башталган. 2003-жылы премьер-министр болуп шайланган Эрдоган 2003-жылы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.
Бирок Эрдоган бийлигинин алгачкы жылдарында Батыш өлкөлөрүнө ыктап, 1990-жылдардагы Түркиянын Орто Азия саясатынан бир аз алыстай түшкөн. Түркия менен Кыргызстан ортосундагы айрым экономикалык майда маселелер гана болбосо, негизинен чечилбеген талаш маселе жок болчу.
Атамбаев бийлигинин алгачкы жылдарында Түркия менен өтө жакындаша түшкөнү менен 2015-жылдан баштап эки өлкөнүн мамилеси сууй баштаган. Орусиялык учкучтардын Түркия тарабынан атып түшүрүлүшү Атамбаев тарабынан сынга алынган. 2016-жылы Түркияда төңкөрүш аракети ишке ашпай, бул ишке айыпталган Гүлен кыймылынын кишилери түрк тарапка өткөрүлүп берилиши, "Себат" мектептери жабылышы керектиги айтылганда, Атамбаев муну катуу сындап чыккан эле.
Бул сөздөн кийин Түркия менен Кыргызстандын "тоңуп калган" мамилеси Атамбаев бийликтен кеткенге чейин жибиген жок. Жээнбековдун 2018-жылы жаз айында Түркияга иш сапары, Эрдогандын ошол эле жылы сентябрда Кыргызстанга иш сапары эки тараптын жаңы барагын ачты. Кызматташтык тууралуу бир нече документке кол коюлду. Түркия Кыргызстанга андан бери оорукана, мектеп, мечит ачты. COVID-19 маалында гуманитардык жардам, дары-дармек берилди. Ошол эле мезгилде Кытай чек арасынын жабылышы менен Түркиянын товарына болгон суроо-талап өстү.
Соңку мезгилдеги кыргыз-түрк мамилелери
Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен мамилелер жаңыланды. Гүлен тобунун Кыргызстандагы ана башы делген Орхон Инанды Түркиянын абагында жатат. Садыр Жапаров бир нече жолу Түркияга барып келди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал мезгилинде ачык болбосо да Түркиянын колдоосу даана сезилди. Кыргызстан Түркиядан Байрактар, Акынжы, Анка, Аксунгур сыяктуу учкучсуз учактарды сатып алды. Кыргызстандык 150 оорулунун Түркияда бекер дарылануусу тууралуу макулдашуу иштеп келе жатат.
Учурда 1,5 миңдей кыргыз жарандары Түркияда гранттык жана контрактык негизде билим алып келишет. 2021-жылдары Түркияда 40 миңдей кыргыз эмгектенип жүрөт деген маалымат болгону менен соку учурда Түркиядагы эмгек визасын берүүнү кыйындатканы жана инфлияциядан улам кыргыздардын саны кескин кыскарган. Ошол эле учурда миңдеген түрк жараны Кыргызстанда эмгектенип жүрөт.
Түркиядагы чоң жер титирөө
2023-жылы Түркиядагы кылымдын апааты деп аталган жер титрөөдө Кыргызстан мамлекет катары да кыргыз эли боордош эл катары колунан келген материалдык, моралдык жактан жардамын берип, тилектештигин билдирди. Айрыкча эң каттуу жер титиреген Кахраманмараш шаарына 200 боз үй тигип бергени, кыргыз куткаруучуларынын эң оор урандылардан адамдарды куткарып чыгышы, Кахраманмараштагы милдетин аткарып бүтүшкөн кийин түрк өкмөтүнүн суранычы менен Хатай шаарына да барып куткаруу иштерине жардам берип, 13 күндөн кийин да бир жанды тирүү куткарып чыгышы түрк коомчулугунда кызуу талкууланып, кыргыздарга ыраазычылыгын билдиришкен. Муну түрк өкмөтү да баалап, президент өз колу менен ыраазычылык сыйлыгын тапшырды.
Кытай чек арасынын ачылышы, Түркиядагы экономикалык каатчылык, инфляциянын өсүшү, кыргыз-түрк соода тармагына терс таасирин тийгизди. Ошого карабастан Түркиядан Кыргызстанга текстиль, булгаары, эмерек, кондитердик азыктар, электроника, курулуш материалдары, даары-дармек, зергер буюмдары үзгүлтүксүз ташылып келе жатат. Түркиядан ташылып келинген товарлар Кыргызстандын бажысындан тоскоолдуксуз кирип жатканы менен Кыргызстандан Түркияга кирген товарлар бажыда кыйнчылыкка учурап жатат.
Кыргызстан менен Түркия ар жылы же эки, үч жылда бир өкмөт башчылары деңгээлинде бизнес форуму өткөрүлүп турат. Акыркы бизнес форум Анкара шаарында 2024-жылдын 9-10-февраль күндөрү өттү. Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаз өз сөзүндө: эки өлкө арасындагы соода жүгүртүү көлөмү 1 млрд 600 млн долларга жеткенин белгилеп, 2024-жылы 2 млрд долларга жетүүнү көздөп жатканын белгилеген.
Түркиянын 2023-жылдагы Орто Азия өлкөлөрү менен өлкөлөрү менен экспорттук/импорттук көрсөткүчү
Ал эми бул Түркиянын статистика комитетинин сайтына илинген таблица 2024-жылдын январь-август айы аралыгындагы импорттук көрсөткүчү
Ал эми бул Түркиянын статистика комитетинин сайтына илинген таблица 2024-жылдын январь-август айы аралыгындагы импорттук көрсөткүчү.
Көрүнүп тургандай Түркия сегиз айда Орто Азиядан эң аз импорт жасаган өлкө Кыргызстан болгон. Тажикстан былтыркы жылы Түркияга экспорту Кыргызстанга караганда 150 млн долларга аз болгон. Бирок быйылкы жылдын августунда Түркияга болгон экспорту Кыргызстандан ашкан. Кыргызтан Түркияга август айында болгону 4 млн 934 долларга экспорт кылса, Тажикстан 20.450 млн долларга экспорт жасаган. Ал эми Кыргызстан былтыркы жылы август айында Түркияга 23 млн долларлык экспорт жасаган.
Көрүнүп тургандай сегиз айдагы Түркиянын Орто Азияга экспорту эң көп Казакстанга болгон. Бирок Түркиянын Орто Азиядагы коңшу төрт өлкө менен болгон экспорттук/импорттук каатнашы өтө чоң айырма жок. Ал эми Кыргызстан менен болгон соода балансындагы былтыркы жылы 10 эсе тактап айтканда 1 млрд долларга жакын айырмачылык чыккан. Быйылкы жылдын сегиз айдын ичиндеги эле айырмачылык 723.826 млн долларга жеткен. Албетте бул Түркиянын статистика комитетинин берген маалыматы.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика Комитетинин сайтында Кыргызстандын Түркиядан 2023-жылдагы импорту 453.435,6 млн доллар, Түркияга экспорту 153.106,346 млн доллар деп көргөзүлөн. Ал эми 2024-жылдагы маалыматтар азырынча көрсөтүлгөн эмес. Бул жерде эки өлкөнүн расмий статистика мекемелеринин берген маалыматында чоң айырмачылык көрүнүп турат. Булак. www.stat.gov.kg.xls
Кыргыз Республикасынын Анкарадагы элчилигинин интернет сайтында сегиз жарым жылдык эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү боюнча маалымат таблицага түшүрүлүп илинген. Кызыгы элчилик соода жүгүртүүдөгү маалыматтарды Кыргызстандын эмес, Түркиянын статистикасындагы маалыматтарды берген.
Ал КРнын улуттук статистика комитетиндеги Түркия менен болгон 2015-2023-жылдардагы соода жүгүртүүсү
Ошол эле элчиликтин интернет сайтында төмөндөгүдөй жазылып турат. «Кыргызстандын Түркияга болгон негизги экспорту булар буурчак (фасоль), жаңгак, пахта жана андан жасалган кездемелер (жиптер), иштеп чыгарылбаган терилер, тери жана андан жасалган буюмдар, зергер бюмдары (баалуу таштар, алтындан жана күмүштөн ар түрдүү жасалгалар), алтын, металл, минералдык күйүүчү майлар жана жез калдыктары, алюминий эритмелери, ошондой эле дарылар түзөт».
Булак: https://mfa.gov.kg/kg/dm/kyrgyz-respublikasynyn-turkiya-respublikasyndagy-elchiligi/menyu---inostrannoe/--uslugi/sooda-zhana-ekonomikalyk-kyzmattashtyk/ooda-ekonomikalyk-kyzmattashtyk-5c21c2c78b987
Минтип жазылып турганы менен аталган товарлардын баары Түркияга кирип жатышы күмөн туудурат. Мисалы Түркияга Түштүк Америка, Европанын жаңгагы, Индиянын күрүчү, АКШнын бадамы, Африканын кажусу кирип жатканы менен Кыргызстандын жаңгак, фасоль, мумия, күрүч, өрүк/какты алып кирүүдө бажыдагы ири салыктары, жумалап-айлап лабароториялык анализдерден өтүү сыяктуу процедуралар, кирген товардын өздүк наркынан кымбат баага чыгып калууда. Бир жагынан аралыктын узактыгы да таасирин тийгизүүдө. Бул жерде эки тараптын жогорку жетекчиликтеринин сүйлөшүүсү менен Кыргызстанга Түркиядан товарлар кандай жеңилдик менен кирип жатса, Кыргызстандын товарлары да Түркияга ошондой жеңил кирүүсүн камсыздалышы керек. Кыргызстандын Түркияга болгон саналуу гана сатыла турган товары бар.
Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери Түркиянын 500гө жакын фирмасы Кыргызстанда иштеп келет. Алар негизинен орто жана чакан ишканаларды ачып; тери иштетүү, текистль, таттуу азыктары, азык-түлүк, кен иштетүү ж.б. тармакта кызмататшып келет. Түркиянын мамлекеттик жеке тараптар 30 жылдан бери 1 млрд долларга жакын инвестиция салып, 93 долбоорду ишке ашырышкан.
КР Улуттук Статистика Комитетинин сайтында жазылгандай: Түркия 2023-жылы Кыргызстанга 43205 долларлык инвестиция салса, 10511 долларлк инвестициясы кеткен. Кыргызстанга 2024-жылдын биринчи жарымында 61184,3 долларлык Түркиялык инвестиция салынса, 32347,6 миң долларлык инвестициясы чыгып кеткен.
Учурда Кыргызстан менен Түркия арасында майда-барат айрым маселелер чыгып турганы менен эки өлкө ортосунда чечилбеген оорчунду маселе жок. Эки өлкө Түрк Мамлекеттер Уюму жана анын институттары алкагында интеграцияланып жатат. Андан сырткары Ислам Кызматташтык Уюму, Экономикалык Кызматташтык Уюму, Дүйнөлүк Соода Уюму сыяктуу ири эл аралыка уюмдарга бирге мүчө. Түрк Мамлекеттер Уюмунун 2024-жылдагы өлкө башчыларынын саммити Кыргызстанда өтөт жана бул саммит алкагында Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Эки өлкө ортосунда бир нече кызматташтык тууралуу макулдашууларга кол койулаары күтүлүп жатат.
Дастан Разак уулу, тарыхчы (Ph.D)