Кенебестиктин кесепети оор: капчыгайдагы кырсыктуу өлүмдөр

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Ала-Арча кырсык

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Ала-Арча жаратылыш коругунда эс алууга барып дайынсыз болуп жаткан адам менен анын сегиз жашар кызынын сөөгү сайдагы суунун жээгинен табылды. Кырсыктын себеби тактала элек. Бирок көпүрөдөн сууга кулап кеткен болушу мүмкүн деген божомолдор болууда. Андан мурда Аламүдүн капчыгайында жаш келин ымыркай баласы менен сууга түшүп кетип, каза болду. Бул кырсыктар тоо арасында эс алуунун коопсуздугу жөнүндө маселени талкуунун чордонуна чыгарды.

"Трагедия болмок эмес"

Ала-Арча жаратылыш коругуна 3-августта эс алууга барган адам жанына сегиз жашар кызын кошо ээрчите кеткен экен. Кийинки күнү байланыш үзүлгөндөн кийин аны издөө башталды. ӨКМ куткаруучулары жана ыктырчылар чогулуп издеп жатып, үч күн дегенде адегенде атасынын сөөгүн суу жээгинен табышты. Ошол эле күнү түштөн кийин кыздын сөөгүн сайдагы бактардын арасынан табышты.

“Кыздыкын айта албайбыз, атасы сууга чөгүп кеткен. Азыр тергөө, экспертиза иштеринде так белгилүү болот”,-деди ӨКМдин Аламүдүн райондук куткаруучулар отрядынын командири Мирбек.

Ыктыярчы куткаруучулар болсо атасы менен кызы экөө тең сууга түшүп кеткен деген божомолду айтып жатышат.

“Кызы көпүрөдөн өтүп атканда сууга кулап кеткен, атасы аны куткарам деп артынан сууга секирген деп айтып атышат”,-деди жаштардын ыктыярчылар тобунун мүчөсү Эрмек.

Кырсыктын себеби катары айтылып жаткан жаратылыш коругундагы көпүрө

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кырсыктын себеби катары айтылып жаткан жаратылыш коругундагы көпүрө

Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш коругу президенттин иш башкармалыгына карайт, ага эс алууга барган туристтер акча төлөп киришет. Социалдык тармакта коруктун ичиндеги солкулдап араң турган темир көпүрөнүн сүрөтүн жарыялап, оңураак көпүрө салып койбогондугу үчүн президенттин иш башкармасын сынга алышууда.

“Бул көпүрө (эгер аны ушундай атасак) Ала-Арча капчыгайында, чоң Ала-Арча мөңгүсүнө жана Голубина мөңгүсүнө алып барат. Сегиз жаштагы Руфина болжол менен так ушул жерден сууга кулаган, атасы Борис аны куткаруу үчүн сууга секирген. Экөө тең курман болушту. Жаратылыш паркы президенттин иш башкармасынын балансында турат, эмнеге алар оңураак көпүрө куруп кое алышпайт! Ар бир кирип чыккан машина үчүн 700 сом алышат, кирген машина толтура. Каякка кетип атат бул акчалар? Эгер бул жерде көпүрө нормалдуу болгондо трагедия болмок эмес!!!”,-деп жазган Семетей Аманбеков президентке, өкмөт башчыга, УКМК төрагасына жана президенттин иш башкармалыгына кайрылды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Бул көпүрө 2018-жылы эле авариялык абалда экени эскертилген”,-деди Фейсбукта Гүлбара Оморова, Суу жана гидроэнергетика проблемалары институтунун илимий кызматкери. - “Канча жолу көпүрөнү оңдогула же Адыгене капчыгайында жаңы көпүрө куруп бергиле деп сурандык! Биз окумуштуулар Адыгене менен Голубина мөңгүсүнө ушул көпүрө менен барабыз. Трекинг менен алектенген туристтер да ушул жактан өтөт. Алар кантип өтөт билбейм, бирок бул көпүрө аркылуу аркан байланып араң өтүшөт. Биз суу куюлган бөтөлкөлөрдү, рюкзактарды артынып башыбызды тобокелге байлап өтүп жүрөбүз".

Ырас, атасы менен кызын кырсык чалган окуя дал ушул көпүрөдө болгонунун так далили жок, көргөн билген киши жок. Бирок чалдыбары чыккан бул көпүрө кырсыктын себеби болоруна далилдин кереги жок. Авариялык абалдагы көпүрөнү адам жолотпой жаап салыш керек же коопсуз, бекем кылып оңдоп коюш керек эле. Коруктун жетекчилери муну көрбөй келатабы? Эми бул иште кимдин кандай жоопкерчилиги бар экенин прокуратура органдары аныкташы абзел.

“Ушул көпүрөдөн кулады дегенге далил жок. Бирок көпүрөнү оңдош керек, коркунучтуу экен. Балдарга көз болуш керек дарыянын жээгинде. Балдарды дарыяга жакын кое бербеш керек”, - деди социалдык тармакта Виолетта деп катталган жаран.

Ала-Арча жаратылыш коругунун жетекчилиги өз кезегинде эс алууга келген адамдарды тоо арасында кырсык тооруп турганын, ошондуктан ар ким өзү сак болушу керектигин айтууда.

“Бүт кооптуу жер, суу-таш. Тоодо ар бир жаран өзүнүн коопсуздугун ойлоп этият жүрбөсө болбойт. Тоо арасы бүт эле кооптуу жер. Басып баратканда деле таш, суунун жээгинде деле абайлап баспаса, даярдыгы бар адамдар жүрбөсө кыйын. Көпүрө деп атат, көргөн киши жок, таштан тайып кеттиби аны көргөн киши жок. Ким билет? Бер жакта жакшынакай көпүрө бар аркы өйүзгө өткөн. Бул өйдөрөк жактан өткөнбү, кандай болгон ким билет”,-деди Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш коругунун директорунун орун басары Эркин Тынаев.

Бишкектин түштүк тараптагы тушунда эл көп барган Ала-Арча, Аламүдүн капчыгайы бар, андан сырткары Сокулук районунда, Ысык-Ата районунда, Токмок шаарынын тушундагы тоо арасындагы капчыгайларга дагы дем алыш күндөрү эл жайнап барат.

Капчыгайда өрт коопсуздугун карап турган адамдар бар, бирок тоо арасындагы туристтик маршруттар менен баргандарды караган же коштогон адамдар жок. Ошондуктан эс алуучулар ишене турган эч ким жок, коопсуздукту камсыз кылган шарттар жок, өздөрү сак болушу керек.

“Эки жума мурун дагы 20 жаштагы кыз суунун жээгинде туруп эле сууга түшүп кетиптир. Жети жүз метр барып, карагайга илинип калып, аны аман алып калышты. Сүрөткө түшө калам деп таштын үстүнө чыга калгандар көп болот. Таш сыйгалак болот, буту тайып, сууга кирип кетиши мүмкүн”,-дейт Эркин Тынаев.

"Сууга жакын жолобосун"

Аламүдүн

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аламүдүн капчыгайынды ымыркайы менен кошо сууга чөгүп кеткен келинди куткаруу иштерине ыктыярчылар жардам берди

Эки апта мурда Аламүдүн капчыгайында кирип жаткан суу эки адамдын өмүрүн алды. Жыйырма беш жаштардагы келин тогуз айлык ымыркай кызы менен сууга түшүп кетип, өзүнүн сөөгү эки сааттан кийин табылды, ымыркайды бир аптадан кийин 20 км төмөн жердеги "Хуторок" деген эс алуу зонасынан табышты.

Аламүдүн капчыгайында дарыянын эки жээгинде эс алуучулар үчүн жайкы кафелер, боз үйлөр иштейт. Дем алыш күндөрү жайнаган адам барат, автоунаа батпай калат. Бул жактагы жерлердин баары жеке менчикке карайт. Жер ээлери дагы, эс алууга баргандар дагы коопсуздук эрежелерине ат үстүнөн мамиле кылышат.

“Мунун баардыгы союз бузулгандан кийин менчикке берилип кеткен. Ар бир метрине чейин жеке менчиктики. Алар кааласа малын жаят экен, кааласа уйун байлайт экен,-дейт ӨКМ басма сөз кызматынын башчысы Алим Токторов. - Кааласа боз үйүн тигип алат экен. Айыл аймагынын жетекчилерине биз тараптан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, этият болуш керек. Туристтер, конокторго айтып тургула, сууга жакын жолобосун деп. Бирок жарандар өздөрү жакшы көңүл бурбай атышат. Палатка тигип түнөп калып атышат. Суунун баарын тор зым менен тосо албайт экенсиң. Өздөрү тыйын төлөп барып алышкандан кийин сууга түшпө деген кооптуу жактарга чейин барып алып жатышат”.

Тоо арасына эс алууга барган адамдарды кырсык чалып жатканда ӨКМ быйыл сууга чөгүп өлгөндөр башка жылдарга караганда көп болуп жатканын билдирүүдө. Мисалы, сууга чөгүп өлгөндөр өткөн жылы кырк чамал адам болсо, быйыл жарым жылдыкта эле көрсөткүчү элүүдөн ашып кетти.

Мунун бир себеби эс алуу жайларында куткаруучулардын жетишпегендиги курч маселе болуп жатканында, анткени жоопкерчилиги, түйшүгү чоң, бирок акчасы аз ишке баргандар да аз.

Тоодогу көлдөрдүн коркунучу

Бийик тоо арасындагы Акпай көлү жылда эле жырыла турган болуп, кооптуу абал жаратат

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бийик тоо арасындагы Акпай көлү жылда эле жырыла турган болуп, кооптуу абал жаратат

Мамлекеттик органдар өз кезегинде азыр күн катуу ысыганына байланыштуу тоо арасындагы көлдөрдүн жарылуу коркунучу бар экенин эскертүүдө.

“Мөңгүлөр катуу эрип баштады. Азыр ӨКМ чукул билдирүү жөнөттү. Тоо арасындагы Аксай көлү кооптуу болуп турат. Ошону укпай чыгып атышат. Ар бир жаран өзүнүн коопсуздугун ойлонуш керек да”,-дейт Эркин Тынаев.

Сокулук дарыясынын башында Акпай деген көл бар, жайкысын эрийт. Июнь-июль айларында эриген мөңгүлөрдүн эсебинен анын көлөмү 300 миң метр куб болуп чоңойот. Июлдун аягы же августтун башында жырылып кетиши мүмкүн болуп коркунуч жаратат.

2017-жылы Ысык-Ата районунун үстүндөгү Челек-Төр деген көл жарылып кеткен. Суу дамбанын түбүн жарып чыгып, селге айланып, жолдогу кашарларды, көпүрөлөрдү жууп кеткен.

Мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстан үчүн эң чоң кесепет алып келе турган климаттык көйгөй.