Кандуу чабуул. Газадагы кыйраган оорукана

Чабуулга кабылган Аль-Ахли ооруканасынын азыркы көрүнкү. 2023-жылдын 18-октябры

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чабуулга кабылган Аль-Ахли ооруканасынын азыркы көрүнкү. 2023-жылдын 18-октябры

Саламаттыкты сактоо кызматтарынын айтымында, Газа шаарындагы эл көп чогулган ооруканада болгон жарылуудан жүздөгөн адамдар набыт болду.

Дарыгерлердин бири Аль-Ахли араб ооруканасына урулган соккуну "кыргын" десе, экинчиси айлананын баары кыйраган көрүнүш тууралуу айтты.

Палестин бийликтери жарылуу Израилдин аба соккусунан улам болгонун айтышууда.

Бирок Израил армиясы муну палестиналык “Ислам жихады” тобунун ракета учуруусунун натыйжасы деп билдирди. Бул айыптоону согушчан топ четке какты.

7-октябрда Палестинанын ХАМАС тобу Израилге чабуул жасап, 1300 адамдын өмүрүн алган. Ага жооп иретинде Израилдин согуштук учактары жана артиллериясы Газаны бомбалады.

Газага жасалган соккулардан 3000ден ашуун адам набыт болгону кабарланууда.

Ооруканага урулган сокку ал жердеги гуманитардык кризисти жөнгө салуу аракеттерине коркунуч туудурат. Бүгүн АКШнын президенти Жо Байден, Иорданиянын королу Абдулла жана палестиналык жана египеттик лидерлердин ортосунда Иорданияда саммит болмок. Амман учурда ал саммитти жокко чыгарды.

Жо Байден өз өлкөсүнүн "Израил менен тилектештигин" жана "анын коопсуздугуна бекем берилгендигин" көрсөтүү үчүн Тель-Авивге баратат.

Аль-Ахлиден алынган сүрөттөрдөн башаламандыкты көрүүгө болот: анда канга боёлгон жана жарымжан адамдарды караңгыда замбилге салып кетип жатышат. Сыртта, урандыларга толгон көчөдө сөөктөр жана талкаланган унаалар жатат.

Бир видеодо снаряддын аймакка тийип, андан соң жарылуу болгонун көрүүгө болот.

Оорукана жайгашкан жер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оорукана жайгашкан жер
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Биз ооруканада операция кылып жатканбыз, катуу жарылуу болуп, операциялык бөлмөнүн шыбы кулап түштү. Бул кыргын", - деди, согушта жарадарларды дарылоого жардам берген Чек арасыз дарыгерлер уюмунун пластикалык хирургу доктор Гассан Абу-Ситтах.

Дагы бир дарыгер Би-Би-Сиге оорукананын сексен пайызы иштебей калганын, миңдей адам каза болгонун жана жабыркаганын айтты.

Аль-Ахли Араб ооруканасы толугу менен Англикан чиркөөсү тарабынан каржыланат, чиркөө оорукана Газадагы саясий топторго көз каранды эмес деп билдирген.

Канон Ричард Сьюэлл, Иерусалимдеги Сент-Жорж колледжинин деканы жана чиркөөнүн башкы өкүлдөрүнүн бири болгон окуя тууралуу ишенимдүү маалымат алуу кыйын болуп жатканын, бирок ал ооруканага сокку урулганын тастыктай аларын жана “каза болгон адамдардын саны көп” экенин билдирген.

Анын айтымында алты миңдей жер которгон адам өткөн аптанын аягында оорукананын короосунда баш калкалаган.

Ал Израил Ооруканага алгач ишемби күнү сокку урганын, анда төрт киши жарадар болуп, мекеме да жабыркаганын билдирди. Андан кийин 5000 адам короодон чыгып кеткен – миңге жакыны ошол жерде калган эле, алардын көбү майыптар же кары-картаңдар болчу.

Ревд Сьюэлл дүйшөмбү күнкү жарылуу маалында 600дөй бейтап жана аларды дарылап жаткан кызматкерлер оорукананын ичинде болгонун, бирок каза болгондордун көбү сыртта тургандар болушу ыктымал экенин билдирди.

“Кокусунанбы же атайылап жасалдыбы, чабуулдун мындай түрүн эч качан актоого болбойт. Үрөйдү учурган окуялар болуп жатат”, - деп кошумчалады ал.

Ошол учурда жакын жерде болгон британдык-палестиналык инженер - консультант жана университеттин профессору Захер Кухайл Би-Би-Сиге ал көргөн нерсени "элестетүү мүмкүн эмес" экенин айтты.

"Мен F-16 же F-35тен (кыргын салуучу учагынан) атылган эки ракетаны көрдүм, алар адамдарды бутага алып, таптакыр аёосуз, ырайымсыз өлтүрүштү," - деди ал.

Ал кошумчалагандай, жарылуудан улам чыккан өрттөн көптөгөн адамдар мүрт кеткен жана алгачкы жардам кызматына тирүү калгандарды куткаруу үчүн керектүү жабдуулар жетишсиз болгон.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги 500 кишинин каза болгонун, дагы жүздөгөн адамдар урандылардын астында калды деп кооптонуп жатканын билдирди.

ХАМАС Израилдин соккусун "үрөй учурган кыргын" деп атады.

Оккупацияланган Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббастын басма сөз катчысы Израилди “оор кылмыш” жасады деп айыптады.

Сокку урулгандан кийин Аль-Ахли ооруканасын өрт жалмаган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сокку урулгандан кийин Аль-Ахли ооруканасын өрт жалмаган

Каардандан адамдар Батыш жээкте көчөлөргө чыгышты. Жүздөгөн демонстранттар Палестин бийлигинин коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан, алар көздөн жаш агызуучу газ менен жооп беришкен.

Израилдин Коргоонуу күчтөрү (ИКК) алгачкы жообунда ооруканаларды бутага албаганын баса белгилеп, "текшерилбеген дооматтарды таратуудан" этият болууга үндөдү.

Кийинчерээк ИККнын басма сөз катчысы контр-адмирал Даниел Хагари видео билдирүүсүндө: "Оперативдик жана чалгындоо системаларын анализдөөдөн жана кайчылаш текшерүүдөн кийин Израилдин Газадагы ооруканага сокку урбаганы айкын болду," - деди.

“Оорукана “Ислам жихады” террордук уюму учурган ракетасы тийгенинен улам талкаланды,” – деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, согуш башталгандан бери Израилди көздөй ирээтсиз атылган миңдеген ракетанын 450сү Газа тилкесине түшүп, карапайым калкка коркунуч жараткан.

Палестинанын “Ислам Жихады” тобу ракета атканын четке кагып, ал кезде Газа шаарында эч кандай иш-аракет жасабаганын билдирди.

Эл аралык Кызыл Чырым комитети жарылуу тууралуу кабарга катуу кабатыр болгонун билдирди.

"Ооруканалар өлүмдун жана кыйроонун чордону эмес, адам өмүрүн сактап кала турган ыйык жай болушу абзел. Бир дагы бейтап оорукананын керебетинде өлтүрүлбөшү керек. Бир дагы дарыгердин башкаларды сактап калууга аракет кылып жатып өмүрү кыйылбашы керек", - деп айтылат билдирүүдө.

"Ооруканалар эл аралык гуманитардык укуктун алкагында корголушу зарыл."

Ошондой эле Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму жарандарды жана саламаттыкты сактоо мекемелерин тез арада коргоого алууга чакырды жана Израил аскерлерин кургактыктан жасалчу ири чабуулга чейин Газанын түндүгүндөгү жыйырма оорукананы эвакуация кылуу буйругун жокко чыгарууга үндөдү.

"Учурдагы кооптуу жагдайды, көптөгөн бейтаптардын оор абалын, тез жардам унааларынын, медперсоналдын, оорукана керебеттеринин жетишсиздигин эске алганда жана жер которгондор үчүн бөлөк баш калкалоочу жайдын жоктугунан улам эвакуациялоо буйругун аткаруу мүмкүн эмес."