Баткен: суу талаштан талаа иштери кечеңдеди

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Тажик тараптын талабы менен Баткендеги Лейлек районунун айрым участокторунда жазгы талаа иштери үзгүлтүккө учурап жатат. Бул маалыматты Би-Би-Сиге Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы Шайирбек Орозалиев тастыктады.

“Чек арага жакын жерлерди айдабагыла деп тажик туугандар тоскоолдук жасап жатпайбы. Максат айылында, Сай участкасында жана Эски-Оочу айылында ушундай болуп атат. Ал жерлер такталган эле жерлер, болгону чек арага жакын жерлер болуп атпайбы. Бул эми болбогон доомат”.

9-апрелде Лейлек районундагы Эски-Оочу айылынын тургундары жер айдап жаткан учурда тажикстандык жарандар менен чек арачылар келип, ишти токтотууну талап кылып жаткан видео тараган.

Кыргыз-тажик чек арасында жаздын келиши менен абал чыңалып жатканы Тажикстан тараптан да айтылууда.

Белгилүү тажик журналисти Негматулло Мирсаидов Кыргызстандын Баткен районунун суу чарба башчыларын трансчектүү сууга көзөмөл алып жатат, деп өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

“Тажик тараптын макулдугу жок эле суу трубаларына вентилдер коюулуп жатат”,- дейт журналист.

Анын айтымында кыргыз суу чарбачылары Тажикстандын Какир махалласындагы суу боюна ошондой вентилдерди орнотуп кеткен.

“Ал жакта тургундар азыр каршылык көрсөтүүдөн өздөрүн кармап турушат. Себеби, маселени өз алдынча чечүү аракети жаңы конфликттерге алып келиши мүмкүн”.

Чек ара кызматы эмне дейт?

Кыргызстандын Чек ара кызматы чек арадагы айылдарда болуп жаткан окуялар боюнча 9-апрелде эки тараптуу жолугушуу болгонун билдирет. Анда чар-чатактар чыккан аймактарда айдоо иштери токтотуу чечими кабыл алынган.

“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын жарандары 0.4 гектар жер тилкесинде жумуштарын токтотуп, ошону менен бирге Тажикстандын жарандары да Сай участкасында 14 гектар жер тилкесинде жумуштарын токтото турган болушту”,- делет бул тууралуу расмий маалыматта.

Жолугушууда кыргыз тарап Лейлек районунун Катта-Туз аймагына жакын жерде окопторду казууга жол берилбеши керектигин айтып чыккан.

“Тажикстандын чек ара өкүлү окопторду казган тажик чек арачылары жазаланышкандыгын жана тажик тарап Майты жерлигиндеги 28 гектар жер тилкесинде да жумуштарын токтоткондугун билдирди”,- деп билдирет Чек ара кызматы.

Ушу тапта кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүп жатат.

Суу чарбасы боюнча орток комиссия

Чек арадагы тургундар арасында суу бөлүштүрүүдө чыр-чатактардын алдын алуу боюнча буга чейин атайы суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия да түзүлгөн эле.

“Суунун туура бөлүштүрүү боюнча комисия түзгөнбүз. Комиссия эки жолу жолукту. Бул жерде түшүнбөстүк суунун аздыгынан болуп жатат. Ар бир тарап эле “мага көбүрөөк бер” дегенден талаш чыгып жатат. Суу биз тараптан кетип жаткандыктан тажик тарап мурунтан алып келчү суунун көлөмүнө биз эч кандай тоскоолдук кылбайбыз. Бул маселени эртең тажик тарап менен дагы кенен талкуулайбыз”,- деди президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев.

Эртен 12-апрелде Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода менен чек арадагы соңку факттарды талкуулайт. Баткендин Төрт-Көчө жеринде эки тараптан облустук деңгээлдеги тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жолугары күтүлүп жатат.

 Быйыл 10-11-мартта дагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуусу катталган. Окуяда Кыргызстан тараптан жабыркагандар жок экени айтылган. Тажик МККлары өздүк булактарга таянып, окуядан тажикстандык бир чек арачы каза болуп, бир жөнөкөй тургун жараат алганын кабарлаган эле.

Кыргыз-тажик чек ара аймагында былтыр суу бөлүштүрүүдөн чыккан чыр кандуу кагылышка алып келип, эки тараптан тең курмандыктар болгон.

Эки тараптуу чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссия делимитация жана демаркация иши боюнча Лейлектеги Майты айылынан чейин жеткенде токтоп калган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев февралда чек ара тактоо иштери эң татаал, чырмалышкан бөлүгүнө келип жетти деген.

Былтыр май айынан бери эки тарап 81 километр боюнча орток пикирге келгени кабарланган. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 километр болсо, анын 519 гана такталганы буга чейин айтылган.

Калган чек аралар негизинен калктуу конуштарга туура келип, маселени бир жаңсыл чечүүгө жер, эки тараптын суу, жол талаштары тоскоолдук жаратып жатат.