Равшан Жээнбековдун жакындарына карата туташ айыптоолор
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген күчтөргө оппозиция болуп жүргөн саясий ишмерлердин бири Равшан Жээнбековдун өзү, анын жубайы Салима Алимбаева, бир тууганы Мира Жээнбекова, досу Марат Баязов, ал түгүл үйүн оңдоп-түзөгөн жумушчусу да оор кылмыштарга шектелип жатышат.
Жээнбеков өзү муну саясий куугунтук дейт, бирок бийлик өкүлдөрү аны четке кагып келишет.

Сүрөттүн булагы, respublica.kg
Азат Равшан (Равшан Жээнбековдун уулу) коомдук сайттар аркылуу апасы Салкынай Алимбаеванын абалы боюнча маалымат берди. Анда ал апасы 29-июлда башынан оор операция өткөргөнүн, андан кийин үйгө чыгарылганын, абалы начар экенин жазды.
Салима Алимбаевага операция жасалды
“Мен дагы тактап айткым келет, апам эч кимге эч кандай материалдык зыян келтирбегендиктен кун төлөгөн жок жана анын эч кандай “жерге” тиешеси жок. Апамдын камалышы атамдын Равшан Жээнбековдун саясий позициясы жана NEXT TV телеканалынын көз карандысыз маалымат каражаты катары ишмердигине байланыштуу”,- деп жазды. Азат Равшан. Ал өзү учурда АКШДа экени белгилүү болду.
УКМК буга чейин билдирүү таратып, анда тергөө иштеринде Салима Алимбаева, жеке бизнестин өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, анын мамлекеттик органдарда байланышы бар экендигине ишендирип, кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо жеңишти ыйгаруу үчүн 500 миң АКШ доллар алгандыгы аныкталганын билдирген:
" С.Алимбаева Финансы министрлигине караштуу "Инфосистема" мамлекеттик ишканасында болгон байланыштар аркылуу каршы келген катышуучулардын аракеттерине бөгөт коюу функциясын мыйзамсыз пайдалануу менен Бишкек шаарындагы 2 кымбат баалуу жер тилкесин ижарага берүү боюнча тооруктарда "Электрондук соода платформасы" автоматташтырылган тутумунда көрсөтүлгөн жеке бизнес өкүлдөрүнүн жеңишин камсыз кылган. Бул факты боюнча С.Алимбаева менен бирге жооптуу кызматкерлер Финансы министрлигине караштуу "Инфосистема" мамлекеттик ишканасы жана бул кылмышка тиешеси бар айрым жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылды".
Расмий маалыматта "тергөөнүн жүрүшүндө баасы 1 464 383 000 сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулду" делет.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Салимбаевага коюлуп жаткан айыптар тууралуу мындай дейт:

Сүрөттүн булагы, Screenshot
“Улуттук коопсуздук кызматы коррупция менен алектенишет көбүнчө, анан мамлекеттик кызматта болбогон аялдын коррупцияга кандай тиешеси бар? Мен анын (ред. Равшан Жээнбековдун) аялынын кармалышын куугунтук деп эсептейм. Бул менин жеке оюм”.
Равшан Жээнбеков өзү былтыр октябрдан бери тергөө абагында отурат. Жээнбеков менен кошо анын жакын санаалашы, досу Марат Баязов дагы абакта.
Марат Баязовдын абалы оорлоду
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эл оозунда “Кемпир-Абад” иши деп айтылып калган иштин алкагында учурда 25 жаран абакта жатат. Алардын бири Марат Баязов, анын адвокаты Эркин Сааданбеков жактоочусунун абалы начарлап жатканын 18-июлда биринчи айтып чыкты. Маалыматка караганда, Баязов ден-соолугу начарлагандан мурдарак менсанбөлүккө кайрылып, куралдуу күзөттүн коштоосу менен жеке менчик клиникадан текшерүүдөн өттү. Адвокат Сааданбеков Баязовдун бейтап баянында ага калкан безинин аденомасы деген диагноз коюлганын билдирди.
Андан бери анын ден-соолугу абактан кескин начарлап, азыр аны ооруканага жаткыруу керек экенин айтып жактоочусу тергөө абагынын жетекчилигине, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана Акыйкатчыга кайрылды.
Марат Баязов Равшан Жээнбековдун жакын досу, санаалашы экени белгилүү. Ал өткөн жылы 26-октябрда “массалык баш-аламандыкты уюштурууга шектелип кармалган. “Кемпир-Абад иши” деп атыккан иш боюнча шектүүлөрдүн баш коргоо чаралары улам узартылып келди, учурда соту жүрүүдө.
Дагы белгилей кетчү нерсе “Кемпир-Абад” иши боюнча Равшан Жээнбековдун үйүнүн ремонтуп жасап жүргөн Нурлан Асанбеков да кармалган. Ал саясатчы, жарандык активист, укук коргоочу дагы эмес, жөнөкөй жаран экенин айтып келет. Буга чейин бул иш менен өтүп жаткан аял активист, саясатчылардын баары учурда үй камагында экенин белгилеп коёлу.
“Кемпир-Абад” иши
2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кыргыз бийлигинин чечимине каршы чыккан өлкөдөгү белгилүү активист жана саясатчылар дүңү менен кармалган. Күч органдары аларга “массалык баш-аламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген айыптарды тагышкан эле.
Кармалгандардын баары "Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтүп жатат" дешип, бийликти ачык сынга алышкан жарандар. Алар өздөрү дал ошол ачык сыны үчүн бул иш боюнча айыпталып жатышкандыктарын, бул саясий куугунтук экенин айтып келишет.
Мындан беш күн мурун Равшан Жээнбеков камактагылардын атынан Европа Биримдигине, Европа комиссиясына, Европа парламентине жана бир катар элчиликтерге коомдук сайттар аркылуу кайрылып, президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге жана ИИМ министри Уланбек Ниязовго персоналдык санкция киргизүүнү суранган:
“Жогоруда аты аталгандар жогорку мамлекеттик кызматчылар Кыргызстандагы фундаменталдуу эркиндиктердин чектелишине, адам укуктарынын бузулушуна, коррупцияларга, жарандык коомду, эркин журналисттерди, укук коргоочуларды жана оппозициялык саясатчыларды куугунтуктоолорго түз дагы, кыйыр дагы тешелери бар деп эсептейбиз”.
Бийлик өкүлдөрү болсо бул жерде куугунтук жок экенин, олуттуу кылмышка, тагырак айтканда, мамлекеттик төңкөрүшкө аракет болгонун айтып келишет.

Сүрөттүн булагы, Social media
Буга чейин баш прокурор Курманкул Зулушев парламенттин 11-апрелдеги жыйынында камактагы саясатчыларды төңкөрүш чыгаруу аракети үчүн олтурат деп билдирген:
““Кемпир-Абад боюнча” деген түшүнүк кабыл алынып калды. Бирок ал иш боюнча ИИМ министринин орун басары так айтсаңыз болмок. Бул жерде “төңкөрүш” беренеси боюнча иш козголуп жатат да. Ал Кемпир-Абадга байланыштуу эмес”, - деген баш прокурор.
Бирок камактагы саясатчылардын бири Азимбек Бекназаров бул сөзү менен башкы прокурор Конституциянын жана Кылмыш-Жаза кодексинде каралган күнөөсүздүк презумпциясын бузуп, Кемпир-Абадчыларды “төңкөрүшчүлөр”, “бийликти күч менен басып алуучулар” деп парламентте дүйнөгө жарыялаганы туура эмес деп коомдук сайттар аркылуу жооп кылган.
Президент Садыр Жапаров өзү болсо, Кемпир-Абадга каршы чыккандар бул теманы жөн гана шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын чечкиси келген деп эсептейт.
“Кемпир-Абад тилкесин шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылган топтор пайда болду. Бирок алардын түпкү максаты ишке ашкан жок. Себеби, эл маселе кандай чечилгенин толук тушүнүп турушту. Кемпир-Абадды кошуна Өзбекстан башкарып келген, бул жолу биз да чогуу башкарууга кирдик”, - деген эле өлкө башчысы буга чейин.

Сүрөттүн булагы, Official
Садыр Жапаров андан мурдарак “Кабар” улуттук агенттигине кемпир-абадчылар тууралуу да токтолгону сөзү бар:
“Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен”.
Мындан тышкары өлкө башчысы Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдер өтө пайдалуу болгонун, Кыргызстан тарап утушка гана ээ болгонун айтып келет.
Next TV жана сөз эркиндиги
Равшан Жээнбеков Кыргызстандагы санарип Next TV телеканалынын ээси. Былтыр жазында бул теле-каналдын директору Таалай Дүйшөнбиевге да оор айыптар тагылып, буга анын Россиянын Украинага карата аскердик агрессиясы тууралуу коомдук сайттарга жазган эки посту себеп болду.
“Ал посттор ТВден деле кеткен эмес. Дүйшөмбиевге Кылмыш кодекси менен “улуттук кастыкты козутуу” айыбы коюлду. Мамлекеттик лингвист жана саясат тануучулардын бүтүмүнөн тышкары, анын күнөөсүн далилдеген бир да далил болгон жок. Бирок ал 21-сентябрда беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды”,- деген эле буга чейин Би-Би-Сиге медиа-акыйкатчы Акмат Алагушев.
Учурда абактагы Равшан Жээнбеков коомдук сайтка өзүнүн адвокаты аркылуу жарыялаган соңку постунда азыркы кыргыз бийлиги сөз эркиндигине кысым жасап жатканына да токтолгон.
“Сөз эркиндиги адам укуктарын чектеген Россиянын мыйзамдарын гана көчүрүп чектелбестен, азыркы авторитардык бийликтик өкүлдөрү Россиянын жарандык коомду, эркин медиаларды, саясий оппонентерин куугунтуктаган терс тажрыйбасын дагы Кыргызстанга киргизди”, -делет анда.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Айбек Турдалиев Next TV теле-каналынын негиздөөчүсү:
“Эмне үчүн Равшан Жээнбеков? Анткени, Next TV теле-каналы жападан жалгыз Кыргызстандын аймагында эркин медиа “Азаттык” радиосу жана ТВсин көрсөткөн бир гана платформа. Сайттардан, башка социалдык барактардан тышкары расмий түрдө санарип аркылуу Кыргызстандан жайылтылып жаткан бирден бир аянтча ушул Next TV теле-каналы”.
Турдалиев көп саясатчылардын ичинен Равшан Жээнбековдун тегерегиндеги туташ айыптоолордун себебин ушундан көрөт.
Равшан Жээнбеков ким?
Равшан Жээнбеков 53 жаштагы саясатчы, Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болгон. Жогорку билимдүү. Stanradar сайты Жээнбеков эмгек жолун тергөөчү катары баштаганын жазат. Ал эми саясий карьерасын ал Тышкы иштер министрлигинде атташе катары, андан кийин парламентте башкы консультант, 1997-1998-жылдары президенттик администрацияда референт, андан кийин премьер-министрдин жардамчысы, мамлекеттик инвестициялык комитетте, президенттин аппаратында иштеген. 2001-2004-жылдары Мамлекеттик мүлк жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалык кызматын аркалаган. Малайзияда элчи, “Ак шумкар” партиясынын негиздөөчүсү да болгон.
Равшан Жээнбековдун үзөңгүлөшү Өмүрбек Абдрахманов ал тууралуу эмне дейт:
“Куугунтуктун өзү. Эгер биз демократиялык мамлекет курабыз десек адамды аны айткан сөзү үчүн, пикири үчүн камаган бул туура эмес. Эски бийлик да ушинтип камаган. Кезинде мен да , Равшан да депутат болуп турганда Садыр Жапаровго Атамбаевдин бийлиги туура эмес кылып атат. Равшан ал гана эмес Сарууга (Ысык-Көл облусунда Кумтөргө каршы чыккан жергиликтүү элдин митингине ) барган. Ал митингди мыйзам жолунда өткөзүп, бирок пикириңерди айта бергилеп деп келген. “Бийлик силерди камап туура эмес кылып атат” деп айткан”.
Равшан Жээнбеков буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча да тергөөдөн өткөн.
Анын бир тууганы Мира Жээнбекова да былтыр коррупция шеги менен кармалып, суракка чакырылган. . Кактус басылмасы жазгандай, УКМК 2021-жылы Мира Жээнбекова киреше булактарын көрсөтө албай, бирок ондогон батирдин ээси экенин билдирүү кылган.
Ошентип, саясатчы Равшан Жээнбековдун тегерегиндеги туташ айыптар, ачылган кылмыш иштери соңку жылдары өтө чиеленишкен иштерден болууда.








