You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Энергетикадагы кырдаал: Жапаровдун билдирүүсү, Атамбаевдин жообу
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровдун энергетикадагы абал жөнүндөгү билдирүүсүнө жооп кайтарды.
Атамбаев 2017–2018-жылдары электр энергиясынын импортун толугу менен токтотконуна сыймыктанарын, бул мезгилди Кыргызстан өзүнүн энергетикалык көз карандысыздыгын алган учур деп атап келгенин айтты.
Мурдагы президент 2010-жылдан кийинки мезгилде "Датка–Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы жана "Датка" көмөк чордону курулуп, ишке берилгенин, бул энергетикалык көз карандысыздыктын өзөгү болгонун жазды.
Ал бийликте турганда Токтогул ГЭСин масштабдуу реабилитациялоо иштери башталганын, Бишкек ЖЭБи модернизацияланганын, ошол эле маалда анын учурунда баары эле идеалдуу боло бербегенин, бирок 2010–2017-жылдардагы бүтүндөй бир доорду "кара тешик" деп атаганга таптакыр каршы турарын айтты:
"Биз дайыма энергетика тармагында ачык-айкындык жана транспаренттүүлүк үчүн аракет кылганбыз. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эч качан "купуя" деп жарыяланган эмес. Улуттук статистика комитети импорт жана экспорт кылынган электр энергиясынын көлөмүн өлкөлөр боюнча дайыма ачык жарыялап турган. Бишкек ЖЭБи үчүн жабдууларды сатып алуу тендерлери да ар дайым депутаттарга жана журналисттерге ачык болуп, аларга эч качан "купуя", "ДСП" деген белгилер коюлган эмес",– деген Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев 2011-2017-жылдары президент болгон.
Кийин, 2019-жылы, президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда "Батукаевдин иши" боюнча кармалып, камакка алынган.
2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана дарылануу үчүн чет жакка чыгып кеткен.
Президент Садыр Жапаров 9-ноябрь күнү Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, бир катар маселелер менен бирге энергетика тармагында кырдаалга токтолгон.
Ал 2020-жылга чейин бул тармактын карызы 137 миллиард сомду түзгөнүн, Кыргызстандын энергетика системасы "катастрофа" алдында турганын жазды.
"Бүткүл генераторлор эски. 1960-жылдардан бери жаңыланган эмес. Жаңы салынган ГЭСтер да жок. Болгону 2009-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи генератору ишке кирген. Башка көзгө басар бир ГЭС курулган эмес. Көз карандысыздык алганыбыздан бери эле кыштын күнү электр энергиясы дефицит болуп келген. Албетте, аны жабыш үчүн импорт алып келип турганбыз. Бир кВт саатын 5 сомдон алган күндөр болуптур. Мен муну бийлик башына келип, бул тармакта ар түркүн реформаларды жасоо жана бул системада коррупция менен уурулукту жок кылуу маалында билдим. Беш сомдун канчасы чөнтөккө кеткенин бир Кудай өзү билет. Муну эми ошол мезгилдеги бизге энергия саткан өлкөлөр деле айтпайт. Ошондуктан азыр чындыкка жетип, териштириш кыйын", – деген Садыр Жапаров.
Президент ушул тапта карыз 25 миллиардга түшкөнүн, келээрки жылы мындан толук кутулуп, 2027-жылдан баштап энергетика системасы пайдага чыга баштай турганын, андыктан азыркы энергетикалык тартыштык убактылуу көйгөй экенин белгилеген:
"Биз тынч олтурбастан, кыйынчылыкты жеңиш үчүн тынымсыз аракеттерди жасап жатабыз. Эки жарым жылдан кийин кышкы дефицитти жабабыз деген себебим – өлкө боюнча жүзгө жакын ГЭСтер курулуп жатат. Алардын баары бүтөт. Андан сырткары Кара-Кечеге 1200 Мегаваттык ТЭЦ куруу иштери башталды, анын бир жылдык өндүрүлгөн электр энергиясы 7 млрд кВт саатка чейин жетет. Эки жарым жылда ишке берилет деп турабыз. Ал бүтсө сөзсүз түрдө кышкы мезгилдеги дефицит жабылат".
Энергетикадагы кырдаал
Быйыл 1-нобярдан бери өлкө боюнча электр кубатына чектөө киргизилген. Эртең мененки жана кечки убактарда калкка берилген 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.
Кийин, 6-ноябрда электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген.
Ал ортодо "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому каалоочулар "чексиз тарифке" өтсө болорун айткан.
Президент бул демилгени колдобой турганын билдирген.
Ошол эле маалда Садыр Жапаров соңку кайрылуусунда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 2 млрд куб метрге аз экенин айтып, калкты жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырган.
Республика боюнча жалпы жылдык керектөө 18 млрд киловатт-сааттан ашат. Бул өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд. киловатт-саат көп дегенди билдирет.
Өлкөдө 2023-жылы 1-августта энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ал 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болот.