You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда чет элдик чалгын кызматтын агенти тыңчылык боюнча соттолгону айтылууда
Кыргызстанда чет элдик чалгын кызматтын агенти тыңчылык боюнча соттолду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитет билдирди.
Маалыматка караганда, атайын кызмат Кылмыш жаза кодексинин "Тыңчылык" беренеси боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында чет өлкө жаранын кармаган. Ал күнөөсүн толук мойнуна алып, көрсөтмө берген.
"Жеткиликтүү далилдердин негизинде ал адам сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, эркинен ажыратылды",- деп айтылат маалыматта.
УКМК бул кайсы өлкөнүн жараны экенин, качан кармалып, качан соттолгонун тактаган жок.
Ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсүнө жол бербөө үчүн контрчалгын иш-чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын кошумчалады.