Кабулдагы жанкечтиге ракеталык чабуул, бороондо жарыксыз калган Жаңы Орлеан
АКШ: Кабулдагы эвакуация “эң акыркы учурга” чейин улантылат

Сүрөттүн булагы, Reuters
"АКШ Кабулдагы дрондон ракета менен атып өлтүрүү менен жанкечтилердин башка чабуулунун токтотту", - дейт АКШ аскеринин ырасмийи.
АКШ Борбордук башкаруусу билдиргендей, сокку “Ислам мамлекетинин” афган бутагына байланышы бар бир киши бараткан автого урулган.
АКШ эвакуация бүткүчө дагы чабуулдар болушу мүмкүн экенин эскертти. Ага карабастан, Кабул аэропортунда эвакуация “эң акыркы учурга” чейин улантылары айтылды.
Эвакуациянын акыркы мөөнөтү АКШ менен Талибан ортосунда 31-августка белгиленген. АКШ эвакуациянын аяктаган соңку өлкө болуп калмакчы.
Башка өлкөлөр эвакуациясын бүтүрүштү. Жекшембиде акыркы каттамдар менен Британиянын аскерлерин алып чыгып кетти.
АКШ 14-августтан бери 110 000 миң кишини эвакуациялаганын билдирди.
Би-Би-Синин кабарчысы Лиза Дюсет, ал жана кесиптештери Кабулдагы Талибандан корккон афгандардан шашылыш жардам сураган билдирүүлөрдү алып жатышканын кабарлады. Алардын арасында музыканттар, студенттер жана саясатчы аялдар бар.
Алардын көбү эл аралык кызматташууга катышкандыгы үчүн келечеги катаал болорун күтүшүүдө. Биздин корреспондентибиз алардын көбүн Талибан кетирбей кармап калганын билдирди.
Бейшембиде Кабул аэропортунда жардыруу болуп, анда 170 киши, анын ичинде 13 АКШ жоокери каза болгон. “Ислам мамлекети” тобунун аймактык “Ислам мамлекети, Корасан аймагы” бутагы жардыруу артында турганын билдирген.
Буга байланыштуу АКШ жума күнү кечинде Афганистандын чыгышында “Ислам мамлекети, Корасан аймагынын” эки жогорку даражалуу кишисин дрондон атып өлтүргөн. (CS)
Ошто Болот Шамшиев менен Айтурган Темировага арналган иш-чара өтөт

Сүрөттүн булагы, ТАСС
Бүгүн Ош шаарында режиссёр Болот Шамшиевдин “Кыргыз керемети” сүрөт көргөзмөсү жана Айтурган Темированын чыгармачылык кечеси өтөт.
Аталган иш-чара 2021-жылы Кыргызстанда белгилене турган төрт маанилүү датага карата уюштурулууда:
• Кыргыз улуттук киносунун 80 жылдыгы;
• «Кыргыз киносу кереметинин» авторлорунун бири, дүйнөгө белгилүү кинорежиссёр Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы;
• Кыргызстандын белгилүү киножылдыздарынын бири Айтурган Темированын чыгармачыл ишмердигинин 50 жылдыгы;
• "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильминин 50 жылдыгы.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара Оштогу “Семетей” кинотетарында саат 16:00дө башталат, кирүү акысыз. (MD)
АКШ Кабулдагы жанкечтинин унаасын ракета менен күм-жам кылды

Сүрөттүн булагы, EPA
Америкалык аскер күчтөрү Кабулду көздөй ракеталык сокку урганын Пентагон тастыктады. Дрон менен учурулган ракета автоунаада отурган жанкечтини көздөй мээленген.
Маалыматка караганда, "Ислам мамлекети" тобунун афган бутагынын тапшырмасын алган жанкечти Кабулдун аба майданына теракт жасаганы бараткан.
Алдын ала маалыматтар боюнча Кабулдун калкынын арасында өлүм-житим жок. Кайталанган жардыруулар жанкечти отурган автоунаада көп сандагы жардыргыч заттары бар болгонун көрсөтөт деп жатышат.
АКШ жанкечтинин автоунаасына сокку урушканын "Талибандын" өкүлү дагы ырастаганын Ассошиэйтед пресс билдирди. (КС)
Ида бороону Жаңы Орлеанды жарыксыз калтырды
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШнын Луизиана штатын Ида бороону каптап, Жаңы Орлеан шаары электр жарыгысыз калды.
Бороон жерге түшкөндө шамал саатына 240 км ылдамдыкта согуп, качып кете элек адамдарга үйлөрүнөн чыкпай сактануу керек экени айтылды.
Батон Руж аймагында жайгашкан Асеншен Пэриштеги үйдү дарак басып калып, бир киши каза болду.
2005-жылы 1800 кишинин өмүрүн алган Катрина бороонунан кийин Ида эми Жаңы Орлеандын суу ташкындан канчалык коргоно аларын сынамакчы.
Президент Жо Байден Ида жээктерден башка аймактарды да кыйратып, “жашоого коркунуч туудурат” деп билдирди.
Луизианада 750 миңден ашуун турак-жай жарыксыз калды. Байден жарыкты кайра калыбына келтирүүгө бир нече апта керектелерин айтты.
Ида дем алыш күндөрү Мексика булуңундагы жылуу суулардан күчтөнүп кеткен.
Ал жекшемби күнү Жаңы Орлеанга келгенде 4-категориядагы бороон деп аталган. Бул категориядагы бороон имараттарды, бак-дарактарды жана электр байланыштарын катуу зыянга учуратат. Андан бери бороон бир аз басаңдап 3-категорияга киргизилди. (EA)

Сүрөттүн булагы, Getty Images








