Аскар Акаев: Цзян Цземинь Кыргызстандын чыныгы досу эле...

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Цзян Цземинь

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Цзян Цземинь

Кытайдын мурдагы лидери Цзянь Цземинь 96 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын башкаруусу убагында Кытай экономикалык өнүгүү темпи боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан. Кытайдын Россия жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен чек ара талаштары дагы анын убагында чечилген.

Би-Би-Си Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кепке тартып, Цзян Цземиндин саясий-реформаторлук ишмердигин жана Кыргызстанга болгон мамилесин сурады.

Кезектеги жолугушуулардын биринде тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кезектеги жолугушуулардын биринде тартылган сүрөт

Би-Би-Си: Кезинде КЭРди башкарган Цзян Цземинь дүйнөдөн өттү. Учурунда “чоң нааразылык толкунун басуу менен бийликке келген, ошентип таасири күч алган” деп сыпатталып келген инсандын Кытайдын жаңы тарыхындагы эң олуттуу иштери кайсылар болду деп эсептейсиз?

Аскар Акаев: 1989-жылы Тяньаньмэнь окуяларынан кийин Дэн Сяопиндин сунушу менен Цзян Цземинь партиянын башкатчылыгына биринчи жолу келген. Ал эми Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы болуп, 1993-жылдан 2003-жылга чейин иштеди. Ошол он жылда КЭРди алдыга жылдырып, дүйнөлүк аброюн көтөрдү. Эң көрүнүктүү үч ишин сурап калдыңыз, санай кетейин. Суроодо туура коюлгандай, 1989-90-жылдары Кытайда Тяньаньмэнь окуяларынан кийин абал абдан оор болчу. Анын эң чон жетишкендиги - Кытайда саясий, социалдык стабилдүүлүктү сактап жана бекемдегенинде деп эсептейм. Себеби 90-жылдары жалпы дүйнөдө деле өтө татаал, турболенттүү абал өкүм сүрүп турган. Бул биринчи эң чоң салымы.

Экинчиден, ошол Цзян Цземинь башкарган он беш жылда өтө чоң секирик болду. 1989-жылдан тартып эсептесек болот. Себеби ошол жылы ал киши партиянын генералдык катчысы болуп дайындалды, кийин 1993-2003-жылдары өлкөнү жетектеди. Ошол жылдары Кытайдын экономикасын төрт эсе өстүрүп, он жылдын ичинде жыл сайын Кытайдын экономикасын 10 пайызга көтөрүп жүрүп олтурду. Бул дүйнөлүк экономика тарыхында рекорд болуп, “Кытайдын алтын он жылдыгы” деп алтын тамгалар менен жазылып калды. Себеби мындай рекорд бир дагы ири мамлекетте 10-15 жыл катары менен жылына экономикасы 10 пайызга өскөн учуру болгон эмес. Ошентип дүйнөлүк экономикада 7-орунга чыгарды. Ал практиканы эң жакшы билген экономист жетекчи эле. Кыргызда айтмакчы, экономиканы ийне-жибине чейин билген. Ал өнөр-жайда иштеген, энергетик, беш-алты жыл Шанхайда мэр болуп иштеген. Кытайдын экономикасын дүркүрөтүп өстүрдү.

Үчүнчүдөн, 1980-жылдарга чейин Кытай өз коңшулары менен көп маселелерге кабылып келген. Өзгөчө чек ара маселелеринен улам каршылашуу көп болор эле. Цзян Цземинь кошуна мамлекеттеринин көбү менен чек ара маселесин тынчтык, нагыз дипломатия менен чечип, Кытайга жагымдуу чөйрөнү түзүп берди. Бул эң чоң салымы. Дал ушул үчүнчү маселеге келгенде Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан менен чек ара маселесин чечүү үчүн 1995-жылы бизди Шанхайга чакырып, принциптерин ачык-айкын сүйлөшүп, ошонун натыйжасында 5-10 жылда чечилип, түндүк тарабындагы мамлекеттер менен эң жакшы мамиле курду. Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлүшү жана ишмердиги дал ушул кишинин ысымы менен байланыштуу.

Аскар Акаев: ШКУнун таржымалы Цзян Цземинь менен тыгыз байланышкан

Сүрөттүн булагы, social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскар Акаев: ШКУнун таржымалы Цзян Цземинь менен тыгыз байланышкан

Дагы бир зор иши, Цзян Цземинь Кытайды Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кошкону. 1998-жылы Орто Азия боюнча Кыргызстан биз эң биринчи болуп ДСУга мүчө болгонбуз. КЭР 2001-жылы бизден кийин кирди. Ошондо Цзян Цземинь бизге кайрылып, биз ДСУ мүчөсү катары аларды колдоп бергенбиз. Ошондо соода-сатык боюнча биз абдан чоң преференция алганбыз. Ошентип 2000-жылдары “Дордой”, Ошто “Кара-Суу” базарлары кытай товарына толуп-ташып анан реэкспорт башталган. Дал ошол товарлар Орто Азия, Казакстан, Өзбекстан, Урал, Сибирге чейин ташыла баштаган.

Цзян Цземиндин көзү өтүшү КЭР үчүн абдан чоң жоготуу, мен учурдан пайдаланып, он беш жыл бою ал инсанды жакындан тааныган адам катары улуу кошунабыз кытай элине көңүл айткым келет. Кыргызда айткандай, арты кайрылуу болсун, кытай эли мындай чыгаан инсандардан кем болбосун!

Дордойдун доору башталышына кыргыз-кытай алакасы өбөлгө түзгөн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дордойдун доору башталышына кыргыз-кытай алакасы өбөлгө түзгөн

Ошол кезде эле англис, орус тилинде түш жоруган Цзян Цземин...

Цзянь Цземинь Британ королевасы Елизаевета II менен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Цзянь Цземинь Британ королевасы Елизавета II менен
АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон жана Цзян Цземинь

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон жана Цзян Цземинь
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Ал инсан орус тилин жетиштүү деңгээлде билгени маалым. Сиздер жолугушууларда котормочунун кызматын пайдаланып баарлашчу белеңиздер же түз эле сүйлөшчү белеңиздер?

Аскар Акаев: Цзян Цземинь тубаса талант эле. Тарых, поэзияны жакшы көрөр эле, кытайдын улуу акындарын турган жеринен төгүп айтып жиберээр эле. Бизге кытай операсынын үзүндүлөрүн ырдап берер эле, андан сырткары кытайдын музыкалык аспаптарында ойночу. Менимче жаш кезинде операга барса чоң, атактуу опера ырчысы болуп чыкмак деп ойлойм. Угуу сезиминин мыктылыгынан тилге да абдан жөндөмдүү эле. Англис тилин да жакшы билчү. Мени абдан таң калтырганы, ал киши 1955-жылы Москвага “Зил” деген заводго стажировка өткөнү барган экен. Болгону бир жылда орус тилин ушунчалык абдан жакшы өздөштүргөн. Ал орус тилинде да таза сүйлөчү. Расмий жолугушууларда биз котормочу аркылуу сүйлөшчүбүз. Ал эми тарых, поэзия тууралуу биз котормочусуз түз сүйлөшөр элек. Эч маселе болчу эмес.

Кыргыз-кытай чегин тактоонун таржымалы

Би-Би-Си: Ц.Цзяминдин тушунда сиз кесиптешиңиз менен кыргыз-кытай чек арасын такташкан элеңиздер. Айрымдар, сизди ал жетекчинин тилин абдан жакшы тапкан деп келишет. Эгер тилин тапкан болсоңуз, сүйлөшүүлөрдү алдыга сүрөп кеткен же жакшы натыйжасын берген бир-эки өтө маанилүү учурун эскерип бере аласызбы?

Аскар Акаев: Абдыбек иним, чек ара маселелери абдан татаал иш. Советтер союзу менен Кытайдын, андан мурун Россия менен Цинь империясынын тушунда чек ара боюнча көп маселелер чыккан. Анын ичинде Кыргызстанга тиешелүү тилкесинде дагы. Ошондуктан он жылдап, кылымдап чечилбей келген. Бирок мен айтып өткөндөй, Цзян Цземинь акылмандык кылып, беш мамлекетти Шанхайга топтоп, чечүү принциптерин ачык-айкын талкуулап туруп киришкендиктен чечилип кетти. Цзян Цземинь бул маселеде Кыргызстанга өзгөчө мамиле жасаганы көрүнүп турат.

Мен цифраларын айтып кетейин, эл аралык практикада чек аранын талаштуу аймагын 50-50 % деп чечсе, эң калыс чечим деп саналат. Россия менен Кытай чыгыштагы чек араларын 50-50 деп эң калыс чечип алышты, Казакстан талаш-тартыш участоктордун 60% өткөрүп берип, 40% сактап калды, башка да мисал бар. Бир эле Кыргызстан талаш деген жердин тескерисинче 70% өзү сактап калып, 30% Кытайга өттү. Мына ушунун өзү эле Цзян Цземинь Кыргызстанга өзгөчө мамиле кылганын көрсөтүп турат. Мунун баары тарыхтан келип чыкты деп эсептейм.

Байыркы Улуу Жибек Жолунун өзүнчө бир Кыргыз бутагы болгон. Ошонун баарын эске алып, Цзян Цземинь өзү Кыргызстанга кандайдыр бир сүймөнчүк мамиле кылган. Эң калыс чечип берди десек болот. Жолугушууларыбызда ал киши тарыхта кыргыз-кытай алакасы байыркы заманданрдан бери карай кандай өнүккөнүн абдан кызыгып сурар эле. Манас атабыз, Манас атабыздын оң колу Алмамбет баатыр жөнүндө сурап калаар эле. Анын баарын жакшылап айтып берсем ушундай сүйүнүп калаар эле. Кийин ошонун үзүрүн көрдүк. Ал киши кытай жазма булактарынан кыргыз, кыргыз тарыхы, Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө маалыматтарды топтоп, бизге белек кылган. Көпчүлүгүн кытай грантынын эсебинен котортуп дагы берген. Мисалы кытай Геродоту деп аталган атактуу Цыма Цзяндын 2200 жыл мурун кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу жазмасын котортуп берип, ошонун жардамы менен биз БУУда “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын” бекитүүгө жетишкенибизди жакшы билесиздер. Мен Цзян Цземиндин кыргыз калкы үчүн жасаган жакшылыктарынан бир-эки мисал келтирдим.

КЭРнын мурунку жана учурдагы жетекчилери. Цзян Цземинь, Си Цзиньпин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, КЭРнын мурунку жана учурдагы жетекчилери. Цзян Цземинь, Си Цзиньпин

Кыргыз-кытай алакасынын тарыхы дипломатияда...

Би-Би-Си: Абдан кызык жагдайды сөз кылдыңыз. Манас бабабыз, Алманбет баатыр тууралуу кеп болду, өзүңүз тарых китебиңизде жазгандай, кытай кол башчыларынын, аскер башчыларынын бири Ли Лин тууралуу кенен кабарыңыз бар. Сиз Манас, ошол доор тууралуу баяндап бергениңизде ал киши кандай кабыл алчу эле?

Аскар Акаев: Тарыхты жакшы көргөн адам экен. Абдан жакшы кабыл алды. Мен мына чек ара маселелери чечилип жатат, Цыма Цзяндын жазганына караганда, кыргыз-кытай мамлекеттеринин ортосундагы алака бери дегенде эле 2200 жыл экен деп, ошонун баарын жакшылап териштирип айтып берсем абдан ыраазы болду. Чек ара маселесин эки этап менен бүткөнбүз. Адегенде көп суроо туудурбаган тилкелерин чечип, бир этабында Шанхайда жолугушуп калдык. Андан мурунку кездешүүдө тарыхты айтып берген элем. Өзгөчө Тань доорунда императорлор биздин Манас атабызды, кыргыздын башчыларын кабыл алып, өзгөчө орунга олтургузуп, сыйлап-урматтаганын, кыргыз-кытай мамилелери Тан доорунда абдан өсүп-өнүккөнүн айтып бергем.

Бир аралчада конок кабыл алган атайын үйү бар экен. Кийин Шанхайдагы жолугушуу аяктаганда биз төрт президент 20-30 метр басып узап бара жаткан элек. Цзян Цземин кол шилтеп туруп калыптыр. Б.Н. Ельцин, Н. Назарбаев бар эле. Акае-е-в дегенин угуп калдык. Ельцин барыныз, сизди эле чакырып жатат деп калды. Мен кайрылып басып бардым. Барсам “Өткөндө сиз айтып берген тарыхтын баары туура экен. Мен ошонун баарын кытайдын тарыхчыларынан тактаттым. Чындыгында бир туугандай мамиле болгон экен, Тан доорунда, андан мурун миң жыл мурун дагы. Биз сиздер менен маселе чечкенде абдан кылдат, абдан этият, калыс карайбыз” деди. Жыйынтыгы ушундай болду.

Тарых, поэзия тууралуу пикир алышуу бизди жакындатты. Дагы бир жолу кызык окуя болгон. Орто кылымдарда кытайдын эки улуу акыны болгон. Бири Ли Бао, экинчиси Ду Фу. Ли Бао биздин Кыргызстанда Токмокко жакын жерде төрөлгөн. Анан 12 жашында кытайга кеткен деп айтып бердим. Биз Ли Баонун 1300 жылдыгын белгилеп, китебин чыгарып жатабыз дедим. Абдан кызыкты. Ушунчалык терең ыраазы болду. Өзү эки акындын тең ырларын жакшы билет экен. Ошол жерден окуп бергени эсимде.

Акаев: Мен Ли Бао тууралуу сөз баштасм, ал Ли Баонун ыры менен улаган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акаев: Мен Ли Бао тууралуу сөз баштасам, ал Ли Баонун ыры менен улаган

Би-Би-Си: Казакстандын мурдагы президенти Назарбаев өзү тууралуу тартылган фильмде Ц.Цзямин менен чек араны ылдамдап чечүүнү сүйлөшкөнүн эскерген жайы бар. Ал тургай кытай лидери бул маселе артка созулган сайын оорлой турганын айткан деген мазмунда пикирин билдирген. Чындап ошондой деп ойлойсузбу же бул мурдагы президенттердин, анын ичинде сиздин зор иш кылгам деп көрүнүү аракетиби?

Аскар Акаев: Чынында КЭР менен чек ара маселесин чечүү өтө маанилүү, татаал маселелердин бири. Муну эски тарых дагы, жаңы тарых дагы көрсөтүп турат. ШКУда, БРИКСте жана башка уюмдарда бирге катышып жүргөн Кытай менен Индиянын ортосунда чек ара маселеси азыр да толук чечилип бүтө элек. Аны жакшы билесиздер. Убагында Ельцин эң маанилүү маселени чечтим деп айтты. Россия Даманск деген аралчаны өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. Ал жерде чек ара маселесинен улам 60-жылдары советтик жоокерлердин каны төгүлгөн. Назарбаев дагы чон жетишкендиги деп эсептеп келе жатат. Бирок, мен чоң маселени айтышым керек. Эң биринчи болуп беш жыл ичинде биз чечтик. Мында Цзян Цземиндин өзүнүн демилеси чоң ролду ойноду. Ошондой эле биз да тырыштык. Россиянын президенти, Казакстандын президенти баарыбыз. Ошондо Орто Азиянын президенттери чогулуп, өзүбүздүн ич ара чек арабызды коё туралы деп сүйлөшкөнбүз. Себеби мунун президенттер эле чече койбойт. Жумушчу тобу керек, адистер керек. Топограф, картограф, тарыхчылар дегендей. Ал учурда андай адистер жок экен. Ошондо бир беткей Кытай менен чек арабызды чечип алалы, андан кийин деп макулдашканбыз. Ошентип болгон күчтү Кытай менен чек араны чечүүгө жумшаганбыз. Ошондуктан Казакстан, Тажикстан менен чек ара маселебиз 90-жылдары каралбай келген. Кээ бир сынчылар “Акаев чечпей кеткен” деп жатпайбы. Жок, биз бир беткей кытай менен чечели дегенбиз. Ошентип болгон күчтү кытай менен чек араны чечүүгө жумшаганбыз.

Эгемен Кыргызстандын КЭР менен мамилесинде баары эле шыдыр кеткен эмес...

Би-Би-Си: Ц.Цзяминдин тушунда КЭР менен Кыргызстандын ортосунда пландалып, бирок ишке ашпай калган ири долбоорлор болгонбу? Эмне болуп ишке ашпай калган?

Аскар Акаев: Болгон, болгон. Эң чоң маселе деп эсептегеним кыргыз-кытай темир жолу деп эсептейм. Бул маселени биринчи болуп көтөрүп чыгып, темир жол салалы деп Цзян Цземиндин колдоосун алганбыз. Ал өкмөтүнө тапшырма берген эле. Ал учурда өкмөтүн экономист Жу Жун Си жетектеп турган. Ал кишини батышта “Экономиканын падышасы” деп аташчу. Себеби ал экөө биригип, 90-жылдары кытай экономикасындагы кереметти жүзөгө ашырган эле. Мен Жу Жун Сиге жолуккам. Ал кезде темир жол боюнча эки вариант бар эле. Биздин вариант Нарын дарыясын бойлоп өткөн маршрутту, Өзбекстан болсо аларга түз өтүп кетчү кыска маршрутун сунуш кылган. Жу Жун Си биздин вариантты колдоп берген эле. Биз өз кызыкчылыгыбызды көздөгөнбүз. Баштайлы деп турган элек. Европа мамлекеттери менен мамилебиз жакшы эле. Консорциум түзүп, ошол жактан каржы алмакпыз. Бирок жетише албай калдык. Себеби 2003-жылы Цзян Цземин колдоп берип, бирок ал бийликти өткөрүп бергенден кийин кийинки жетекчи бул маселеге кандайдыр бир салкын көз карашта болду. Кудай буюрса, акыркы жылдары эки тарап тең жакшы колдоп жатат. Буюрса темир жол ишке ашып кетсе Кыргызстандын келечегине, экономикасынын өсүп-өнүгүшүнө чон таасирин тийгизет. Мен чоң долбоорлордон ушуну көрүп турам.

Кытай - Кыргызстан -Өзбекстан темир жолун куруунун ТЭОсу иштелип жатат

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай - Кыргызстан -Өзбекстан темир жолун куруунун ТЭОсу иштелип жатат