Жетим-Тоо: өкмөттүн дымагы, активисттердин каршылыгы

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жетим-Тоого жакын аймак, Нарын
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жетим-Тоого жакын аймак, Нарын

Кыргыз өкмөтү Нарындагы эң ири Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө шымаланып жаткан чагы. Бирок бул демилгеге жергиликтүү айрым активисттер катуу каршылыгын көргөзүп жатышат.

Алардын бири Илгиз Шаменов.

Ал балалыгым Жетим Тоодо өткөн, аймакты жакшы билем дейт. Андыктан кенди иштетүүнүн экологиялык кесепети чоң болот деп чочулап турат:

“Экологияны бузбай кен казып алабыз дегени бул – жөө жомок. Мына Кумтөр эмне болду? Акаев деле экологияны бузбай Кыргызстанды Швейцарияга айлантабыз деди эле. Жетим-Тоо ошондой Кумтөр 2 болуп калышын каалабайбыз. Ал жакта ушунчалык кооз жаратылыш, көптөгөн мөңгүлөрүбүз бар. Бугу, теке, маралдын баары ошол Жетим-Тоодо”.

Илгиз Шаменов Жетим-Тоонун фонунда

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илгиз Шаменов Жетим-Тоонун фонунда

Илгиз Шаменов өзүнүн жеке булактарына таянып, Жетим-Тоодогу кен австралиялык компанияга берилип кетиши мүмкүн экендигин айтып чыкты. Активист бул тууралуу өкмөт 2020-жылы эле келишим түзгөн дейт.

Бирок көп өтпөй эле өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетинин мурунку башчысы Жыргалбек Сагынбаев басма сөз жыйынын куруп, 2020-жылы австралиялык инвесторлор менен чынында эле макулдашуу болгонун, бирок ал суу энергетикалык тармакка тийиштүү меморандум болгонун айтууда.

Анын Жетим-Тоого эч байланышы жок, деди чиновник.

Министрлери кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жетим-Тоону иштетүү дымагын быйылтан тарта ачык билдире баштады. Буга чейинки маектеринин биринде ал өлкөгө Жетим-Тоону изилдей турган адистердин тобу келгенин да ачыктаган:

Акылбек Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акылбек Жапаров
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Эгер геологиялык чалгындоосун эл аралык стандарттар, лабараториялар менен тастыктап беките турган болсок, эки миллард долларга чейин акча алып келе турган кен. Биз Жетим-Тоонун сырьесун жөн эле сатпай, атайын металл чыгара турган завод да куралы деп атабыз. Теңиз Бөлтүрүктүн чыкыруусу менен 15-20га жакын адис келип бизнес-долбоор, мастер-планын иштетип жатат”.

Акылбек Жапаров кыргыз өкмөтү мындан ары Жетим-Тоо эле эмес, Таластагы Бала-Чычкан өңдүү башка темир-жез кендерин мамлекет өзү иштете турганын билдирген. Бирок бул инвесторлордун көмөгүсүз оор болорун да баса белгилеген.

Өкмөт бүгүнкү күнгө чейин аталган кенди кайсы инвесторлордун жардамы менен иштеткени жатканын ачыктай элек.

Ал тапта активисттер Жетим-Тоону иштетүүгө каршы коомдук сайттарда маалыматтык кампания да баштап жиберишти.

Бирок пандемиядан кийинки каатчылык шартында, өкмөт каржы булактарына муктаж болуп турат. Анын бир булагын табигый ресурстарды иштетүүдөн алуу планы бардай.

Андыктан өкмөт башчы Акылбек Жапаров өзү, орун басары Эдил Байсалов июлдун башында Нарынга барып жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп да келишти.

Нарынга сапары

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акылбек Жапаров Нарында

“Ушул жерден кен казбайбыз дегендерге кайрылгым келет. Кыргызстанда бүгүн 245 авариялык мектеп бар, ошонун 110 оңдоп бүттүк. 219 миң аз камсыз болгон үй-бүлө, 710 миңден ашык пенсионер, 113 миң жакыр жашаган үй-бүлөлөр бар. Социалдык жактан аярлуу калкты камсыздаганга, азык-түлүктү камсыздаганга бизде кошумча булактар болушу керек”, - деди Жапаров соңку өкмөт жыйынында.

Дүйнөлүк рынокто түстүү жана кара металл өндүрүшүндө чоң үлүшү бар Россия катаал санкцияларга кабылды. Буга байланыштуу бул тармактагы ири керектөөчүлө буга чейин ачыла элек ири кендерди изилдеп, аларга инвестиция салууга кызыкчылыгы күчөгөнү айтылып жатат.

Жетим-Тоо темирдин запасы боюнча дүйнөдөгү ири кендерден экени айтылууда.

Садыр Жапаров бийликке келери менен бул кенди ишке киргизип, тышкы карыздан кутулуу тууралуу айтып, бирок президенттик шайлоо алдындагы мындай билдирүүсү нааразылыкка кабылган.

Андан кийин кенди иштетүү тууралуу талаш-талкуулар токтоп калган эле.

Садыр Жапаров, президенттик шайлоо өнөктүгү маалында Нарында

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров, президенттик шайлоо өнөктүгү маалында Нарында

"Жетим-Тоодо темирдин беш миллиард тоннадан ашык запасы бар. Бул бир 50 миллиард доллардын тегерегиндеги биздин запасыбыз. Ошонун сырьесун берип кутулсакпы деген сөз болгон, азыр дагы ал уланып жатат. Бул сырье менен гана. Бир дагы чет мамлекеттин катышуусу болбойт, биздин өзүбүздүн гана катышуубуз менен. Четинен эле казып, сырьесун дүйнөлүк баа менен сатсаң эле, биздин эсеп боюнча, бир жылда эле бир миллиард долларынан кутулуп койсок болот",- деген эле президенттин милдетин аткарып турган кезде Садыр Жапаров.

Жетим-Тоо темир кени Нарын жана Ысык-Көл областтарынын чектешкен жеринде жайгашкан, кенди биринчи жолу 1956-жылы эле ачышкан. Кендеги темирдин запасы үч миллиард тоннадан 10 миллиард тоннага чейин бааланат. Бирок кен жакшы изилденбегендиктен, андагы кен байлыктын көлөмүн эч ким так айта албайт. Бийлик Жетим Тоодогу кендин запасы ондогон жылдарга жетет деп, андан Кумтөрдөн кем эмес пайда көрүүнү көздөп жатат.

Бирок Жетим-Тоону өкмөт өзү жалгыз иштетеби, инвестор тартса кайсы компания тартылат деген суроолорго азырынча так маалымат болбой жатат.