You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кан кайнаткан кастык тилин тизгиндөөнүн зарылдыгы
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстанда социалдык тармакта кыргыз тилдүү контенттеги кастык тилине каршы күрөшүүнүн жол картасын иштеп чыгуу боюнча аракеттер башталды. Кастык тилине каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө Бишкекте ЮНЕСКО менен ПРООНдун долбоорунун алкагында көп тараптуу консультативдик кеңештин биринчи жыйыны өтүп, бул багыттагы негизги көйгөйлөр жана биринчи кезектеги чаралар тууралуу сөз болду.
Кастык тили өзгөчө социалдык тармактагы кыргыз сегментинде жайылган көрүнүш болуп, улуттук биримдикти бузган, улут аралык, дин аралык кайраштырган олуттуу коркунучка айланууда. Ошондуктан бул багытта мамлекеттик органдар менен жарандык коом, билим берүүчү уюмдар, санарип компаниялар, ЖМК баары биригип аракет кылышы керек болууда.
Тилдин зыяндуу таасири бул жаңы көрүнүш эмес. Бирок санарип технологиялар өнүккөн доордо анын масштабы жана таасири күчөп, бөлүп-жаруучу, идеологияны жана риториканы глобалдык масштабда жайылткан ыкмага айланууда.
Эксперттер эгер кастык тили менен күрөш болбосо, ал тынчтык өнүгүүгө тоскоол болуп, конфликт менен чыңалууга кыртыш түзүп, чоң масштабдагы адам укуктарынын бузууларына алып келерин айтып тынчсызданышууда.
БУУ өкмөттөргө, эл аралык уюмдарга, жарандык коом топторуна, жеке адамдарга кастык тилин аныктоо, жоюу жана каршы туруу боюнча стратегияны жылдыруу боюнча иш чараларды жана демилгелерди өткөрүүнү сунуштаган.
Мына ушул максатта Кыргызстанда ЮНЕСКО менен ПРООН тыгыз кызматташтыкта “Тынчтыкты курууда улуттук потенциалдык бекемдөө жана жарандык коомду тартуу” деп аталган эки жылдык долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун аткаруучу уюму – "МедиаКонсалт" фонду, ал эми көп тараптуу консультативдик кеңеш көмөк көрсөтүүдө.
Көп тараптуу консультативдик кеңештин Бишкектеги биринчи жыйынында кастык тилге каршы күрөштүн жол картасына сунуштар айтылды.
«Опурталдуу мезгилде жашап жатабыз. Себеби диндер аралык, улуттар аралык, региондор аралык мамиледе, саясий күрөштө кастыктын тилин тизгиндөөнүн зарылдыгы бар. Эл аралык коомчулук кастыктын тилин изилдөөдө универсалдык дефиницияны дагы таба элек. Экинчиден, алдыңкы өлкөлөр кастыктын тилине каршы атайын мыйзамдарды кабыл алып жиберишти. Биз ал өлкөлөрдөн кандай сабак ала алабыз, мына ушуну улуттук деңгээлде талкуулап алышыбыз керек»,-деди бул жыйынга катышкан Кыргыз президентинин кеңешчиси Арслан Капай уулу.
Саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбеков социалдык тармактарда кастык тилинин ээ-жаа бербей жайылып жаткан учурларын мисалдар менен көрсөтүп берди.
"Социалдык тармактарда радикалдашкан исламга байланышкан маалыматтар, пикирлер көп жарыяланууда, аларды кастык тили көп колдонулууда. Кыргыз улутун “исламчы” жана “теңирчи” деп экиге бөлүнүү күч алды. Кыргыз коомунда “Теңирчи” деп жарлык тагылгандарды исламдын душманы катары караган радикал күчтөр көбөйүүдө. “Чала сарттар”, “дин кул”, “арабофил- манкурт”, “фашисттик” аталыштар радикал улутчулдукту дагы күчөтүшү мүмкүн".
Экинчи эксперт Алмаз Кулматов дискриминациялык риториканы аныктоонун илимий-методикалык маселелерине токтолуп, Кыргызстанда “дискриминация” боюнча тиешелүү гуманитардык, укуктук илимдер тармагында доктриналдык, теориялык, изилдөөлөр жетишсиз экенин белгиледи.
"Дискриминациянын юридикалык аспектиси менен гносеологиялык жагдайы айкашкан дагы бир маселе – бул дискриминация фактысын аныктоо, далилдөө процедурасы системалуу жолго салына элек. Дискриминация аракет, ал эми кастык тили, жек көрүү риторикасы коомдук мейкиндиктеги кептик аракет. Мындай талаштуу же күмөндүү тексттерге экспертиза талап кылынат. Демек, бул багытта изилдөөлөрдүн атайы илимий-методикалык негиздерин иштеп чыгуу проблемасы актуалдашат. Социалдык тармактардагы дискриминациялык маанидеги тексттер, кастык риторикасы масштабдуу жана түрдүү мүнөзгө ээ",-дейт Алмаз Кулматов.
"Дискриминациялык мүнөздөгү же\жана экстремисттик аракеттерге байланыштуу иштердин материалдары боюнча дайындалган соттук экспертизалардын саны жылдан жылга өсүүдө. Экстремисттик кылмыш иштери боюнча жетиштүү тажрыйба топтолууда, практика калыптанууда. Бирок экстремисттик аракеттерге байланышкан иштер өзгөчөлүктөргө ээ болгондуктан, мындай иштерди иликтөө, тергөө жана сотто кароо татаал, түйшүктүү, машакаттуу процесс. Аталган кылмыш иштери боюнча соттук экспертизаны дайындоодо стадиясында, сотко чейинки жана сот өндүрүшүндө проблемалар арбын бойдон калууда".
Кыргызча контентке тиши өткөн алгоритм барбы?
Социалдык тармактарда кыргыз тилдеги дискрминациялык риториканы тазалап турган модерациянын жоктугу эң биринчи проблема.
Модерациянын автоматтык түрдө жана кол менен аткарылган эки түрү бар. Бирок кыргызча контенттерге азыркы учурда бир да алгоритмдин тиши өтпөйт. Бул ишке атайы коюлган көзөмөл да жок.
Анын биринчи себеби, автоматташтырылган системалар кыргыз тилиндеги контентти түшүнүшү кыйын. Экинчиден, түшүнүү татаалданткан маданий өзгөчөлүктөр бар.
Ошондуктан модераторлорду атайы даярдап окутуу зарылдыгы чыгууда. Аларды кыргыз тилиндеги жана маданиятындагы өзгөчөлүктөр боюнча, ошондой эле БУУ аныктаган алты критерий боюнча окутуу керек.
“Кыргыз тилдеги модерацияны эмне кылсак болот? Мамлекет катары жакында эле болуп өткөн кайгылуу окуяларды аргумент кылып, Meta, Google сыяктуу компанияларга расмий кайрылуу жөнөтүшүбүз керек. Кыргыз тилдүү модераторлорду ишке алуу зарыл. Бирок алардын Кыргызстанда жайгашканы канчалык коопсуз деген суроо бар. Кыргыз тилин жакшы билген LLMдерди машыктыруу абзел", - дейт DevKurultay платформасынын негиздөөчүсү Мурат Жумашев.
Тарбиялык багыт
Кастык тилине каршы күрөштө технология менен катар улуттук идеологиялык, тарбиялык иштерди да күчөтүү жөнүндө сөз болууда.
“Тарбия институту, баланы баладай, кызды кыздай тарбиялоо, абийир маселеси. Мектепте билим берүүдөн башташ керек.Эгерде санариптештирүү десе, ал чоң курал да, балдардын аң-сезими, тили калыптанып атканда кастык тилге жол бербей, жоопкерчиликтүү болууга тарбиялаш керек”,-деди Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев.
Глобалдык көйгөй
18-июнь – Кастык тили менен күрөшүүнүн эл аралык күнү катары Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 2021-жылы жарыяланган. БУУнун Башкы Ассамблеясы кастык тилинин бүт дүйнөгө жайылып бараткан коркунучун эске алып, дин аралык, маданият аралык диалогду жана сабырдуулукту колдоо жөнүндө резолюция кабыл алган.
Резолюцияда дискриминацияга, ксенофобияга, жек көрүүчүлүккө каршы мамлекеттерге, тийиштүү субъекттерге чакырык, адам укуктары жаатында эл аралык стандарттарга ылайык, бул көйгөй менен күрөштү активдештирүүгө чакырык айтылат.
БУУ кастык маанайдагы, адамды же топту дини, улуту, расасы, социалдык теги, жынысы жана иденттүүлүк башка бир белгиси боюнча басмырлаган, басынткан, шылдыңдаган, кордогон дискрминациялык мүнөздөгү оозеки, жазуу же мамиле түрүндөгү бардык коммуникацияны жек көрүү риторикасы деп тааныйт.
Кастык риторикасы зордук-зомбулукка тукуруп, социалдык биримдикти, толеранттуулукту бузуп, психологиялык, эмоционалдык жана физикалык зыян тийгизүүдө. Мындай зыяндуу риторика бир эле адамга же топко эмес, бүтүндөй коомго каршы багытталган учурлар болууда.
«Мамлекет, жеке сектор, ЖМК же интернет корпорациябы, диний лидер, педагог жана жарандык коом өкүлдөрү болобу, баарыбыз кастык тилинин жайылышына каршы чечкиндүү аракеттерге жооптуубуз»,-дейт «МедиаКонсалт» борборунун директору Эльмира Токтогулова.
Өзгөчө социалдык тармак жек көрүүчүлүк контенттин күчөп жайылган жери болуп жаткандыктан, санарип сабаттуулук, медиа сабаттуулук глобалдык жарандык жоопкерчиликке тарбиялоо азыркы учурда болуп көрбөгөндөй мааниге ээ болууда.
“Медиа сабаттуулук өткөн жылы Билим берүү министрлиги тарабынан факультативдик сабак болуп бекиди. Кыргызстанда билим берүү системасы трансформация болуп жаткан убагы. Биз медиа сабаттуулук абдан керек деп айтып атабыз. Санарип кылымда онлайн билимсиз болбойт, биз техникалык жагын эле айтып жаткан жокпуз. Кеп контентти туура пайдалануу тууралуу да болуп жатат. Бул маселеде узак мөөнөттүү иштер керек”,-деди ЮНЕСКОнун долбоорунун өкүлү Аида Бекташева.