"Клооптун" журналисттерин жапырт суракка алуунун артында эмне турат?

Сүрөттүн булагы, Social media
Айдай Аманкулова, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти
29-майда "Клооп" басылмасынын дагы бир кызматкери кармалды. Бул тууралуу редакция өзү кабарлады. 28-майда өлкөдө ишмердигине тыюу салынган "Клооп" басылмасынын мурдагы жана азыркы беш кызматкери суракка алынып, экөө 48 саатка камалган. Алдын ала маалыматтарга караганда, аларга "жапырт башаламандыкка чакыруу" беренеси менен иш козголгону айтылууда.
Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери 29-май күнү кечки саат төрткө чукул "Клооп" басылмасынын дагы бир кызматкеринин үйүнө барышкан. Басылма билдиргендей, Абдил Айтбай Тегин кесиптештерине милиция кызматкерлери келгенин кабарлоого гана үлгүргөн, андан кийин байланыш үзүлүп калган. Басылмага Абдилдин жакындары билдиргендей, анын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзү УКМКга жеткирилген.
"Бул биздин кызматкер, бирок ал журналисттик материалдарды жаратууга катышкан эмес, текст жазган эмес, видео тарткан эмес. Ошондуктан күч түз кызматкерлери биздин басылмага тиешеси бар бардык адамдарга, журналистика менен түздөн-түз алектенбегендерге да кызыгып жатышканы айдан ачык болуп турат", — деп билдирди "Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин.
Бир күн мурда, 28-майда "Клооптун" оператору Александр Александров менен басылмасынын мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка камалган. Аталган медианын журналисттери Айдай Эркебаева менен Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева сурак берип чыккан.
Журналисттердин адвокаты Бакыт Автандилдин айтымында, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренси (массалык башаламандыкка чакыруу) боюнча иш козголгон.
"Эртең камактагы журналисттердин баш коргоо чарасы каралса, жаңы жагдайлар ошондо белгилүү болот. Азырынча аларга кайсы материалдын негизинде иш козгошкону белгисиз. Күбөлөр суралганда мен кире алган жокмун. Беш кыз сурак тууралуу эч кандай маалымат бербөө тилкатынын негизинде бошотулду. Алар эч нерсе айтып бере алышпайт. Иш "Клооп" басылмасынын ишмердигине тиешелүү экени гана белгилүү".
Бакыт Автандил журналисттердин үйүн тинтүү, кармоо, суракка алуу жараяны олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, бул боюнча материалдарды топтоп, сотко даттанарын билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Алар менен жолуга албай, алты саат күтүп отурдук. Кандайдыр бир кыйноо фактысы болгон эмес. Бирок аларга "ар кандай ыкма" колдонушуп, адвокаты жок суракка алышкан. Эми ошол көрсөтмөлөрдү өздөрүнө каршы колдонушу мүмкүн. Тренингдер учурунда журналисттерге адвокатсыз көрсөтмө бербегиле деп айтып эле келе жатабыз".
28-май күнү эртен менен Ош жана Бишкек шаарында жалпысынан жети киши кармалган. Алардын ичинде үчөө "Клооптун" журналисти, экөө редакциянын мурдагы кызматкери, дагы экөө кармоо учурунда журналисттердин жанында жүргөн достору болгон.
"Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин бул окуяны кармоо эмес, адам уурдоо деп атаган:
"Эки гана адам кармалып жатканын кабарлоого үлгүргөн. Беш адам дайынсыз жоголгон. Биз аларды тааныштарыбыз жана адвокат аркылуу УКМКдан таптык. Кармалгандан кийин алардын бири да үй-бүлөсү же биз менен байланышууга мүмкүндүк алган эмес. Адвокаттар киргизилбей, аларсыз суракка алып жатышат. Мен муну Жазык-процессуалдык кодексти жана адам укуктарынын одоно бузуу деп эсептейм. Мен болуп жаткан окуяны жөн гана кармоо эмес, адам уурдоо катары баалайм".
Орунбековдун билдирүүсү, "Клооп" менен Темировдун жообу
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) журналисттер эмне себептен кармалганы жөнүндө расмий билдирүү тарата элек.
Бирок президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков камалган журналисттер тууралуу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
Орунбеков "клоопчуларды" иликтөөчү журналист Болот Темиров "каржылап келгенин, жалган иликтөөлөрдү жасашканын жана буюртма менен иштешкени аныкталганын" жазган.
"Ар бирине ай сайын 500–800 доллардан акы төлөп турган. Бул жаштар мурда жабылып калган "Клооп" сайтынын кызматкерлери болуп эсептелет.
Учурда булар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жана Темировдун мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарып жүргөнүн моюндап, Темиров менен кызматташуудан баш тартты. Алар жалган билдирүүлөрдү жасап, мамлекетке каршы багытталган атайын заказдарды аткарып келишкенин айтып беришти", – деген Дайырбек Орунбеков.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Ринат Тухватшин бул жалган маалымат экенин, кармалган журналисттер, "Клооптун" мурдагы кызматкерлери жана алардын достору Болот Темиров менен иштешпегенин билдирди.
Бозгундагы журналист Болот Темиров дагы УКМК тарабынан кармалган журналисттер менен эч кандай байланышы жок экенин шардана кылды:
"Мен "Клоопко" сый-урмат менен мамиле кылам. Бул медиа – өзүнүн чоң тарыхы, жана коомдо репутациясы бар көз карандысыз басылма. Биз буга чейин чогуу иликтөөлөрдү жасап келгенбиз. Азыр "Клооптун" башына оор күн түшүп турганда мен аларга толук тилектештигимди билдирем.
Бирок УКМК кармаган балдар менен эч кандай байланышым жок. Көпчүлүгүн тааныбайм.
Мен эч кимге буйрук (тапшырма) бербейм, эч кандай команда менен иштебейм, эч кимге акча төлөбөйм.
Бардык иликтөөлөрдү өзүм жасайм. Кээ бирин башка көз карандысыз редакциялар, анын ичинде эл аралык өнөктөштөр менен чогуу ишке ашырам".

Сүрөттүн булагы, Kloopnews
Саясий талааны тазалоо аракетиби?
Саясатчы, "Некст ТВ" телеканалынын негиздөөчүсү Равшан Жээнбеков "Клооптун" ишмердигине дайыма көз салып келгенин, алардын башаламандыкка, улуттар аралык, диний кастыкты козутууга чакырган материалдары болбогонун белгилейт.
"Тескерисинче, "Клооп" журналисттик стандарттарды бекем сактап келет. Анда эмгектенген журналисттердин баары жеткиликтүү деңгээлде журналисттик билим алган, кесипкөй адамдар. "Клооп" Кыргызстанда гана эмес, эл аралык деңгээлде дагы кадыр-баркы бийик басылма. Бийлик аларга кысым көрсөтүү менен дүйнө коомчулугунун алдында аброюун жоготуп жатат деп ойлойм".
Медиа талдоочулар соңку кездери жалпыга маалымдоо каражаттарына, жарандык коомго, башка көз караштагы саясатчыларга катуу басым болуп жатканын айтып келишет.
Жарандык активист Адил Турдугуловдун баамында, маанилүү саясий окуялардын алдында бийликке каяша сүйлөгөндөрдү камоо мурдатан эле адатка айланып калган:
"Маселен, 2026-жылы парламенттик, андан кийинки президенттик шайлоо өтөт эмеспи. Бул дал ошол ири окуялардын алдында саясий талааны тазалоо аракети деп эсептейм. Анткени парламентте оппозициялык күчтөр жок. Демек, муну кандайдыр бир сын-пикир айткан, альтернативдүү көз карашты билдирген Кыргызстандын ичиндеги үндү басуу аракети деп эсептейм. Бул жакшы жыйынтык бербейт, себеби элдин бугу чыгып турушу керек. Саясий куугунтук күчөй берсе, бийликтин өзүнө кесепети тиерин тарых тастыктап эле келе жатат".
Басылма тууралуу учкай маалымат
"Клооп" басылмасы 2008-жылдан бери иштеп келет. Бул аралыкта иликтөө жанрында ондогон материалдарды чыгарган. Айрымдары эл аралык сыйлыктарга татыган.
2024-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Kloop Media" коомдук фондун жоюу тууралуу чечим чыгарган.
Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын арызы себеп болгон. Арызда басылма бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын төмөндөтүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы жазылган.
Ошентип, "Клооптун" сайты Кыргызстанда бөгөттөлгөн. Басылма социалдык тармактарда ишмердигин улантып жатат.
Эл аралык укук коргоо уюмдары басылмага кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырып келишет.
Май айынын башында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялаган. Иликтөөгө ылайык, Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн арасынан 144-орунга жайгашкан.












