Жибектин уулу бийликтен жардам сурады

Сүрөттүн булагы, courtesy
Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Жибек Урустемованын улуу баласы бийликке кайрылып үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүүнү сурады.
Ал Тредс социалдык тармагына апасы өмүр бою жөнөкөй мугалим болуп иштеп, ак эмгеги менен үй-бүлөсүн багып келгенин, ипотекага батир алышканын, анын карызы болжол менен эки миллион сомго жакын экенин, студент үчүн бул чоң каражат болуп эсептелерин жазды.
Ал экинчи жана үчүнчү класста окуган бөбөктөрү да бар экенин белгилеген.
"Учурда мен жогорку окуу жайда окуйм. Бирок түзүлгөн жагдайларга байланыштуу окуумду убактылуу токтотуп, иштөөгө мажбур болуп жатам. Бизди энебизден ажыраткан адам анын гана эмес, балдарынын да келечегин талкалады. Ушуга байланыштуу сиздерден биздин оор турмуштук жагдайыбызды эске алып, жардам көрсөтүүңүздөрдү өтүнөм. Биз мамлекеттин колдоосуна муктажбыз", - деп жазган Бекжан.
Буга чейин кылмышка шектүүнүн туугандары ипотекалык карызды төлөп, үйдү маркумдун балдарына өткөрүп бере турганын билдиришкен.
Ал арада социалдык тармактардын колдонуучулары атайын эсеп ачып, Жибектин балдарына колдоо көрсөтүүнү демилгелеп жатышат.
Бийлик оор кырдаалда калган балдарына кандай жардам берилерин ачыктай элек.
Күн мурун Жибек Урустемованын өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүлүп берилген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Атайын ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, иштин чоо-жайын иликтөө башталган.
"Өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги тарабынан коомдук коопсуздуктун жана базалык үй-бүлөлүк баалуулуктардын түптөлүшүнө шек келтирген бул одоно факт боюнча так позиция айтылган, ал эми трагедия принципиалдуу укуктук баа берүүнү талап кылат. Белгилей кетсек, тергөө учурунда маркумда убактылуу коргоо ордери болгондугу жана айыпталуучу тарабынан адам өлтүрүү үчүн колдонулган газ-травматикалык куралды мыйзамсыз алып жүрүү жана сактоо фактылары аныкталды. Азыркы учурда айыпталуучу камакка алынып, Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө абагына жеткирилди. Шектүү ал жакта тергөө бүткүчө кармалып турат" деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.
Кылмыш ишин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен атайын кызматтын борбордук аппараты иликтейт.
Ички иштер министрлигинин Жибек Урустемованын өлүмү боюнча берген алгачкы маалыматы коомчулукта талаш-тартыш жараткан. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев Урустемова менен анын күйөөсү үйгө жакшы эле киришкенин, окуяга ичимдик себеп болгонун айткан. "Социалдык тармактарда бул билдирүү 'кылмышкерди актоо' катары кабыл алынып, Бишкек ШИИББдин жетекчисинин дарегине катуу сын-пикирлер айтылган.
Ошондой эле ИИМдин маалыматында келиндин коргоо ордери болгондугу, буга чейин да зомбулук көргөнү тууралуу маалыматтар болгон эмес.
25-декабрда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев аталган окуяны "бүтүндөй өлкө ичиркенүү менен кабыл алганын" белгилеп, "кылмышкерди актоого эч кандай негиз жок" экенин баса белгиледи.
2025-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университетинин 47 жаштагы окутуучусу Жибек Урустемова ажырашып жаткан күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн. Каргашалуу окуя маркумдун туулган күнүндө, апасынын көзүнчө болгон. Шектүү — 48 жаштагы мурдагы милиция кызматкери, алты жыл мурун пенсияга чыккан Б.Т. аттуу жаран. Ал маркумду травматикалык тапанча менен чыкыйга атып, өмүрүн кыйган.










