You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Хезболла" лидери Хасан Насралланын тагдыры жана таржымалы
Би-Би-Си араб кызматы
"Хезболланын" башчысы Хасан Насралла Бейруттун түштүк аймагында Израилдин аба соккусунан өлтүрүлгөндөн кийин Ливанга жана бул уюмга байланыштуу көптөгөн суроолор пайда болду.
Хасан Насралла ондогон жыл бою Ливанга эле эмес бүтүндөй Жакынкы Чыгышка таасир эткен шииттердин динаятчысы жана лидери болгон. Насралланын өлүмү "Хезболланын" ичинде чоң боштукту пайда кылышы мүмкүн.
Учурда "Хезболланын" жетекчилигине Насралланын аталаш тууганы Хашим Сафиуддин келери күтүлүүдө.
Ал топтун саясий иштерин көзөмөлдөп келген жана аскердик аракеттер үчүн түзүлгөн Жихад кеңешинин мүчөсү болчу.
Хасан Насралла өлгөндөн кийин Израилдин Ливанга карата аба чабуулдары токтогон жок. “Хезболла" дагы жооп катары Израилди көздөй сокку урууну улантууда.
Эми мындан ары эмне болот деген суроого жооп издегендер көп.
"Хезболлада" өзгөрүү болобу?
Көптөгөн Батыш өлкөлөрү, АКШ, Британия жана айрым араб өлкөлөрү Иран колдогон "Хезболланы" террордук уюм деп атайт.
Ливан өкмөтү болсо аны Израилге каршы “мыйзамдуу каршылык көрсөтүү тобу” деп эсептейт.
Ливандын "Аль Нихар" гезитинин журналисти Ибрахим Байрам Би-Би-Сиге курган маегинде Хасан Насралланын өлүмү "Хезболланын" Израилге каршы туруудагы чечкиндүү саясатына таасири көп деле тийбей турганын айтат.
Ибрагим Байрам "Хезболланын" жетектей турган адам Насралланын жолун ишенимдүү улантат деген үмүттө, бирок Насралланын өлүмү боюнча Ливанда түрдүү пикирлер бар экенин жашырбайт.
"Хизболлага" олуттуу сокку урулду дегендер көп, ошол эле маалда кээ бир адамдар буга кубанышат".
Байрамдын айтымында, Хасан Насралла өзүнүн тагдыры "Хизболланын" мурдагы лидери Аббас ал-Мусавиникине окшошот деп кооптонуп келген. Ошондуктан ал эл алдына чыкпай, жактоочуларына теле аркылуу кайрылуу жолдочу.
Аббас аль-Мусави дагы 1992-жылы Израил тарбынан өлтүргөн.
Израил Хасан Насралланын өлтүрүлгөнүн жарыялагандан кийин Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи алгачкы билдирүүсүндө Насралланын атын атоодон карманды, бирок Ливандагы карапайым калктын өлтүрүлүшүн кескин айыптады.
“Израилдик кылмышкерлер “Хезболлага” олуттуу зыян келтире алышкан жок", – деди ал.
Хаменеи мусулмандарды Израилге каршы турууда биримдикке чакырды.
Хашим Сарфуддин Насралланы жоктогондордун кайгысын баса алабы?
Жазуучу жана профессор Мохаммед Али Мукаллид Хасан Насралланын өлүмү Ливанга өз аймагындагы автономияны калыбына келтирүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк дейт. Анткени "Хезболла" Ливандын түштүгүн көзөмөлдөгөн дүйнөдөгү эң мыкты куралданган мамлекеттик эмес түзүлүштөрдүн бири болчу.
Иран болсо Хасан Насралланын өлүмү "Хезболланын" аймактагы абалына таасир этпей турганын жана жетекчилик алмашканы менен топтун аракеттери дагы да күчөйт деген пикирди таңуулаганга аракет кылууда.
Ирандын "Ислам революциялык гвардиясынын Кудс күчтөрүнүн мурдагы командири Ахмед Вахиди "Хезболла көптөгөн лидерлерди таптап келген жана ар бир өлгөн лидердин ордун башкасы баса алат" деген пикирде.
Ал арада АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон Хасан Насралланын өлүмүн Жакынкы Чыгыш үчүн "маанилүү жылыш" деп мүнөздөдү.
Жазуучу Мохаммад Али Мукаллид “Хезболланын” ичинде ажырым болуп, топтун жарымы Ливан өкмөтүн колдоп, Ирандан алыстайт деген пикирде.
Хасан Насралланын өлүмүнөн кийин Бейруттун көчөлөрүндө адамдардын кайгыга батканы жана ачууланганы байкалып турат. Кээ бир адамдар коомдук медиа аркылуу Израилге каарын төгүүдө.
“Хезболлага” таандык “Аль Манар” каналы Хасан Насралланын расмий өлүмү жарыялангандан кийин Курандын аяттарын уктурууда.
Ошол эле учурда теледен Ливандын көчөлөрүндө Израилдин кол салуусунан улам үй-жайсыз калган көптөгөн адамдар көрсөтүлүп жатат.
Ливандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин чабуулунан ушул убакка чейин 800дөн ашуун адам набыт болду.
Учурда “Хезболланы” башкаруу кимдин колуна өтөт деген эң негизги суроого жооп издегендер көп.
Журналист Ибрагим Байрамдын айтымында Хашим Сафиуддин "Хезболланын" жаңы жетекчиси болушу мүмкүн, бирок алдыда жаңы лидер топту Хасан Насралладай башкара алабы деген маселе турат.
Ибрахим Байрам Хасан Насралланы "теңдешсиз лидер" деп мүнөздөп, топту саясий жана аскердик жактан бириктире алганына токтолду.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Хашим Сафиуддин 2017-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан террорчу деп жарыяланган.
Хасан Насралланын таржымалы
Хасан Насралла 1960-жылы Бейруттун чыгышындагы жакыр үй-бүлөдө туулган. Ал беш жашка толгондо Ливанда жарандык согуш башталган.
Жер Ортолук деңизинин чыгышындагы бул өлкөдөгү жарандык согуш 15 жылга созулуп, өлкө кризиске кептелген.
Жарандык согуштун чыгышына саясий, диний, экономикалык жана тышкы таасирлер себеп болгон.
Согуштан улам Хасан Насралланын атасы Бейрутту таштап, Ливандын түштүгүндөгү шииттер жашаган кичи мекенине журт которууну чечкен.
Хасан Насралла 15 жашында Ливанда эң маанилүү делген саясий жана аскердик аракеттерди жүргүзүп келген "Амел" кыймылына мүчө болгон. Аны ирандык Муси Садр негиздеген.
Бул мезгилде Насралла диний билим ала баштаган. Насралланын устаттарынын бири ага билимин жогорулатуу үчүн Нажафка барууну сунуштаган. Хасан Насралла бул сунушту кабыл алып, 16 жашында Ирактын Нажаф шаарына сапар алган.
Хасан Насралла Нажафка барган учурда Ирак туруксуз өлкө болчу. Ал жердеги зордук-зомбулук жана кандуу козголоңдор жыйырма жылга чейин өкүм сүргөн.
Хасан Насралла Нажафта болгону эки жыл билим алган соң Ирактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бирок анын Нажафтагы жылдары келечегине олуттуу таасир эткен. Насралла Нажаф шаарында жүрүп Аббас аль-Мусавиге жолуккан.
Иран менен жакындашуу
Кезинде Ливандагы Муса Садрдын шакирти саналган Аббас Мусавиге Ирандын революциячыл диний лидери Хаменеинин саясий көз карашы терең таасир эткен.
Мусави Насралладан сегиз жаш улуу болгон жана ага таалим берүүчү жана жол көрсөтүүчү боло алган.
Ливанга кайтып келгенден кийин экөө тең жергиликтүү жарандык согушка катышкан.
Бул мезгилде Насралла "Амел" кыймылынын мүчөсү катары Аббас Мусави курган медреседе билим алууну уланткан.
Хасан Насралла Ливанга кайтып келгенден бир жылдан кийин Иранда революция болуп, бийликке аятолла Хомейние келген.
Иранда болуп жаткан окуялар жана андагы саясий көз караштар Ливандын шийит жамаатына катуу таасир эткен.
Хасан Насралла кийинчерээк Тегеранда Ирандын ошол кездеги лидери менен жолугуп, Хомейни аны Ливандагы өкүлү кылып дайындаган.
Хасан Насралланын Иран менен мамилеси ушундайча башталып, Иран өкмөтүндөгү чечүүчү жана күчтүү топтор менен алака түзө баштаган.
Ал убакта (1982) Израилдин аскерлери Ливандагы жарандык согуштан пайдаланып өлкөнүн түштүгүн оккупациялап алган эле.
Израилдин чабуулунан кийин дароо эле Ирандагы Ислам революциялык гвардиясынын командирлери Ливанда Тегеран менен байланышы бар аскердик топ түзүүнү чечишкен.
Ал топтун аты “Хезболла" болчу жана ал убакыттын өтүшү менен бүтүндөй Жакынкы Чыгыш таасир эте алган уюмга айланды.
Хасан Насралла менен Аббас Мусави "Амел" кыймылынын башка мүчөлөрү менен бирге жаңы түзүлгөн топко кошулган.
Куралдуу топ адегенде Ливандагы америкалык аскерлерге каршы согушуп, кийин аймакта жүргүзө турган саясатын жарыялаган.
Хасан Насралла "Хезболлага" кошулганда болгону 22 жашта эле, бирок анын Иран менен байланышы күндөн-күнгө тереңдей берген.
Ал диний билимин улантуу үчүн Ирандын Кум шаарына барууну чечкен. Насралла Кумда эки жыл окуп, перс тилин үйрөнгөн, ошондой эле Иран элитасынын арасында көптөгөн жакын досторду тапкан.
Ливанга кайтып келгенден кийин Аббас Мусави менен маанилүү маселеде пикир келишпестиктер пайда болгон. Ал кезде Мусави Сириянын президенти Хафез Асаддын жактоочусу болгон.
Насралла "Хезболладан" америкалык жана израилдик аскерлердин чабуулдарына чечкиндүү түрдө каршы турууну талап кылган.
Насралла көп өтпөй "Хизболладан" алыстап Иранга кайтып келген.
Бул убакта Ирандын "Хизболлага" болгон таасири күндөн-күнгө азайып, эки тараптын пикир келишпестиктер жаралган.
Тирешүү күчөй бергендиктен "Хизбулланын" башчысы Субхи аль-Туфайли 1991-жылы кызматтан алынып, ордуна Сирияны колдогон Аббас аль-Мусави жаңы жетекчи болгон.
Уюмдун жетекчилиги алмашкандан кийин Хасан Насралла Ливанга кайтып келип, "Хезболланын" лидерлери мусавинин орун басары болуп бекиген.
“Хезболланын” жетекчиси болуп шайлангандан бир жыл өтпөй Аббас аль-Мусави 1992-жылы Израил тарабынан өлтүрүлгөн. Ошол эле жылы топту башкарууну Хасан Насралла колго алган. (SA)