Сауд Арабиясы бир жыл ичинде рекорддук сандагы адамдарды өлүм жазасына тартты. Алардын көбү – баңгизат үчүн соттолгондор

Сүрөттүн булагы, ESOHR
- Author, Кэролайн Хоули
- Role, Би-Би-Синин дипломатиялык кабарчысы
Бул макаланын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окуй аласыз.
Сауд Арабиясы экинчи жыл катары менен рекорддук сандагы адамдарды өлүм жазасына тартып келатат. Британиядагы Reprieve укук коргоо уюмунун маалыматтарына ылайык, 2024-жылы 345 адам, ал эми быйыл бери дегенде 347 киши өлүм жазасына тартылды. Reprieve уюму Сауд Арабиясында өлүм жазасына тартылган бир нече адамдын укугун коргочу.
Reprieve уюмунун маалыматы боюнча, бул "королдукта мониторинг жүргүзүлө баштагандан берки эң кандуу жыл болуп калды".
Өлүм жазасына тартылгандардын акыркылары Пакистандын эки жараны болду, алар баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн соттолушкан.
Быйыл өлүм жазасына тартылгандардын арасында журналист жана нааразылык акциясына катышты деп айыпталган эки жигит бар, алар кылмыш жасаган деп шектелген учурда өспүрүм куракта болчу. Өлүм жазасына тартылгандардын бешөө – аялдар.
Бирок, Reprieve белгилегендей, көбү – үчтөн экиге жакыны адамдардын өлүмүнө алып келбеген баңгизатына байланышкан кылмыштар үчүн соттолгон. БУУ мындай чечимди "эл аралык ченемдерге жана стандарттарга туура келбейт" деп баалады.
Өлүм жазасына тартылгандардын жарымынан көбү чет элдик жарандар болгон, алар баңгизатка каршы согуштун алкагында жогорку жазага тартылган.
Би-Би-Синин өлүм жазасынын саны көбөйгөнү тууралуу комментарий берүү өтүнүчүнө сауди бийлиги жооп берген жок.
"Бул иш жүзүндө адам укуктарынын бүтүндөй системасын кордоо болуп саналат", - деп билдирди Reprieve уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүндө өлүм жазасы маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Жид Басюни.
Ал Сауд Арабиясынын жазык сот системасында кыйноо жана мажбурлап моюнга алдыруу көрүнүшү кеңири жайылганын айтты.
Өлүм жазасына тартылгандардын жана соттолгондордун айрымдарынын окуялары
2021-жылы Сауд Арабиясынын аймактык сууларында камакка алынган жана баңгизат аткезчилигине тартылууга мажбур болгонун айткан жаш египеттик балыкчы Иссам аш-Шазли 16-декабрда өлүм жазасына тартылды.
Reprieve уюмунун маалыматы боюнча, өлүм жазасы берилген 96 кылмыш иши гашишке байланыштуу болгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Сауди бийлиги 2022-жылдын аягында өлүм жазасына мораторийди алып салгандан бери баңгизатка байланыштуу өлүм жазасына тартылгандардын саны кескин өстү. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы бул фактыны "өтө өкүнүчтүү" деп баалады.
Баңгизат аткезчилигине айыпталып, өлүм жазасына кесилген эркектердин жакындары атын жашыруу менен Би-Би-Сиге маек куруп, коркуу сезими менен жашап калышканын айтышты.
Алардын бири Би-Би-Сиге мындай деди: "Аптанын ичинде мен жума жана ишемби күндөрү гана уктай алам, себеби бул күндөрү эч ким өлүм жазасына тартылбайт".
Reprieve уюмунун маалыматы боюнча, абакта кармалгандар түрмөдө көп жылдар бою чогуу отурган адамдарды өлүм жазасына тартуу үчүн алып кетип баратканда, алар кыйкырып-бакырып, каршылык көрсөтөрүн айтышкан.
2017-жылы мураскер ханзаада болгон Сауд Арабиясынын иш жүзүндөгү башкаруучусу Мохаммед бин Салман акыркы бир нече жылда өлкөнү түп-тамырынан бери өзгөртүп, коомдогу чектөөлөрдү жеңилдетип, ошол эле маалда эч бир сын-пикирге жол бербей келет.
Экономиканы диверсификациялап, мунайдан түшкөн кирешелерге көз карандылыкты азайтууга аракеттенип, ал Сауд Арабиясын тышкы дүйнө үчүн ачып, диний полицияны көчөлөрдөн алдырып, аялдарга машине айдоого уруксат берген.
Анткен менен, америкалык укук коргоочу Human Rights Watch уюмунун маалыматына ылайык, королдукта адам укуктарына байланышкан кырдаал "үрөй учурарлык" бойдон кала берүүдө, ал эми өлүм жазасынын жогорку көрсөткүчү олуттуу тынчсызданууну жаратат. Укук коргоочулардын айтымында, акыркы жылдары Кытай менен Иран гана көбүрөөк адамды өлүм жазасына тарткан.
Жашыруун режим
"Мохаммед бин Салман жана анын өкмөтү бул өлүм жазалары үчүн эч жооп беришкен жок, - деди Human Rights Watch үчүн Сауд Арабиясындагы кырдаалды иликтеген Жои Ши. – Оюн-зоок иш-чаралары, спорттук таймаштар – мунун баары эч кандай кесепеттерсиз уланууда".
Reprieve уюмунун маалыматы боюнча, өлүм жазасына тартылган адамдардын үй-бүлөлөрүнө эреже катары алдын ала маалымат берилбейт, алардын сөөктөрүн өткөрүп беришпейт жана алар кайда көмүлгөнү белгисиз.
Сауди бийлиги ошондой эле соттолгондор кандай жол менен өлүм жазасына тартыларын да айтышпайт. Айрым маалыматтарга ылайык, алардын башы алынат же атууга кетет.

Сүрөттүн булагы, Amnesty International
Бул жылы өлүм жазасына тартылган сауди жарандарынын арасында Абдулла ал-Дерази менен Жалал ал-Лаббад да бар, алар кармалган учурда жашы жете элек болчу.
2011-2012-жылдары алар өкмөттүн шиит азчылыгына жасаган мамилесине нааразылык билдирип, коопсуздук күчтөрү өлтүргөн адамдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан.
Алар террорчулукка айыпталып, өлүм жазасына кесилген. Amnesty International экөө тең кыйноого алынып, айыпты мойнуна алууга мажбур болушканын, соттук териштирүү адилетсиз өткөнүн ырастайт. БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери эки жигитти бошотууга үндөп келишкен.
Журналист да өлүм жазасына тартылды
БУУ ошондой эле журналист Турки ал-Жассердин июнь айында өлүм жазасына тартылганын да сындады. Журналист 2018-жылы камакка алынып, жазган макалаларынын негизинде террорчулукка жана чыккынчылыкка айыпталып, өлүм жазасына кесилген болчу.
"Журналисттерге карата өлүм жазасы сөз жана басма сөз эркиндигине ырайымсыз кол салуу болуп саналат", - деди ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле.

Сүрөттүн булагы, Human Rights Watch
Өткөн жылдын декабрь айында БУУнун эксперттери сауди бийлигине кат жазып, баңги аткезчилиги боюнча айыпталып, өлүм жазасына кесилген Египеттин 32 ана Иорданиянын бир жараны кирген топко байланыштуу тынчсыздануусун билдиришкен. Ошондон бери бул топтун мүчөлөрүнүн көбү өлүм жазасына тартылды.
Би-Би-Си дооматтар боюнча комментарий алуу үчүн сауди бийлигине кайрылганы менен, эч кандай жооп ала алган жок.
Бирок, 2025-жылдын январында БУУнун атайын баяндамачыларынын тынчсыздануусуна жооп катары жолдогон катында Эр-Рияд Сауд Арабиясы адам укуктарын "коргоп, колдоп келатканын", бул өлкөнүн мыйзамдары "кыйноого тыюу саларын" билдирген.
"Өлүм жазасы өтө оор кылмыштар үчүн жана өзгөчө учурларда гана берилет, - деп айтылат катта. - Өкүм бардык инстанциялардагы соттордо соттук териштирүү аяктаганга чейин чыгарылбайт жана аткарылбайт". (ZMa)












