You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Газаны эми эмне күтүп турат?
- Author, Кэтрин Хитвуд
- Role, Би-Би-Синин дүйнөлүк кызматы
АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен ХАМАС 20-пункттан турган Газадагы ок атышууну токтотуу планынын биринчи баскычы боюнча макулдашканын билдирди. Бейшемби күнү жарыяланган алгачкы макулдашууга ылайык, калган бардык израилдик туткундарды жана жүздөгөн палестиналык камалгандарды бошотуу күтүлүүдө. Ошондой эле, Израилдин аскердик күчтөрүн чыгарып кетүү жана Газага гуманитардык жардамды киргизүү каралууда. Учурда аталган кадамдардын качан жана кандайча аткарылары белгисиз бойдон.
2023-жылы 7-октябрда ХАМАС кол салган окуядан бери эки жыл өттү. Анда 1200дөй киши каза болуп, 251 адам туткунга кармалып кеткен.
Бул келишим баштапкы баскыч гана. Андан ары Газаны эмне күтүп турары азырынча так айтыла элек.
Трамптын тынчтык планы боюнча Газаны ким башкарат?
Трамптын планында Газаны палестиналык технократтардан турган убактылуу комитет башкаруусу сунушталат. Аталган комитетти "Тынчтык кеңеши" жетектеп, ага Трамп өзү төрагалык кылат жана ага Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр да кирет.
Трамптын командасы жарыялаган планга ылайык, палестин бийлиги "реформалык программаларды ишке ашыргандан" кийин Газа тилкесинин тизгини палестин бийлигине өткөрүлүп берилет.
Келечекте Газаны башкарууга ХАМАСтын түз же кыйыр түрдө эч кандай тиешеси болбойт.
Планда белгиленгендей, ХАМАСтын мүчөлөрү тынчтыкта бирге жашоого көнсө амнистия берилип же башка өлкөгө коопсуз чыгып кетүү сунушталат.
Газа тургундарынын жашоосунда эмне өзгөрөт?
Израил өкмөтүнүн басма сөз катчысы бейшембиде маалымдагандай, өлкөнүн министрлер кабинети бекиткенден кийин 24 сааттын ичинде ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу күчүнө кирет.
Лондондогу "Эл аралык мамилелер боюнча Европа кеңеши" (ECFR) аналитикалык борборунун улук илимий кызматкери Хю Ловаттын айтымында, ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу эң эле бери дегенде "газалыктар жашоосу үчүн коркпой тургандай" болуп калышы керек дегенди билдириши кажет.
"Учурда газалыктар үчүн эң маанилүү үч нерсе — өлүп калбоо, жер которбоо жана ачка калбоо", — деди ал Би-Би-Сиге.
"Жеке коопсуздук сакталып, адамдар үйлөрүнө кайткандан кийин, албетте алар жашоосун кайра түптөп кетүүгө көңүл бурушат", — дейт Ловатт.
Газа эли бул кабарды угуп чын эле кубанып жаткан чагы.
Газанын тургуну Жума Рамазан Абу Аммо Би-Би-Синин Араб кызматына төмөнкүлөрдү айтып берген: "Биринчи кыла турган ишим — урап жаткан үйдүн астындагы чоң атам менен чоң энемдин сөөктөрүн алып чыгам".
"Андан кийин үйдү кайра сала баштайбыз. Кудай кааласа, Газанын баарын кайра куруп, шаар мурдагыдан да жакшыраак болуп калат".
7-октябрдагы кол салууга карата Израилдин аскердик соккусу Газадагы көпчүлүк курулуштар менен инфраструктураны кыйраткан.
Газадагы ХАМАС жетектеген саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, согушта 67 миңден ашуун палестиналык курман болгон. Алардын көпчүлүгүн жөнөкөй жарандар жана арасында 18 миңден ашууну балдар.
Аталган мекеме берген статистикалык маалыматтар БУУ жана башка эл аралык уюмдар тарабынан ишеничтүү деп эсептелип келет.
Жардам жагы кандай болууда?
Трамптын 20-пункттан турган планында Газага кийинчерээк "толук жардамды" кечиктирбей жөнөтүү камтылган. Газа тилкесинде ачарчылык өкүм сүрүп жатканы БУУнун адистери тарабынан августта ырасталган.
Планда бул сумма "гуманитардык жардамга байланыштуу 2025-жылдын 19-январындагы келишимге ылайык болушу керек" деп айтылат.
Reuters Израилдин расмийлерине шилтеме жасап кабарлагандай, ар күнү 600 жүк ташуучу унаа киргизилип турмакчы. Аталган маалымат агенттиги палестин булактарына таянып, башында күнүнө эң кеминде 400 жүк унаасы менен жардам берилерин, бул көрсөткүч бара-бара көбөйөрүн кошумчалаган.
Бирок улук изилдөөчү Ловатт баса белгилегендей, гуманитардык жардам жеткирген эл аралык уюмдар Газадагы адамдар менен иштей алышы үчүн коопсуз шарт түзүлүшү зарыл.
Трамптын планында талаштуу Газа гуманитардык фондунун (GHF) жагдайы такталган эмес. Аталган фонд БУУ жетектеген азык-түлүк жеткирүү системасынын ордун ээлеп калган болчу.
"Ок атышууну токтотуу боюнча акыркы жолку келишим бузулгандан бери коопсуздук чаралары өтө эле начарлап кеткенин ачык айтып коюшубуз керек", — деди Ловатт Би-Би-Сиге курган маегинде.
Келишим күчүндө калабы?
Бул келишим — эки жыл мурда согуш башталгандан берки тараптар жетишкен эң олуттуу жылыш.
Бирок Би-Би-Синин Иерусалимдеги кабарчысы Том Беннеттин билдиришинче, Трамптын 20-пункттан турган тынчтык планы болгону форма гана. Ал бир нече беттен турат.
Анын айтымында, эки тарап үчүн тең чечиле элек олуттуу маселелер бар.
Мисалы, Израил ХАМАСтан куралдарды таштоону талап кылып келет. Ошондой эле, Израилдин аскердик күчтөрүн толук чыгарып кетүү жана Газаны ким башкарары чечиле элек.
Улук изилдөөчү Ловатт Трамптын планынын биринчи баскычын ишке ашырса болорун Би-Би-Сиге билдирди. Бирок андан кийин эмне болору жакшы анык эмес, себеби ал жерде кесип өтүүгө болбогон Израилдин "кызыл сызыктары" бар.
"Нетаньяху Ак үйдөгү басма сөз жыйынынан кийин эле Израилдин аскердик күчтөрү Газадан толугу менен чыгып кетпей турганын жана палестин өлкөсү болбосун айткан", — деди Ловатт.
"Планды ишке ашырууда эки ири тоскоолдук бар. Эгерде Израил аз убакыттын ичинде Газадан толугу менен чыгып кетпесе Палестина макулдашууну кармануусу кыйын болот", — деп кошумчалады ал.
Трамп кантип аралашып калды?
Бул тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү негизги айырмачылык Трамптын жеке өзү аралашып жүргөнү болуп калды. Ал макулдашууга жетүү үчүн ХАМАСка эле эмес, Израилге дагы басым жасап келгенин Би-Би-Синин Иерусалимдеги кабарчысы Хюго Бачега айтат.
Эгерде макулдашуу ийгиликтүү ишке ашып калса, бул Трамптын тышкы саясаттагы эң чоң жетишкендиги болуп калат. Ал дүйнөдөгү эң абройлуу сыйлыктардын бири, Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алуу ниети бар экенин жашырбай эле айтып келет. Аталган сыйлыктын ээси жума күнү 10-октябрда белгилүү болот.
"АКШ Израилдин же Жакынкы Чыгыштын дипломатиясында, айрыкча Израил-Палестин мамилесинде ар дайым өтө чечүүчү ролду ойноп келген. АКШнын Израилге карата, жок эле дегенде теорияда, колдоно турган рычагдары бар. Менин оюмча, учурда Трамп ички саясаттагы орду жана позициясы жагынан аябай ыңгайлуу абалда", — деп белгилейт Ловатт.
Жакынкы күндөрдө Трамптын Египетке сапары күтүлүүдө. Египетте анын өкүлдөрү макулдашуунун үстүнөн иштеп жатышат. Ак үйдөн кабарлашкандай, Трамп аталган аймакка жума күнү чыгайын деп жатат.