You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Талибдер Ооганстандын интернет байланышын толугу менен өчүрдү
Ооганстанды башкарган талибдер адеп-ахлаксыз деп эсептеген көрүнүштөргө каршы күрөшүү максатында дүйшөмбү күнү өлкөнүн интернет байланышын толугу менен өчүрдү. Бул тууралуу NetBlocks эл аралык интернет мониторинг кызматы билдирди.
"Талибан бийлиги моралдык нормаларды ишке ашырып жаткандыктан Ооганстанда интернет толугу менен өчүрүлдү. Дүйшөмбү күнү эрте менен интернет жайлай баштады. Телефон байланышы да жабыркады", - деп билдирди NetBlocks Mastodon.social коомдук сайтына.
Кабулдун бир нече тургунунун Би-Би-Сиге билдиришинче, була-оптикалык кабель аркылуу жеткирилген интернет иш күнүнүн аягында иштебей калды.
Эл аралык Франс Пресс агенттиги Кабулдагы кеңсеси менен байланышы, анын ичинде уюлдук байланыш кызматы да үзүлгөнүн жазды.
Мобилдик интернет жана спутник телекөрсөтүү кызматы да Ооганстан боюнча олуттуу үзгүлтүккө учурады. Ооганстандын борборунан келген кабарларга караганда, Кабул аэропортунда каттамдар токтотулган.
Талибан бир нече апта мурун өлкөнүн ар кайсы провинцияларында жогорку ылдамдыктагы була-оптикалык интернет байланышын өчүрө баштаган, андан бери интернет жайлап же таптакыр жок болуп кеткенине эл нааразы болду. Жергиликтүү ишкерлер мындай көрүнүш улана берсе, олуттуу чыгымга учурай турганын айтышты.
Буга чейин Талибан өкмөтү альтернативдүү интернет каналдарын түзөрүн жарыялаган.
"Ооганстан азыр интернетти өчүрүү боюнча таймашта Түндүк Кореяны да озуп өттү", - деп жазды 1TV деп аталган ооган жаңылыктар каналынын мурдагы башкы редактору Хамид Хайдари.
2021-жылы бийликке келген талибдер Ооганстанда шарият мыйзамдарын орнотууга аракет кылып жатканын айтып келет. Алар жакында эле университеттерде аялдар жазган китептерди окууга тыюу салды.
Буга чейин талибдер 12 жаштан жогорку кыздарга мектептен жана башка билим берүү мекемелеринен билим алууга толугу менен тыюу салган.