You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Лукашенкого каршы чыккан аялдар триосу: Алардын беш жылдан кийинки тагдыры
Үч лидер аял – Светлана Тихановская, Мария Колесникова жана Вероника Цепкало 2020-жылдын жайында Лукашенкого каршы нааразычылыктын символу катары чыга келишти. Алар саясаттын тегирменине кокустан эле түшүп калышты: экөө жубайларынын ордун басты. Биринин күйөөсү камалса, экинчисиники өлкөдөн чыгып кеткен, үчүнчүсү болсо талапкери камакка алынган шайлоо штабында координатор болгон. Дал ушул үч аял өлкөнү өзгөртүүнү каалаган адамдарды бириктирди.
Бул үчилтик президенттик шайлоодон кийин дароо эле ыдырап кетти. Алардын тагдыры ошол маалда мыйзамсыз шайлоого каршы көчөгө чыккан көптөгөн жөнөкөй беларустардыкынан айырмаланган деле жок.
Беларуста 2020-жылы тутанган нааразылыктарынын беш жылдыгынын алдында Би-Би-Си Светлана Тихановская, Вероника Цепкало жана Мария Колесникованын сиңдиси Татьяна Хомич менен маектешти.
Коомчулукка таанымал эмес талапкер
Жашоосундагы алгачкы маекти Светлана Тихановская 2020-жылдын июнь айында Би-Би-Сиге берген. Жаңы эле Беларусь президентигине талапкер катары катталган Тихановская кара бешмант кийип, күңүрт боз түстөгү көшөгөнүн алдында колдорун алдына коюп отурган.
"Мен коомчулукка таанымал адам эмесмин. Мунун баары мен үчүн жаңы нерсе, жана бул абалга мен кокусунан туш болдум", – деген ал.
Тихановская атак-даңкты эч качан каалабаганын кошумчалаган:
"Мен абдан уялчаакмын, көркөмдөп, кооз сүйлөгөндү билбейм. Албетте, менде жолдошумдукундай харизма жок".
Бул маалда ишкер жана таанымал блогер Сергей Тихановский бир айдан ашык убакыттан бери камакта болчу. Ал 2019-жылы "Страна за жизнь" аттуу канал ачкан. Башында ал канал жөнөкөй беларустардын жашоосун баяндап турган, бирок 2020-жылдын жаз айларынан тарта саясий багытка өткөн: анда коррупция тууралуу маалыматтар чыгып, Лукашенкону мыскылдаган, кээде катуу сындаган пикирлер айтылып турчу. Сергей президенттикке талапкерлигин коюуну чечкен, бирок бир нече ирет административдик жазага тартылып, акыркында камакка алынган.
2020-жылдын май айында Светлана Тихановская демилгелүү топтун атынан президенттикке талапкерлигин көрсөтөт. Тихановская "жолдошуна болгон сүйүү" бул чечимди кабыл алууга түрткү болгонун айтат.
2025-жылдын жайында Тихановская Вильнюстагы кеңсесинде Би-Би-Сиге кайрадан маек курду. Бул жердеги адамдар аны азыркыга чейин 2020-жылы шайланган Беларус президенти деп аташат.
Ал интервьюну оппозиция мамлекеттик деп эсептеген, ал эми беларус күч түзүмдөрү "экстремисттик" деп жарыялаган ак-кызыл-ак желектин фонунда берди. Бул желек Литва жана Евробиримдиктин желектери менен бир катарда турат. Анын кеңсесинде ондогон адамдар иштейт, ал эми кире бериште коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.
"Сергей биздин кыймылга кадыресе жуурулушуп кетет. "Ал менин жанымда ким болот? Албетте, мен бул жерде тамашалап жатам — бирок кандай болгон күндө да президент деген статус бар, муну биздин чет элдик өнөктөштөр жана белорустар да тааныган. Беларустардын алдында абийирим таза, ошондуктан мен Сергейдин колун кармап, жанымда болушуна аракет кылам", — деди Тихановская.
Кара курткачан флейтачы кыз
Мария Колесникова — музыкант жана заманбап искусство тармагындагы долбоорлордун уюштуруучусу. 2020-жылга чейин ал Беларусь жана Германияда жашаган. Андан үч жыл мурда банкир Виктор Бабарико ага Минскидеги эски станок заводу жайгашкан жерде ачылган Ok-16 аттуу маданий борбордун арт-директору болууну сунуштаган. Ал болсо дароо макул болгон.
Ал 2020-жылдын май айында Бабарико президенттикке талапкерлигин коерун жарыялаганда анын штабынын координатору болууга макул болгон. Штаб жарым миллионго жакын кол топтогон. Бул мыйзам талап кылган сандан беш эсе көп. Бирок бул Бабариκого жардам берген жок. Аны каттоого алышкан эмес. Ал эми июль айында штабды жетектеп келген уулу Эдуард экөө камакка алынган. Экөө азыркыга чейин абакта.
Ошентсе да штаб таркап кеткен жок, Колесникова иш жүзүндө аны өзү жетектеп калган. Ал Би-Би-Сиге камакка алынардан бир жума мурун маек берген.
"Менимче, (ошол күндөрү) ар бир беларус жанында тиш щёткасы, байпак жана бир-эки ич кийим көтөрүп жүрчү окшойт", — деп тамашалаган ал.
Ошол эле маекте Колесникова Александр Лукашенконун "Беларустун президенттик тактысы аял үчүн эмес жана өлкөнүн Конституциясы аялга ылайык жазылган эмес" деген сөздөрүн эске салган.
"Мен үчүн айдан ачык нерсе — ошол учурда ал өзүн эч качан феминистмин деп эсептебеген аялдарды да кемсинткен", — дейт ал.
Чындыгында эле ал күндөрдөгү нааразылыктын эң эсте калаарлык жүздөрү аялдар эле.
Вероника Цепкало болсо 2020-жылдын июль айында Би-Би-Сиге жолдо баратып маек берген. Бул Витебск облусундагы шайлоо алдындагы митингден кийин болгон. Цепкало күйөөсү Валерий камактан коркуп, өлкөдөн чыгып кеткенин, өзү болсо "күрөшчүл курбулары Светлана жана Мария менен" калганын айткан.
Валерий Цепкало — саясатчы, дипломат жана ишкер; миңге жакын IT-компания иштеген Жогорку технологиялар паркынын мурдагы директору.
2020-жылы ал президенттикке талапкерлигин коюуну каалаган, жубайы Вероника анын штабын жетектеген, бирок Цепкало шайлоого катышууга уруксат алган эмес.
Вероника Цепкало июлда берген маегинде күйөөсү балдары менен бирге өлкөдөн чыгып кеткенин айткан. Ал өзү болсо Беларуста калып, үй-бүлө мекенинде кайрадан биригет деп үмүттөнгөн.
Бирок үмүт акталган жок.
Тихановская менен Колесниковага ал кезде 37 жана 38, Цепкало 47 жашта болчу. Алардын үчилтиги 2020-жылдын июль–август айларында болгону үч жумадай өкүм сүрдү. Бирок Лукашенкого каршы беларустардын нааразылыгынын символу катары ушул күнгө чейин эсте сакталып келет.
"15 мүнөттө макулдаштык"
Вероника Цепкалонун 2025-жылы Би-Би-Сиге берген маегине караганда, талапкерлердин штабдарын бириктирүү идеясы анын күйөөсү Валерийге таандык болгон.
Шайлоого бир айдан аз убакыт калганда Лукашенкого каршы бириккен оппозициянын абалы оор эле.
Сергей Тихановский расмий талапкер боло электе эле камакка алынган, ошондо анын ордуна президенттик жарышка Светлана чыккан. Аны катташкан, кийин өзү айткандай, бул "шылдың" иретинде болгон. Себеби Лукашенко шайлоодо аял атаандашты олуттуу кабыл алган эмес.
Виктор Бабариконун штабы талапкерсиз да, штаб башчысыз да калган. Бирок аларда миңдеген активисттер жана инфраструктура бар эле.
Валерий Цепкало да Вероника жетектеген уюшкан командага ээ болчу.
2020-жылдын 16-июлунда өткөн алгачкы жолугушууда үч штабды Светлана Тихановскаянын айланасында бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Команданын максаты — шайлоого кеңири байкоо жүргүзүү, Лукашенкону утуп чыгуу, саясий туткундарды бошотуу жана андан соң адилеттүү президенттик шайлоо өткөрүү болгон.
Коомчулук алдында үчилтик алгач 17-июлдагы маалымат жыйынында бирге чыккан. Колесникова айткандай, үч аял чечимдерди кабыл алуу үчүн болгону 15 мүнөт жумшаган. "Ошентип, биз, аялдар, эркектерден айырмаланып, кандай тез тил табыша аларыбызды көрсөттүк", — деп кошумчалаган Вероника Цепкало.
19-июлда Минскиде өткөн алардын алгачкы биргелешкен митингине болжол менен 7 миңдей адам чогулган. Бул элди көргөндө Светлана Тихановская көзүнө жаш алган.
7-август үгүт мөөнөтү аяктаган чейин үчилтик дагы 18 жолу облустук шаарларда жана райондук борборлордо биргелешип чыкты. Ар биринде келген элдин саны күтүлгөндөн арбын болду. Ал эми 30-июлда Минскиде өткөн дагы бир иш-чарага түрдүү баалоолор боюнча 35 миңден 63 миңге чейинки адам катышкан.
Басып өтүш керек болгон жол
Светлана Тихановская ошол күндөрү Сергейге болгон сүйүүсүн көп айтып жүрдү:
"Саясий маселелер кандай болбосун, күйөөм дайыма биринчи орунда турат. Мен ага колумдан келген бардык нерсени жасап, жардам берүүгө тийишмин".
Ошол эле учурда ал күйөөсүн "лидер катары көргөн" бардык колдоочулары үчүн жоопкерчиликти да сезе баштаганын айткан.
"Ал... Элди бириктире албаса да, баш көтөрүүгө жардам бере алды. Мүмкүн өзгөрүүлөр болот деген ишенимди пайда кылды", — деген Би-Би-Сиге курган маегинде.
Тихановская ошол учурда өзү катышкан митингдер тууралуу:
"Бул жолду мен өзүм тандаган эмесмин, бирок кадам сайын алдыга жылдым. Мунун баары мени ушул жерге алып келди", — деген.
Ал мүмкүн болушунча эртерээк президент болууну каалай турганын, өзүнөн соң "жаңы, мыкты президент" келерин жана өзү үй-бүлөсүнө, балдарына кайтарын кошумчалап, бул ага жетиштүү экенин айткан.
Мария Колесникова 2020-жылдын августунда оппозиция менен Лукашенконун сүйлөшүүсү ыктымал экенин билдирген. Ошол эле маалда бул күрөш "аябай узакка созулушу мүмкүн" экенин да четке каккан эмес.
Мария Колесникованын сиңдиси Татьяна Хомич 2025-жылы Би-Би-Сиге курган маегинде:
"Маша үчүн жабыркаган, азыр түрмөдө отурган адамдар үчүн абдан кайгырам. Бирок ошол эле учурда 2020-жылы болгон окуялар үчүн сыймыктануу сезими да бар. Бул беларус эли үчүн чоң бурулуш учур болду деп ойлойм" , — деди.
Хомич IT тармагында бизнес-аналитик болуп иштеген. Ал эми 2020-жылдан кийин адам укуктары жана саясий долбоорлор менен алектенип, "Жакындардын жана мурдагы туткундарынын ассоциациясын" негиздеген. Ошондой эле ал бозгундагы Виктор Бабариконун тарапташтарынын штабынын координатору болуп калган.
Вероника Цепкало айымдардын биригиши Лукашенкого катуу сокку болгонун айтат. Анткени ал көп жылдар бою оппозиция бириге албайт, биргелешкен аракеттерди жасай албайт деп айтып келген.
"Мен азыр "аларды Американын, Европа жетектеген, бул КГБнын, ФСБнын долбоору болгон" деген беларус пропагандасын угуп жатам. Мунун баары күлкүнү келтирет. Өзгөрүүлөр үчүн күрөшкөнүбүзгө эч ким ишенбейт. Бизди эч ким башкарган эмес, эч ким акча берген эмес жана эмне кылуу керектигин айткан эмес. Бул үч кишинин чын ыкыластан кабыл алган чечими эле".— дейт Вероника Цепкало.
Аялдардын үчилтиги кантип ыдарыды?
2020-жылдын 9-августундагы шайлоодон кийин үчилтик эл алдына чогуу чыкпай калган.
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялагандай, шайлоодо Александр Лукашенко 81,1%, ал эми Светлана Тихановская 10,1% добуш алды. Бул көрсөткүчтөр коомдук маанай жана элдин үмүтү менен таптакыр шайкеш келбей, өлкө тарыхындагы эң ири нааразылык акцияларына түрткү берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы канчалык деңгээлде бурмаланганын азырынча так айтуу мүмкүн эмес. Бирок көз карандысыз байкоочулар айрым тилкелерде расмий жыйынтык менен чыныгы көрсөткүчтөр таптакыр тескерисинче болгонун билдиришкен.
Бул шайлоонун жыйынтыгын Батыш өлкөлөрү тааныган жок. Ал эми Орусия, Түркия, Кытай жана Борбор Азия мамлекеттери тааныган.
Вероника Цепкало шайлоо күнүн Москвада болуп, 10-августта бир нече саатка Минскиге келип, кайра чыгып кеткенин айтат. Ошондон кийин ал Беларуска кайтып барган эмес.
Светлана Тихановская болсо 10-август күнү кечке чейин өлкөдө болуп, расмий түрдө шайлоо жыйынтыгына нааразылыгын билдирген. Ал Боршайкомго барганда КГБ кызматкерлери аны кайтарууга алышкан.
Тихановскаяга эгер өлкөдөн чыгып кетпесе, аны камакка алып, балдарын балдар үйүнө өткөрүшөрүн айтышкан.
Ал бийлик менен сүйлөшүп, өзүнүн үзөңгүлөшү Мария Морозду да кошо чыгарып кетүүгө жетишкен. 10-августтан 11-августка караган түнү экөө Литвада болушкан.
Ал күнү Вероника Цепкало Тихановскаяга чала берип, бирок телефонду анын жардамчысы гана алганын, кийин байланышка чыгуу мүмкүн болбой калганын айтат. Цепкало кийин Литвага барып, Тихановская менен жолугууга аракет кылган, бирок ага карантин чектөөлөрүн жүйө келтирип, уруксат беришкен эмес.
Мария Колесникова Минскиде калган. Ал августтагы бардык нааразылык акцияларына катышып, ар дайым элдин курчоосунда жүрдү. Күч түзүмдөрү күч колдонуп жатканына, нааразылык толкундары бара-бара басаңдап, бирок кармалгандардын саны туруктуу түрдө өсүп жатканына күбө болду.
6-сентябрда Тихановская, Колесникова жана Цепкало ар башка жерлерден видео кайрылуу жазышып, элди жаңы акцияга чыгууга чакырышты. 7-сентябрь күнү кечинде Мария Колесникованы көчөдө баратканда кармап кетишти.
Колесникова камакка алынар алдында Би-Би-Сиге маек куруп:
"Үчөөбүздүн ичинен бул жакта калган жалгыз мен экенимди түшүнүү керек. Бул жерде эмне болуп жатканын толук аңдоо үчүн ушул жерде болуу зарыл. Бул бийлик үчүн күрөш эмес, бул өз абийириңди сактоо үчүн күрөш", — деген эле.
Ал акыркы күндөрү Тихановская жана Цепкало менен байланышпай калганын айткан.
Вероника Цепкало күйөөсү Валерий сыяктуу эле Тихановскаяны 2020-жылдан тарта сындап келет.
Анын айтымында, Тихановская өзүн чет өлкөдөгү оппозициянын негизги үнү катары көрсөтүүгө умтулуп, айланасына нааразылык акцияларына тиешеси жок адамдарды топтой баштаган. Кийин бул сынга анын кеңсесинин каржылык ишмердүүлүгүнө байланышкан дооматтар да кошулган.
Светлана Тихановская болсо Би-Би-Сиге курган маегинде үчөөнүн мамилеси бузулганына жана өз дарегине айтылган айыптоолорго комментарий бергиси келбей турганын билдирди:
"Балким, баары тынчып, өзгөрүүлөр башталганда ичтеги эски таарынычтарды чыгарып, ачык айтууга болот. Азыр болсо бул эч кимге жардам бербейт".
Татьяна Хомич Би-Би-Сиге үчилтик өз миссиясын 9-августка чейин эле аткарганын айтты. Алар элге Лукашенкого альтернатива бар экенин көрсөтүшкөн.
Светлана Тихановская, Вероника Цепкало жана Мария Колесникованын өкүлү Татьяна Хомич акыркы ирет 2022-жылдын май айында Германиянын Ахен шаарында сахнага бирге чыгышты.
Алар диктатурага, кысымга каршы күрөштө кайталангыс үлгү көрсөткөндөр үчүн ыйгарылган Улуу Карл атындагы сыйлыкты тапшыруу аземине катышкан.
Бүгүнкү күндө Мария Колесникова 11 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Вероника Цепкало сыртынан 12 жылга соттолгон (анын күйөөсү Валерий — сыртынан 17 жылга), ал эми Светлана Тихановскаяны беларус соту сыртынан 15 жылга эркинен ажыраткан.
2020-жылдын июль айында бул үчөө саясий туткундарды бошотууну талап кылганда 24 киши жөнүндө сөз болгон эле. Бирок 2025-жылдын август айынын башына карата, укук коргоо уюмдары жүргүзгөн эсеп боюнча, мындай туткундардын саны 1191ге жетти.
Бозгундагы мурдагы күч түзүм өкүлдөрүнүн BELPOL ассоциациясынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын августунан бери кеминде 50 миң адам административдик куугунтукка кабылган.
Беш жылдан кийин
Мария Колесникова азыр байланышы таптакыр үзүлгөн, "инкоммуникадо" режиминде кармалып жаткан он чакты саясий туткундардын бири. 2023-жылы анын салмагы 45 килограммга түшкөнү тууралуу маалымат чыккан. Камактагыларга аны менен сүйлөшүүгө тыюу салынган, ал эми айрым түрмө сакчылары эркиндикте жүргөндөр аны унутуп калганын айтышкан.
Татьяна Хомичке жеткен акыркы маалымат боюнча Колесникованы тамак-ашы бираз жакшырган. 2024-жылдын ноябрында ага атасы менен жолугушууга уруксат берилген.
Вероника Цепкало ири корпорациянын биринде иштейт жана ошол эле учурда аял саясий туткундарга жардам берүү менен алектенет. Ал "Беларус аялдар фонду" уюмунун президенти.
Цепкало кайра саясатка кайтышы мүмкүн экенин четке какпайт. Ал Беларустан кеткени үчүн өкүнөт, бирок тандоо мүмкүнчүлүгү болбогонун, балдары дагы коркутууларга кабылганын айтат.
"Үйүмдө өзүмдү элестеткен сайын көзүмө жаш толот, анткени мен Беларусту катуу сагындым, — дейт ал. — Элдин өзгөрүүлөргө болгон ишеними, ошол учур келди деген сезими күчтүү эле. 2020-жылдагы акциялар учурунда тартылган кадрларды көргөндө, мекениме жана Беларуста калган досторума болгон сагынычтан улам көзүмө жаш келет. Анткени мен алар менен бирге боло албайм".
2021-жылы 18 жылга соттолгон Сергей Тихановский 2025-жылдын июнунда бошотулуп, дароо Литвага чыгарылган. Алгачкы маалымат жыйынында жана беларусиялык эмигранттар менен жолугушууларда түрмөдөгү шарттар тууралуу айтып жатып көзүнүн жашын тыя алган эмес.
Бул аралыкта анын жубайы Беларустун чет өлкөдөгү башкы өкүлүнө айланды. Батыш лидерлери менен ондогон жолугушууларды өткөрдү.
Би-Би-Сиге курган маегинде Светлана Тихановская өзүнүн негизги жетишкендиги катары Беларустагы оппозиция менен бийликтин тиреши беш жылдан кийин да дүйнөлүк маалымат айдыңынан түшпөгөнүн белгиледи.
Светлана Тихановскаянын айтымында, ал жана анын үзөңгүлөштөрү Европа өлкөлөрүн катардагы беларус эмигранттары Украинада тутанган согуш үчүн жооптуу эмес экенине ынандыра алган. Бирок бул жөнөкөй беларус мигранттарына канчалык жардам берди жана алардын өздөрү мындай ойго кошулабы же жокпу — айтуу кыйын. Анткени Орусия менен Украинанын согушу башталгандан кийин жалпы беларусиялыктарга болгон мамиле кыйла начарлап кетти.
Тихановскаянын айтымында, оппозиция альтернативдүү бийлик институттарын түздү. Бирок алар Беларустун ичиндеги абалга таасир эте албайт. Муну Тихановскаянын жактоочулары да моюнга алышат. Ошондой эле бул кеңседе жаңы Конституциянын долбоору иштелип чыгып, жаңы Беларус паспортторун таанытуу аракеттери да болду, бирок ал ийгиликке жеткен жок.
Вероника Цепкало булардын баарын көз жазгыруу аракети катары сындап келет.
"Менде саясий амбиция пайда болгон жок, — дейт Тихановская. — Биз революцияны тынч жол менен, бийлик транзити аркылуу аяктап, акыры жаңы, таза шайлоого жетишсек дейм. Андай шайлоого мен катышпайм".
Ал: "Балдарым чоңоюп, мен эми жөн гана апа же үй кожойкеси бойдон кала турган курактан өттүм. Келечекте өз ордумду табам деп ойлойм. Балким, Беларуска кызмат кылам бирок башка өңүттө", — деп кошумчалады.
Материал Татьяна Януцевичтин жана Татьяна Преображенскаянын көмөгү менен даярдалды.
Орус бийлиги Андрей Козенкону "чет элдик агент" деп жарыялаган. Би-Би-Си бул чечимге таптакыр макул эмес жана сотко кайрылат.