УКМК психолог менен тергөөчү аралашкан коррупциялык схеманы аныктады

УКМК кызматкерлери

Сүрөттүн булагы, AFP / VYACHESLAV OSELEDKO

УКМК Республикалык психиатрия жана наркология борборунун психологу жана милиция кызматкери катышкан туруктуу коррупциялык схеманы аныктады.

Атайын кызмат бул иштин алкагында 50 жаштагы А.Ч.Ш аттуу эксперт-психолог менен Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 31 жаштагы тергөө кызматынын башчысынын орун басары А.у.Ж кармалганын билдирди. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, алар алдын ала сүйлөшүп алып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен качыруу максатында "акыл-эси жайында эмес" деген тастыктама берип, сот жоопкерчилигинен куткарып келишкен.

Алалы, быйыл январда Бишкек шаардык милициясы 18 жаштагы М.А аттуу жаранды баңгизат сатууга шектеп кармаган. Шектелип жаткан тергөөчү кармалган жарандын жакындарынан опузалоо жолу менен 1,5 миллион сом өндүрүп алган. Андан кийин ал Республикалык психиатрия жана наркология борборунун психолог-эксперти А.Ч.Ш. менен алдын ала сүйлөшүп алып, эксперименталдык-психологиялык экспертизанын баштапкы корутундусун бурмалашкан. Соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында кармалган М.А. эки жолу "акыл эси жайында эмес" деп табылган.

УКМК бул коррупциялык схема аныкталгандан кийин эки кылмыш ишин козгоп, психологду жана тергөөчүнү тергөө абагына камакка алды. Атайын кызмат учурда бул коррупциялык схемага катышы бар болушу мүмкүн психолог менен тергөөчүнүн тааныштарын издеп жатканын кабарлайт.