Тынчтык планындагы эң оор маселе эмне? Зеленский айтып берди

Сүрөттүн булагы, EPA
Владимир Зеленский Украина, анын европалык өнөктөштөрү жана АКШ Вашингтон тарабынан Орусиянын катышуусу менен иштелип чыгып, Женевадагы жана Флоридадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин өзгөртүлгөн тынчтык планын макулдашууну улантып жатканын билдирди. Украинанын президенти сүйлөшүүлөрдөгү Украинанын үч негизги артыкчылыгын атады. Алар, анын айтымында, ошол эле учурда эң татаал маселелер болууда: аймактар маселеси, коопсуздук кепилдиктери жана өлкөнүн коргонуусуна, ошондой эле согуштан кийинки калыбына келтирүүгө каражат табуу.
Дүйшөмбү күнү Зеленский Францияга келип, президент Эммануэль Макрон менен жолугушту. Жекшемби күнү болсо Украина делегациясы Флоридада АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер менен тынчтык планын талкуулашкан.
Макрон менен болгон биргелешкен маалымат жыйынында Зеленский тынчтык планындагы сунуштардын акыркы версиясы дагы эле макулдашылып жатканын билдирди, бирок "план жакшыраак көрүнүп жатат" деп белгиледи. Ал жекшембиде тараптар алты жарым саат бою консультацияларды жүргүзгөнүн маалымдады.
"Чынын айтсам, аймактык маселе – эң татаалы. Акча жана калыбына келтирүү маселеси, менин оюмча, европалык өнөктөштөрдүн катышуусу жок кабыл алуу оңой эмес жана кыйын, анткени акча Европада. Менимче, бул өтө адилеттүү эмес. Ал эми коопсуздук кепилдиктери маселесинде АКШдан, Европадан тактык болушу абдан маанилүү. Мен буларды үч башкы тема, магистралдык багыт жана ошол эле учурда козгогучтар деп айтаар элем", - деди Украинанын президенти.
Кайсы талаптар жөнүндө сөз болууда?
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, пландын 28 пункттан турган алгачкы версиясында Орусиянын украин аймактарын аннексиялап алганын таануу жана Донецк облусунун Орусия басып ала элек жерлеринен да Украинанын Куралдуу Күчтөрүн чыгарып кетүү каралган. Киев муну бир нече жолу кабыл алынгыс деп атаган, Украинанын европалык өнөктөштөрү да мындай кадамдарга каршы чыгышкан.
Тынчтык планынын алгачкы версиясы ошондой эле Орусияга каршы санкцияларды акырындык менен алып салууну жана согуш кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартылбоо максатында конфликттин катышуучуларына амнистия берүүнү караган.
"Биз санкцияларга, согуш кылмыштары үчүн жоопкерчиликке, азыр орус оккупациялык аскерлери ээлеп турган аймактарыбыздын юридикалык статусуна карата принципиалдуу позицияны карманабыз. Ошондой эле орус активдери жана калыбына келтирүү милдети боюнча да. Агрессор агрессия үчүн төлөшү керек," – деди Зеленский.
Басма сөздөгү билдирүүлөргө караганда, Украина, АКШ жана Европа делегацияларынын катышуусу менен Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин тынчтык планы өзгөртүлгөн, бирок анын акыркы версияларынын мазмуну коомчулукка жарыяланган эмес. Көптөгөн батыш ЖМКлары аймактар маселеси бул документтин "алкагынан тышкары чыгарылып", президенттер Трамп менен Зеленскийдин кароосуна калтырылганын жазышкан.
Коопсуздук кепилдиктери жана орус активдери
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украина коопсуздук кепилдиктери маселесин да өтө маанилүү деп эсептейт. "28 пункттан турган план" так кепилдиктерди камтыган эмес, бирок айрым журналисттер АКШ жана Киевдин европалык өнөктөштөрү НАТО Уставынын Бешинчи беренесине окшош механизмди карап жатышканын кабарлашкан.
Ошол эле учурда, пландын жарыяланган биринчи версиясында Украинанын НАТОго кирүү ниетинен баш тартуу жөнүндө жобо болгон (бул Украинанын конституциясында бекитилгенине карабастан).
Дүйшөмбү күнү Зеленский коопсуздук кепилдиктерине байланыштуу сунуштарды согуш аракеттери токтогон учурда Украинага өз аскерлерин жөнөтүүгө даярдыгын билдирген "каалоочулардын европалык коалициясы" өлкөлөр тобу даярдап жатканын айтты.
"Украинанын артыкчылыктары айдан ачык, – деди украин президенти бул боюнча. – Биринчиден – коргонуу жана коопсуздук кепилдиктери. Украинанын көз карандысыздыгын сактоо, суверенитетибизди сактоо кепилдиктери. Биз муну коргойбуз. Биз Орусиянын үчүнчү жолу басып кирүүсү такыр болбой турганына кепилдик бере алышыбыз үчүн иштеп жатабыз."
Үчүнчү маселени – Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана согуштан кийинки калыбына келтирүүнү каржылоо булагын чечүү үчүн, Батыш өлкөлөрү ЕБде тоңдурулган Орусиянын активдерин колдонууну карап жатышат.
"28 пункттан турган план" мындай келишимдерден келечектеги пайданы башкалар менен катар АКШ да алышы керектигин белгилеген.
Бирок, Орусиянын активдерин колдонуу жөнүндө акыркы чечим азырынча кабыл алына элек, анын ичинде активдер сакталган Euroclear депозитарийи жайгашкан Белгиянын позициясынан улам. Белгия өкмөтү активдерди колдонуу менен байланышкан бардык тобокелдиктерди, анын ичинде Орусия тарабынан болушу мүмкүн болгон доо арыздар учурунда да, өзүнө алуудан кооптонууда.
Кийинки кадамдар
Зеленский дүйшөмбү күнү тынчтык планы боюнча Уиткофф, Макрон, Флоридадагы сүйлөшүүлөрдөгү Украина делегациясынын башчысы Рустем Умеров жана Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен кошумча консультацияларды өткөргөнүн билдирди.
Шейшемби күнү Уиткофф орусиялыктарга тынчтык планынын кезектеги макулдашылган версиясын сунуштоо үчүн Москвага жөнөп кетиши керек.
Ошол эле күнү Украинанын президенти Ирландияга барат, ал жакка Флоридада сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн украин делегациясынын айрым мүчөлөрү да келишет. Зеленскийдин айтымында, алар "сүйлөшүүлөрдө кайсы жерде турганыбызды кадам сайын айтып беришет".
"Ошондой эле АКШ орус тараптын реакциясын алат," – деди Украинанын президенти. – "Менимче, биз болжол менен кайсы жерде турганыбызды көрөбүз."
Владимир Путиндин акыркы билдирүүлөрүнө караганда, Орусия согушту токтотуу шарттары боюнча максималисттик талаптардан баш тартууга ниеттенген жок. Ноябрдын аягында Бишкектеги маалымат жыйынында Орусиянын президенти Москва согуштук аракеттерди, эгерде Украин Куралдуу Күчтөрү өз позицияларынан чыгып кетсе гана, токтотууга даяр экенин билдирген.












