Кыргыз мигранттарынын активдүү багыты - Европа

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Каунас шаарындагы кыргыз жарандары

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каунас шаарындагы кыргыз жарандары

Батыштын санкцияларынын кысымында калган Россияда экономикалык кыйынчылыктар күчөп, жумушчу орундар кыскара баштаганда, бул жактагы кыргыз мигранттары үчүн Чыгыш Европанын эмгек рыногунда пандемиядан кийин жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Бирок бул жактан иш табыш үчүн тил билүү менен катар адистик билими да таанылышы керек.

Эмгек миграциясынын жаңы тенденциялары жана мүмкүнчүлүктөрү бүгүн Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өткөргөн жыйында талкууланды. Анын ишине Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келип катышып, сөз сүйлөдү.

Акылбек Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

"Мен премьер-министр болуп келгенде ар бир бала экономиканы көтөрөт дедим эле. Ар бир төрөлүп аткан баланын ата-энеси, таята-таенеси бар. Бул баланы багыш үчүн жаңы көндүмдөр керек. Алардын мурунку алган билими эмес, азыркы өнөрү керек. Мына ошол өнөрлөрдү үйрөтүп, анан биз мигранттарды чет мамлекеттерге жибере турган болсок, анда бизге 2,6 миллиард эмес, беш-алты-жети-сегиз миллиардка чейин жетиши мүмкүн",-деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Арменияны мисал келтирди. Армениянын калкы Кыргызстанга караганда эки эсе аз - 3 миллион. Бирок мигранттар таап жиберип жаткан акчанын көлөмү 7,5-8 миллиард долларга чейин жетүүдө.

"Биз дагы кара жумуштан имараттардын ичине кирдик, бирок дагы эле өнөрүбүз жетишпей атат. Англис тилин жакшы билбей атабыз. Компьютерди билбей атабыз. Буюрса жакынкы он эки жылдын ичинде орус, кыргыз тилин эле эмес, англис, интернет тилин билип, ден соолугу чың, компьютерде иштегенди билиш керек. Буюрса, мигранттарыбыз Кыргызстанда жашап, дүйнө жүзү боюнча иштегендей принциптерге өтсөкпү деген оюбуз бар".

Эл аралык санкциялардын кысымында калган Россиянын чоң шаарларында экономикалык өнүгүү басаңдап, иш орундары кыскара баштаганы бул жакта иштеп аткан кыргыз мигранттары Европа өлкөлөрүнө, Түштүк Кореяга кеткенге жол издей баштады. Москвада кыргыз жараны Рахим такиси айдап иштеп жатканына эки жарым жыл болду.

"Жакшы эле иштеп таап аткам, бирок бул жактан чоң компаниялар кетип жаткандан кийин экономика басаңдай түштү, тапкан ташыганыбыз мурдакыдай болбой калды",-деди Рахим Би-Би-Сиге.

Ал Улуу Британияга кыргыз жарандары сезондук айыл чарба жумуштарына кетип жатканын угуп, досу экөө ошол тизмеге илинүү аракетин көрүп жатат.

Британиянын компаниясы ушул жылдан баштан кыргызстандык жарандарды биринчи жолу айыл чарба жумуштарына алып жатат. Жумушчулардын биринчи партиясы Британияга май айында жөнөп кеткени белгилүү.

Кыргыз жарандарын кыска мөөнөттүү жумуштарга жиберүү жөнүндө Финляндия, Болгария, Германия менен келишимдерге кол коюлган жатканын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев да айтып кетти.

Салтанат жолдошу менен Словакияга барып иштеп жатканына эки жыл болду

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Салтанат жолдошу менен Словакияга барып иштеп жатканына эки жыл болду. Жакында балдарын алып кеткени жатканын жазды.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бишкектеги "Албан лидер" компаниясы эки жылдан бери Чыгыш жана Түндүк Европага мигранттарды ишке орноштуруу менен алек болуп келатат.

"Адистик боюнча чоң проблема бар. Мисалы бизди жүк ташыган машиналар дагы эле солярка, бензин, газ менен иштейт. Алар болсо электрондук унаалар менен иштейт. Ошондой эле бизде эски советтик стандарттар менен иштеп атышат, а тигил жакта башка стандарттар. Керек болсо паркованын да эрежелери башка. Конкуренция болуп атканда кыргыздарды албайт. Капиталисттер убакытты баалайт. Даяр адисти алышат",-дейт бул компаниянын директору Данияр Муканбетов.

Башкасын айтпай эле коелу, керек болсо Кыргызстандын малды күтүрөтө күтүп, күнүгө эт жеген жарандары да эч болбоду дегенде эт комбинатына орношо албайт экен.

"Так ошондой эле, биз эт комбинаттарына жөнөтөбүз. Бизде адистер жок. Алар диплом сурайт. Диплом болбосо виза ачпайт. Ошентип кайра эле биздин адистер четте калып атат".

Чыгыш жана Түндүк Европа өлкөлөрүнө канча кыргыз жараны барып иштеп жатканынын так саны белгилүү эмес. Бирок бул миграциянын багыты соңку жылдары жакшы активдешкенин социалдык тармактардагы маалыматтардан байкаса болот.

Литвага Кыргызстандан бетонщиктер, каменщиктерди чакырып атышат.

Сүрөттүн булагы, Cosial media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Литвага Кыргызстандан бетонщиктер, каменщиктерди чакырып атышат. Бирок тийиштүү диплому же сертификаты керек.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүнкү жыйында келтирген маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөдө кеминде бирден мигрант бар.

Эмгек миграциясына калктын 18 жаштан 45 жашка чейинки эмгекке жарамдуу өкүлдөрү активдүү катышууда.

Тышкы миграцияда жүргөн кыргыз жарандарынын 43-48% аялдар.

Республикада чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иштеп жаткан 117 жеке менчик агенттик бар. Алар жарандарды дүйнөнүн 20 өлкөсүнө жиберүүдө.

2022-жылдын алты айынын ичинде эле алты миң адам адам чет өлкөдө ишке орношту.