Байден Бээжиндеги Олимпиадага дипломатиялык бойкот кылууну ойлонуп көрөт

АКШнын президенти Жо Байден 2022-жылкы Кышкы Олимп оюндары Кытайдын Бээжин жергесинде өткөрүлгөнүнө байланыштуу АКШ дипломатиялык бойкот жарыялоосун салмактап көрөрүн билдирди.

“Аны биз караштырып жатабыз”, - деди ал кабарчыларга Мексиканын жана Канаданын президенттери менен сүйлөшүү башталарда.

Дипломатиялык бойкот АКШнын эч бир расмий өкүлү Кышкы оюндарга жиберилбей турганын билдирет. Мындай чечим АКШ-Кытай мамилеси чыңалып кеткен шартта айтылууда.

Дүйшөмбү күнү Байден Кытайдын президенти Си Цзинпин менен өзүнүн алгачкы түз сүйлөшүүсүн жүргүзгөн.

Ак Үйдөн Байдендин басма сөз катчысы Жен Псаки билдиргендей, АКШ менен Кытайдын лидерлери дүйшөмбү күнкү үч саатка созулган виртуалдык жолугушуу учурунда Олимпиада жөнүндө талкуу кылышкан эмес.

Демократ мыйзам чыгаруучулар дагы, республикачылар дагы Кытайдагы адам укуктарынын бузулушуна каршылык билдирүү үчүн дипломатиялык бойкот кылууга чакырышты.

Дипломатиялык бойкоттун спортчуларга таасири тийбейт.

АКШ Кытайды уйгурларга карата тукум курут кылды деп күнөөлөп келет. Уйгурлар көбүнесе Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң автономиялык облусунда жашаган мусулман азчылыкты түзгөн эл.

Гонконгдогу саясий эркиндикке Кытай басым жасаганы үчүн дагы чыңалуу күчөп кеткен.

Мексиканын президенти Андрес Мануел Лопез Обрадор жана Канаданын президенти Жастин Трюдо менен Ак Үйдө расмий сүйлөшүү жүргүзүү үчүн жолугушар алдында Байдендин комментарийи айытылды.

“Үч амигонун саммити” деген атка конгон бул сүйлөшүүлөр чек ара маселелерине, электр транспорттору үчүн салык субсидияларына, коронавирус чараларына жана башка маселелерге арналары күтүлүп жатат.

Өткөн айда АКШнын сенаторлору мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган эле. Ага ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаменти Олимпиадага баруу үчүн АКШнын дипломаттарына “колдоо же шарт түзүп берүү” үчүн мамлекеттик каражатты колдонууга тыюу салынат.

Конгресстеги эң жогорку мансаптуу демократ Ненси Пелоси бойкот кылууга чакырып, Олимпиадага ким барса, ал “моралдык аброюнан” кол жууйт деди.

Республикачыл сенатор Том Коттон бейшемби күнү билдиргендей, “Олимпиадалык геноцидге” дипломатиялык бойкот жарыялоо “өтө аздык кылат, бир аз кеч болгон”. Ал бардык спортчуларды, расмийлерди жана АКШнын корпоративдик демөөрчүлөрүн бойкот кылууга чакырды.

Доналд Трамптын тушунда БУУдагы АКШнын мурдагы өкүлү Никки Хейли дагы толугу менен бойкот кылууга чакырган. (EA)