Арзан кредит: насыя даректүү берилип жатабы?

Элеонора Сагындык кызы. Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

“Айыл Банк” ачык акционердик коому жыл башынан бери 4,5-6% менен 13 миң дыйканга жеңилдетилген насыя таратканын жар салды. Жакында эле Эсеп палатасы былтыр аталган банк дыйкандарга делген арзан насыяны ири бизнес ишканаларга бергенин аныктаган.

Дыйкандар үчүн делген арзан насыя даректүү берилбей жатканын былтыр президент Садыр Жапаров өзү Коопсуздук кеңешинин жыйынында көтөргөн эле:

“Мамлекет тарабынан дыйкандарга бөлүнгөн акчанын 3% эле дыйкандарга жетет экен. Калган 97% жалан бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор, алардын жакын туугандары алат экен. 6% менен биз-өкмөт дыйкандарга берип атабыз да. 100% дыйкандар алыш керек. Ошондуктан ушул маселени мен Камчыбек Кыдыршаевичке, сизге тапшырам. Кимдерге берилгенин изилдеп чыгып, эмне үчүн дыйкандарга жеткен эмес. «Айылбанк» менен РСК банктар жана дыйкандарга насыя берген жеке банкттар дагы бар, ошолордун баарын текшерип чыгып, чечим кабыл аласыз”.

Садыр Жапаровдун тапшырмасынан кийин, УКМК былтыр ноябрда “Коррупция” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген. Быйыл февралда атайын кызмат насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын коргоп, туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен “Айыл Банктын” мурдагы төрт жооптуу кызматкерин кармаган.

сүрөт-иллюстрация

Сүрөттүн булагы, Official

Арзан кредитке быйыл эң көп суммада кимдер илинди, “Айыл Банк” мыйзамдарды жүйө келтирип, кенен маалымат берген жок.

““Банктык сыр жөнүндө” мыйзамга ылайык, биз кредитти алып жаткан адамдардын аты-жөнүн ачыктай албайбыз. Бирок биз ай сайын Айыл чарба, Каржы министрликтерине жана Улуттук банкка отчет берип турабыз. Бизде эң эле чоң суммада насыя 20 миллион сомго чейин, ал айыл-чарба продукцияларын кайра иштеткенге деп берилет, ал эми мал чарбасына жана жер иштетүүгө деп миллион сомго чейин беребиз. Асыл тукум мал алам дегендерге 3 миллион сомго чейин бөлүнөт”, - деди Би-Би-Сиге “Айыл Банктын” өкүлү Нарын Токтогулов.

Буга чейин Жогорку Кеңеште жеңилдетилген насыялар кечиктирилип берилип жатканына, банктарда кезек күткөндөр арбын экенине байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Элвира Сурабалдиева жеңилдетилген насыя алчу компаниялардын арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын компаниялары бар экенин айтып чыккан.

Журналисттер да иликтөө жасап, анда арзан насыя алгандар арасында Жогорку Кеңеш депутаттарынын жакындары бар экенин аныктап чыгышкан. Бирок “Айыл Банк” андай айыптоолорду четке кагат:

“Айыл Банк”

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Айыл Банк” жыл башынан бери 4,5-6% менен 13 миң дыйканга жеңилдетилген насыя таратты
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

““Айыл чарбаны каржылоо-10” долбоорунун өз эрежелери бар. Өкмөттүн токтому менен кредит алып жаткан кишинин маалыматы электрондук журналга катталат. Андан тышкары чектөөлөр бар, банкттын кызматкерлери, алардын туугандары ала албайт. Мамлекеттик кызматта иштегендер да жеңилдетилген насыядан ала албайт. Бирок биздин банктта мамлекеттик эмес, өзүбүздүн кредитик продукттар бар да, алар ошол жактан насыяны кадыресе ала алат”,- деп ишендирди “Айыл Банктын” өкүлү Нарын Токтогулов.

Бирок дыйкандар деле мамлекеттик арзан насыя алыш өтө оор иш экенин айтып жатышат. Мисалы, Сокулуктуктагы “Гүлпери” дыйкан чарбасынын жетекчиси Токтокан Алымсеитова “Айыл Банкттан” 6% кредит ала албай койгонун Би-Би-Сиге деп айтып берди:

“Мурда бул банкттан 10% менен насыя алчумун, анан мал-чарбаны, жерди өздөштүргөнгө деп 2019-жылы 16% менен 1 миллион сом алгам. Үч айда 108 миңден төлөп келдим. Мал алып, семиртип сатып, саан уйлардын сүтүн сатып атып, кутулдум. Андан кийин эми 6% кредит бересиңерби деп дагы барсам, Сокулуктагы банкттын филиалы “200 эле адамга бердик, январдан тарата эле кезекке туруш керек болчу, дагы насыя алам десеңиз анда 18% менен алгыла” деди. Ошону менен калып калдык”.

Коомдук сайттарда дыйкан-фермерлер арзан кредит ала албай жатканына нааразылык көп айтылат. Айыл чарбасы боюнча адис Манас Саматов арзан насыяларды бөлүштүрүү жаатында көзгө көрүнбөгөн коррупция бар, бирок аны далилдеш өтө оор дейт:

“Кала берсе ушундай фактылар бар. Банкка барганда, “макул силерге 6% кредиттен берели, бирок сиз 20% кредиттен да мынча алгыла” деп таңуулагон учурлар болгон. Бул агрардык-финансылык саясатта туруктуулук жок. Бир жакшы жери, “Айыл чарбаны каржылоо-10” 2013-жылдан бери 8-10% дегендери жоголду. Президент айткандай кийин 6% түштү, бирок жең ичинен кредит таркатмай уланып келе жатат. Мисалы, мени менен иштешкен дыйкандар арасында 6% менен алган фермерлер жокко эсе”.

Эсеп палатасы ноябрда былтыркы жыл үчүн отчетун жарыялап, анда мамлекеттик банкттарга жүргөн аудиттин жыйынтыгы тууралуу да айтылат. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча “Айыл Банк” менен РСК арзан кредиттерди “Акун”, “Бишкекмелькомбинет”, “ОСКО”, “Вилби” аттуу чоң бизнестерге бергени аныкталган. Эсеп палатасы Бюджеттик кредеттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик арзан кредитти кантип берип жатат деп тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнүн сынга алат.

Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталат. Эки жыл бою “Фермерлерге жеткиликтүү насыялар” деп аталган долбоор, 2013-жылдан тарта «Айыл чарбаны каржылоо -10» (ФСХ) долбоору деп атала баштаган. Анын негизинде 2021-жылы дыйкан жана фермерлер үчүн мамлекеттик бюджеттен 6 милиард сом бөлүнүп, долбоор менен иштеген беш банкка таратылган. Анын экөө мамлекеттик болгон.

Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталат

Сүрөттүн булагы, Akchabar

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталат

Банктагылардын кармалышы...

Бакыт Асанбаев, "Айыл Банкттын" мурунку кызматкери

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМКнын тергөө абагында каза тапкан "Айыл Банкттын" мурунку кызматкери Бакыт Асанбаев

УКМК 2017-жылы “Айыл Банк” жергиликтүү “Россиф” жеке ишканасына 3,5 миллион доллар (295,7 миллион сом) насыя мыйзамсыз бергени, “Россиф” банкка күрөөгө койгон мүлк кымбатка бааланып, ортодогу айырма 76,6 миллион сомду түзгөнүн айтып чыккан.

Бирок анда кармалган төрт адам атайын кызматтын абагында көпкө отурбай, соттун чечими менен эки айдан кийин үй камагына чыгып кетишкен. 29-апрелде УКМК “Айыл Банктын” насыяны администрлөө башкармалыгын 2017-жылы жетектеген Бакыт Асанбаевди кармаган.

Бирок атайын кызмат Бакыт Асанбаевдин кандай далилдер менен же кимдин көрсөтмөсүнүн негизинде кармалганы тууралуу кенен маалымат берген эмес.

18-июнда Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө абагында каза болду, УКМК ал өзүнө кол салганын билдирген эле. Бирок банкирдин жакындары бүгүнкү күнгө чейин буга шек саноо менен карашат. Себеби, анын денесинде зомбулуктун белгилери табылган. Аскердик прокуратура маркумдун өлүмүн иликтөөгө алып, жыйынтыгын чыгара элек.

Ошентип быйылтан тарта бюджеттик насыялардын чуусу көп, бирок даректүү кайрымы аз болуп атат деген сындар көбүрөөк айтыла баштады.

Кыргыз өкмөтүнүн дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыяларын таратуу эки негизги банк: “Айыл Банк” менен РСК аркылуу жүрөт. Жыл этектеп “Айыл Банк” биринчилерден болуп быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча отчетун берди. Ага ылайык, быйыл дыйкандарга “Айыл чарбаны каржылоо -10” программасы аркылуу жалпы 2 миллиард 244 миллион сом, “Агроөнөржайды насыялоо” менен 1 миллиард 700 миллион сом жана “Товар-кредит” линиясы аркылуу 288 миллион 623 миң сом ссуда берилди.