Түнкүсүн мамлекеттик имараттардын жарыгы өчүрүлөт

Ынтымак Ордо кекисин

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Кыргыз өкмөтү электр энергиясын үнөмдөө максатында мамлекеттик имараттардын түнкү жарыктандыруусуна чектөө киргизүүдө. Ага ылайык, административдик жайларда 18.00дөн таңкы 6.00гө чейин ички жана сырттагы жарыкты үнөмдүү пайдалануу чаралары кирет. Электр менен иштей турган жабдыктарды да рационалдуу колдонуу сунушталууда.

Белгилей кетчү жагдай, коргоонуу, коопсуздук, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жаатында иш алып барган мекемелердин жана стратегиялык маанидеги объекттердин имараттарына бул эреже тийиштүү болбойт.

Өкмөт мындай үнөмдөө жолу менен айына 40 миллион киловатт-саатка чейин электр энергиясын экономдогусу келет.

Өлкөдө соңку тогуз айда электр энергиясын пайдалануу дээрлик 1 миллиард киловатт-саатка өсүп, рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Быйыл өлкөдө бир нече жаңы өнөр-жай ишканалары, социалдык жана билим берүү мекемелери ишке кирди. Турак-жай курулуштары да көбөйүп, булар электр энергиясынын ашыкча пайдаланылышын шарттады.

Ошону менен катар Токтогул суу сактагычында быйыл суунун көлөмү былтыркы көрсөткүчтөрдөн 2 миллиард кубометрге аз экени эскертилди.

Өлкөдө 2023-жылы 1-августта энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ал 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болот.