Европалыктар орус газын рубль менен сатып алуудан баш тартууда

Мындай шарт Европа жана “Газпромдун” өзүнө да кымбатка туруп калат деп, европалыктар орус газы үчүн рубль менен төлөм кылуудан баш тартууда.

Германия, Реден. “Газпром” негиздеген газ сактоочу Astora компаниясы

Сүрөттүн булагы, DPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германия, Реден. “Газпром” негиздеген газ сактоочу Astora компаниясы

Өткөн аптада Владимир Путин орус газын “жакшы ымалаш эмес өлкөлөр” үчүн Россия рубль менен сата баштайт деп күтүүсүз жарыялады. Орус газынын негизги кардарлары Европа өлкөлөрү. Бирок Евробиримдикке кирген бир нече өлкөлөр мындай төлөм жүргүзүүдөн баш тартып жатышат.

"Рубль менен төлөбөйбүз. Бул маселеде биз Евробиримдикке кирген өлкөлөр менен бирдиктебиз", - деди 30-мартта Австриянын Коргоо министри Клаудиа Теннер PULS 4 телеканалына берген интервьюсунда.

Ошол эле күнү Германиянын канцлери Олаф Шольц менен орус президенти газ тууралуу телефондон сүйлөшүштү. Сүйлөшүүнүн маңызы тууралуу Германиянын өкмөтүнүн расмий өкүлү Штеффен Хебестрайт кыска айтып берди.

Анын айтымында Путин Шольцко европалык өнөктөштөрү үчүн эчтеке деле өзгөрбөйт: төлөмдөрдү мурдагыдай эле евро менен төлөсө болот деген. Акчалар санкцияга кабылбаган Газпромбанкка келип түшүп, андан кийин рублга конвертация болмокчу.

Германия менен Австрия газ ташууда үзгүлтүк жаралышы мүмкүн деп, өзгөчө кырдаалга даярдык планын ишке киргизип жатат. Германия газ дефицит болушу мүмкүн деп эскертип, керектөөчүлөрдү жана компанияларды газды керектөөдө үнөмдүү болууга чакырды. Австрия бийликтери газ рыногуна көзөмөлдү күчөтөрүн жар салды.

"Франция рубль менен төлөгөнгө каршы", - деди кечээ жакында Франция президенти Эммануэль Макрон. 29-мартта ал согуш башталгандан бери онунчу жолу Путин менен телефондон сүйлөштү.

 Бул сүйлөшүү өтүп жаткан маалда "Чоң жетилик" жыйынга чогулду. Анда Батыш өлкөлөрү газга рубль менен төлөбөйбүз деп келишишти. "Газ мурункудай эле евро жана доллар менен ташылып келиши керек ", - деди Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Эрик Мамер.

Буга чейин мындай шартка Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн министрлери да каршы чыгышкан. "Рублдин өзүн көргөн киши өзү Европада барбы", - деген Словениянын премьер-министри Янез Яншу Рейтерге берген интервьюсунда.

"Шольц мындай жол-жобого макул болгон жок, бирок маселени жакшы түшүнүш үчүн жазуу түрүндө маалымат сурады", - деп кабарлайт Хебестрайт.

Узакка созулган иш

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

23-марттагы Владимир Путиндин газ үчүн рубль менен төлөм кылуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин Россия дос эмес өлкөлөр тизмесин түзүп, ага 48 өлкө, негизинен Батыш өлкөлөрү киргизилгени маалым болду. Ал өлкөлөрдүн көбү Россияга санкция салгандар.

31-мартта Россиянын борбордук банкы жана өкмөтү европалыктар кантип рубль менен газ сатып ала алат планын жарыялашы керек эле.

Европанын баштапкы реакциясынан кийин орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия эгер рубль менен газ үчүн төлөмгө макул болбогондор болсо, аларга газ бекер берилбешин жооп кылды.

Кийинчерээк Кремль рубль менен газды сатуунун жол жобосу узакка созулуп иштелип бүтчү процесс экенин, ал 31-мартта эле жолго коюла койбосун билдирди.

Шаршембиде Блумберг жана Рейтер Германиядагы "Газпромдун" офисине Евробиримдиктин монополияга каршы жөнгө салуу өкүлдөрү келип тинтүү жүргүзгөнүн жазып чыгышты. Басылмалар газды ташууга байланыштуу иликтөөнүн алкагында болгонун жазып чыгышты.

Текшерүү "Газпромдун" Европада газга болгон бааны болуп көрбөгөндөй көтөргөнүнө байланыштуу орун алган.

 Күзүндө эле газга болгон баалар асмандап, тарыхый максимумуна жеткен. Европада "Газпром"жетиштүү көлөмдө газ түшпөй жатканына арызданып жатышкан. Бирок орус компаниясы андай эмес экенин айтып жатышат.

Баш тартууга мүмкүнбү?

Европалык көптөгөн компаниялар азыр күчүндө келишимдерге ылайык газ үчүн рубль менен төлөө макулдашылган эмес экенин айтып жатышат. Ошондой эле орус тарап газды ташуудан баш тартат деген да жок.

""Газпром" менен контрактта төлөмдөргө байланыштуу жеринде валюталарды алмаштыруу тууралуу каралган эмес",- деди Польшанын мунай PGNiG компаниясыны башчысы Павел Маевский PAP Biznes агенттигине.

Литванын Ignitis grupe компаниясынын өкүлү Артурас Кетлерюс орус газынан баш тарта аларын BNS агенттигине билдирген.

"Рубль менен төлөө контрактты бузганга жатат", - деди Германиянын экономика жана климат министри жана вице-канцлери Роберт Хабек.

Контракттын конкреттүү шарты ар бир өлкө үчүн ар башка болушу мүмкүн. Себеби, контрактты ачык булактардан табуу мүмкүн эмес.

Евробиримдикке газ импорттоо

Бул жерде дагы башка фактор бар: Европанын көпчүлүк өлкөлөрү орус газынан абдан эле көз каранды. Евробиримдиктин бул көз карандысыздыкты жою боюнча узак мөөнөткө планы бар. Украинада согуш башталганы ал планды быйыл жыл аягына чейин тездетүү убадалары берилип жатат. Европалыктар орус газын керектөөнү азыркы көлөмдөн үчтөн экиге түшүрүүнү каалашат.

Би-Би-Си кайрылган орус аналитиктери Европа азыр орус газынан айрылып калуу мүмкүнчүлүгү бар деп эсептешет.

Энергетика жана каржы институтунун президенти Марсель Салихов 1-апрелде жылытуу сезону аяктап, газга болгон талап азайат дейт. Жайкысын адатта газ жер алдындагы сактоочу жайларда чогултулат. Бул кыш маалында газды ташууда маселе жаралса деп европалыктар үчүн сакталган резерв. Салихов быйыл бул сактоочу жайлар газга толбой да калышы мүмкүн деп эскертет.

Европа кышкысын жылытууну орус газысыз камсыздай албайт, дейт Салихов. Андыктан Европанын орус газын колдонууну токтотом дегени канчалык ишке ашат деген суроо турат.

"Арикапиталдын" инвестициялык стратеги Сергей Суверов европалык компаниялар барып газды рубль менен сатып алууга макул болушат деген ойдо. Пикиринде, Россиянын мындай өткөөл мезгили бир нече айга созулушу мүмкүн.

Орус газын рубль менен сатып алуунун жолдорун тапса болот дешет эксперттер. Анын бир жолу – санкция салынбаган Москва биржасында рубль сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми Россиянын банкы менен алака түзүү санкциялардан улам азыр көйгөйлүү болуп турат, деген ойдо Суверов.

Өткөн аптадагы Путиндин билдирүүсү биржада рублдин наркынын өсүшүн да шарттады. Аналиктиктер рыноктун оюнчулары валютанын агымын күтүп жатышат деп түшүндүрүштү. Себеби, газды сатып алуу үчүн Европа рублдарды сатып ала баштайт.

"Европа орус газынан баш тартса, баалар кескин өсөт. Ал эми "Газпром" кирешесинин жарымынан айрылат", - дейт Суверов. Мындай шартта бюджетке түшчү салык азаят, ал ишкананын инвестициялык программаларын кыскартат, бул орус экономикасына кесепетин бермекчи.

Мындай шарт Европа жана “Газпромдун” өзүнө да кымбатка туруп калат деди эксперт. EK